Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Апта: Теңшерик ГЭС, кадр саясаты жана оппозиция талабы...


Оппозиция президентке ачык кат жолдоп, кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетүү талабын койду.
Оппозиция президентке ачык кат жолдоп, кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетүү талабын койду.

Бул аптада өлкө президенти кадрдык жаңы дайындоолорду жүргүздү. Оппозиция “кетсин” чакырыгын кайрадан алып чыкты. Камбар-Ата ГЭСи боюнча кыргыз-орус кызматташуусунун шарттары айкындала баштады.


Камбар-Ата кандай болот?


3-февралда президент Курманбек Бакиев Москвага жумуш сапар менен барат. Мына ушул сапарда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселеси чечилиши күтүлүүдө.

Кыргыз президентинин сапарынын алдында, 23-январда орус президенти Дмитрий Медведев Ташкенде мамлекеттик сапар менен болду. Анын учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын суу ресурстарына байланыштуу маселе көтөрүлүп, Дмитрий Медведев ири энергетикалык объекттерди курууда коңшу өлкөлөрдүн макулдугу, экологиялык коопсуздук каралыш керек деген сөздү айтып, Ташкендин чырагына май тамызды. Ал эми Бишкек менен Душанбеде бушаймандыкты пайда кылды.

Тажикстандагы бушаймандык Москва менен Душанбенин ортосунда дипломатиялык чатакка чейин өсүп жетсе, Бишкектин көңүлүн жайгаруу үчүн Россиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин башында турган делегация 28-январда кечке жуук Бишкекке капыстан келип, мурунку жетишилген келишимдерди бышыктап, тактап кетти.

Ал келишимдерге ылайык, Россия Кыргызстанга 300 миллион доллар жеңилдетилген насыя, 150 миллион доллар гранттык жардам бере турган болууда жана «Дастан» акционердик коомунун 48% акциясына 180 миллион доллар Кыргызстандын Россияга карызын кечүү каралууда.

Булардан сырткары эки тараптуу мамиледе борбордук маселеге айланган Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлүү маселеси да талкууланып, эки тараптын ага тең үлүштө катышуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Камбар-Ата-1 ГЭСине Россия менен теңме-тең ээлик кылуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына каршы келбейби?

Бул суроого өлкөдөгү белгилүү энергетиктердин бири Жамалбек Түлөбердиев мындай жообун берди:

-Азыркы шартта башка жол жок. Ошол ыңгайлуу. Алар 50/50 катышып, Кыргызстан менен Россия биргелешип Камбар-Ата-1ди курабыз деп жатышат. Башкага берип койгондон, ошол жакшы, - деген Жамалбек Түлөбердиев, бирок сууга көзөмөлдү Кыргызстан өзүндө калтырыш керектигин кошумчалады.

Оппозициялык «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев Камбар-Ата ГЭСтерине канча чыгаша кетерин баалап албаса
Кумтөрдөгү кырдаал кайталаныш ыктымалдыгын белгиледи:

- Ошон үчүн муну туура баалаш керек. Экинчиден, ачыгын айтканда, Кыргызстан ГЭСти өзүнүн акчасына сала албайт. Ага сөзсүз түрдө сырттан келген инвестордун акчасы тартылыш керек. Бирок ал инвестор мамлекеттин кепилдиги эмес, өзүнүн тобокелине салып келиш керек. Эгерде орустар ошого макул болсо, анда сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө жана кол коюп, баштаса болот.

«Туран» партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев Кыргызстан менен Россия Камбар-Ата долбоорун аткарууга кирише электигин жана алдыда ар кандай кыйынчылыктар чыгыш мүмкүндүгүн белгиледи:

-Биз азыр жээкте турабыз. Тиги тарап, же бул тарап эртең же бүрсүгүнү, же бир айдан кийин айнып кетиши мүмкүн. Мисалы үчүн, ошол эле "Манастагы" база маселеси принципиалдуу коюлса, анда ал жерде бул маселе бузулуп кетиши мүмкүн. Анда орустар башкача шарттарды коюшу мүмкүн. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз жээкте туруп алып, сүйлөшүп жатабыз. Бүгүнкү күндө орустар да, биз кыргыздар да кайыка түшө элекпиз.

«Туран» партиясынын лидери сууга көзөмөлдү алдырбоо өзгөчө мааниге ээ экенин да белгиледи.

Камбар-Ата маселеси февраль айынын башында президент Курманбек Бакиевдин Москвага сапарында айкындаалары күтүлүп жатат.

Кадр саясаты...

Бул жумада президент ири кадрдык дайындоолорду жүргүздү. Биринчи вице-премьер-министрликке Өмүрбек Бабанов, тышкы иштер министрлигине Кадырбек Сарбаев, өкмөттүн аппаратын башкарууга Нурлан Айтмурзаев дайындалды. Оппозициялык маанайдагы социал-демократиялык партиянын лидерлеринен болгон, буга чейин оппозициянын президентке каршы акцияларына активдүү катышып келген Өмүрбек Бабановдун өкмөткө келиши президенттин жеңиши катары, ал эми оппозициянын бери дегенде жоготуусу катары бааланууда.

Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабановдун чечимин мындай баалады:

-Бул өзүнүн (Бабановдун) жеке чечими. Биз менен, партия менен кеңешкен эмес. Эми ал партияга мүчөлүгүн деле токтотот го. Анткени партиянын пикири башка да. Биздин партиянын бул бийлик менен чогуу иштешели, кызматка барайын деген ою жок. Ошондуктан Бабановдун мүчөлүгүн токтотобуз.

Айрым саясат талдоочулар, бул кадрдык дайындоолор менен президент оппозициянын быйылкы жазгы акцияларын алсыратты деген пикирлерди айтышууда.

«Туран» партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев андай ойлорго кошула бербейт:


-Бүгүнкү күндө кадрдык саясатта 70% орун алмашуу болду. 20-30% жаштарды алып келди. Андан башка оппозицияга таасирин тийгизип, аны эңшерип ийет деген алысмын. Азыркы мезгилде оппозиция абдан эле күчтүү. Анткени оппозицияны элдин калың катмары колдоп жатат, - деген Тайырбек Сарпашев оппозициянын өзөгүн түзгөн Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Абдыганы Эркебаев, Аликбек Жекшенкулов, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев өз багытында баратканын кошумчалады.

Бийликтин кадрдык жаңылануулары жума ичи уланып отурду. Маселен, жума соңунда Муратбек Иманалиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Өлкөдөгү эң тажрыйбалуу дипломаттардын бири болгон Муратбек Иманалиев тышкы саясатты бекемдейт деген пикирлер бар. Албетте, бийлик өзүнүн активине Коомдук палатага Ишенбай Абдуразаков, Үсөн Сыдыков сыяктуу аксакал жана таасирлүү адамдардын киришин да кошо алат.

Бийлик менен оппозициянын тирешүүсүнүн жаңы этабы

Бул жумада президент калкка кайрылуу менен чыкты. Кайрылууда саясий күчтөр менен кызматташууга барууга бийликтин даярдыгы айтылды. Бирок оппозиция лидерлерине каршы үстөккө-босток козголуп жаткан кылмыш иштердин шартында кызматташуу кандай болоору табышмак.


Президент өз кайрылуусунда мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону, улуттук кызыкчылыктарды турмушка ашырууда мамлекеттик идеология - акыл менен калчанган ортолук саясатты сактоо болоорун атады. Ал ортолук инновация менен улуттук өзгөчөлүктү сактоодо, базар шарты менен мамлекеттик жөнгөрүүдө, демократия менен мамлекетти башкарууда болуш керек.

Демек, Кыргызстанда да Россияда «эгемендүү демократия» дегендей демократиянын кыргызча вариантын түзүү аракети көрүлөт. Ал демократия Өзбекстан жана Казакстан «демократиясына» окшош болушу толук ыктымал.

Президенттин мына ушундай маанидеги кайрылуусу оппозициянын ага ачык кат менен кайрылуусуна, ал ачык катта президентти кызматынан мөөнөтүнөн мурун кетирүү талабын коюшу менен коштолду. Ал талапты Бириккен Элдик Кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаков мындай негиздеди:


-Биринчиден, президент 2005-жылы өзү берген антын бузуп, үй-бүлөлүк, кландык бийликти түзүп алды. Экинчиден, мыйзамдарды одоно түрдө бузуп, адамдардын эркиндиктеринин, укуктарынын кепили боло албады. Үчүнчүдөн, Баш мыйзамдын кепили болуп туруп, өзү бир топ саясатчыларды куугунтуктаганы үчүн жана экономиканы отургузгандыгы үчүн.

«Ак жол» фракциясынын лидерлеринин бири Табылды Орозалиев оппозициянын билдирүүлөрүн «жумурткадан кыр издөө» катары баалады.

Ал эми саясат таануучу Орозбек Молдалиев оппозицияга өткөн саясатчыларга жок жерден кылмыш ишин козгоону бийликтин кош стандарт саясаты катары баалап, куугунтуктоолорду айыптады. Ошол эле мезгилде оппозиция да «кетсин» ураанынан четтеш керек деген пикирин билдирди:

-Бул жерде диалог сөзсүз болуш керек. Бийлик менен оппозициянын диалогу болуп туруш керек. Оппозициянын "кетсин" дегенден башка урааны калбай калды. Маселенин баары эле ошого такалып, кетсин деп жатат. Бирок кетсин дегендин артында юридикалык нормалар бар. Ал Конституцияда жазылган. Ошон үчүн кетире турган болсо, Конституциянын негизинде кол топтоп, импичмент жарыялап, башка механизмдер менен Конституциялык сотко бериш керек, мынабу жасагандары Конституцияга туура келбей жатат деп.

Ошентип, бийлик менен оппозиция тил табыша албай турат. Акыйкатчы Турсунбек Акундун ортомчулук аракетинен да майнап чыкканы байкала элек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG