Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

"Жазында үйлөнөм деп турган". Учкуч Жайыл тилегине жетпей калды


Маркум Жайыл Самудинов.
Маркум Жайыл Самудинов.

17-январда Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы Достук кичирайонуна жакын жердеги машыгууда “Фрунзе-1” авиабазасынын Ми-8 аскердик тик учагы кулап, экипаждын командири, капитан Жайыл Самудинов курман болду. Ал болгону 29 жашта эле.

Кырчындай кезинде кырсыкта курман болгон Жайыл Самудинов 24-февралда 30га чыкмак. Ал 2018-жылы Орусиянын Самара облусундагы Сызрань шаарында жайгашкан аскердик-авиациялык окуу жайын аяктап, ошол эле жылы Кыргызстандын Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн 23 565 номурлуу аскердик бөлүгүнө кызматка кирген. Эки ай мурун Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына учуу коопсуздугун көзөмөлдөгөн учкуч инспектор болуп которулган.


Kyrgyzstan pilot Zhaiyl
Жайыл Самудинов сүйлөшкөн кызы Асел менен. (Аманат сүрөт)

"Апрелде үйлөнмөк"

"Бул суук кабарга дагы деле ишене албай жатам. Жаңылыктарда тик учак кулады дегенде дароо чалып, жаза баштадым. Жооп берген жок. Ата-энеси, жакындары болуп, өзүбүзгө келе албай жатабыз. Үч жылдан бери кыз-жигит болуп жүрүп, быйыл баш кошолу деп жатканбыз. Ал сүйгөн тик учак эми мен жек көргөн нерсеге айланды. Менин жакын адамымды алып кетти", - деп жазды Асел өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

"Асманды, булуттарды сүйчү"

Маркумдун бөлөсү Сманалы Аденов да аскер кызматкери, учкуч. Сманалы Жайылдын артынан бул кесипке келгенин айтып берди:

Маркум Жайыл Самудинов бөлөсү Сманалы Аденов менен. (Аманат сүрөт)
Маркум Жайыл Самудинов бөлөсү Сманалы Аденов менен. (Аманат сүрөт)

"Экөөбүз бала кезден жетелешип, бир туугандардай жакын өстүк. Ортобузда үч жаш айырма бар. Менин да кызмат кылып жатканыма үч жыл болду. Экөөбүз бир аскердик бөлүктө чогуу иштедик. Учкуч кесибин тандаганыма Жайылдын салымы чоң болгон. Аны көрүп, мен да окуп, учкуч болгон элем. Ал дайым изденген, тажрыйбалуу учкуч болчу. Өз кесибинде эле эмес, ар бир кылган ишинде калыс, акыйкат болууга аракет кылчу. Кесиптештерине, бизге, эч качан үмүт үзбөгөндү үйрөткөн. Жакындары, ата-энеси азыр аябай оор абалда".

Жайыл Самудинов үч бир туугандын улуусу эле. Үй-бүлөсү менен Бишкекте жашаган маркумдун ата-энеси, карындашы, иниси жоктоп калды.

Жайыл Самудинов (Аманат сүрөт)
Жайыл Самудинов (Аманат сүрөт)

"Жайдары, ачык мүнөз болчу. Учкандан, асмандан рахат алам дечү. Булуттарды, асманды сагындым деп көп айтып калаар эле. Өзгөчө тоонун үстүндө учканды жакшы көрчү. Кырсык болгон күнү эртең менен сүйлөшкөнбүз. "Уча элегиме эки-үч ай болуптур, аябай сагынып калдым" деп сүйүнүп кеткен. Өзү тажрыйбалуу, мыкты учкучтардын бири эле. Кырсыкка эмне себеп болду деп биз да иликтөөнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз".

Алдын ала маалыматка караганда, тик учак авариялык конууга мажбур болуп, бирок жерге катуу урунган. Экипаждын командири Жайыл Самудинов каза болуп, төрт адам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Жайылдын мурдагы кесиптеши Өмүрзак Шадиев азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу вертолетту башкарат.

"Экөөбүз бирге эки жылдай иштеп, достошуп калганбыз. Негизи бул кесипке асмандан же жоопкерчиликтен корккон адам келбейт. Андайлар окуу учурунда эле кесипти таштап кетип калышат. Учкуч болууну бала кезден кыялданып, даяр болгондор гана бул кесипке келишет. Жайыл дал ошондой адам болчу. Коркчу эмес. Тайманбаган учкуч эле. Мындан үч жыл мурун Чоң-Алайга учуп бараткан Коргоо министрлигинин тик учагы Ноокат районунда кырсыкка учураган. Жайыл экөөбүз экинчи учакта болчубуз. Ал жылы аман калып, бул жолкусунда акыркы сапарга узап кетти".

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев учкучтар Жайыл Самудинов жана Өмүрзак Шадиев менен. (Аманат сүрөт)
Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев учкучтар Жайыл Самудинов жана Өмүрзак Шадиев менен. (Аманат сүрөт)

Өмүрзак Шадиев досу жакында үйлөнөм деп кубанып жүргөнүн эскерип, ал ниетине жетпей калганына кабыргасы кайышып турат:

"Акыркы жолу сүйлөшкөнүбүздө жакында үйлөнөм деп сүйүнчүлөгөн. Сүйлөшкөн кызы бар болчу. Сүйүндүм эле. Экөөбүз эки башка мекемеде иштегенибиз менен телефондон байланышып турчубуз. Мен өзүм да азыр иш сапардамын. Окуянын чоо-жайын жакшы уга элекмин. Укканыма караганда, ал экипаждын командири болгон. Бул абдан жоопкерчиликтүү милдет. Ал кырсык болгон күнү башкарган учакты жакында эле Өзбекстандан оңдоп-түзөөдөн өттү дешкен. Бирок, албетте, техникага эч качан 100% ишенич жок. Туман, аба ырайы учканга же конгонго жолтоо болгон учурлар да болот".

Жайыл Самудиновдун үйү.
Жайыл Самудиновдун үйү.

Жайыл Самудиновдүн сөөгү 19-январда Бишкектин четиндеги Орок айылына коюлат.

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрү жана Коргоо министрлигинин кызмат адамдары кырсыктын себептерин териштирип жатат. Тергөө калыс жүрүшү үчүн бир нече аскер кызматкери жумушунан убактылуу четтетилгени белгилүү болду.
Ачык маалыматтарга караганда, Ми-8 203 тик учагы былтыр күздө Өзбекстанда оңдоо-түзөөдөн өткөн.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG