Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Бишкекте аскердик тик учак кулап, киши өмүрү кыйылды


Кырсыкка учураган Ми-8МТВ тик учагы.
Кырсыкка учураган Ми-8МТВ тик учагы.

17-январда Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы Достук кичирайонуна жакын жердеги машыгууда “Фрунзе-1” авиабазасынын Ми-8 аскердик тик учагы кулап, аскер кызматкери мерт болду. Коргоо министрлиги төрт адам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, биринин абалы өтө оор экенин билдирди.

Кырсыктын себептерин Коргоо министрлиги териштирүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, окуядан улам бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилди.

Кырсык машыгуу учурунда болгон

Коргоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Ми-8МТВ аскердик тик учагы машыгуу учурунда кырсыкка кабылган. Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Сүйүн Абдырачалов кырсыктын себептери боюнча иликтөө уланып жатканын билдирди.

"Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн №23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8 тик учагы кыйраган. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн абадан кол салуудан коргоо күчтөрү жана Коргоо министрлигинин кызмат адамдары бул окуянын жагдайларын тактоо боюнча иштерди жүргүзүүдө".

Тергөөнүн калыс жүрүшү үчүн бир нече аскер кызматкери жумушунан убактылуу четтетилгени белгилүү болду.

Кырсыкка учураган Ми-8МТВ тик учагы.
Кырсыкка учураган Ми-8МТВ тик учагы.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тик учак авариялык конууга мажбур болуп, бирок жерге катуу урунган. Ал кулаган жерден тартылган сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, Ми-8 аскердик тик учагы оңторулуп, алдыңкы бөлүгү катуу жабыркаган.

Кырсыкта экипаждын командири набыт болгон. Ал бул тармакка көп жылын арнаган тажрыйбалуу аскер кызматкери экени айтылып жатат. Машыгуу учурунда аскердик тик учакты ким башкарып баратканы тууралуу маалымат жок.

Аскердик авиабазанын тегерек четинде жашаган жана иштеген тургундар бул жакта тик учактар байма-бай учуп турарын айтышты. Алардын бири Тайыр мындай дейт:

Тайыр
Тайыр

"Биз так аскер бөлүктүн жанына көп келебиз. Жумасына жок дегенде бир жолу тик учак асманга көтөрүлүп турат. Бирок бүгүн эч кандай үн уккан жокпуз, түтүн деле көтөрүлгөн жок. Болгону автоунаалар бат - баттан каттап, Тез жардам, милициянын атайын машинелери келип жатты".

Жаракат алган аскер кызматкерлери ооруканага түшүп, төртөө жандандыруу бөлүмүндө, биринин абалы оор экени айтылды. Алардын көпчүлүгүнүн колу-буту сынган.

Аскер кызматкерлеринин бири, 33 жаштагы учкуч Нурсултан Зарылбеков ооруканага түшкөн. Жакындарынын айтымында, ал бул тармакта он жылдан бери эмгектенет. Учкучтун досу Эмир Султанбеков анын саламаттыгына кабатырланып турганын айтты.

Эмир Султанбеков
Эмир Султанбеков

"Интернеттен, тагыраагы, Инстаграмдан окуп калдык, тик учак кулады деп. Досубуз ал жерде иштегендиктен дароо ооруканага жетип келдик. Азыр ал реанимацияда деп жатышат, маалымат ала элекпиз. Эми амандыгын тилеп жатабыз".

Ооруканада жаткан башка аскер кызматкерлеринин жакындары комментарий берүүдөн карманды.

Жабыркагандардын сегизи клиникалык медициналык тез жардам берүү ооруканасына жеткирилди. Анын төртөө жандандыруу бөлүмүндө.
Жабыркагандардын сегизи клиникалык медициналык тез жардам берүү ооруканасына жеткирилди. Анын төртөө жандандыруу бөлүмүндө.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө таандык аскердик тик учак кырсыкка кабылган учурлар буга чейин да катталган.

2014-жылдын 19-июлунда Ысык-Көлдүн Сары-Жаз өрөөнүндө Ми-8 тик учагы бир капталына кулап калган. Ага жаратылыш шарттары себеп болгону айтылган. Генералдык штабдын бул техникасы Сырт өрөөнүндө жардамга муктаж болуп турган чет элдик туристти алып келүү үчүн барганы айтылган. Андан төрт адам жаракат алган.

Мындан үч жыл мурун Чоң-Алай районуна учуп бараткан Коргоо министрлигинин тик учагы Ноокат районунда кырсыкка учураган. Анда үч киши жеңил жараат алганы айтылган. Муну кийин расмийлер катуу шамалга кабылып, көтөрүлө албай, авариялык конуу жасаган деп түшүндүрүп, “кокустук” деп атаган эле.

Ал эми акыркы жылдардагы эң трагедиялуу учак кырсыгы мындан туура жети жыл мурун болгон. “Манас” эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна Boeing-747 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап түшүп, 39 адам көз жумган. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, отуз беши жергиликтүү тургундар болгон. Арасында балдар да бар эле.

Дача СУ: Кырсыктан кийинки турмуш
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:03 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG