Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:17

Чуулуу "Рёдандын" Бишкекке жеткен эпкини


Санкт-Петербургдагы "Рёдандын" мүчөлөрү.
Санкт-Петербургдагы "Рёдандын" мүчөлөрү.

Бишкек мэриясы окуучулар арасында Орусияда түптөлгөн "Рёдан" кыймылы тууралуу маалымат жайылып жатканын эскертти. Февралда Орусияда кыймылдын мүчөлөрү түрдүү жаңжал, мушташтарга катышкан. Мындан кийин Украина жана Беларуста да "Рёдандын" Телеграм-каналдары пайда болгону кабарланган. Украинанын коопсуздук кызматы муну Орусиянын маалыматтык-психологиялык чабуулунун бир бөлүгү катары эсептеп, бир катар каналдардын ишин токтоткон.

"Рёдан" Кыргызстанга да жеттиби?

Бишкек шаардык мэриясы IV чейректе калаадагы жүздөн ашык мектепте укук бузууларды алдын алуу иш-чараларын баштаганы турат. Анда социалдык педагогдор, балдар менен иштеген милициянын инспекторлору "Рёдан" кыймылы жана анын кесепети тууралуу балдарга маалымат берет.

Бишкектеги балдар үчүн акысыз ийримдер

  • Шаардык мектеп окуучулар борбору “Кыргызстан балдары”, дареги: Шакиров көчөсү 17, тел. 0312 54-56-90;
  • Ленин районундагы балдардын чыгармачылык борбору, дареги: Чапаев көчөсү 130, тел. 0312 25-15-76;
  • Биринчи Май районунун БЧБ, дареги: Тогок Молдо көчөсү 21, тел. 0312 32-51-50;
  • Свердлов районунун БЧБ, дареги: Иваницына көчөсү 109, тел. 0312 43-95-06;
  • Октябрь районунун БЧБ, дареги: 3-кичи район, 14/1, тел. 0312 46-02-42;
  • Ленин районундагы жаш техниктердин станциясы, дареги: Кривоносова көчөсү 11, тел. 0312 35-12-61

Мэриянын билим берүү башкармалыгынын тарбия иштери боюнча башкы адиси Гүзел Турдубаева:

"Бишкектин мектептеринде азырынча кандайдыр бир кыймылдарга мүчөлүк кылган же ага кызыккан балдар жөнүндө маалымат жок. Бирок Орусияда, Беларуста бул маселе курчуй баштады. Ошондуктан лекция окуйлу, алдын алалы деп жатабыз. Балдар ТикТок, Инстаграм жана башка социалдык тармактарда көп отуруп, ар кандай кыймылдын таасирине кабылышы мүмкүн. Учурда №70, №69 мектептерде чөнтөк телефонун сабак учурунда мектептин администрациясына өткөрүп берген тартипке өтүштү. Мындай ички эрежелер шаардын башка да мектептерине да кирип жатат", - деди Турдубаева.

Бишкектин жүздөн ашык мектебинде ушу тапта 189 миң бала билим алат.

Бишкек мэриясы ата-энелерге да кайрылып, жайкы каникул маалында балдарды бош койбой акысыз ийримдерге катыштырууну сунуштады.

"Жай мезгилинде кечки саат 22:00дон кийин балдардын көчөдө жалгыз жүрүүсүнө уруксат берилбейт. Апасыбы же атасыбы жанында болушу керек. Баланы бош убактысында ийримдерге жиберип, көзөмөлдөп туруу керек. Ал үчүн мэрия шаардагы алты жерде спорт секцияларынан тарта мектептеги предметтер боюнча да акысыз ийримдерди уюштурган. Сөзсүз балдарыңарды жиберип, кошумча билим алышы үчүн колдоо көрсөтүңүз", - деп айтылган мекеме тараткан маалыматта.

Кооптуу кыймылга кошулган мигрант балдары

"Рёдан" кыймылына биринчи жолу 22-февралда Москвадагы "Авиапарк" соода борборундагы мушташтан кийин коомчулук көңүлүн бурган. Анда кыймылдын мүчөлөрү башка өспүрүмдөр менен кийимдин айынан кер-мур айтышып, натыйжада жапырт мушташ чыкканы тууралуу маалымат тараган.

Орусиянын тергөө комитети текшерүү иштерин жүргүзүп, бир нече күндөн кийин мушташка катышкан тогуз өспүрүмдү кармап, бейбаштык боюнча административдик протокол түзгөн.

Кармалгандардын арасында теги кыргызстандык өспүрүм бар экени айтылган, бирок маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо азырынча мүмкүн боло элек.

Андан кийин, 26-февралда Санкт-Петербургдагы "Галерея" соода борборунда чыккан мушташка да "рёданчылар" катышканы кабарланган. Анда 131 өспүрүм кармалып, "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Москвада көп жылдардан бери эмгектенип келаткан Толкунбай Акматов мындай кыймылдардын таасири мигранттардын балдарына тийип жатканына өкүнүчүн билдирди.

Толкунбай Акматов
Толкунбай Акматов

"Бала чөйрөсүнө жараша адам болуп калыптанат экен. Биздин мекендештердин көбү тилекке каршы акча табуунун айынан улам күнү-түнү жумушта. Балдарын орустун мектептерине киргизип койгону менен аларга көңүл, убакыт бөлө албай жатканы анык. Теңтуштары менен ар кандай топтун таасиринде калган балдар болууда. Мындай кыймылдар ата-эне катары бизди тынчсыздандырат".

Бишкектик балдар психологу Ирина Кобышева алдын алуучу иш-чараларды ата-эне да жүргүзбөсө, интернет доорунда мындай кыймылдар өспүрүмдөрдүн психикасын бузарын эскертет.

"Мындай кыймыл, оюн артында адамдар турат. Негизги максаты - өсүп келаткан балдарды агрессияга үйрөтүү, дене боюн жана менталдык ден соолугун жок кылуу. Мунун баары балдардын психикасындагы коргонуучу механизмдерин талкалоо үчүн жасалат. Биз канчалык көп маалымат айтып, бул кыймылдардын же оюндардын терс таасирлери тууралуу билдирип турсак, балдар ошончолук корголуп, камкордукта болот".

"Рёдан" эмне болгон кыймыл?

Былтыр Орусия Украинага басып кирип, согуш ачканы "ЧВК"деген эл аралык коомчулукка чейин тарады.

“ЧВК Вагнер” - Вагнердин жеке аскердик компаниясы - орусиялык бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар байма-бай чыгып жүрөт. “Вагнер” тобунун негиздөөчүсү жана демөөрчүсү олигарх Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын экенин өзү ырастаган.

Бирок "ЧВК Рёдан" кыймылынын мүчөлөрү башында "ЧВК" бул болгону кийимдин брендинен чыккан тамашалуу аталыш экенин билдиришкен. Кийин "ЧВК" дегенди алып салышып, "Рёданды" гана калтырышкан. Бул аталыш жапондордун кылмыштуу тобу "Гене Рёдан" жөнүндө Hunter x Hunter мангасынан (жапондордун сүрөттүү комикси-ред.) алынган.

"Рёдандын" символу жөргөмүш. Топтун мүчөлөрү анын сүрөтү чапталган футболка жана тор шым кийип жүрүшөт.

"Рёдандын" Красноярскидеги лидерлеринин бири социалдык медиа аркылуу кыймыл мүчөлөрүнүн жашоодогу башкы идеясы "адилеттүүлүк жана өз оюн ачык билдирүү" экенин, "жаштар кийими үчүн кысым көрбөй, коомдо өздөрүнө карата теңата мамиле болушун кааларын" айткан. Андай болбогон күндө "өз таламын кандай болбосун талаша турганын" белгилеген.

"Рёдандын" мүчөлөрү көчөдө өзүн алып жүргөндү билбеген "офник", "гопник жана ээнбаштарга", скинхеддерге каршы экенин жазышкан. Айтымы, Москва жана Петербургдагы соода борборлорундагы мушташ алардын кийимин өзү теңдүүлөр шылдыңдаганы үчүн чыккан.

Бул окуядан кийин Орусия, Беларус жана Украинада "Рёдандын" Телеграм-каналдары пайда болгон. Адистер бул көрүнүштү аталган үч өлкөдөгү тилдин жана маалымат айдыңынын таасирине байланыштырган.

Март айынын башында Украинада "Рёданга" мүчө болгон жаштардын 160 Телеграм-каналы табылган. Киев полициясынын жетекчиси Андрей Небытов бул каналдарга 12-17 жаштагы 1600 өспүрүм катталганын билдирген. Небытов Украинанын чалгын кызматы кыймылды Орусиянын психологиялык-маалыматтык чабуулунун бир бөлүгү катары эсептей турганын, бирок украиналык каналдарда Орусиядан айырмаланып, патриоттук маанайдагы билдирүүлөр көп чыгарын айткан.

Орусия, Беларус жана Украинада кыймылдын мүчөлөрүнүн көбөйүп жатышына адистер учурдагы абал себеп экенин айтышат. "Согуш каатчылыгын көргөн балдар реалдуулуктан алаксыш үчүн өздөрү ойлоп тапкан башка дүйнө менен жашай башташы мүмкүн" дешет алар.

Мектеп жашындагы балдар арасында мушташка, өз жанын кыюуга үгүттөгөн оюндар же кыймылдар тууралуу мурда да айтылып келген. Кыргызстанда буга чейин "Көк кит", "Момо" аттуу оюндар чыгып, аларда өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга үндөгөн азгырыктар бар экени эскертилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG