Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

"Коюлган сөөктөр миңден ашты". "Вагнердин" көрүстөнү күн сайын кеңейүүдө


Краснодар аймагындагы көрүстөндө "Вагнер" жалданмаларын акыркы сапарка узатуу зыйнаты.
Краснодар аймагындагы көрүстөндө "Вагнер" жалданмаларын акыркы сапарка узатуу зыйнаты.

Краснодар крайындагы Горячий Ключ шаарына жакын жайгашкан Баку станицасындагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын көрүстөнү күн сайын кеңейип атат. Жергиликтүү тургундар анда 1000дей сөөк көмүлгөнүн билдиришти. Азыркы тапта “вагнерчилер” орустардын Бахмуттагы негизги күчү болуп турат. Украинада согуш башталганы "Вагнер" орус абактарынан 40 миңдей кылмышкерди жалдап алып кеткени айтылып келет.

Maxar Technologies компаниясы Краснодардагы “Вагнердин” көрүстөнүн ар эки ай сайын спутниктен сүрөткө тартып, соңку жарым жылдын ичиндеги өзгөрүүлөрдү көрсөттү. Андан январь-март айынын ичинде эле жүздөгөн жаңы мүрзө пайда болгонун көрүүгө болот. Бул сүрөт согуштун, андагы "Вагнердин" жоготууларынын масштабын көрсөтүп тургандай.

Быйыл 24-январда жана 25-мартта тартылган сүрөттө "Вагнердин" көрүстөнү кеңейип кеткени көрүнүп турат.
Быйыл 24-январда жана 25-мартта тартылган сүрөттө "Вагнердин" көрүстөнү кеңейип кеткени көрүнүп турат.

Мурда Баку кыштагындагы көрүстөнгө Горячий Ключ шаарынын тургундарынын сөөктөрү коюлса, азыр ал толук "Вагнердин" көзөмөлүнө өткөн. Март айынын ортосунда "Вагнердин" өкүлдөрү кезектеги сегиз жалданма жоочуну жерге берүүгө аракет кылганда, Горячий Ключтун бийлиги шаардыктардын пикирине таянып, буга каршы болушту.

Маселен, Горячий Ключтун башчысы Сергей Белопольский өзүнүн Телеграмдагы каналына 18-мартта мындай деп жазган:

"Мен Горячий Ключ курорттук шаарын согушкерлердин массалык көрүстөнүнө айландыруу туура эмес деген коомчулуктун пикирин укпай коё албайм. Тиешелүү мемориалдык эстеликтерди түзүү менен көмүү үчүн аймакта курорттук шаар болуп эсептелбеген муниципалитеттер жетиштүү деп ишенем".

"Путиндин ашпозчусу" атыккан "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин шаар жетекчилигине каршы "чара көрүлөт" деп коркуткан. Ал Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володинге, Орусиянын баш прокурору Игорь Красновго кайрылып, маселеге кийлигишүүнү талап кылган.

Бул болсо көрүстөндүн 2022-жылдын 24-ноябрында жана 2023-жылдын 24-январында тартылган сүрөтү.
Бул болсо көрүстөндүн 2022-жылдын 24-ноябрында жана 2023-жылдын 24-январында тартылган сүрөтү.

Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары бар. Азыркы тапта "вагнерчилер" Украинадагы согуштун очогуна айланган Бахмут шаарындагы салгылашка тартылган.

"Жай тургундардын сөөктөрүн көмдүрбөй жатышат"

Баку кыштагындагы (Бакинская станица) көрүстөнгө көмүлгөн "вагнерчилердин" так санын айтуу мүмкүн эмес. Жергиликтүү тургундардын эсебинде, андагы мүрзөлөрдүн саны 1000ден ашты.

"Азаттык" Горячий Ключ шаарында аза кызматын көрсөткөн компаниялар менен байланышып, Баку кыштагындагы көрүстөн боюнча маалымат топтоду.

Өзүн Алексей деп тааныштырган жаран аза кызматы тармагында 20 жылдан бери иштээрин айтып, "вагнерчилерге" толгон көрүстөн боюнча мындай деди:

"Мурда жалпыга тиешелүү көрүстөн болчу. Согуш башталганы "вагнерчилер" ээлеп, айланта тосуп алышты. Бөлөк-бөтөн адамды киргизе беришпейт. Жай тургундардын сөөктөрүн жерге берүүгө уруксат бербей атышат, "вагнерчилер" эле көмүлүүдө. Талаага эле кыдырата көмүп жатышат. Саны 1000ден ашып кетти окшойт", - деди биз менен телефондон сүйлөшкөн жаран.

Баку станицасындагы көрүстөн.
Баку станицасындагы көрүстөн.

Алексейдин айтымында, жыл жаңыргандан бери "Вагнердин" көрүстөнү болуп көрбөгөндөй кеңейип кеткен. Айрым активисттер соңку бир айдын ичинде эле 570 жаңы мүрзө пайда болгонун эсептеп чыгышкан. 25тен 60 жашка чейинки эркектердин сөөгү жатат. Андагы такталарда көмүлгөн адамдын аты-жөнү, туулган жылы жана качан каза тапканы жазылып турат.

"Мен тааныган адам да абактан "Вагнер" менен келишим түзүптүр. Аны толтуруп жатканда согуштан каза болсо сөөгүн жакындарына берүүсүн жазып кеткен экен. Жакындары жерге беришти. Ал эми жакындарынын дарегин калтырбагандар "Вагнердин" көрүстөндөрүнө коюлуп атат", - деди биздин маектешибиз Алексей.

Горячий Ключ шаарына жакын жайгашкан Баку станицасындагы көрүстөн Бахмутта айыгышкан согушта "Вагнердин" жалданмалары чоң жоготууга учурап жатканын далилдеп турат.

Мындай көрүстөндөр Орусиянын башка аймактарында да кездешет. Украинада согуш башталганы "Вагнер" канча жалданма аскеринен айрылганы боюнча так маалымат жок. Бирок АКШнын чалгын кызматтары буга чейин "Вагнер" 30 миңдей аскерин жоготконун билдирген.

"Вагнердин" көрүстөнүнө коюлган кыргызстандыктар

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

"Озодлик" Москва облусунун Щелковский районундагы "Маврино" кыштагындагы көрүстөндө "вагнерчилер" көмүлгөнүн, алардын арасында өзбек, тажик жана кыргыз жарандарынын сөөктөрү жатканын жазган.

Анда жарыяланган тизмедеги эки жаран: Айдаралиев Аман (27.08.1982-24.10.2022 менен Гуламжанов Адахамжон (16.09.1994-19.11.2022) кыргыз жарандары экени айтылган.

Маалыматка караганда, Гуламжанов 2019-жылы түрмөгө кесилгенге чейин Орусиянын Владимир шаарында жашаган. Владимир облустук соту аны ири көлөмдө маңзат сатууга айыптуу деп таап, 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.

Москва облусундагы "вагнерчилердин" көрүстөнү.
Москва облусундагы "вагнерчилердин" көрүстөнү.

"Азаттык" 1982-жылы туулган Аман Айдаралиев 24-октябрда Украинанын Бахмут шаарында каза болгонун аныктаган.

41 жаштагы жигит жардыргыч заттын чачырандысынан набыт болгон. Жакындарына анын өлгөнүн 5-январда кабарлашкан.

2020-жылы Калуга облусунун Людинов райондук соту Аманды "адамдын денесине оор жаракат келтирүү" беренеси менен айыптаган. Жакындары анын каза болгонун "Азаттыкка" ырастап, азырынча башка маалымат бербей турууну туура көрүшкөн.

Марттын ортосунда Свердлов облусундагы Березовский көрүстөнүндө бир нече жуманын ичинде окшош крест жана гүлчамбарлар коюлган дээрлик 70 мүрзө пайда болгон. Журналисттер ал жерде "Вагнер" жеке менчик компаниясынын Украинадагы согушта мерт болгон жалданма жоокерлеринин сөөктөрү жашырылганын жазышты.

Жергиликтүү ритуалдык кызматкердин айтымында, бул көрүстөнгө жакындары табылбаган адамдардын сөөгү коюлат. Мүрзөгө орнотулган тактыга аты жазылган адамдардын арасында мурда оор кылмыштар үчүн соттолгондор да бар экенин E1.ru порталына шилтеме кылып, "Азаттыктын" орус кызматы жазды.

""Вагнер" компаниясынан айтышкандай, адам өлгөндөн кийин анын туугандарын үч күн издешет. Эгер таба алышпаса, бул жакка алып келишет. Ушундай жерлерде атайын жай бөлүнгөн. Өздөрү коюшат", - деп айтып берген ал кызматкер.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG