Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Украина абактагыларды армияга алууну көздөйт. Ал кандай ишке ашат?


Украинадагы абак
Украинадагы абак

Украинада армияга абактагыларды тартууну караган мыйзам долбоору жактырылды. Документке ылайык, айыпкерди эч ким мажбурлабайт, ал өз ыктыяры менен барса болот. Депутаттардын эсебинде, армиянын катарын жаза мөөнөтүн өтөп жаткан миңдеген кишилер толуктайт. Алар фронтко кандай шартта жөнөтүлөт?

Украинадагы схема 2022-жылдын жайынан бери кылмышкерлерди жалдап келген Орусияныкынан эмнеси менен айырмаланат? "Настоящее время" телеканалы ушул суроолорго жооп издеди.

Маңзат таратканы үчүн соттолгон Олег Омельчук үч жылдан бери Украинадагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат. Сот чыгарган өкүмгө ылайык, ал дагы төрт жыл темир тор артында отурууга тийиш. Омельчук - сөз болгон мыйзам күчүнө киргенде камерада отурбай, окопко барууну көздөгөндөрдүн бири.

“Мен өзүм патриотмун. Өлкөдө ушундай окуялар болуп жатканда камакта отурам. Бул жактагы адамга реабилитация болууга мүмкүнчүлүк берилет деп ойлойм”, - деп түшүндүрөт фронтко баруу чечимин Олег Омельчук.

Николай карактоо кылмышы үчүн соттолуп, беш жылдан бери колонияда отурат. Жазасын өтөп бүтөргө бир жыл калганда армияга барууну чечкенин айтты:

"Ар бир эркек өз үйүн коргоону каалайт. Ошон үчүн тандоом айдан ачык. Менин дипломум, аскердик-медициналык кызматтык наамым бар. 3,5 жыл "Тез жардамда" иштегем".

Абакка кесилгендердин дагы бири Владимир Барандич - Украина Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы жоокери. Бир нече ай мурун фронтто болчу, азыр маңзат тараткан деп соттолгон. Ага каршы кылмыш иши жана тергөө ал армияга бара электе, алты жыл илгери башталган. Сот өкүм чыгарганда, Владимир Авдеевкадагы майданда жүргөн.

"Менин согуштук тажрыйбам бар. Фронтто пайдам тиет, анын үстүнө катардагы жоокер эмес, аскердик машинанын аткычы болчумун".

Украинадагы абак. Архив
Украинадагы абак. Архив

Бирок мыйзам кабыл алынган күдө да жабык жайларда жазасын өтөп жаткандардын бардыгы эле акталуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайт. Улуттук коопсуздукка каршы, атайылап киши өлтүрүү, зордуктоо, сексуалдык зомбулук өңдүү оор кылмыш жасагандар мобилизация болбойт.

Долбоордо каралгандай, фронтко жөнөгөн айыпкерлер маяна алышат. Бирок аларга өргүүгө жана чет өлкөлөргө чыгууга тыюу салынат. Өкмөт мүчөлөрү менен депутаттар мындай чектөө киргизилсе, армияга чын дили менен кызмат өтөөнү каалагандар барарына ишенишет.

Куралдуу күчтөргө алуунун алдында кесилгендер психологиялык тесттен өтүп, күч-кубат даярдыгы текшерилип, медициналык комиссиядан жана аскердик комиссариаттан өтүүгө тийиш. Алар "штрафбатта" эмес, кадимки бөлүктөрдө кызмат өтөшөт. Андыктан соттолгон кишини өз бөлүгүнө алууга даяр командирдин жазуу түрүндөгү макулдугу керек болот. Ошондон кийин гана сот айыпкерди мөөнөтүнөн эрте бошотуу чечимин кабыл алат.

Жогорку Раданын депутаты Елена Шуляктын айтымында, мыйзамды жазууда ар кандай жагдайлар эске алынды:

"Соттолгон адам келишимге кол коюп, андан кийин согуш талаасынан качып кетсе, 5-8 жылга эркинен ажыратылат. Мындай жобо мыйзам долбооруна киргизилди".

Москва. 9-май, 2024-жыл
Москва. 9-май, 2024-жыл

Украинадагы схема Орусия эки жылдан бери пайдаланып келаткан схемадан бир топ айырмаланат. Орусияда темир тор артында отургандарды согушка жалдоо менен адегенде "Вагнер" менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин алектенип келген. Ал негизинен оор кылмыштарга: адам өлтүрүү, зордуктоо, карактоого айыпталгандарды өз катарына тартчу.

Аларга соттун чечими менен эмес, президент Путиндин жашыруун буйруктары менен дароо ырайым берилчү, жакшы акча төлөнчү. Катуу тартип өкүм сүргөн батальондор башында армиянын карамагына кирчү эмес. Тил албагандарды же дезертирлик кылууга аракеттенгендерди атып салышчу. Аларды кармаштарда чабуул коюучу бригадаларда жем катары алдыга салышчу. Маалыматтарга караганда, ошондо кесилгендердин 80% каза тапкан.

Мындан тышкары абактагыларды 6 айга гана жалдап, андан кийин бошотушчу. Азыр соттолгондорду Коргоо министрлиги армияга жалдап, алар согуш аяктаганга чейин кызмат өтөөгө милдеттүү.

"Украина Орусиянын жолуна түшүүнү каалабайт" дейт Украинанын Юстиция министринин орун басары Елена Высоцкая:

"Биз "Вагнерди" түзгөн жокпуз. Укуктук механизмдерди жана абакка кесилгендер үчүн кепилдиктерди талкуулап жатабыз. Алар кол коюлган келишимдин негизинде бошотулат. Согуш аяктаганга чейин кызмат өтөшү керек болот".

2022-жылы президент Владимир Зеленский армияга кошулууну каалаган 363 кишиге, анын ичинен жазасын өтөп жаткан мурдагы аскер кызматкерлери менен ардагерлерге ырайым берген.

Украинанын жаза өтөө жайларында 46 миң киши отурат. Ушу тапта Киев ок-дары, курал-жарак менен катар, аскерлердин тартыштыгын да баштан кечирип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG