Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

СOVID-19: "Moderna" өз вакцинасын тез арада каттоону суранды


COVID-19 вакцинасынын түрү.
COVID-19 вакцинасынын түрү.

АКШдагы "Moderna" компаниясы өзү өндүргөн коронавируска каршы вакцина 94 пайыз натыйжа көрсөткөнүн жарыялады. Буга байланыштуу компания АКШда жана Европада тезинен каттоого уруксат алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылган жатат.

"Moderna" компаниясы коронавируска каршы вакцинасын тез арада каттоо өтүнүчү менен АКШ жана Европа Биримдиктин жетекчилигине кайрыларын билдирди.

Мындай билдирүүнү компания сыноо үчүн өндүргөн вакцина үчүнчү баскычтагы клиникалык сыноодон ийгиликтүү өткөн соң жарыялады. Анда вакцина коронавируска каршы 94,1 пайыз натыйжалуу болгон.

Сыноого катышкан 30 миң адамдын ичинен 196 адам СOVID-19 вирусун жугузуп алган. Анын 11и вакцина менен эмделсе, калгандарына плацебо гана сайылган. Эмделген соң вирусту жугузуп алгандардын эч бири өтө оор абалга түшкөн эмес.

АКШнын Массачусетс штатынын Кэмбриж шаарындагы "Moderna" компаниясынын баш кеңсеси. 2020-жылдын 18-майы.
АКШнын Массачусетс штатынын Кэмбриж шаарындагы "Moderna" компаниясынын баш кеңсеси. 2020-жылдын 18-майы.

"Moderna" компаниясынын башкы директору Стефан Бансель жаңы вакцина коронавируска каршы күрөштө натыйжалуу болот деген ишенимин билдирди:

Биздин вакцина пандемиянын жүрүшүн өзгөртүп, оор абалдагылар, ооруканага түшкөндөр жана каза болгондорду токтотчу жаңы жана кубаттуу курал болот деп ишенебиз.

Эгерде АКШнын Тамак-аш жана дары-дармек сапатын санитардык көзөмөлдөө башкармалыгы сөз болуп жаткан вакцинаны коопсуз жана натыйжалуу деп тапса, анда кийинки айдын орто ченинде аны менен миллиондогон америкалык эмделип калышы мүмкүн.

Өткөн аптада америкалык "Pfizer" компаниясы жана анын Германиядагы өнөктөшү "BioNTech" ишканасы биргелешип өндүргөн вакцинасын каттоо суранычы менен АКШнын тиешелүү органдарына кайрылган. Ал 10-декабрдан эмдөөгө уруксат алышы ыктымал. Бул компаниянын вакцинасы да 95 пайыз натыйжа көрсөткөн.

Ошондой эле Орусиянын академик Николай Гамалея атындагы улуттук эпидемиология жана микробиология институту сыноо деңгээлинде өндүрүп жаткан "Спутник V" вакцинасы 90 пайыздан ашык натыйжалуу болгону кабарланган.

Ал эми британиялык «AstraZeneca» компаниясы Оксфорд университети менен бирге даярдап жаткан вакцина ийгиликтүү болуп жатканы кабарланганы менен өткөн аптада ага кошумча сыноо жүргүзүү зарылдыгы боюнча маселе көтөрүлдү.

"Moderna" компаниясынын вакцинасы "mRNA-1273" деп аталат. Ал Кошмо Штаттардын Саламаттык сактоо улуттук институту менен биргеликте иштелип чыгып, Американын аймагында 30 миңден ашык адамдын катышуусу менен клиникалык сыноодон өттү.

Компания каттоого уруксат алуу боюнча өтүнүчтү Британиянын бийлиги коронавируска каршы үмүт жараткан вакцинанын дагы эки миллион дозасын сатып алган соң жарыялады. Британ өкмөтү жапырт эмдөөгө жакынкы апталарда киришүүнү мерчемдөөдө.

Вирустун кесепетинен көп жоготууга учураган бул өлкө ооруга каршы эмдөөнү алгачкылардан болуп баштаган жатат.

Буга чейин расмий Лондон жети башка фармацевтикалык компания менен эгер алардын вакцинасы натыйжалуу болсо, жалпысынан 350 миллион доза вакцина сатып алууну макулдашкан.

Британ өкмөтү бул программанын алкагында 67 миллион жарандын көбүн эмдөөнү пландаштырып жатат. «The Guardian» жана «Financial Times» басылмалары ооруканаларга алгачкы вакциналар 7-декабрдан тартып жеткириле баштай турганын жазды.

Лондондун Империялык коллежинин эксперименталдык медицина боюнча профессору Питер Опеншоу вирусту эмдөө аркылуу гана жеңүү мүмкүн деген пикирин билдирди:

Чагымда, бир катар сыноолор жакшы жыйынтык көрсөттү. Менимче, бул вирусту биз эмдөө менен гана жеңебиз дегенди билдирет окшойт. Биз мунун буга чейин билген эмеспиз жана бул –​ абдан кубанычтуу кабар”

Анткен менен Европа Биримдигинин оорулардын алдын-алуу жана көзөмөлдөө борбору континентте коронавирустун саны бир аз азайганы менен учурдагы чектөөлөрдү алуу эрте экенин билдирди.

Аталган борбордун директору Андреа Аммон СOVID-19 вирусунан каза болгондордун саны мурдагы аптага караганда көбөйгөнүн ачыкка чыгарды.

Ал ошондой эле Европадагы ооруканалардын реанимациялык бөлүмдөрү 91 пайызга толуп калганын кошумчалады.

Ал эми АКШда болсо коронавирусту жугузгандардын саны азайбай жатат.

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, АКШда ооруга 13 миллиондон көп киши кабылып, 265 миңден ашык бейтаптын өмүрү кыйылды. Буга чейин саламаттык сактоо адистери "Алкыш айтуу күнүн", андан кийин "Ыйсанын туулган күнүн" майрамдоого байланыштуу коронавирус болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишкен.

Дүйнө жүзүндө пандемия башталгандан бери ооругандардын жалпы саны 62,7 миллион адамдан ашып, өпкөнү сезгенткен бул илдеттен 1,46 миллиондой бейтап көз жумду.

P.S.

Макаладагы "плацебо" (латынча "placebo" - "жактырылам", "керегим тийет") сөзү дарыгерлер кеңири колдонгон ыкма менен байланыштуу. Плацебо тобундагы бейтаптарга "пайдалуу дары" деп сунушталган дары-дармек, иш жүзүндө, бейтапты айыгууга ишендирүү үчүн гана сунушталган дарылоочу зат; демек, ал - чыныгы вакцина эмес.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG