Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Москвада коронавируска чалдыккан мекендеш


Орусияда коронавирус убактылуу эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктар да аныкталып жатат.

Кыргызстандык 33 жаштагы Максат Андашов ноябрдын соңунда Москвадагы №1 инфекциялык ооруканада коронавирустан дарыланып чыккан.

Башында ал «суук тийсе керек» деп он күндөй үйдө дарыланган. Күн сайын абалы начарлап, дене табы 39 градуска чейин көтөрүлүп, тердеп-кургап, оору жөтөл менен коштолгон кезде үч жолу «Тез жардам» чакырып, медициналык жардам сурап кайрылган.

«9-ноябрда мончого баргам, - деп эстеди ал. - Ошондо үшүп, чыйрыгып калгандай сезгем. Эртеси күнү эле дене табым көтөрүлүп, алым кетти. Терапевт болуп иштеген таежеме барып, ал жазып берген антибиотиктерди иче баштадым. Бирок жардам берген жок. 2-3 күндөн кийин «Тез жардам» чакырсам «абалың жакшы эле» деп кетип калышты. Эртеси күнү дене табым 39 градуска чейин көтөрүлгөндө да чакырдык. «Жөтөл менен температура эле экен» деп кетип калышты. Мен аябай кыйналып турдум, абалым начар эле. Үчүнчү жолу «Тез жардам» чакырганда гана өпкөмдү текшергенге алып барышты. Анда «эки тараптуу пневмония» деген диагноз коюп, «коронавируска шек бар» дешти. Бирок ооруканага алып кетишкен жок. Дары-дармекти акысыз берип, «үйдө дарылан» деп коюшту».

Андашов кийин таанышы аркылуу №1 инфекциялык ооруканага жаткырылган. Кыргыз жаранына ал жакта акысыз медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок абалы турукташып калганда дароо үйгө чыгарышкан.

«Ооруканада алты күн жаттым, - деп сөзүн улантты маектешибиз. - Шарты жакшы экен. Аябай камкордук менен карашты. Ошол жерден «коронавирус тастыкталды» деп айтышты. Бул оору күчөйт экен. Мынчалык катуу ооруп көргөн эмесмин. Бир күндө алты ийне, эки жолу дары берип жатышты. Кычкылтек концентратору менен дем алып жүрдүм. Тамак-ашы бар экен. Акысыз карашты. Бир жумадан кийин үйгө чыгарышты. Биз жаткан бөлүмдө коронавирус бейтаптарына 80 орун бар экен. Ал жакка абалы аябай оор адамдарды алып келип жатышты. Ошон үчүн бир аз сакайгандарды четинен чыгарышат экен».

Андашов эми коронавирустан айыгып, организминде вируска каршы антиденече иштелип чыкканы аныкталмайынча «социалдык обочолонуу» режимин сакташы керек.

Москвада коронавирус менен ооруган адамдар «социалдык мониторинг» программасы аркылуу көзөмөлгө алынган. Алар телефон номуру аркылуу атайын тиркемеге катталып, күндө 2-3 маал обочолонууда отурганын тастыктап турушу керек. Бул эреже сакталбаса 5 миң рублга чейин айып салынат.

Москвада күн сайын 6,5 миңдей адамда COVID-19 аныкталып жатат. Орусия боюнча бир суткада илдет 26 миңдей кишиде катталып, пандемия башталгандан бери ооруга чалдыккандар 2 миллион 300 миң кишиден ашты.

1-декабрга карата бир күндө коронавирустан 569 адам көз жумду. Коронавирус менен күрөш штабы расмий 40 464 өлүм катталганын кабарлап келет. Ал эми «Росстат» мекемесинин эсебинде апрель-сентябрь айларында эле 55 миң киши коронавирустан каза тапкан.

«Медиазона» басылмасы Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирус боюнча кырдаалга мониторинг жүргүзгөн борборундагы маалымат булактарына таянып, апрелден декбарга чейин коронавирустан каза болгондор 75 миңге жеткенин кабарлады.

Москвадагы элчиликте кезек күткөндөр
Москвадагы элчиликте кезек күткөндөр

Орусияда миграцияда жүргөн жүз миңдеген кыргыз жарандарынын канчасы коронавируска чалдыгып, илдеттен каза болгондор тууралуу өзүнчө статистика жок. Анткен менен социалдык тармактардан коронавирус жугузуп алган же жакындары илдеттен каза болгон мигранттардын билдирүүлөрүн маал-маалы менен кезиктирүүгө болот.

Коронавирус жаңыдан жайыла баштаган май-июль айларында Москвадагы элчилик кыргыз диаспорасы менен кошо жумушсуз калган жана оору жугузуп алган жүздөгөн мигранттарга азык-түлүк таркатып, акысыз жатаканаларды уюштурган. Ошондой эле ыктыярчы дарыгерлердин тобу түзүлүп, алар мигранттар акысыз медициналык көмөк көрсөтүп турушкан.

Мындан тышкары чартердик каттамдар менен миңдеген балалуу, кош бойлуу аялдар, оорукчан жана улгайган адамдар Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG