Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:20

Варшава: Мигранттарды айдактагандын артында Путин турат


Поляк-беларус чек арасында топтолгон мигранттар.
Поляк-беларус чек арасында топтолгон мигранттар.

Поляк-беларус чек арасындагы чыңалууну жөнгө салууга таасир этүү үчүн Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылды.

Польша чыгыш чек арасына Беларус мигранттар аркылуу “чабуул” жасады деп, орус президенти Владимир Путинди айыптады. Поляк премьер-министри "чагым уюштуруу менен Евробиримдикке бүлүк салып, анын ыркын бузуу аркылуу орус империясын кайра куруу максаты турат" деп жарыялады.

Чек ара чыңалуусуна Меркел кийлигишти

Немис канцлери Ангела Меркел 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путинге телефон чалып, Минскинин беларус-поляк чек арасында мигранттарды курал катары пайдаланып, миграциялык кысым уюштурганы адамгерчиликке сыйбастыгын айтты. Ал мындай чагымды токтотуу үчүн Путинден Лукашенкого таасир этүүнү өтүндү. Бул тууралуу Меркелдин басма сөз катчысы Штеффан Зайберт "Твиттерге" жазды.

Буга чейин канцлер Ангела Меркел Минск чек арага мыйзамсыз мигранттарды жыйнап, өз аймагынан Евробиримдикке киргизүүнү көздөп, гибриддик чабуулга өтүп жатканын айтып, алдыда чек ара кайтарууну күчөтүү милдети турганын белгилеген:

"Евробиримдиктин чыгыш чек арасында биз азыр Беларус тараптан качкындар аркылуу өзүнчө эле аралашма чабуул жүрүп жатканын байкоодобуз. Бул Литвага, Латвияга жана Польшага тиешелүү. Ал адамдарга гуманитардык жардам көрсөтүүдөн сырткары, биздин алдыбызда Евробиримдиктин тышкы чек араларын коргоо зарылдыгы турат", - деген эле Ангела Меркел.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кремлде. 10-май, 2015-жыл.
Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кремлде. 10-май, 2015-жыл.

Ушул сүйлөшүү тууралуу Кремлдин билдирүүсүндө Путин Евробиримдикке Минск менен түзмө-түз байланышып, маселени чечүүгө аракет кылууну сунуштаганы жазылган. Билдирүү ошол эле күнү жарыяланды.

Александр Лукашенко Беларус буга чейин Евробиримдиктин тышкы чек араларын мыйзамсыз кирген мигранттардан коргоп келгенин, эми антпей турганын эскерткен болчу.

Минск маселени башка жактан издейт

Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей маселе Минскиде эместигин айтып, Польшанын дооматын четке какты:

«Маселе Беларуста эмес. Маселе Евробиримдик тарапта. Анткени, биз Евробиримдиктин Беларуска карата стратегиясы жоктугун көрүп, ынанып турабыз. Алардын бүгүнкү саясатынын маңызы эмнеде? Максат – аларга баш ийбеген өлкөнү жазалоо. Алардын көз карашынан бир топ айырмаланып, өз алдынча ою бар өлкөнүн өз алдынча кадамын кабыл албай, үчүнчү өлкөлөр үчүн мисал кылууну көздөшөт», - деди Владимир Макей.

Варшава Беларустун аймагында миңдеген мигрант Польшага киргизүү үчүн даярдалганын билдирди. Анын 300 чамалуу эки тобу 10-ноябрда Польшанын Беларус менен чектешкен Крынки менен Беловежа тарабындагы чек араны бузуп өткөнү кабарланды. Поляк Чек ара кызматынын маалыматына караганда, мигранттар чек ара тосмолорун сындырып, ичкери кирип келген жана алардын айрымдары кармалып, кайра артка кайтарылган. Качып өткөндөрү изделип жатат.

Гибриддик согуш: мигранттар баскынчылыгын уюштуруу

Польшанын президенти Анджей Дуда Словакиянын президенти менен чогуу берген маалымат жыйында муну Беларустун гибрдиддик кол салуусу деп атады:

Анджей Дуда. Польшанын президенти.
Анджей Дуда. Польшанын президенти.

«Польша мындай кырдаалга даяр болчу, анткени Беларус режими тутанткан туңгуюк, кризис мурдатан эле бар. Бирок ушул убакка чейин Беларус тараптан Польшанын чек арасына мындай гибриддик түрдө, массалык чабуул боло элек эле», - деди поляк президенти Анджей Дуда.

"Орус империясын кайра куруу максаты бар"

Ал эми Польшанын парламенти Сеймде поляк-беларус чек арасында түзүлгөн чыңалууга байланыштуу соңку кырдаалга карата чукул чаралар талкууланды. Анда премьер-министр Матеуш Моравецки мунун артында Кремль туруп, ал Евробиримдиктин ыркын бузуп, анын аймагында бүлүк салуу аркылуу орус империясын кайра куруу максатын көздөйт деп билдирди:

Матеуш Моравецки. Польшанын премьер-министри.
Матеуш Моравецки. Польшанын премьер-министри.

«Орусиянын империялык, нео-империялык саясаты илгерилеп баратат. Биз муну абдан даана көрүп, алгачкы кадамдарын байкап жатабыз. Ар түрдүү чагымчыл иштерди күчөтө баштады. Бирок бул Лукашенконун акыркы чабуулу. Ал аткаруучу гана. Муну артында Москвада башкы кожоюн турат. Ал адамдын аты - президент Путин. Ал орус империясын кайра куруу сценарийин чечкиндүү түрдө ишке ашырууга кирише баштады», - дейт премьер-министр Матеуш Моравецки.

Минск беларус-поляк чек арасындагы соңку кырдаал тууралуу расмий үн ката элек. Беларустун Чек ара комитети качкын макамын сураган төрт күрд токмоктолуп, жаракат алганын маалымдады.

Москва дооматты кабыл албайт

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Евробиримдикке каршы жасалма миграциялык кризисти жаратууга Москваны айыптаган дооматты четке какты:

Сергей Лавров. Орусиянын тышкы иштер министри.
Сергей Лавров. Орусиянын тышкы иштер министри.

«Мен бул көйгөйлөр эл аралык гуманитардык укуктун принциптерин толук урматтоо менен чечилиши керек деп эсептейм. Анан албетте, бул маселенин каяктан чыккан тамырын унутпоо керек. Анын түпкү тамыры - Батыш соңку мезгилде жүргүзүп жаткан саясатта турат. Бул көрүнүш НАТО менен Евробиримдик Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкага карата көп жылдардан бери аларга Батыш үлгүсүндөгү жакшы жашоону таңуулап келгендин жыйынтыгы»­, - деп билдирди Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров.

Польшанын бийлиги 8-ноябрда жүздөгөн адамдар буюм-тайымдары менен беларус-поляк чек ара тилкесиндеги тосмолорду жарып өтүүгө аракет кылып жаткан видео тасмаларды жарыялаган. Анда болжолдуу түрдө Жакынкы Чыгыштан келген мигранттарды беларус тараптан куралчан, аскер кийимчен адамдар уюшкандык менен чек ара тилкесине коштоп алып келип, башкарып жүргөнү көрсөтүлгөн.

"Мигранттарды чек араны көздөй айдактаган күчтөрдү билебиз"

Соңку мезгилде Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия жана Африкадан Беларуска келген миңдеген мигранттарды Польшанын, Латвиянын жана Литванын чек араларына басып кирүү аракеттери күч алган.

Евробиримдик Александр Лукашенкону былтыркы талаштуу президенттик шайлоодон кийин киргизилген санкциялар үчүн “Брюсселден өч алып, мигранттарды ташып келип, аларды чек араны көздөй айдактады” деп айыптады.

Илва Йоханссон
Илва Йоханссон

«Бул адамдар чек араларга жакындаганда мүнөзүн өзгөртүп, абдан агрессивдүү болуп калышат. Себеби, аларды Евробиримдиктин тышкы чек арасына чыгууга түрткөн күчтөр, кайра кайтууга жол бербей артынан айдактап турушат. Ушундай жол менен алар адамдарды өзгөчө оор абалга кептеп жатышат. Буга жол берүүгө болбойт. Мен муну кезектеги эле миграциялык кризис деп айтпайт элем. Бул айласы түгөнгөн мыйзамсыз режимдин карапайым адамдарды курал катары пайдалануудан кайра тартпаган коркунучтуу агрессиясы», - деди Еврокомиссиянын ички иштер боюнча жогорку комиссары Илва Йоханссон.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг поляк-беларус чек арасындагы чыңалган кырдаалды талкуулоо үчүн Польшанын президенти Анджей Дуда менен сүйлөшкөнүн айтты. Буга чейин чек араны күзөтүүгө тартылган Польшанын күч түзүмдөрү беларус тарап чек арада ок чыгарууга жол берип, кан төгүүнү көздөгөн чагым уюштуруп жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин жарыялаган.

Брюссел буга чейин түзүлгөн абалды жеңилдетүү үчүн Минскиге аба каттамдарын токтотууга Иракты чакырган. Бирок мигранттар Беларуска эми Сирия аркылуу кирип жатканы боюнча жаңы жагдайлар пайда болгону кабарланды.

Варшава соңку кырдаалга байланыштуу чыгыш чек араларын толук жапканын жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG