Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Кайра шайлоо: Ноокаттан эки, Ысык-Көлдөн бир талапкер катталды


Иллюстрация
Иллюстрация

Ноокаттагы №5 бир мандаттуу округдан парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоого эки талапкер - Айболот Айдосов жана Бакытбек Марипов катталды. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округдан Атабек Мазымканов талапкерлигин көрсөткөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Депутаттыкка ат салышууну каалагандардан арыз 30-майга чейин кабыл алынат. Шайлоо 30-июнда болот.

Эки округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 миллион 748 миң сом деп эсептелген.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Ноокаттан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшырган. Ал эми Ысык-Көлдөн шайланган Максатбек Сарбагышевдин 25-апрелде мандатын тапшырууга арыз жазган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды.

28-апрелде Ош, Баткен, Кара-Суудагы үч округда кезексиз шайлоо болуп, үч жаңы депутат шайланды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG