Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

Миграциялык кризис Германияга жетти


Беларус-латыш чек арасынан кармалган мигранттар.
Беларус-латыш чек арасынан кармалган мигранттар.

Германиянын өкмөтү Беларустан Польша аркылуу кирген мыйзамсыз мигранттардын агымы көбөйгөнүн билдирди.

Августтан бери бул өлкөгө эле жалпысынан мыйзамсыз 4300 мигрант кирген. Көпчүлүгү Ирактан, Сириядан, Йеменден жана Ирандан өтүп келген. Алар Беларус аркылуу Евробиримдиктин чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөр экени белгиленди. Евробиримдик Беларусту жасалма түрдө миграциялык кризисти уюштуруп жатат деп айыптоодо.

Мигранттарды өткөрүүгө ыңгайлашкан "Беларус каттамы"

13-октябрда федералдык полиция Беларус аркылуу Польшадан өтүп Германиянын чыгыш чек арасынан кармалган 4300 мыйзамсыз мигрант Бранденбургдагы жана Саксония аймагындагы качкындар лагеринде турганын кабарлады.

Полициянын чет элдиктер менен иштеген борбордук кеңсесинин башчысы Олаф Янсен 11-октябрга карата 1934 мыйзамсыз мигрант кармалып, жаңыдан катталганын, Германиянын чыгыш аймагында миграциялык кырдаал оорлоп баратканын билдирди. Бирок ага карабастан, кырдаал көзөмөлдө экенин жана мигранттар үчүн качкындар лагерлеринде жаңы орундар даярдалып жатканын айтты.

Буга чейин немис канцлери Ангела Меркел Беларустан мыйзамсыз мигранттар аркылуу Евробиримдиктин чек арасына гибриддик чабуул жасалып жатканын айтып, тышкы чек араларды кайтарууну күчөтүү милдети турганын белгилеген:

Ангела Меркел. Германиянын канцлери.
Ангела Меркел. Германиянын канцлери.

"Евробиримдиктин Чыгыш чек арасында биз азыр Беларус тараптан качкындар аркылуу өзүнчө эле аралашма чабуул жүрүп жатканын байкоодобуз. Бул Литвага, Латвияга жана Польшага тиешелүү. Ал адамдарга гуманитардык жардам көрсөтүүдөн сырткары, биздин алдыбызда азыр Евробиримдиктин тышкы чек араларын коргоо зарылдыгы турат", - деди Меркел.

Жакынкы Чыгышты "колдонгон" Лукашенко

Евробиримдик Лукашенкону Беларустан качкындарды атайын өткөрүп, “санкцияларга жооп кылып, өч алып жатат” деп айыптады. Буга чейин Беларуска Ирактан, Ирандан жана Йеменден мигранттар учуп келип, Евробиримдиктин чек арасына жакын тилкелерге өткөрүлүп жатканы айтылган. Беларустун Польша, Литва жана Латвия менен чектешкен аймактардагы жолдордон Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан келген мигранттардын агымы байкалган видео тасмалар да интернетке тараган.

Польша менен Балтика өлкөлөрүнүн чек арачылары Беларустун мамлекеттик туристтик компаниялары Жакынкы Чыгыштан мыйзамсыз мигранттарды атайылап ташып келип, өз аймагы аркылуу Евробиримдиктин чегине киргизүүнү уюштуруп жатканы аныкталганын билдирген.

Еврокомиссия муну чек аралар тууралуу макулдашууну бузуу катары сыпаттап, Минск айласы кетип ушундай кара өзгөй амалдарга барып жатканын сынга алды.

Брюссель. Илва Йоханссон, Евробиримдиктин ички иштер боюнча жогорку комиссары.
Брюссель. Илва Йоханссон, Евробиримдиктин ички иштер боюнча жогорку комиссары.

"Бул санкциялар зыян келтирип, Лукашенконун айласы кетип калганын күбөлөндүрөт. Бул режимдин акылсыз кадамдары ар күн сайын күчөтүлүп, анын бул аракеттери тарыхтын бир бурулушунда, түпкүрдө кала турганы көрүнүп калды. Анын максаты – Евробиримдикти туруксуздаштыруу. Бирок, ал аябай жаңылышып калды", - деди Евробиримдиктин ички иштер боюнча жогорку комиссары Илва Йоханссон.

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Евробиримдиктин жетекчилиги Ирак жана Йеменден Минскиге байма-бай учуп жаткан аба каттамдарын токтотууну өтүнгөн.

Ошондой эле, бул жагдайга байланыштуу Польша Беларус менен чек арасына тосмо тосууну чечти. Ага чейин Литва менен Латвия дагы ушундай чечимге келип, чек ара көзөмөлүн күчөтүп, миграциялык кырдаалга байланыштуу өзгөчө абал жарыялаган.

Соңку маалымат боюнча беларус-поляк чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн 667 учур катталган.

Ошондой эле, беларус чек арачылары Жакынкы Чыгыштан алып келинген мигранттарга аскердик формалар кийгизилип, тилкелерде улам бир чагымчыл аракеттер жасалып жатканын Польшанын чек ара кызматы "Твиттерге" жазган.

Быйыл май айында Лукашенко Евробиримдиктин санкцияларына жооп кылып, Беларус аркылуу Польша менен Балтика өлкөлөрүнө өтчү мигранттарды кармабай турганын айткан. Евробиримдик былтыр Беларустагы президенттик шайлоодон кийин бийлик режимге каршы чыккан калкка күч колдонулганы үчүн санкция киргизип, кийин аны бир топ катаалдаштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG