Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

"Үйлөр кум-ташка толду". Түптөгү селдин чыгымы


Түп районундагы сел каптаган айылдардын бири. 8-август, 2023-жыл.
Түп районундагы сел каптаган айылдардын бири. 8-август, 2023-жыл.

Ысык-Көлдүн Түп районунда сел жүрүп, үч айылда 90дон ашык турак үй, мал сарайлар жабыркады. Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери, жергиликтүү бийлик жана эл короо-жайларды тазалоодо.

Буга чейин ушул эле райондун Кең-Суу жана Байзак айылдарында да сел жүрүп, 50 үй жабыркап, өзгөчө абал киргизилген эле.

"Үйүлгөн кум-таштын калыңдыгы 1,5 метрден ашты"

Нурлан Дербишевдин сел каптаган үйү. 8-август, 2023-жыл
Нурлан Дербишевдин сел каптаган үйү. 8-август, 2023-жыл

Түп районундагы Корумду, Талды-Суу жана Көөчү айылдарында 7-августтун кечинде көнөктөп жааган жаандан кийин сел жүргөн. Айылда сел агызып келген чоң таштар короолорго толуп калды.

Нурлан Дербишев
Нурлан Дербишев

"Мал кармаган сарайыбыз бар эле, аны толугу менен сел алып кетти. Кошунамдын үйү да жабыркады. Менин үйүм болсо кум менен ташка толуп калды. Жардам берүү үчүн ӨКМдин кызматкерлери, жергиликтүүлөр келди. Сел агызып келген таштар адеп кашарга толгон, анан дубалды жырып үйдү каптады", - дейт Корумду айылынын тургуну Нурлан Дербишев.

Нурландын үй-бүлөсү азыр туугандарынын үйүнө убактылуу жайгашты.

Талды-Сууда 28, Корумдуда 40тан ашык, ал эми Көөчү айылында 24 үйдү суу каптап, чарбалык жолдор, айдоо аянттары зыянга учурады. Тоо этектерине жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундары коопсуз жерлерге чыгарылды.

Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына караштуу райондордогу, шаарлардагы бөлүмдөрүнөн 100дөн ашуун куткаруучу беш топко бөлүнүп иштеп жатат. ӨКМдин адистери социалдык объектилеринде иш алып барууда. Кырсык болгон аймакка кошумча техника тартылды. Учурда бул айылдарда селдин чыгымы эсептелүүдө.

Катуу жүргөн сел мал сарайларды жарактан чыгарды. 8-август, 2023-жыл.
Катуу жүргөн сел мал сарайларды жарактан чыгарды. 8-август, 2023-жыл.

ӨКМдин адистерине көмөктөшүү үчүн айыл тургундары да келген. Алар топторго бөлүнүп алып, биринчи кезекте кары-картаңдардын, жалгыз бой аялдардын жана көп балалуулардын үйлөрүндөгү селдин кесепеттерин жоюуга далалат кылууда.

Көөчү айылынын тургуну Мекен Акматалиев балдары жана айылдаштары менен биргеликте үйүнүн түбүндөгү автоунаа өткөн жолду тазалап алууга аракет кылып жатканын, бирок оор техникасыз ишти илгерилетүү кыйын экенин айтып берди.

Мекен Акматалиев
Мекен Акматалиев

"Эшиктин алдын, үйүбүздү таш-кум каптап кетти. Мал кармаган сарайда кышкыга деп даярдаган көң жана чөп бар эле, аны да сууга аралашып агып келген таш-кум каптап, чөптөрүбүз калкып чыгып калды. Үйдүн түбүндө бир аз алма бак тигип, түшүм алып жүрдүк эле, аны сел жууп кетти. Короого үйүлгөн кум-таштын калыңдыгы 1,5 метрден ашты. Ушундай эле абал кошунабыздын үйүндө болду. Анын да, менин да картөшкөм таштын алдында калды. ӨКМдин балдары аракет кылып, башка да айылдаштарымдын короосунда, үйүндө чуркап жүрүшөт. Кошуна-колоң, бир туугандарым да жардамга келишкен. Бирок биздин күчүбүз аздык кылат экен, таштарды ордунан козгой албай жатабыз, техника керек болуп турат".

Мунун алдында, 2-август күнү ушул эле Түп районунун Кең-Суу жана Байзак (Санташ) айылдарында сел жүрүп, табигый кырсык болгон жерге оор техника жана ӨКМдин кызматкерлери барган. Ошондой эле облустун ар кайсыл аймактарынан барган ыктыярчылар кол кабыш кылууда.

7-августтун кечинде бир апта мурун болгон селден Кең-Суу, Байзак айылдары тазаланып, айылды айланып өткөн суу каналдарын куруу боюнча иштер жүрмөк. Бул айылдарда жалпы жонунан 50дөн үйдү суу каптаган, жолдор бузулган, андан сырткары мал сарай, кампа жана айылдыктардардын башка мүлкү жабыр тарткан эле. Бирок бул күнү коңшу айылдарда жүргөн сел оор техниканы жана адистерди кайра ишке салды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев сел жүргөн айылдарга барды. 8-август, 2023-жыл
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев сел жүргөн айылдарга барды. 8-август, 2023-жыл

Райондун акими Каныбек Адиевдин айтымында, селдин чыгымдары эсептелип жатат. Бул үчүн атайын комиссия түзүлдү.

"Комиссияга райондук штабдын өкүлдөрү, айыл депутаттары, жаштар жана аксакалдар, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирип, эсептөөлөр жүрүүдө. Айыл чарба жерлерине жана үйдүн тегерегинде жашылча-жемиш, алма бактарга келтирилген чыгымдар да каралууда. ӨКМдин мониторинг жүргүзүү департаменти азыр айылдарды айланып өткөн канча канал куруу керектигин эсептеп жаткан. Алгач биз мындай иштерди Кең-Суу айылында жүргүзүп жатканбыз, азыр ошол эле техниканы бул айылдарга алып келдик. Негизинен суу агып кетиши үчүн каналдар бар, бирок алар аздык кылат экен. Себеби кечээ жаан ашып кетсе 15-20 мүнөт жаады, мен Кең-Суу айылынан келаткам. Ошол жаандын суусу арыктарды толтуруп, ашып кетти. Мурунку арыктын жээктерине сарай салып алгандар болуп атат, эми аларды алдырып, арык каздырабыз".

Мыйзамдарга ылайык, селден сактоочу канал жана арыктардын казылышын ӨКМ каржылайт. Сел жүрүп кетүү коркунучу айыл чарба жерлерине чукул канал жана арыктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Айыл чарба министрлигинин адистери, техникасы тейлеши керек.

"Кантип ремонт кылабыз". Камсыздандырылбаган турак жайлар

Райондун акими Каныбек Адиев жергиликтүү калктын чыгымдарын комиссия эсептеп чыккандан кийин анын ордун толтуруу маселеси өкмөттө караларын айтты. Бирок жабыр тарткан турак-жай ээлеринин көбүнүн мүлкү камсыздандырылбаганы негизги көйгөй болууда.

Айыл тургундары үйлөрүн камсыздандырбаганы көйгөй жаратууда. Көөчү айылы. 7-август, 2023-жыл.
Айыл тургундары үйлөрүн камсыздандырбаганы көйгөй жаратууда. Көөчү айылы. 7-август, 2023-жыл.

Мамлекеттик камсыздандыруу мекемесинин июнь айында берген расмий маалыматына караганда, Кыргызстан боюнча 129 410 турак-жай камсыздандырылган. Анын эң көбү Ош (42 060) жана Жалал-Абад (47 262) облустарында.

Мекеме ишмердигин баштагандан бери өрт жана табигый кырсыктардан жабыркаган 688 жаранга 501 млн 994,7 миң сом, анын ичинде 2023-жылдын 5 айында 35 жабырлануучуга 4 млн 945 миң сом өлчөмүндө кепилдик каражаты төлөнүп берилген.

Көөчү айылынын тургуну Астра да сел каптаган үйүнөн чыгып, төрт баласы, күйөсү менен туугандарыныкында убактылуу баш калкалоого аргасыз. Анын үйү камсыздандырылган эмес. Бул көп балалуу эми үйүн калыбына келтирүү үчүн каражатты кайдан аларын билбей санаа тартууда.

Көөчү айылынын тургуну Астранын үйүнүн алды. 7-август 2023-жыл
Көөчү айылынын тургуну Астранын үйүнүн алды. 7-август 2023-жыл

"Сел башталганда балдар менен үйдө болчубуз. Дароо кошунабыздыкына барып, терезеден карап турдук. Үйүбүз ойдуң жерде болгондуктан, чогулган суу аны бат эле каптап кетти. Колубуздан эч нерсе келбей, "эми кайда барабыз" деп эле ыйлап жаттым. Кирүүгө, жашоого мүмкүн эмес. Тазалап, таштарды чыгаргандан кийин барсак болот дечи, бирок оңдоп-түзөөгө бир топ каражат керек болуп калат го деп турабыз. Мектепке да аз убакыт калды, балдарды даярдап, кагаз-калемин алып бергенге акча кетет. Айылда жумушсуздук, көбүбүз эле короодогу малга карап, саап алган сүттү өткөрүп жан багып келебиз. Эми бул кырсык бушайман кылып, кошумча түйшүк жаратты. Башкысы, башыбыз аман, балдарыбыз жаныбызда. Бирок колдо бар оокатты аярлап колдонуп, үстүбүздөгү үйүбүз бар деп жүргөн биздин ичибиз ачышып, жаман болуп калдык. Азыр каражатты кайдан алып, кантип ремонт кылабыз, билбейм".

Түп районунда соңку бир аптанын ичинде эки жолу жүргөн селден 150гө чукул турак үй жабыр тартты. Жергиликтүү бийлик анын кесепеттерин жойгондон кийин калк арасында мүлктү камсыздандыруу өнөктүгүн баштамакчы.

Селден улам беш айылда суу каптаган мектеп, бала бакча, медициналык жай жана башка социалдык мекемелердин имараттарын тазалоого жарандык коргонуу, мектеп мугалимдери, жергиликтүү тургундар жана ӨКМдин кызматкерлери тартылган. Азыркы тапта үч айылдын социалдык мекемелериндеги селдин кесепети жоюлду.

Сел каптаган аймактар

Көпчүлүктүн короо-жайы кум-ташка толгон. 7-август, 2023-жыл
Көпчүлүктүн короо-жайы кум-ташка толгон. 7-август, 2023-жыл

7-август күнү Талас облусунун Талас районундагы “Беш-Таш” жаратылыш паркынын үч жеринде, ошондой эле Кара-Суу айылынын батыш тарабында да сел жүрүп, анын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Буга чейин 22-июлда Нарын облусунда нөшөрдөн кийин сел жүрүп, 16 үйдүн короосун суу каптаган.

Июнь айында болсо нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптаган жана өзгөчө кырдаал жарыяланган. Көп өтпөй Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда дарыядагы суу ташкындап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал киргизилген. Андан кийин сел каптаган Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Адистер Кыргызстанда табигый кырсыктардын көбөйүшүнө климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири чоң экенин белгилеп келет.

Өзгөчө кырдаалдарга байкоо жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин маалыматында ар беш же он жылдыкта өзгөчө кырдаалдар, анын ичинен сел жана жер көчкү катталып турат. Мунун баары температуранын жогорулашы жана жаан-чачындын көптүгүнөн болууда. Тагыраак айтканда, 1994, 2012, 2017-жылдары аномалдуу өзгөчө кырдаалдар көп болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, 1990-жылдан берки 30 жылда өлкө аймагында 5770 өзгөчө кырдаалдар катталган. Анын ичинен 2097 кырсык акыркы 10 жылга туура келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG