Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

"Заматта эки чүрпөсүнөн айрылып калды". Сууга агып кеткендер көбөйдү


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт

Караколдо эки жана беш жашар бир туугандардын сууга агып кеткени коопсуздук маселесин күн тартибине алып чыкты. Кыргызстанда жарым жылда эле сууга чөгүп каза болгондордун расмий статистикасы 60ка жетти. Алардын 60% сууга агып кеткендер. Бул былтыркы жылга караганда бир топ көп. Өткөн бир жылда сууга чөгүп каза болгон 85 адам катталган. Өзгөчө кырдаалдар миинстрлиги жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого, өзгөчө жаш балдарга көз салууга чакырууда.

Наристелер сууга агып чарчап калды

Заматта эки чүрпөсүнөн айрылган Каракол шаарынын 34 жаштагы тургуну Элиза каргашалуу 6-июль күнү кыздарын үйүнүн жанындагы аянтчада ойнотуп жүргөн. Дүкөнгө кирип кайра чыккыча Нурпери менен Нурсезим аттуу кыздарын таппай калган Элиза азыр айласы кетип, эмчектеги алты айлык кызы менен улуу баласын эш тутуп отурат.

"Кыздар жашаган үй Каракол суусунан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Кырсык болгон күнү кыздардын атасы тамак-ашка деп акча салган экен. Нурпери менен Нурсезим суунун жанындагы балдар аянтчасында ойноп жүргөн, алардын жанында 10 жаштагы агасы бар болгон. Энеси дүкөнгө кирип, кайра чыгары менен кыздарын таппай калган. Окуя саат 15:00дө болуп атат. Өзүбүз издеп таппай, милицияга кайрылдык. Кыздар негизи өз алдынча сууга басып кетип же жээгине барып ойночу эмес. Азыр апасынын абалы оор, айылда. Кыздар абдан зирек, татынакай эле", - деди Элизанын Наргизат аттуу таежеңеси.

Каракол суусуна агып кеткен кыздарды издөө иштери. 6-июль, 2023-жыл.
Каракол суусуна агып кеткен кыздарды издөө иштери. 6-июль, 2023-жыл.

Наристелердин сөөгү 7-июлда Бөрү-Баш айылы тарапта Каракол суусунан табылган. Шар аккан сууга алгач эки жашар Нурсезим түшүп кетип, артынан Нурпери түшкөн деп болжолдонууда.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Айгүл Такырбашева окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди.

Айгүл Такырбашева
Айгүл Такырбашева

"Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милициянын өздүк курамы, ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте издөө иштери жүргөн. Кыздардын сөөгү 7-июлда саат 10:00дө табылды".

Кыздардын энесин Түп районунда ата-энеси карап жатат. Бул үй-бүлө Караколдо батирди ижарага алып жашаган. Балдардын атасы Бишкекте ар кандай жумуштарда иштеп, акча салып турчу экен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыл башынан бери Кыргызстандагы агын суу, канал, суу сактагыч жана көлдөргө 60 адам чөгүп, каза болду. Алардын отузу эркек, экөө аял киши. 12 жашка чейинки 22 бала, ал эми 12ден 18 жашка чейинки үч бала бул өмүр менен сууга түшөм деп кош айтышкан. Алардын 60% сууга агып кеткендер. ӨКМдин өкүлү Азамат Токтакунов мунун себебин айтып берди:

Азамат Токтакунов
Азамат Токтакунов

"Суунун үстүнөн караганда ал өтө жай агып аткандай элес калтырат. Бирок түбүндө суунун темпи күчтүү болот да, кичинекей балдарды тез эле агызып кетет. Мисалы, Чоң Чүй каналына сууга түшүүгө тыюу салынган, ал маалымат атайы такталарга да жазылып, илинип турат. Бирок сууга секирген, аптапта сууга түшкүсү келгендер тактада жазылган маалыматка карабайт. Өзгөчө ата-энелер балдарына ушу суунун бойлой келип эс алууга болорун, түшсө болорун өздөрү көргөзүп коет. Анын жыйынтыгы чоңдордун, балдардын өлүмү менен аяктап жатат".

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Ош облусунун Кара-Суу районунда Ачы айылын аралап аккан Южный каналына чөгүп кеткен эки баланын сөөгү табылды. Кырсык тууралуу 11-июлда малымат түшкөн жана 2014-жылы туулган К.М. жана 2016-жылы туулган К.М. аттуу балдарды издөө башталып, алардын сөөгү 12-июлда түшкө жуук табылды.

10-июлда Манас районунда Кыдыралы каналына жети жаштагы бала кулап кеткен. Анын сөөгү эртеси, 11-июлда табылганын ӨКМ билдирди.

Ысык-Көлгө чөккөндөр

Ысык-Көлдө жайкы эс алуу мезгили башталгандан бери сегиз киши чөгүп кетти. Көлгө түшүп, ажал тапкандардын санын азайтуу үчүн өкмөттүн №322 токтому 6-июлда чыккан. Ага ылайык, Ысык-Көлдөгү ар бир санаторий, пансионат жана эс алуу жайлары "паспорт" алат. Анда үч негизги талап көрсөтүлгөнүн Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов билдирди.

Калыбек Жумадылов
Калыбек Жумадылов

"Пансионат бул паспортту алуу үчүн үч мекеменин корутундусун алышы керек. Алар санитардык нормалар, экологиялык нормалар жана ӨКМдин талаптарына жооп берет деген корутундулар. Бул быйыл гана иштей баштады, ага чейинки жылдары эч кандай талап жок болчу, эс алуу жайларына эркиндик берилген. Мисалы, ӨКМ эми пансионаттын ар бир 50 метр сайын куткаруучу, көл жээгине эскертүү белгилери коюлгандарга, куткаруу мунарасы жана куткаруу кийими барларга гана өз корутундусун берет. Анын негизинде гана райондук администрация пансионаттарга документ бере алат".

Жергиликтүү бийлик сууга чөгүүгө байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү керек экенин айтууда.

2022-жылдан тарта көлдө коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөткөн эс алуу жайларынын ээлерине кылмыш ишин козгоп, жоопко тартуу тууралуу жобо иштеп баштаган.

"Биз пансионаттын ээсине иш козгош керек деп атабыз. А эгер куткаруучу убагында карабай, көз салбай, анын кесепетинен киши чөгүп кеткен болсо аны жоопко тарталы деген пикирдебиз. Себеби көптөгөн пансионат, эс алуу жайлары "куткаруучу" деген сертификатты алып, бирок куткаруучусу көл жээгинде отурбай атат. Паспорт берүү да ушул маселелерди жөнгө салууга көмөк көрсөтөт. Андан сырткары айыл өкмөттүн билдирмеси алынат. Анда пансионат тийиштүү салыктарды төлөгөнү, көл жээгиндеги тосмолорду алып салганы жазылат. Азыркы тапта 10 паспорт берилди, дагы 30га чукул пансионат жетекчилери үч мекеменин корутундуларын алууда. Паспорт албагандар 20-июлдан кийин жабылат", - деген аким Жумадылов былтыркы жылдан бери коопсуздук талаптарына жооп бербеген канча эс алуу жайына чара көрүлгөнүн тактаган жок. ​

Куткаруучулар жетишпейт

ӨКМге караштуу суучулдар борборунун жетекчиси Сабыржан Аламанов сууга чөгүп кетүүгө Ысык-Көлдүн акваториясынын изилденбегени себеп деп эсептейт. Анын айтымында, көл жээгине пирс салууда суунун тереңдиги да эске алынбай жатат.

"Өмүр менен коштошуу үчүн ашып кетсе адамдын 30 секунд суу алдында турганы жетиштүү болот. Андан сырткары куткаруучулардын окууга болгон мамилеси ойлондурат. Алардын айрымдары эптеп күн өтсө экен деп, куткаруу эрежелерин жаттабайт, көбү экзаменди кайра тапшырууга калып атат. Азыр бир пансионат бир же эки куткаруучуну жумушка алып коет. Алар элди тейлеп жетишпейт. Пансионат ээлери акчасын аяп, куткаруучуларды жумушка алгандан качат".

Куткаруучулар чөгүп бараткандарга өз убагында жардам көрсөтө албай калды деген сын-доомат да буга чейин айтылган.

Эреже боюнча эс алуу жайларынын жээгинде ар бир 50 метр сайын куткаруучу отурушу керек. Аларды 2008-жылы ачылган ӨКМге караштуу суучулдар борбору окутат. Быйыл Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан 172 куткаруучу окутулган, дагы 22 адис түштүк региондо окуу курстарынан өтүүдө.

Аптапты жана көлгө, суу жээктерине агылган, эс алгандардын саны көптүгүн эске алганда, бул сан өтө эле аз жана куткаруучулар жетишпейт.

Сууга түшүүдө кандай эрежелер сакталышы керек?

Адистердин айтымында, сууга түшкөндө төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

  • Сууга түшүүдө этият болуу керек. Себеби чумкуп же секирип сууга түшкөндө суу алдындагы таш же башка катуу нерселерге тийип, жараат алуу коркунучу бар;
  • Сууда сүзгөндү билбегендер сөзсүз үйлөтмө баллондорду колдонушу керек;
  • Жээктен алыс сүзүп кетүүгө болбойт. Үстүртөн караганда тынч көрүнгөнү менен суу өзүнүн алдындагы агымы тартып кетиши мүмкүн.
  • Көлдөгү суунун муздак жана жылуу агымдарына туш келгенде буттун тарамышы түйүлүп калат. Мындай учурда коркуп кетпей, терең дем алыш керек;
  • Сууда чоң адамдар 15-20 мүнөт, кичине балдар 5-10 мүнөт жүрсө болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG