Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:04

Ысык-Көлдөгү өлүм: ишти президент көзөмөлүнө алды


Бекбол Аманкулов
Бекбол Аманкулов

Ысык-Көлдө эс алууда жүрүп каза болгон 23 жаштагы таластык жигиттин жакындары тергөө иштерине нааразы болууда. Алар маркумду киши колдуу болгон деп эсептешет. Милиция окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди. Президент Садыр Жапаров бул ишти жеке көзөмөлүнө алганы кабарланды.

6-августта көл жээгинде туруп коомчулукка кайрылгандардын видеосу TikTok социалдык тармагы аркылуу тараган. Анда ондон ашык адам досубуздан айрылып калдык, аны бейтааныш адамдар сабап кетти, окуянын күбөлөрү бар деп айткан. Алар милициянын ишине нааразылыгын билдирген.

Көп өтпөй каза болгон адам Талас облусунун Манас районуна караштуу Пакровка айылынын 23 жаштагы тургуну Бекбол Аманкулов экени белгилүү болду.

Бекбол Аманкуловду акыркы сапарга узатуу. Талас облусунун Манас районунан караштуу Покровка айылы. Ал бүгүн жерге берилди.
Бекбол Аманкуловду акыркы сапарга узатуу. Талас облусунун Манас районунан караштуу Покровка айылы. Ал бүгүн жерге берилди.

Окуянын чоо-жайы

Бул окуя 6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылына жакын көл жээгинде болгон. Маркум менен чогуу жүргөн классташы Исабек Сагынбаев түндөсү эс алуучулар менен Бекболдун ортосунда чыр чыгып, үч-төрт бала аны сабап койгонун айтып жатат.

"Бостери айылына 5-августтун кечинде жетип, алты кишилик коттеджди ижарага алалы десек, ал бош эмес экен. Анда биз келинчектерибизди жайгаштырып коюп, өзүбүз машинага деле жатып алалы деп чечип, жээкте эс алып отурганбыз. Бизден башка ал жерде дагы 30дай адам бар болчу, алар бийлеп, кээси барды тегеректеп отурган. Биз досум экөөбүз сыра ичип атканбыз. Ары жагыбызда отурган 7-8 жигит Бекболдун сырасын алып койгондо, ал кайра тартып алды. Ошону менен бийлеп турсак, жанагы балдар келип, Бекболду уруп, ары тартып кетти. Биз да бир аз кызуу болчубуз. Ошону менен досумду таппай калдым, себеби алар мени түртүп салышкан. Беш мүнөттөн кийин айланып барсам, досум кулап калыптыр, бирок жүрөгү согуп жаткан. Оозум менен дем алдырууга аракет кылдым, болбой койду. "Жардамга!" деп кыйкырдым. Эл чогулуп, бат эле "Тез жардам" келди. Бирок анын алдында досумду издеп жатып коопсуздук кызматкерлерине да баргам, алар эч кандай реакция кылбай коюшкан".

Исабек Бекболду тапкан кезде ал ичин кармап, башы ылдый карап турганын айтып жатат.

Классташтар Ысык-Көлгө үй-бүлөлөрү менен барган. Алар көлдө үч күн жүрүп, андан ары Жети-Өгүз айылына жол тартууну пландашкан.

Бекболдун дагы бир досу, классташы Адилет кырсыктан кийин Таластан Ысык-Көлгө барган. Ал анын денесинде көгала тактар бар экенин айтууда.

Адилет
Адилет

"Арызды кабыл алганда эле милиция туура эмес алган. Мисалы, алгачкы жардамды ошол жерде эс алып жүргөн Оштон келген 23 жаштагы жигит көргөзгөн деп жазылган. Бирок ал окуя болгон жерде жок болчу. Аны милиция бизге да көрсөтө алган жок. Тилин жутуп алган дешти, талма оорусу такыр жок эле. Эгер андай оорусу бар болсо, күрөшкө катышып, спортто ийгилик жаратпайт эле да. Тергөө келинчегинен "мурда-кийин талмасы бар беле?" деп сураптыр, жок дегенине карабай "талмасы бар" деп жазышты. Бетинде көгала жок, бир эле чекесинде бир аз сыйрылып калган так турат деген. Бирок бир туугандары майрам сууга алганда далысында, чекесинде, бутунда көгөргөн жерлери бар эле дешти".

Маркумдун бөлөсү Эрамир Малик уулу мындан улам көз карандысыз экспертизага кайрылышканын айтып жатат.

Туугандары маркум Бекбол Аманкуловдун сөөгүн дагы бир жолу экспертизадан өткөрүү үчүн Кара-Буура райондук ооруканасына келген.
Туугандары маркум Бекбол Аманкуловдун сөөгүн дагы бир жолу экспертизадан өткөрүү үчүн Кара-Буура райондук ооруканасына келген.


"Соттук-медициналык экспертиза дайындашкан, биз дагы бир ирет өткөргүлө дегенибизге макул болбой коюшту. Биз сөөктү Таласка алып келип, өз алдыбызча экспертиза өткөргөнү жөнөттүк бүгүн. Ошол түнү кум жээкте жүргөндөр иниме кол көтөрүү болгонун көрдүк деп бизге айтышууда. Биздин билишибизче, инимди сабагандардын арасында аттуу-баштуу кишинин баласы бар. Ошондуктан милиция мушташ болгонун жашырып, ишти жаап салууга аракет көрүүдө. Тергөө акыйкат жүрүп, күнөөсү барлар жазага тартылсын. Камчыбек Ташиевден бул ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранабыз".

Облустук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Айгүл Такырбашева буга байланыштуу териштирүү иштери башталганын, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгы чыга электигин айтты.

Айгүл Такырбашева
Айгүл Такырбашева

"6-августта таңкы саат 05:10 чамасында Бостери милициясына билдирүү түшкөн. Анда "Алтын Кум" пансионатынын кум жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургуну каза болгону айтылган. Милиция алгачкы кароо иштерин жүргүзгөндө, маркумдун денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес. Каза болгон Бекболдун классташтары 5-августтун кечинде эс алуу үчүн Бостери айылына келишкен. Көл жээгиндеги бардын жанында эс алып отурганда башкалар менен пикир келишпестик чыгып, уруша кетишкен. Ага алгачкы медициналык жардамды Ош облусунун 23 жаштагы тургуну көрсөткөн. Азыр териштирүү жүрүүдө. Жыйынтыгында КРдин мыйзамдарына ылайык баа берилет", - деди Такырбашева.

Бекболдун жакындары "аттуу-баштуу адамдардын балдары аралашуусу мүмкүн" деп, чырды адилет тергеп берүүнү өтүнүп, өлкө жетекчилерине кайрылды. Көп өтпөй эле президент Садыр Жапаров ишти жеке көзөмөлүнө алганын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди”, - деп жазды Султанбаев.

Бостеринин "Алтын Кум" пансионатынына жакын көл жээгинде каза болгон Бекбол Аманкуловдун жубайы жесир, эки жашар кызы жетим калды. Анын төрт эжеси жана бир иниси бар. Кырсыкка чейин өзү жашаган Манас районунун Покровка айылында кумблок чыгарган цех иштеткен дейт анын бөлөсү Эрамир Малик уулу.

"Иним абдан адамкерчиликтүү, токтоо жигит болчу. Эч убакта бирөө менен чатакташып, уруш баштабайт болчу. Үй-бүлөдө камкор уул, жакшы ата болчу. Элпектиги да көптү суктандырчу. Айрымдар Бекболду "наркотикалык заттарды ашыкча колдонуп алган" деп да жатышат. Бирок чынында андай эмес, ал андай жолго түшпөйт да болчу. Үйдүн ишенген, айылдын алдыңкы балдарынан эле. 2020-жылы үйлөнүп, бир кызды келинчеги менен жакшы тарбиялап келаткан. Бекбол каза болгон жерде байкоочу камералар жок экен биз барганда. Бирок ал жерде иштегендер, жашагандар мурда камералар турганын айтышууда. Окуяны көргөн күбөлөр да сабаган балдарды көрсөк таанып беребиз деп атышат. Тергөөчүлөр ишти тезирээк жаап, кутулуштун айласын издеп атат. Биз буга кайдыгер карап койсок, дагы канча бала жетим калып, энелер ыйлайт?".

Туристтердин коопсуздугу, байкоочу камералар

Маркумдун жакындары көл жээгине барып, "күбөлөр же видеого тартып алгандар болсо жардам бергиле" деп кайрылуу жасагандан кийин окуя коомчулуктун көңүлүн бурду. Ушул тапта көлдө туристтик сезон кызыган учур. Жакында эле президент Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берген.

Ага Чолпон-Ата шаарында эс алуучу жайлардын бириндеги кырсык себеп болгон. Анда эс алуучуларды “таблетка” баллонуна сүйрөп бараткан катер жанындагы теплоходго урунган. Ал кырсыкта 23 жаштагы улан менен 19 жаштагы кыз каза болуп, дагы бир киши ооруканага түшкөн. Буга байланыштуу катердин 16 жаштагы айдоочусу кармалганы белгилүү болгон.

Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов көл жээгиндеги пансионат, санаторий жана конок үйлөрүндө, алардын айланасында орнотулган канча байкоочу камералар бар экени белгисиз экенин айтып, бул ИИМдин көзөмөлүндө турарын тактады. Жумадылов адам өлүмү менен аяктаган мындай чырлуу окуялар буга чейин катталбаганын кошумчалады.

Калыбек Жумадылов
Калыбек Жумадылов

"Ички иштер органдарынын кызматкерлери камераларды койгула деп айткан. Ал окуя болгон жер да камера бар же жок экенин мен айта албайм, себеби маалыматым жок. Биз жүргүзүп жаткан паспорттоштурууга байкоочу камералардын тиешеси жок болгондуктан "камера койгула" деген талап коё албайбыз. Эс алуучулар тарабынан ыдык көрүп, адам өлүмү менен аяктаган окуялар болгон эмес. Бирок биз бардык мүчүлүштүктөрдү эске алуу менен өкмөткө сунуш бердик. Анын үстүнө барган сайын элдин социалдык активдүүлүгү күч алып, калктын агымы арбып баратат. Күз айларында министрлердин орун басарларынан турган штаб түзүүнү суранып жатабыз. Туризм департаменти "сезонду ачтык" деп туруп эле кетип калбашы керек. Анткени жыйынтыгында көйгөй менен биз эле калып калуудабыз. Суудагы, абадагы коопсуздук, адамдын жеке коопсуздугу, көлдүн экологиясы өңдүү маселелер боюнча сунуштар кат түрүндө расмий жазылды. Келген ар бир эс алуучунун суроо-талаптарын камтый турган укуктук базаны даярдайлы деп жатабыз, ал келерки сезонго даяр болот. Тилекке каршы, азыр көйгөйлөрүбүз көп, аларды комплекстүү чечүү зарыл болуп турат. Анын ичинде байкоочу камераларды да орнотуу каралышы мүмкүн. Кыскасы, быйылкы мүчүлүштүктөрдү эмки жылы кайталабоого аракет кылабыз".

Туризм жаатындагы эксперт Кайрат Итибаев мындай окуялар адатта өлкөдөгү туризмдин өнүгүүсүнө терс таасир этерин айтып, кыргызстандык жаштар арасында көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл деп эсептейт.

Кайрат Итибаев
Кайрат Итибаев

"Маалыматтык компаниялар жүргүзүлүп, эс алууга келгендер арасында спорттук таймаштар уюштурулса, жүрүм-турум эрежелери тууралуу стикерлер чыгарылса болмок. Ошондой эле туристтик милициянын таасирин күчөтсөк, алар англис тилинде эркин сүйлөп, келген туристтер, аймактардан келгендер менен да иштеп турса, эс алуучуларга үлгү болгудай иштер жүргүзүлсө жакшы болмок. Маркетинг, пиар жактан иш алып баруу керек деген ойдомун. Биздин ички эс алуучулар мамлекет алып барган иштерди көрүп, аны сыйлоого, мыйзамды бузбоого жетиши керек. Ал эми четтен келген туристтер үчүн мындай көрүнүштөр анчейин таасир эте бербейт. Маселен, адатта алар турларды сатып алып, жоон топ менен эс алууга келишет. Алардын логистикасы, ар бир кадамы алдын ала пландалган болот".

Ысык-Көл жайкысын турист эң көп каттаган аймак. Жыл сайын жайкы туристтик мезгилде эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Ысык-Көл облусунан 800 милиция кызматкери жана Бишкектен дагы 500 милиционер коомдук коопсуздукту камсыздап турат. Алар туристтик мезгил ачылгандан тарта сентябрь айына чейин эс алуучулар көп каттаган аймакта иш алып барат. Мындан сырткары, облустагы туристтик милициянын адистери чет жерден келген туристтер менен иштешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG