Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Украин бийлиги: Мариупол үчүн кармаш аягына чейин уланат


Мариупол. 15-апрель, 2022-жыл.
Мариупол. 15-апрель, 2022-жыл.

Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль орус армиясы Мариуполду алганын четке кагып, шаар үчүн урандылар арасында жүрүп жаткан кармаш "аягына чейин жүрөрүн" билдирди. Орусия катуу туруштук берип келаткан украин аскерлерине багынуу үчүн 17-апрелге чейин убакыт берген эле.

17-апрелде премьер Шмыгаль ABC телеканалына берген маегинде «шаар багына электигин, украин жоокерлери дале ал жерде экенин, алар аягына чейин кармашарын» билдирди.

Ошол эле күнү украин коргоо министринин орун басары Анна Маляр Азов деңизинин жээгиндеги портту «Украинаны коргогон калкан» катары сүрөттөп, Мариупол орус аскерлеринин өлкөнүн башка аймактарына карай жылуусуна тоскоол түзүп жатканын айткан.

Орусия «Азовсталь» заводунун аланасындагы райондо катуу туруштук берип жаткан топко багынуу үчүн 17-апрелге чейин убакыт берген. Москва ошондой эле курчоодогу шаарды дээрлик толугу менен өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган.

Орус Коргоо министрлиги ал жакта каршы тараптын 2 жарым миңдей жоокери калганын маалымдады, бирок бул сандын чын-төгүнүн билүү мүмкүн эмес. Киев шаарды канча киши коргоп жатканын расмий билдирген жок.

Владимир Зеленский. Киев. 16-апрель, 2022-жыл
Владимир Зеленский. Киев. 16-апрель, 2022-жыл

16-апрелде украин президенти Владимир Зеленский Орусия Мариуполдо “ар бир кишини атайлап жок кылууга” аракеттенгенин айтып, ал жактагы аскерлер өлтүрүлсө, тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу мүмкүн болбой каларын эскертти:

“Оор шарттарга карабай, эр жүрөк жигиттерибиз шаарды коргоп жатышат. Биз аларга ыраазыбыз. Албетте, ыраазы болуу аз, бул үчүн пландар иштелип, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Чынын айтсам, Мариупол боюнча орус тараптын сүйлөшүүлөргө катышкан өкүлдөрүнө ишенич жок”.

“Украинска правда” басылмасынын суроолоруна жооп берген Зеленский деңиз аскерлери, мотордошкон бөлүк, Улуттук гвардиянын бригадасы жана “Азов полкунун” кошуунунан куралган Маруиполдун коргоочулары менен өкмөт байланышта экенин кошумчалады.

Ал эми Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук жекшембиде жай тургундарды жана жарадар болгон жоокерлерди Мариуполдон эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридор түзүү аракетинен майнап чыкпаганын айтты.

“Ок атууну токтотуп, элди чыгаруу жолдору боюнча мунаса таба алган жокпуз”, - деп жазды өкмөт өкүлү 17-апрелде Телеграм-каналына.

Мариупол. 14-апрель, 2022-жыл
Мариупол. 14-апрель, 2022-жыл

Дээрлик бир жарым айдан бери орус армиясынын курчоосунда болуп келаткан шаарда гуманитардык оор абал түзүлүп, тамак-аш, дары-дармек, таза суу тартыш.

Орус армиясы Мариуполду алса, 24-февралда башталган согушта алгачкы ири шаарды көзөмөлдөп калган болот. Порт стратегиялык мааниге ээ. Эмне дегенде муну менен Орусия мыйзамсыз аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Донбасстын орусиячыл жикчилердин колундагы аймактарды кургактан байланыштырып алууга өбөлгө түзүлөт.

Украин бийлиги жана Батыштын чалгын кызматтары Москва ушу тапта өлкөнүн чыгышына чабуул коюуга даярданып жатканын билдирип келатышат.

Орус куралдуу күчтөрү жекшембиде украин аймагына сокку урууну улантканы кабарланууда.

Харьков орус армиясынын аткылоосунан кийин. 16-апрель, 2022-жыл
Харьков орус армиясынын аткылоосунан кийин. 16-апрель, 2022-жыл

Жекшембиде Харьков шаары артиллериядан аткыланганда бери дегенде беш киши ажал тапканын аймактын саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Максим Хаустов билдирди. Мурдагы күндөрдө да карапайым жашоочулар арасындагы жоготуулар тууралуу маалымдалган.

Николаев облусунун губернатору шаардын айланасына ракетадан чабуул коюлганын билдирди. Виталий Ким орус армиясына мобилизация үчүн бир-эки ай керек, ага чейин украин тарап курал-жарак запастарын толуктап алат деп айтты.

Ал арада америкалык CNN телеканалы өкмөттөгү өз булактарына таянып АКШ Киевге убада кылган “кубаттуу” курал-жарак, ок-дары жеткириле баштаганын кабарлады. Президент Жо Байден бир нече күн мурун Украинага 800 миллион долларлык кошумча аскердик жардам берилерин жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG