Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Согушту даңазалаган, Батышта жашоодон ырахат алган путинчилер


Дмитрий Медведев, Владимир Соловьев, Владимир Путин, Вячеслав Володин, коллаж
Дмитрий Медведев, Владимир Соловьев, Владимир Путин, Вячеслав Володин, коллаж

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 4-9-апрель, 2022-жыл.

Ташкент жаңы соода жолдорун издеп жатат

Өзбекстан түштүк тарабындагы коңшуларга артыкчылык берип, жаңы соода жолдорун издеп жатат. Ушундай мазмундагы макаланы The Diplomat басылмасы 1-апрелде чыгарды. Изилдөөчү София Нина Бурна-Асефи Өзбекстандын өз товарларын дүйнөлүк рынокко алып чыгууда Орусия жана Ирандан көз каранды болбоо аракеттерин талдап чыккан.

Макалада баяндалгандай, жакында Индиядан жүктөлгөн 140 тонна шекер деңиздеги жана кургактагы жолдор менен Пакистан жана талибдер көзөмөлдөгөн Ооганстан аркылуу Өзбекстандын Термез шаарына жеткирилди. Жүктүн көлөмү чакан болгону менен, бул аракет көптөн кабар берет.

Талибдердин өкмөтү Индиядан Өзбекстанга жүктү жеткирүү салтанатында. 16-март, 2022-жыл
Талибдердин өкмөтү Индиядан Өзбекстанга жүктү жеткирүү салтанатында. 16-март, 2022-жыл

Москва эзелтен эле Ташкенттин негизги соода өнөктөшү болуп келген. Ортодогу сооданын жылдык жүгүртүүсү 7,5 миллиард долларды түзөт. Андан тышкары Өзбекстан газ, мунай, металлды Орусиянын порттору аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгарат.

Автордун пикиринде, президент Шавкат Мирзиёевдин бийликке келиши менен өлкө бир катар соода жолдорун диверсификациялоого киришип, Пакистанга өзгөчө көңүл бурулган.

Ооганстан, Кабул. "Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкүлдөрү Өзбекстанга индиялык товарларды жөнөтүү салтанатында. 16-март, 2022-жыл.
Ооганстан, Кабул. "Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкүлдөрү Өзбекстанга индиялык товарларды жөнөтүү салтанатында. 16-март, 2022-жыл.

Алсак, Ташкент Исламабад менен бир катар келишимдерге кол койгон. Быйыл мартта товарлардын 34 түрүн камтыган документте бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү, бири-биринин стандарттарын таануу, сооданы өнүктүрүүгө түзүлгөн тоскоолдуктарды жоюу макулдашылган.

2021-жылкы транзит соодасы жөнүндөгү келишимде Өзбекстандын оор машинелери тартып келген жүктү ооган аймагы аркылуу түз эле Пакистандын Карачи баш болгон портторуна жеткирүү каралган. Мурда жүктү Ооганстан-Пакистан чек арасында пакистандык машинелер алып кетип жеткиришчү. Өзгөртүү киргизүү үчүн миграциялык жол-жоболор жеңилдетилип, айдоочулук күбөлүктөрдү таануу жөнүндө сүйлөшүлгөн.

Макаланын автору ошол эле маалда Ооганстандагы талибдердин фракциялары ортосундагы пикир келишпестиктер жана согушкер кыймылдын эл аралык изоляциясы коопсуздук чөйрөсүндө бир топ кыйынчылыктарды түзүшү мүмкүн деп улантат.

Андан ары айтылгандай, Өзбекстан ушу тапта Ирандын портторун пайдаланып келатат, бирок Тегеранга салынган санкциялар аларды колдонууну кыйла чектеп койгон. Муну менен катар “Украинадагы согуш Мирзиёевдин түштүк саясатын күч алдырды. Орусияга каршы киргизилген жазалоочу чаралар ал өлкөнүн соода мүмкүнчүлктөрүн аксатты жана Өзбекстандын экономикасына чоң таасирин тийгизди. Ири транспорт компаниялары Кара деңиз аркылуу КМШ өлкөлөрүнө экспортун токтотушту”, - деп жазат изилдөөчү.

Кремлдин номур биринчи пропагандачысы

La Stampa гезити Орусиянын мамлекеттик Биринчи телеканалынын алып баруучусу, Путиндин негизги пропагандачысы деген атка конгон журналист Владимир Соловьевго арналган көлөмдүү макаласын окурмандарга сунуш кылды. Жакопо Якобони 7-апрелде Соловьевдун Италиянын кооз жана кымбат жериндеги, Комо көлүнүн жээгиндеги вилласынын кире беришине “Адам өлтүргүч” деп жазып, бассейнге кызыл боек толтуруп кетишкенин, дагы бир үйүнө өрт коюшканын баяндап, "ал Кремлдин чыныгы оюн экрандан жеткирип турду" деп жазды.

Соловьевдун Италиядагы вилласы. 6-апрель, 2022-жыл
Соловьевдун Италиядагы вилласы. 6-апрель, 2022-жыл

Автордун пикиринде, анын “Атайын операцияны Украинага каршы эмес, бүтүндөй Батышка каршы жүргүзүп жатабыз”, “Ушундай санкциялар салынган соң, эмне үчүн Украина менен чектелишибиз керек?” деген сөздөрү Москва режиминин түпкү максатын ачыкка чыгарып койду.

Якобони Орусиянын согуштук пландарын аңдап-билүү үчүн бир нече кишиге, анын ичинде номур биринчи пропагандачы Соловьевго жакындан байкоо салыш керек болчу деп макаласын уланткан.

“Биз орустарбыз”, “Кудай биз менен”, “Орусиянын жана Путиндин душмандары” деген китептердин автору, 58 жаштагы алып баруучу жана журналист февралда Европа биримдигинин санкцияларына туш болгон. Макалада айтылгандай, эми анын бардык активдери камакка алынып, өзүнө Европага кирүүгө тыюу салынды. Комодогу 8 миллион евролук эки вилласын Италия өкмөтү камакка алды.

Ал жылдар бою күнүнө эки саат орус коомунун мээсин пропагандага сугарган курал болуп келген.

“Украинага басып кирүү үчүн айтылган жүйө күн сайын Соловьевдун программаларында айтылчу: Орусиянын цивилизация катары башкалардан жогору турганы, орус нео-улутчулдугу, Батыштын чирип, паракорлукка батканы, гейлер менен күрөшүү керектиги, согушка мобилизациялануу. Кыскасы, күнүгө теле экрандан таза фашизмдин жана путиндик этно-улутчулдуктун агымы тынбай тартууланып турду”, - деп белгилейт италиялык журналист.

Ошол эле маалда, орусиялык олигархтар менен пропагандачыларга “нацисттик” жана “коррупциялашкан” Европада жашоодон рахат алуу жагат. Автор Алексей Навальныйдын фонду чыгарган материалдарга таянып, Соловьевдун Италияда дагы эки вилласы бар болуп чыкканын жазат. Ал эми The Insider басылмасынын маалыматына ылайык, согуштун алдында ал дагы бир кыймылсыз мүлк алып, башка чоң турак жайында 300 миң еврого ремонт жасатууга киришкен.

Шанхайдагы катаң карантин, Кытай үчүн чоң сыноо

The Economist басылмасы Шанхай шаарындагы локдаун Кытайдын коронавирус менен күрөшүү стратегиясы үчүн чоң сыноо болгонун баяндаган. Автор өлкөнүн ири бизнес жана финансы борборундагы СOVID-19 илдети менен күрөш аскердик операцияны эске салат деп сүрөттөйт. Шаарга учактар менен жүк жеткирилип, он миңдеген медкызматкер алынып келди. Бейтаптар автобустар менен башка райондордогу талаа госпиталдарына ташылууда, калган 25 миллион тургун көчөлөргө чыга албай үйлөрүндө камалып отурууга аргасыз.

Шанхай шаары. Март, 2022-жыл
Шанхай шаары. Март, 2022-жыл

Арийне, Шанхай мындан эки жыл мурун Кытай бийлигинин пандемияны ооздуктоонун үлгүсү болуп келген. Өкмөт элди жапырт тесттерди тапшырттырып, илдеттин очокторун дароо изоляцияга алчу. Муну менен адам өлүмүн азайтууга, башка өлкөлөр менен салыштырмалуу экономиканын өсүшүнө жетишилген. Ошондо президент Си Цзинпиндин Кытайдын социалдык системасы Батыштын демократиясына караганда артыкчылыктуу болуп чыкты деп айтканы бар. Бирок Шанхайдагы азыркы абал Бээжин үчүн чоң сыноо болуп жаткандай, - деген ою менен бөлүшөт автор.

Калаа жашоочулары марттын башынан бери катаң чектөөлөрдүн шартында күн көрүп келатышат. Алар тамак-аш, дары-дармек тартыш болуп жатканына даттанышат. Маалыматка караганда, өзгөчө коронавирус табылган балдарды ата-энелеринен ажыратуу стратегиясы көп суроо жаратып, нааразылыкка алып келди. Ондогон наристенин, айрымдары бир нече айлык ымыркайлардын бешөө бир керебетте жатканы катуу ачууланууну, кыжырданууну пайда кылды. Андан кийин гана бийлик ата-энелерге балдарын коштоп барууга айрым жеңилдик берди.

Макалада айтылгандай, карантиндик чаралар өлкө экономикасына чоң кесепеттерди алып келип, үстүбүздөгү кварталда өсүш таптакыр болбошу ыктымал. Мунун саясатка кандай таасир этери талкууланып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG