Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Казакстан Жеңиш парадынан убактылуу баш тартты


Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад. 7-май, 2015-жыл.
Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад. 7-май, 2015-жыл.

Казакстан быйыл Жеңиш күнүнө карата аскердик парад өткөрбөй турганын жарыялады. Казак серепчилери расмий Нур-Султандын мындай чечимине Украинадагы согуш таасир эткенин айтып жатышат.

Казакстандын Коргоо министрлиги быйыл 9-майдагы Жеңиш күнүнө жана 7-майдагы Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата аскердик парад өткөрбөй турганын 13-апрелде жарыялады.

"2022-жылы Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата аскердик парад өткөрүү пландалган жок", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Министрлик мындай чечимге эмне себеп болгонун түшүндүргөн жок. Бирок Жеңиш күнүнө карата башка иш-чаралар болорун белгиледи.

Казакстанда 9-майга арналган аскердик параддар 2019-жылдан бери өткөрүлө элек. 2020-2021-жылдары коронавирус пандемиясынан улам эч кандай аскердик иш-чаралар уюштурулган эмес.

Украинадагы согуштун эпкиниби?

Казакстандагы "Өлбөс полк" жүрүшү. 9-май, 2017-жыл.
Казакстандагы "Өлбөс полк" жүрүшү. 9-май, 2017-жыл.

Казакстандык саясат таануучу Шалкар Нурсеитов быйыл расмий Нур-Султандын аскердик парад өткөрбөө чечимине Украинадагы согуш себеп болгонун "Азаттыкка" айтты. Анын пикиринде, Батыш өлкөлөрү Орусияга санкцияларды киргизип жаткан шартта Казакстан өзүн көп векторлуу тышкы саясат жүргүзгөн өлкө катары көрсөткүсү келет.

"Парадга байланыштуу Казакстанда бир жактуу көз караш жок. Калктын басымдуу бөлүгү "парадды колдойт" же "ага каршы" дегендей социологиялык сурамжылоолор да жүргүзүлбөйт. Биз аны билбейбиз. Бирок Казакстан пандемияга байланыштуу уланып келген талаптарды жумшартты. Андыктан, бул жолу пандемия эмес, Украинадагы согуш Казакстандын Коргоо министрлигинин ушундай билдирүү жасашына себеп болду. Эгер Казакстан 7-майда жана 9-майда парад өткөрө турган болсо, анда эл аралык коомчулукта "Казакстан Орусияны колдоп жатат" деген ой жаралмак", - деди талдоочу.

Орусия Украинага кол салган алгачкы күндөрдө кескин билдирүүлөрдөн карманып келген Казакстан соңку апталарда украин жергесиндеги кырдаал тууралуу так позициясын айта баштады.

Маселен, 29-мартта Казакстандын президентинин администрация башчысынын орун басары Тимур Сулейменов Брюсселдеги сапары маалында "Euractiv" басылмасына маек куруп, "Казакстан Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө жардам бербейт", "Казакстан Украинанын аймактык бүтүндүгүн урматтайт", "Крымга жана Донбасска байланыштуу кырдаалды тааныбайт" деп билдирген.

Аны улай 5-апрелде казак тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди да Казакстан Донбасстагы жикчик аймактарды тааныбай турганын белгилеген. Расмий Нур-Султандын мындай билдирүүлөрүнө Кремл кескин реакция көрсөткөн эмес.

Саясат таануучу Нурсеитов Казакстандын мындай позициясы Москва менен макулдашылганын, Украинадагы согуш жана Орусияга салынган санкцияларга байланыштуу кырдаалды эки өлкө тең түшүнүп турганын кошумчалады. Ошол эле учурда серепчи расмий Нур-Султандын Украина боюнча позициясын сынай турган жагдайлар алдыда экенин белгиледи.

"Москвада 9-майга карата парад өтө турган болсо, Казакстан бийлигинин өкүлдөрү ошол парадга катышабы? Бул маанилүү суроо. Эгер казак өкүлү Москвага барып катыша турган болсо, анда Казакстанда парад болгону же болбогонуна карабай, бул жагдай бир жактуу көз карашты калыптандырбайт. Казакстан бир колу менен Орусиянын агрессиясын колдобой турганын билдиргиси келсе, экинчи колу менен парадга баруу аркылуу саясий жактан Орусияга көз каранды экенин мойнуна алган болот", - деди Шалкар Нурсеитов.

Бишкекте да аскердик парад болбойт

Жеңиш күнү мурдагы советтик республикалардын көбүндө 1945-жылы нацисттик Германия багынган күн катары жыл сайын ар кыл иш-чаралар жана аскердик параддар менен белгиленип келет. 2015-жылы Жеңиштин 70 жылдыгына карата Борбор Азиядагы өлкөлөрүнүн көбүндө ири аскердик параддар уюштурулган.

Адатта Жеңиш күнүнө карата эң ири парад Москванын Кызыл аянтында өтөт. Бул парадга чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн белгилүү бир аскердик бөлүктөрү да утур-утур жөнөтүлүп турат.

Москвадагы кечигип өткөн парадга барган чет өлкөлүк жана борбор азиялык лидерлер. 24-июнь, 2020-жыл.
Москвадагы кечигип өткөн парадга барган чет өлкөлүк жана борбор азиялык лидерлер. 24-июнь, 2020-жыл.

Айрым байкоочулар Владимир Путин Орусиянын башына келген 20 жылдан ашык убакыттын ичинде бул күнгө көбүрөөк көңүл бурулуп жатканын белгилеп келишет. Москва Жеңиш күнүндөгү параддарды соңку аскердик техникаларын жана армиясынын күчүн көрсөтүү үчүн колдонорун айткандар бар.

Өткөн аптада Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков быйыл да 9-майда Кызыл аянтта парад болорун орус журналисттерине билдирген.

"Биз аны дайым боло келгендей эле майрамдайбыз. Бул биздеги абдан ыйык майрам. Биздин өлкөдө бардык орусиялыктар үчүн ыйык майрам бойдон кала берет", - деп билдирген Песков.

Буга чейин Батыш өлкөлөрүндөгү айрым булактар орус күчтөрү Украинанын чыгышында чабуулун күчөткөнүн, Москва жакын арада Донбасска көзөмөлүн орнотуп, 9-майдын алдында "жеңишти" жарыялоону көздөп жатканын эскертишкен.

Айтор, быйылкы Жеңиш күнү Украинада согуш токтобой, жайкын тургундардын өлүмү үчүн Орусиянын дарегине сын күчөп турган мезгилде белгиленгени жатат.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги да 9-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбой турганын кабарлады. Маалыматка ылайык, Жеңиш күнүндө митинг-реквием өтөт жана "Өлбөс полктун" жүрүшү уюштурулат.

Кыргызстанда былтыр да бул күнү митинг-реквием өтүп, ага президент Садыр Жапаров баштаган мурдагы жана учурдагы жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер катышкан. Анда өчпөс отко гүл коюлуп, согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерилген.


Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы дагы 9-майда аскердик парад уюштурулган эмес.

Коңшу Тажикстанда Жеңиш күнүнө карата аскердик параддар утур-утур өткөрүлүп келет. Дүшөмбү быйылкы пландар тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Өзбекстанда 9-май эскерүү күнү деп саналат. Өзбекстандык журналисттердин айтымында, соңку жылдары Жеңиш күнүнө "Өлбөс полк" сыяктуу чакан иш-чараларды эске албаганда, Ташкенттин борбордук аянтында ири аскердик парад дээрлик өткөрүлбөйт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG