Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Орус армиясына аргасыз байланган кыргызстандыктар


Орусиялык аскерлер. Кузьминка полигону. 21-январь, 2022-жыл.
Орусиялык аскерлер. Кузьминка полигону. 21-январь, 2022-жыл.

Орусияда Борбор Азияда туулуп, кийин орус жарандыгын алган эркектерди аскер комиссариатына чакырган учурлар көбөйө баштады. Ошондой эле келишимдик негизде аскерге катталган кыргызстандыктардын саны да арбып жатканы маалым болду.

Серепчилер Орусияда мигранттарды аскердик кызмат үчүн төлөнчү акча жана жарандыкты жеңил алуу маселеси кызыктыра турганын айтууда.

Ал эми аскерге баруудан баш тарткандардын жарандыгын алып коебуз деп коркуткан учурлар бар.

Ош шаарында туулган, 25 жаштагы Сардарбек Маматиллаев бир нече ай мурда Орусиянын жарандыгын алган. Ал Cabar.Asia агенттигине аскер комиссариатына чакырып жатканын айтып берген.

"Мага эми чалышып, аскер комиссариатына чакырып жатышат. Болбосо жарандыгымды алып коебуз дешти. Менимче, мунун баары Украинадагы окуяларга байланыштуу окшойт. Азыр "аскерге милдеттүүлөр керек" деген жарыясы бар сайттар абдан көбөйдү".

Маалыматты Орусиядагы башка кыргызстандыктар да ырастады. Алардын айрымдары чакыруу алып, айла жоктон орус армиясына кошулса, башкалары акчага кызыгып, келишимдик негизде кызмат өтөөгө жөнөп жатканын айтышкан.

"Көбү акча үчүн барып жатышат да. Угушумча, күнүнө жакшы төлөшөт. Андан тышкары орус жарандыгын алгандар да бар. Аларды эми армияга милдеттүү түрдө чакырып жатат. Анткени алар ант беришкен да", - деди Орусияда мигранттардын иштери менен алектенген юрист Дарика Атантаева. (Белгилүү себептерден улам мекендештин аты-жөнү өзгөртүлдү)

Азырынча орус армиясында канча кыргызстандык бары, канчасы Украинадагы согушка катышып жатканы беймаалым. Буга чейин уруш талаасында орус армиясынын курамында согушуп жатып каза тапкан эки кыргызстандыктын сөөгү мекенинде жерге берилди.

2013-жылы "Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, өз өлкөсүндө аскердик милдетин өтөп, кийин орус жарандыгын алгандар да Орусиянын армиясына барууга тийиш.

Учурда өз ыктыяры менен Украинага барып согушууга даяр кыргызстандыктар да бар экени айтылууда. Юристтер белгилегендей, аларга жарандык ыкчам шартта берилет.

Соңку айлардагы кырдаалдан улам миграттар туулуп-өскөн мекенине кетип жатканы тууралуу маалыматтар да чыгууда.

"Жарандык алам дегендерге дароо буйрук чыгарып, берип жатышат. Орусия үчүн өз ыктыяры менен согушка баргандар да бар. Чакыруу алгандардын айрымдары Кыргызстанга кетип жатыптыр, чакыруу келгиче эле кеткендер бар", - деди Дарика Атантаева.

Орусиядагы мигранттардын укугун коргоо менен алектенип келген Валентина Чупик ага ушул маселе менен бир нече кыргызстандык кайрылганын айтты.

"Аларды армияда кызмат өтөө келишимдерине кол коюуга мажбурлап жатышат. Антпесе "жарандыктан ажыратууга шылтоо табабыз" деп коркутушат. Ошондой эле айрым мигранттарга күмөндүү фирмалардан чалып, эгер келишимге кол койсоңор, үч айда жарандык беребиз дешкен экен. Бул тууралуу мага кайрылган 15 мигрант айтты. Алардын бири кыргызстандык болчу. "Согушка барууга макул болсо, жарандык беребиз" деген убада карандай калп. Мен кайрылгандардын баарына тезинен мекениңерге чыгып кеткиле деп кеңеш берип жатам", - деди Чупик "Азаттык" радиосуна.

Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Гүлшан Долонбаеванын «Азаттыктын» талкуусуна катышып жатып айтканына караганда Орусиянын Свердлов облусунда орус жарандыгын алгандар көп.

"Азыр биздин аймактан эле онго жакын балабыз аскер кызматын өтөп жүрөт. Алардын энелери деле кооптонуп отурат. Атайын батальондор, келишим түзгөн аскерлер кеткенин айтып атышат. Бирок, кыска мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткандар мобилизацияланган жери жок", - деген Долонбаева.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов 600 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алганын, алардын 5% аскер курагындагылар болушу ыктымал экенин парламенттин трибунасынан айткан.

Бул маалыматты Орусиянын, Кыргызстандын расмий органдары же көз каранды эмес булактар бышыктаган эмес.

Орусиянын президенти Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 7-апрелде Sky News телеканалына курган маегинде "Украинадагы аскерий аракеттерде Орусиянын өздүк курамы олуттуу жоготууларга учураганын" билдирди. Бирок канча адам курман болгонун айткан жок.

Украинанын айланасындагы кырдаалга токтолгон Песков өлкө 2014-жылы Майдандагы окуялардан кийин өзгөргөнүн белгиледи. Муну ал “мыйзамсыз төңкөрүш” деп атаган.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Песковдун белгилешинче, ошондон кийин Украина "антиорусиялык" өлкөгө айланып, "ал жакта болгондун баары Орусияга каршы багытталганын" айткан.

Песков жакынкы күндөрдө же жакынкы келечекте Украинанын аймагындагы "атайын операция" өз максатына жетет же сүйлөшүүлөр аркылуу бүтөт деген үмүтүн билдирди.

25-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги согуштук аракеттердин жүрүшүндө 1351 орус аскери набыт болуп, дагы 3825и жарадар болгонун билдирген. Ошондон бери Кремл өз жоготуулары тууралуу айта элек. Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, орус тараптын жоготуулары 18 600 адамды түздү.


Украина өз аскер кызматкерлеринин өлүмү боюнча маалыматтарды ачыкка чыгара элек. Орусиянын Коргоо министрлиги марттын аягында Украина кеминде 14 миң аскеринен айрылганын айткан. Согуштук аракеттер жүрүп жаткан шартта тараптардын жоготуулары тууралуу маалыматтарды тактоо мүмкүн эмес.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан ашуун убакыттан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

БУУнун маалыматына ылайык, Орусиянын кол салуусунан кийин Украинада 1563 адам каза тапты, анын 130 балдар. 2213 адам жараат алган, алардын 188 балдар. Докладда айтылгандай, адамдардын өлүмүнө жана жараат алышына ракеталык аткылоо, абадан сокку уруу, анын ичинде жардыргычтарды колдонуу себеп болгон. Уюм жайкын тургундардын арасындагы курмандыктардын реалдуу саны мындан алда канча көп экени айтууда. БУУнун эсебинде, согуштан улам 11 млн. адам үй-жайын таштоого аргасыз болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG