Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

"Жалган маалыматтар жазылган". Кремлдин түркмөн мектебиндеги пропагандасы


Өзбекстандын аймактык интеграциядагы ролу

The Diplomat басылмасы 15-сентябрда чыккан макаласында Борбор Азиядагы интеграция маселесине, Ташкенттин ал жараяндагы ролуна кайрылды. Автор - изилдөөчү жана саясат талдоочу Озод Танбаев жаратылыш ресурстарынын молдугу, географиясы аймакты эл аралык саясатта жана экономикалык структурада маанилүү оюнчу катары кабыл алууга мүмкүнчүлүк бергени менен, региондун интеграциясы талкууларды, талаштарды жаратып келгенин жазат.

Анын пикиринде, интеграция жараянын үч фазага бөлсө болот. Баштапкысы 1990-жылы башталып, 2005-жылга чейин уланган. Ал жылдары жаңыдан эгемендик алган жумурияттар биргелешип аракет көрө баштаган. Дал ошондо Борбор Азия биримдиги пайда болуп, кийин Борбор Азиядагы кызматташтык уюмуна айланган.

"2005-2016-жылдары аймактык интеграция дымып турду", - деп уланткан автор муну биринчи кезекте жогоруда айтылган уюмдун Орусия үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулуп кеткени менен түшүндүрөт.

Азыркы баскыч интеграцияны жандандыруу аракеттери менен мүнөздөлөт. Мисал катары ал лидерлердин жыл сайын өтүп келаткан консультативдик жыйындарын келтирет.

Танбаевдин көз карашында, кызматташтыкты өөрчүтүү аракеттеринде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин ролу зор. Ташкент виза режимин жеңилдетүү чечими менен интеграция багытында чоң кадам таштады. Атап айтканда, жергиликтүү тургундар ортосунда алака-катышты, экономикалык, маданий кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзүлүп жатат.

Макалада келтирилген статистикага караганда, Өзбекстан менен калган борбор азиялык жарандардын эки жакка каттоосу соңку жылдары өскөн. 2017-2018-жылдары кошуна өлкөгө Казакстандан 2,3 миллион киши, Кыргызстан жана Тажикстандан 1,4 миллион жана Түркмөнстандан 600 миң киши барып кеткен. Бул өлкөлөргө саякаттаган өзбек жарандары да көбөйгөн.

Өзбекстандык дипломат Илхом Ниматовдун айтымында, беш жыл мурун Кыргызстан-Өзбекстан чек арасынан күнүнө 200-300 киши өтсө, ушу тапта 30 миңге жетти. Андан тышкары Тажикстан менен мурун жабык турган 17 чек ара бекети ачылып, 20 миңдей киши эки жакка каттап турат, - деп уланат макала.

Аналитик Ташкенттин регионалдык транспорт демилгелерине да токтолду. Ооганстан аркылуу өткөн темир жол 2027-жылы бүткөрүлүүгө тийиш. Эки жыл мурун Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу келишимге кол коюлган.

Материалда Өзбекстандын кошуналар менен чек араларын демаркациялоо, делимитациялоо багытында алга жылганы белгиленет.

Автор андан ары интеграция жолундагы айрым тоскоолдук, көйгөйлөргө токтолду. Анын пикиринде, Ташкенттин тышкы саясаты ички жана сырткы факторлордон улам өзгөрүшү мүмкүн. Асыресе суу тартыштыгы интеграция процессине таасир этиши ыктымал. Экинчиден, региондогу өлкөлөр тарыхый, маданий, саясий жана экономикалык факторлордон улам нарк-насилдерге келгенде бир кылка эмес. Алсак, ЕАЭБдин мүчөлөрү болгон Кыргызстан менен Казакстан өздөрүн Европага жакын деп эсептешет. Алардан айрымаланып, Өзбекстан жана Түркмөнстан Азияга, ислам дүйнөсүнө ыкташат. Тажикстанда перстердин таасири катуу сезилет. Мындан тышкары айрымдары советтик мурасты бааласа, башкалары улуттук суверенитетти баса белгилешет.

Ушундай ойлору менен бөлүшкөн талдоочу Шанхай Кызматташтык уюму жана ЕАЭБ өңдүү уюмдар интеграцияга кандайдыр бир тоскоолдук түзгөнүн кошумчалайт. Анткени бири геосаясий күн тартибин Кытайга, экинчиси Орусияга карап түзөт. Бул өз кезегинде Борбор Азия мамлекеттеринин кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына төп келет деп айтуу кыйын.

Аягында автор аймактын эң көп калктуу өлкөсү Өзбекстан саясий жана экономикалык интеграциянын динамикасына таасир этүүгө кудуреттүү деп жыйынтыктайт.

Кытайда дагы бир министр "дайынсыз"

Financial Times гезити америкалык чалгын кызматтарына жана жогорку аткаминерлерге шилтеме менен 15-сентябрда жазгандай, Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу кызматынан алынып, ага карата тергөө жүрүүдө.

“Бул Бээжиндеги аскердик жана тышкы саясий истеблишменттин элитасы арасындагы башаламандыктан кабар берет”, - деп айтылат макалада.

Басылма министрдин эки жумадан бери эл көзүнө көрүнбөй калганын белгилейт. Буга чейин коммунисттик партия жана Си Цзинпин аскерлер арасында коррупцияга жол берилбеши керек деген билдирүүлөрдү жасаганын, өткөн айда эки жогорку даражалуу генерал иштен алынганын эске салат. Алар жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарып салган деп шектелүүдө.

Кытайдын мурдагы тышкы иштер министри Цин Ган июлда кызматтан алынарга чейин көпкө эл алдына чыкпай калган.

Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу. Сингапур, 4-июнь, 2023-жыл
Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу. Сингапур, 4-июнь, 2023-жыл

Маалыматка караганда, чалгын кызматтарындагы булактар Байден администрациясынын Ли Шанфунун үстүнөн тергөө жүрүп жатат деген жыйынтык чыгарууга кандай жагдайлар түрткөнүн айтышкан жок. Гезит Ак үй маалыматты комментарийлебегенин, Кытайдын Вашингтондогу элчилиги комментарий берүүдөн баш тартканын жазат.

"Рейтер" агенттиги Вьетнамдын расмий адамдарына таянып, министр өткөн жумада “ден соолугуна байланыштуу” алар менен жолугушууга катышпай калганын маалымдаган.

Financial Times баяндагандай, 2018-жылы Трамп администрациясы Орусиядан курал-жарак сатып алууга байланыштуу Ли Шанфуну санкциялык тизмеге киргизген. Ошол маалда ал Кытайдын Коргоо министрлигинде курал-жарак чыгаруу жана сатып алуу башкармалыгын жетектечү. Бул жагдай АКШ жана Кытайдын коргоо министрлеринин жолугушуусуна бут тосуп келатат.

АКШнын Жапониядагы элчиси Рэм Эмануэл “Кытайдын өкмөтү Агата Кристинин детективин эске салат. Адегенде тышкы иштер министри, аскер командачылары, эми коргоо министри дайынсыз” - деген тариздеги посту менен айың кептерге жем таштаган.

Гезит Линин үстүнөн иликтөө Си Цзинпин жүргүзгөн антикоррпуциялык күрөш канчалык натыйжалуу жүрүп жатат деген суроону пайдал кыларын жазат.

Басылма сөзгө тарткан эксперттердин бири Дэнис Уйалдер: “Коргоо министри жана алдыда айтылган жогорку командачылар паракорлук үчүн алынганы чын болуп чыкса, бул - Си Цзинпиндин маанилүү кызматтарга кадрларды иргеп алуу, текшерүү жараянында катачылыктар бар дегенди көргөзөт, коррупция, көп жылдан бери уланып келаткан күрөшкө карабай, кадыресе көрүнүшкө айланганынан кабар берет,” – деген ою менен бөлүштү.

Орус пропагандасын жайылткан окуу китептери Түркмөнстанга берилдиби?

Eurasianet 14-сентябрда Түркмөнстанга арналган бюллетенинде ал өлкөнүн Батыш менен алака-катышын өнүктүрүү аракеттерин баяндап, муну менен бирге расмий Ашхабаддын орусиячыл маанайын жашыруу мүмкүн эмес деп жазды.

Макалада кеп Санкт-Петербургдун губернатору Александр Бегловдун сапарынын айланасында жүрөт. Губернатордун кеңсеси кабарлагандай, сапардын жүрүшүндө Жылуулук борборлорун модернизациялоо долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Орусиянын тарых сабагы боюнча окуу китеби. Август 2023-жыл
Орусиянын тарых сабагы боюнча окуу китеби. Август 2023-жыл

Басылма мындай инвестициялык долбоорлор менен катар Беглов Түркмөнстанга тарых сабагы боюнча окуу китептерин алып келгенине көңүл бурат.

"Ал жаңы басып чыгарылган китептер болсо, анда сөз А.С. Пушкин атындагы орус-түркмөн мектебине берилген 11-класс үчүн жаңы китептер тууралуу жүрүүдө. Анда Орусиянын Украинага кол салуусу тууралуу жалган маалымат жазылган жерлер бар", - деп тактайт басылма. Орусиялык көз карандысыз Meduza интернет-сайты жазгандай, ошол китептерде “атайын аскердик операция” деген термин колдонулган, Батыштын “нацизимди кайра жаралтуу”, “Орусияны дестабилдештирүү” аракеттери тууралуу баяндалат. “Мындан улам Крымдын аннексиясы аргасыз чара болгон”, “Путин аны гуманитардык максаттардан улам баштаган” деген ойлор айтылат.

Eurasianet түркмөн бийлиги орус пропагандасынын өз көз карашын таңуулоо аракетине азырынча реакция билдире электигин жазып, «дегеле билдиреби?» -деген собол салат.

"Үн катпаса, Ашхабад Батыш өнөктөштөрүн нацисттерге теңеген китептерге кабатырланбай турганын көргөзөт", - деген тыянакка келет басылма.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG