Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:05

АКШ Борбор Азия менен соодадагы чектөөнү алабы?


Борбор Азия менен сооданы чектеген эски жобону алуу аракети

The Diplomat сайты америкалык сенаторлор Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен соода чектөөлөрүн алып салууну көздөп жатканын жазды. Макаладагы маалыматка караганда, демократтардын өкүлү Крис Мөрфи жана республикачыл мыйзам чыгаруучу Тодд Янг 7-сентябрда тиешелүү долбоорун киргизип, сөз болгон үч өлкө менен туруктуу нормалдуу соода жүргүзүүнү сунуш кылышты.

Ташкенттеги базар. Архивдик сүрөт
Ташкенттеги базар. Архивдик сүрөт

1974-жылы АКШнын Соода тууралуу мыйзамына Жэксон-Вэник түзөтүүсү киргизилген. Ага ылайык, эмиграцияга, өзгөчө СССРден чыгып кетүүнү каалаган советтик жөөттөрдүн укуктарына тоскоол кылган айрым өлкөлөр менен нормалдуу соода жүргүзүүгө тыюу салынган. Советтер Союзу ыдыраганы менен түзөтүү кала берүүдө.

Макаланын автору Кэтрин Пуц жазгандай, АКШнын Конгресси долбоорду колдосо, Орусиянын Украинага каршы согушунун фонунда жана Кытайдын Борбор Азиядагы таасири артып жаткан маалда бул кадам Вашингтондун жакшы ниет ишараты болуп калмакчы.

Кыргызстан 1998-жылы, Орусия 2012-жылы Жэксон-Вэник түзөтүүсү жайылган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылган.

Макалада америкалык саясатчылар аймактын өлкөлөрү менен мамилелерин чыңдоо аракетин көргөндө сөз болгон чектөөгө байланыштуу нааразылык-даттануулар жаңырганы, маселе Сенатта да козголгону айтылат.

Буга чейин Мөрфи ушул эле басылма чыгарган макалада Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанды “кара тизмеден” алып салуу керектигин негиздеп берип, ал өлкөлөр “адам укуктары, саясий эркиндиктер чөйрөсүндө дагы бир топ аракет көрүүгө тийиш” деп белгилеген. Бирок алардын соода макамын өзгөртүү менен “АКШ ошол маселелерге таасир этүүчү көбүрөөк рычагдарга ээ болорун” кошумчалаган.

Журналист Жэксон-Вэник түзөтүүсүнүн Вашингтон менен Борбор Азиянын мамилелерине дээрлик таасир этпесин, эмне дегенде сөз болгон өлкөлөргө ансыз да шарттуу түрдө нормалдуу соода карым-катнаш жүргүзүү уруксаты берилгенин жазат. Бирок айрымдар макамдын алынбай жатышы потенциалдуу инвесторлордун күмөн саноосун пайда кыларын белигелешет. Чөлкөмдөгү жөөт уюмдары түзөтүүнү алып салууга үндөп келгени да айтылат.

Мыйзам долбоорун сунуш кылып жатып, Мөрфи “кансыз согуш доорунан калган атавизм АКШга регион менен мамилелерди кайрап карап чыгууга тоскоолдук түзүшү мүмкүн экенин айтып, “жаңы мыйзам экономикалык кызыкчылыктарды алга жылдыруу менен катар Борбор Азия менен байланыштарыбызды 21-кылымда да сактоону көздөйбүз деген ишарат берерин” билдирди.

Сенатор Янг мыйзам долбоору соода алакаларын бекемдөөгө, дүйнөлүк рынокко чыгуу жолдорун кеңейтүүгө, Кытай менен Орусиянын терс таасирине туруштук берүүгө көмөктөшөрүн кошумчалаганын жазат The Diplomat.

"АКШ Борбор Азияга жетиштүү көңул бурбайт"

Atlantic council уюму да АКШ-Борбор Азия алакаларын талдаган аналитикалык материалында ушул темага учкай кайрылды. 6-сентябрдагы макаласын изилдөөчү, журналист Марк Темницкий “Кошмо Штаттар Борбор Азия менен кызматташтыгын бекемдөөгө тийиш” деп атаган. Президент Жо Байдендин администрациясы Азиядагы дипломатиялык позицияларын күчтөндүрүү, Кытайдын экспансиясына туруштук берүү аракетин көргөнүн баяндап келип, автор Борбор Азия көз жаздымда калгандай деген пикирин ортого салат. Анын көз карашында, чөлкөмдөгү өлкөлөр менен кызматташтыкты Бэжиндин амбицияларынан улам гана эмес, ошол мамилелер АКШнын кызыкчылыктарына туура келгени үчүн өнүктүрүү зарыл.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушуудан кийин. Астана. 28-февраль, 2023-жыл
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушуудан кийин. Астана. 28-февраль, 2023-жыл

Андан ары ал Иран, Ооганстан, Кытай жана Орусиянын курчоосундагы, калкы 78 миллиондон ашкан, жаратылыш ресурстарына бай, Евразиянын чак ортосундагы стратегиялык жерде орун алган Борбор Азиянын маанисине токтолгон. Автор талибдердин Ооганстандагы бийликке кайтып келүүсүнүн кесепетин тарткан, мобилизациядан качкан орус жарандарынын агымына туш болгон Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын эл аралык коопсуздук архитектурасындагы орду бааланбай келет деп эсептейт.

Андан тышкары Кытай аймакта активдүү иш алып баруу менен Батышка геоэкономикалык таасирин күчөтүп жатканы айтылат. Мисалы, Бээжиндин сейрек жер элементтерин казып алуу жана кайра иштетүү жаатындагы гегемониясын күчөшү ыктымал. Ал элементтер “жашыл технологияларды” өнүктүрүүдө абдан маанилүү.

Темницкий чөлкөмдөгү мамлекеттердин АКШ менен буга чейинки кызматташтыгын эске салып, Байдендин администрациясы региондун геосаясий жана геоэкономикалык потенциалын моюнга алганы менен, конкреттүү кадамдар жетишпейт деп жазат. Анын айтымында, АКШ президенттеринин бири да Борбор Азияга барган эмес. Ал тушта Кытайдын жана Орусиянын лидерлери чөлкөмгө чоң көңүл бурууда.

"Москванын таасири согуштан улам төмөндөгөн кезде ал боштукту Вашингтон эмес, Бээжин толтурууда", - деген ою менен бөлүшөт журналист.

Ал ошондой эле АКШ менен Борбор Азия өкүлдөрүнүн C5+1 платформасынын бир катар жетишкендиктерин тизмектеп, сентябрдын этегине жетекчилердин саммити белгиленгенин эске салат.

Автор Кошмо Штаттар беш өлкөнүн экономикалык интеграциясын, Каспийдеги инфраструктураны өнүктүрүү иштерин колдошу керек деп санайт. Муну менен катар региондогу коопсуздук жаатында аракет көрүү зарылдыгы да айтылат.

Абая кийген кызын мектепке киргизбеген мугалимдерди өлүм менен коркуткан ата

Le Monde гезити Франциянын Клермон-Ферран деген жеринде абая кийген кызын кое бербей койгону үчүн мектеп директорунун көзүн тазалайм деп коркуткан киши полицияга сурак берип чыкканын жазды. “Мамлекеттик кызматты аткарган кишини коркутуу” үчүн айыпталып жаткан 44 жаштагы киши октябрда сотко барууга тийиш. Ага мектеп директоруна, Пюи-де-Дом шаарчасындагы окуу жалайрына жакындоого тыюу салынды.

Абая кийген аял. Париж, 28-август 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Абая кийген аял. Париж, 28-август 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Басылманын маалыматына караганда, 7-сентябрда лицейдин жетекчилери кыздардын тулку боюн жашырган кийим же абаяны мектепке кийүүгө тыюу салган улуттук тескемелердин аткарылышын камсыздоо максатында кире бериште окуучуларды текшерип турган. Мугалимдер кыздардын бирине “дин тутумунан кабар берген абая кийгенин” айтып, чечүүнү айтышкан. Бирок ал тил албаганда имаратка кое бербей коюшкан. Кийимин алмаштырып келгенден кийин окуучу сабакка катыша алган. Эртеси ал кайрадан келгенде мектепке киргизбей коюшкан. Ошондо атасы телефон чалып, директорду мууздай турганын айтып коркуткан. Полиция директордун коопсуздугу камсыздаларына убада берди.

27-августта Франциянын билим берүү министри Габриэль Аттал мамлекеттик мектеп, коллеж жана лицейлерде абая кийүүгө болбойт деген чечимди жарыялаган. Министр 7-сентябрда Мамлекеттик кеңеш ал тыюуну жактырганын билдирди.

Le Monde жазгандай, 4-сентябрдан бери жайкы эс алуудан кийин мектептерге кайтып барган 12 миллион окуучунун 300дөйү сабакка абая кийип келген. 67 кыз аны чечүүгө макул болбой койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG