Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Украина: ракета соккусу жети кишинин өмүрүн алды


Украиналык аскер.
Украиналык аскер.

Орусия жакында эле аскерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз болгон Херсон шаарына ракеталык сокку урду. Андан жети киши мүрт кетип, жыйырма чактысы жараат алды.

Херсондон тартылган тасмаларда бети-башы канга боелгон тургундардын айрымдары коюу түтүндө жакындарын издеп, ыйлап жүрүшсө, башкаларына медиктер алгачкы жардам көрсөтүп жатышканын көрүүгө болот.

24-ноябрда орус армиясынын соккулары карапайым тургундар жашаган районго тийген. Чабуулдан кийин көп кабаттуу үйлөрдүн бирин өрт чулгаган. Украин бийлиги билдиргендей, жалпысынан 17 ракета атылган. Алардын айрымдары кафе, дүкөн жана балдар ойногон аянтчага түшкөн.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Херсондогу чабуулду террорчулука салыштырды.

"Мындай террор орус армиясы Херсондон качууга аргасыз болгондон кийин башталды. Бул утулгандардын өч алуусу. Алар кантип согушууну да билишпейт. Болгону террорчулукту үйрөнүп алышкан".

Зеленский согуш башталган тогуз ай ичинде "Орусия украиналыктарды сындыра албаганын, мындан ары да күчү жетпей турганын" кошумчалады.

Орус күчтөрү Украинанын энергетикалык обьектилерин бутага алууда. Мындан улам бир катар аймактарда, анын ичинде баш калаа Киевде жарык өчүп, суу токтоп, байланыш үзгүлтүккө учурады. Адистер күнү-түнү иштеп алгач эң маанилүү деп саналган мекемелерди жарык менен камсыздоонун камын көрүп жатышат. Киевдин тургундарынын 60% учурда жарыксыз. Баш калаада жашагандарга свет күнүнө көп болсо 3-4 саатка гана берилерин бийлик эскерткен.

Анткен менен Москва жарандык инфраструктураларга сокку урганын четке кагып келет. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков:

"Социалдык обьектилерге соккулар урулган жок, буга чейин да болгон эмес. Буга өзгөчө көңүл бурулат. Ал эми түз же кыйыр түрдө аскердик потенциал менен байланышы бар обьектилерге чабуул жасалышы керек",-деди.

Ал украин бийлиги Орусиянын талаптарына көнсө, өз элин азаптан куткарып калмак деген шартын дагы бир ирет кайталады. Кайсы талаптар экенин ачык айткан эмес.

Батыштын украиналыктарга жардамы

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 25-ноябрда жасаган билдирүүсүндө, Орусиянын президенти Владимир Путин "Украинада ийгиликке жете албай жатканы үчүн, катаал чараларга барып жатканын" айтты.

Ал аскердик альянс Киевге канча керек болсо, ошончо колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.

Столтенбергдин айтымында, НАТО учурда Киевге отун, генератор, дары-дармек, жылуулук жабдыктарды жиберип жатат. Суук күчөсө мындан да көбүрөөк жардам керек болорун эскертти.

Батыш мамлекеттери Орусиянын аба чабуулдарын "аскердик кылмыш" катары мүнөздөштү. Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли Киевге 25-ноябрда барганда Украинага 60 миллион долларлык жардам жөнөтөрүн жарыялады. Анын алкагында Иранда чыгарылган жанкечти дрондордон коргой турган технологиялар да жеткирилет.

Орусия учурда энергетикалык обьектилерге дал ошол учкучсуз аппараттар менен сокку урууда. Буга чейин расмий Лондон 1000дей зениттик ракета жеткирүүнү убада кылган.

Париж украиналыктарды жарыксыз калтырбоо максатында 100 кубаттуу генератор жибермей болду. Бул тууралуу Франциянын тышкы иштер министри Катрин Колонна 25-ноябрда билдирди.

Бириккен улуттар уюмунун Гуманитардык башкармалыгы өнөктөштөрү менен биргеликте Киевге жүздөгөн генератор жибергенин билдирди. Ушундай эле жардамды Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да көрсөттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG