Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

Садыр Жапаров алтын тартылган видео жана агасы жөнүндө сөздөргө комментарий берди


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине интервью берип, соңку мезгилде интернетке тараган алтын тартылган видео тууралуу жана агасы Сабыр Жапаровдун аты аралашкан сөздөргө комментарий берди.

Президент өкмөткө тиешелүү бардык алтын кендерге, Кара-Балтадагы аффинаждык заводго видео-камералар коюлганын, баары онлайн режимге келтирилип, тыкыр көз салынып турарын, ал жактан алтын чыгарып кетүү же уурдоо мүмкүн эмес экенин белгиледи. Ал ошондуктан интернетте тараган видеону “жалган” деп атап, коомчулукту ага ишенбөөгө чакырды.

“Ал видеону көрүп, менин күлкүм келди. Алтын уурдап башка өлкөлөргө чыгарып жаткан кишилер ошондой видео жасап, анан социалдык тармакка өздөрү таратат беле? Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө мамлекетке тийиштүү алтын кендерден тоннасын бул жакка коёлу, бир грамм алтынды да эч ким уурдай албайт. [...] Ал эми менин бир туугандарым, үй-бүлөм чет өлкөлөргө бир нерсе чыгармак турсун, тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка ташып атышат. Мен канча убакыт президент болуп олтурам билбейм, аны бир кудай өзү билет. Мөөнөтүм бүтүп кызматтан кетип жатканда өзүм эле эмес, бир туугандарым, бала-чакамдын кимиси өлкөбүзгө канча каражатты кайдан инвестиция кылып алып келгени, кайсыл мекемелерди курушканы, кайсыл тармакка канча каражат салганы, кыргыз элине, мамлекетибизге кандай пайда алып келишкени жөнүндө ар бирине отчёт бердирем. Ошондо көп чындыкты билесиздер. Азырынча айтпай турайын. Кыскасын айтсам, биз бүгүнкү бийликте олтурган командабыз жана бир туугандарыбыз менен өлкөдөн чыгарып кетүү эмес, өлкөбүзгө ташып келүү менен алекпиз”, – деди президент Садыр Жапаров.

Ал бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтү боюнча да кайрадан комментарий берип, ал сүрөт 2021-жылы кыргыз өкмөтү Кумтөр кенин өзүнө алган маалда тартылганын кошумчалады. Президент кыргыз алтынын экспорт кылууга эл аралык LBMA уюму тыюу салганы үчүн агасы Түркиядагы заводго барып, алар менен сүйлөшүү кылганын, бирок кийин агасына мамлекеттин ишине кийлигишпөөнү эскерткенин кеп кылды.

Мамлекет башчы өкмөткө караштуу “Кыргызалтын” ишканасынын кирешеси ал кызматка келгенге чейин, 2020-жылы таза кирешеси болгону 340 млн сом гана болгонун, 2023-жылы болсо андагы киреше 12 млрд 600 млн сомго жеткенин билдирди. Ал ошондой эле 2020-жылга чейин Улуттук банктагы алтын запасы 16 тонна эле болгонун, 2024-жылдын эсебинде 52 тоннага жеткенин айтты.

7-майдын кечинде чет жакта жүргөн активист Асхат Осмонов атайын кутуларга салынган алтын куймаларга окшош зат тартылган эки видео жарыялаган. Тасмада кыргызча-орусча сүйлөп жаткан киши алтынды чет жактан тосуп алып, кайсы бир адамга отчёт берип жатканы баяндалган.

Орусияга Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров ушул эле видеонун негизинде Осмоновдун артынан учкай баян жасап, “алтын куймалар Ысык-Көл аэропортунан Кипрге чыгарылып кеткен болушу мүмкүн” деп баяндаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков ошол күндөрү Фейсбукта жазган постторунда видеолорду “жалган” деп атап, Кыргызстандан алтын мыйзамсыз чыгарылып кетип жатканын төгүндөшкөн.

2022-жылы президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү Инстаграммдагы kg_novosti баракчасы аркылуу тарап, коомчулукта талкууларга жем таштаган. Президент Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде коомчулукта талкуу жараткан сүрөт тууралуу суроого жооп берип, 2021-жылы Түркияда тартылганын айткан. Ал ошол маалда Кумтөрдү алтынын Лондон биржасында сатууга чек коюлгандыктан, түрк ишкерлери сатып алууга кызыгышканын, ошол себептүү агасы Түркиядагы алтын заводго барып келгенин билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG