Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Акыйкатчы Аскер прокуратурасынан жоокерлердин укугун коргоону талап кылды


Аскер бейтапканасындагы жоокер. Иллюстрациялык сүрөт.
Аскер бейтапканасындагы жоокер. Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды аскер кызматкерлеринин укуктарын камсыздоого чакырды. Омбудсмен катардагы жоокерлер менен офицерлердин укуктарын камсыздоо жана саламаттыгын сактоо маселесин көтөргөн.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Укук коргоо мекемеси аскердеги жоокерлердин зомбулукка кабылуусун алдын алуу максатында аскер бөлүктөрүндө жана аскердик госпиталда мониторинг жүргүзгөн. Жыйынтыгында аскердик бейтапканага өнөкөт оорусу менен кайрылгандар жана түрдүү себептерден улам жаракат алган аскерлер кайрылары аныкталган. Түрдүү жаракаттар менен жиберилген аскерлердин ар бир учуру Аскер прокуратурасына маалымдалат. Ага ылайык, быйылкы жылдын алгачкы кварталында Аскер прокуратурасына 16 билдирүү жөнөтүлгөн. Аскер бейтапканасына мындай себеп менен №73809 аскер бөлүгүнөн 10 жоокер кайрылган. Омбудсмен институтунун мониторингинде аныкталгандай, 15 аскер кызматкери кабыргалары сынган, колу-бутунан жараат алган, түрдүү травматикалык контузия жана башка жаракаттар менен кайрылышкан. Эки жоокер ийне жутуп алгандыктан аскердик госпиталга түшкөн.

"Аскер прокуратурасы ар бир факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн - тогуз факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылса, алты факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгына карай маалымкат түзүү жана аскер бөлүктөрүнүн командирлерине маалымдоо жиберүү чечими кабыл алынган. Аскер прокуратурасынын расмий жообуна ылайык, айрым учурларда жоокерлер мындай жаракаттарды өздөрүнүн этиятсыздыгынан улам алган", - деп белгиленген маалыматта.

Акыйкатчы ушундан улам бардык аскердик мекемелерде мыйзамдар так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылууну аскер прокуратурасынан талап кылган.

"Айрым катуу ур-токмокко кабылган жоокерлер да ал окуя тууралуу айтуудан баш тартышат. Алардын укуктарын камсыздоо тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүл чордонунда болушу керек”, - деп билдирген Жамиля Жаманбаева.

Коргоо министрлиги декабрь айында 2023-жылы беш аскер кызматкери ар кандай себептерден улам каза тапканын билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматында айтылгандай, 2020-2021-жылдары онго жакын жоокер суицидге барган. Ал эми 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. Андан тышкары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG