Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Украина: НАТОнун чакырыгы, жикчилдердин жарыясы


Донецкиден эвакуация болгон адамдар. 19-февраль, 2021-жыл.
Донецкиден эвакуация болгон адамдар. 19-февраль, 2021-жыл.

Украина менен Орусиянын чек арасында кырдаал курчуду. Буга байланыштуу НАТО Орусияны кризисти дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды. Өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы" деп жарыялап алган жикчилдер жашоочуларды Орусияга карай эвакуациялап, мобилизация жарыялады.

Мюнхен жыйыны, Байдендин билдирүүсү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны "согушка даярданууну токтотууга" жана Украина менен чек арада жаралган кризисти дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Столтенберг бул тууралуу 19-февралда, жыл сайын өтүүчү Мюнхен коопсуздук конференциясында билдирди. Ал Бавария шаарында чогулгандарга Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго Украинадагы жаңжалды болтурбоо үчүн НАТО-Орусия кеңешинин алкагында диалог жүргүзүү үчүн кат жөнөткөнүн айтты.

Мюнхен коопсуздук конференциясында Орусиянын Украинанын чек арасынан чыгып кеткени байкалбаганын жана жаңжал чыгуу коркунучу реалдуу экенин белгиледи.

Бул жыйынга Украинанын президенти Владимир Зеленский да катышары маалым болду. Украин лидери АКШнын Орусия басып кириши мүмкүн деген эскертүүсүнө карабай Мюнхенде өтүп жаткан коопсуздук жыйынына катышарын 19-февралда анын кеңсеси билдирди.

Маалыматка ылайык Зеленский ошол эле күнү мекенине кайтып келет.

Орусия Украина менен чек арага аскерлерин топтоп, чыңалуу күчөп турган шартта Зеленскийдин жыйынга катышары коомчулукта талкуу жаратты.

АКШ 18-февралда Германиядагы коопсуздук конференциясына катышуу үчүн Украинадан чыгып кетүүнү Зеленский чече турганын билдирген. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки журналисттерге "Ал кандай чечим чыгарбасын, АКШнын колдоосуна ээ болот" деп айткан.

Мюнхендеги коопсуздук жыйыны 18-февралда башталды. Анда Орусия Украинага басып кирүүгө камданып жатат деген кооптонуулардан улам күчөгөн кризиске көңүл бурулууда.

Ага чейин АКШ президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен толук масштабдуу согуш баштоону эбак эле чечкенине ынаганын билдирген.

АКШ президенти тактоочу суроолорго жооп берген эмес, болгону Кошмо Штаттарда "күчтүү чалгындоо коомчулугу" бар экенин белгилеген.

Байдендин айтымында, басып алуу учурунда Украинанын борбору Киевге кол салуу болушу мүмкүн. Бирок ал кол салуу жерденби же абаданбы тактаган жок. Орусия Украина чек арасына жакын, анын ичинде Беларустун чек арасына да “150 миң аскер” чогултканын кошумчалады. Ал чабуул жакынкы күндөрдө же кийинки аптада болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Жикчилдер мобилизация жарыялашты

Ал арада Украинанын чыгышындагы орусиялык жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакта абал курчуду. Донбасста орусиячыл жикчилдердин башчылары жалпы мобилизация жарыялап, 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектердин сыртка чыгышына тыюу салды.

Ишемби күнү эртең менен өзүн-өзү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасынын” башчысы Денис Пушилиндин видеокайрылуусу, кийинчерээк “Луганск Элдик Республикасынын" жетекчиси Леонид Пасечниктин тиешелүү жарлыгы коомчулукка жарыяланды.

Пушилин жикчилдердин аймагында жашаган жана “курал кармаганга жөндөмдүү” бардык эркектерди “өз үй-бүлөсүн, Донбассты жана бүт орус элин” коргоого чакырды. Ишемби күнү эртең менен "ДЭР" депутаттары чукул жыйынга чогулуп, мобилизациялоо боюнча резолюция кабыл алышканын Донецк маалымат агенттиги билдирди.

Пушилиндин айтымында, азыр Донбасстын аймактарын "Украина тарабынан масштабдуу аткылоо" жүрүп жатат. "Алар бизге карай миномёт гранатомет, танкка каршы ракеталык комплекстер, оор пулемёт, замбирек артиллериясы, танктардан ок атышты. Элдик милиция душманды жооп кайтаруу менен кармап турат", - деди Пушилин.

Анын алдында жикчилдер элди Орусиянын аймагына чыгарып жатканын жарыялашкан. Орусиянын президенти Владимир Путин ар бир качкынга 10 миң рублдан берүүгө буйрук чыгарганы маалым болду. Жалпысынан Ростов облусу Донбасстын эвакуацияланган тургундарына бир жолку төлөм үчүн 5 миллиард рубль алды.

Орусиянын Ростов облусунда Украинанын орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн чыгышынан эвакуациялангандардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилди.

"Ростов облусунун аймагындагы чек араны кесип өткөн жарандардын санынын өсүү тенденциясын эске алып, 2022-жылдын 19-февралында саат 10:00дөн тарта өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү режимин киргизүүнү туура деп эсептейбиз", - деди облус губернатору Василий Голубев.

Донецк аймагындагы элге эвакуация тууралуу билдирген жарыя.
Донецк аймагындагы элге эвакуация тууралуу билдирген жарыя.

Голубевдин айтымында, өздөрүн-өздөрү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасынын” эвакуацияланган 1692 жараны Ростов облусундагы жатак борборлорго жайгаштырылган. Качкындарды кабыл ала турган 143 пункт даярдалды.

Ростов облусундагы чек арадагы бардык өткөрүү пункттары Орусия Федерациясына киргендерди гана кабыл алуу режимине өткөнүн Орусиянын Федералдык чалгын башкармалыгынын (ФСБ) чек ара кызматынын башчысы Сергей Кудряшов билдирди.

Эки тарап бири-бирин айыптоодо

Жикчилдер менен украин армиясы ок атышпоо режимин бузганы үчүн бири-бирин айыптап жатат.

Акыркы эки күндө Украинанын аскерлери жана Донбасстагы жикчилдер бири-бирин ок чыгарууга айыпташкан. Киев жикчил топтор мурдагы түнү 60-70 жолу ок чыгарганын, жума күнү 20дан ашык ок атылганын кабарлаган. Ошол эле маалда өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялап алган жикчилдер украин аскерлерин айыпташууда.

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) миссиясы аталган эки аймакта соңку суткада 500дөй жарылуу болгонун каттап, тараптарды ок атууну токтотууга чакырган.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Донбасс аймагында атышуулар күчөгөнүн "Кремлдин колдоосу менен ишке ашып жаткан чагым" деп атаган. Москва болсо аймакта кырдаал кайсы убакта болбосун “жалындап кетишин” эскерткен.

Атышуулар Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу курчуган мезгилге туура келди. Батыш өлкөлөрү Донбасстагы жаңжалды чагым катары пайдалануу менен Орусия Украинага басып кириши мүмкүн деп кооптонуп турушат. Орусия тескерисинче "украин тарап аталган аймакта чагым даярдап жатат" деп Киевди айыптоодо.

15-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен чек арасынын айланасында топтолгон аскерлер жана техника аскердик машыгуулар аяктагандан кийин артка кайтарылып жатканын жарыялаган. Москва бул маалыматты 16-17-февралда да билдирген. АКШ, НАТО жана Украинанын бийлиги Орусия аскерлерин Украинанын чек арасынан артка тартканы байкалбаганын жарыялап, кол салуу коркунучу дале сакталып турганын белгилешкен.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында Донбасстагы эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты дүйнөдө бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG