Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Украина-Орусия кризиси: Британия арачы түштү


Борис Жонсон жана Владимир Зеленский Киевдеги жолугушууда. 1-февраль, 2022-жыл.
Борис Жонсон жана Владимир Зеленский Киевдеги жолугушууда. 1-февраль, 2022-жыл.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен Орусиянын президенти Владимир Путин 2-февралда Украинанын айланасындагы чыңалууну басаңдатуу жолдорун телефондон талкуулайт. Мунун алдында Жонсон украин лидери менен жолуккан.

Москва Украинанын НАТОго кошулушуна каршы болуп, орус-украин чек арасына 100 миңдей аскерин топтогон. Батыш аны "чабуул жасоого даярданууда" деп айыптап келет.

Лондон менен Киевдин позициясы

Борис Жонсон менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсү алгач 31-январга белгиленип, кийин 1-февралга жылдырылган. Бирок бул күнү да тараптар байланыша албай калганы маалым болду. Соңунда тараптар 2-февраль күнү баарлашууга убакыт тапканы турушат.

Лондон менен Москва кабарлагандай, Жонсон менен Путин анда “украин кризисин” талкууламакчы.

Бир күн мурун Жонсон Киевде украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен сүйлөшүү жүргүздү. Өкмөт башчы орусиялык 100 миңден көп аскердин кошуна өлкөнүн чек арасына жакын жерге тартылышы "Украинага каршы кастыктын, балким, эң чоң демонстрациясы болуп калганын" белгиледи.

“Айрымдар бизди коркунучту көбүртүп-жабыртып жатат деп айыптап, АКШ менен Улуу Британия ашкере сактанып жатканын айтууда. Биз чалгын маалыматтарга таянуу менен айтып жатабыз. Бул ачык жана реалдуу коркунуч. Биз Орусиянын аскерлери түрдүү операцияларга, чабуулдук аскердик өнөктүккө даярданып жатканын көрүп жатабыз”,- деди Борис Жонсон.

Киевдеги жолугушуу. 1-февраль, 2022-жыл.
Киевдеги жолугушуу. 1-февраль, 2022-жыл.

Британ премьери Батыш диалогду жактарын, бирок санкциялар дагы даяр турганын кошумчалады.

"Башка өлкөлөр менен катар биз дагы санкциялар пакетин даярдап жатабыз. Орус аскерлери украин чегине кадам таштаса эле ошол чаралар ишке кирет. Биз мындай кадамга Орусияга каршы кастыгыбызды көрсөтүү үчүн эмес, ар дайым эркиндикти, демократияны, агрессия коркунучуна туш болгон Укриананын суверенитетин колдойбуз деп туюндуруу көздөйбүз”,- деди ал 1-февралда Киевде.

Биргелешкен басма сөз жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский алар АКШ, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдөн чоң аскердик жардам алганын билдирди. Ал ошондой эле өлкөнүн чыгышындагы Москва колдогон жикчилдер менен сегиз жылдык согуш да украин аскерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткенин эске салды.

“Биздин коргонуу мүмкүнчүлүгүбүздү бекемдөө – бул өзүнчө тема. Украина үчүнчү жылы катары менен ички дүң өндүрүмүнүн 6% тең келген сумманы коопсуздугуна бөлүп келет. Бул рекорддук көрсөткүч. Бүгүн кесипкөй жоокерлерди дагы 100 миңге көбөйтүү чечими кабыл алынды. Биз Улуу Британиянын бул багыттагы аракеттерине жана иш жүзүндөгү жардамына ыраазычылык билдиребиз”,-деди украин президенти.

Владимир Зеленский 1-февралдагы сөзүндө эгер кагылыш башталып кетсе, бул Украина менен Орусиянын ортосундагы согуш эмес, Европадагы толук масштабдуу кандуу кагылыш болорун эскертти. Ал кайрадан Москваны чек арага жакын жайгашкан аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырды.

Путиндин кризис боюнча үн катты

Ошол эле күнү Владимир Путин кризиске байланыштуу биринчи жолу пикирин билдирип, Кремл АКШ жана НАТОдон алынган жоопту анализдеп жатканын айтты.

"Украина НАТОнун мүчөсү болуп калды дейли. Куралдарды толтурду, Польшадагыдай жана Румыниядагыдай сокку уруучу заманбап системалар жайгаштырылат, ага ким тоскоол болот? Анан Крымда (Донбасс жөнүндө айтпай эле коёюн) операция баштайт. Крым Орусиянын көз карандысыз аймагы. Мына ушул жагдайда Украина НАТОго кирген өлкө катары, ушул жерлерге аскердик операция баштады деп элестетели. Бизге эмне НАТО менен согушуш керек болобу?”,-деди Владимир Путин.

Москва чек арага куралдуу күчтөрдү, аскердик техниканы топтоо менен кошунасына кол салууну көздөйт деген айыптоолорду четке кагып, ошол эле маалда жоокерлерин алып кетүү үчүн Батыштан бир катар коопсуздук кепилдиктерин талап кылган. Анын ичинде Украина альянска кошулбайт деген шарт койгон.

АКШ менен НАТО Орусиянын талабы менен “коопсуздук кепилдиги” боюнча 26-январда Москвага кат түрүндө жооп берген. Катты АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливан Орусиянын Тышкы иштер министрлигине барып тапшырган.

Буга улай билдирүү жасаган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен катта Вашингтон Украинаны НАТОго кошпоо тууралуу Москванын талабын четке какканын маалымдаган. Ошол эле маалда ал украин кризисин чечүү үчүн Кремлге дипломатиялык сунуш берилгенин кошумчалаган.

30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Буга каршылык билдирген Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тарткан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган.

Украинанын чек арасына жакын топтолгон орус аскерлери.
Украинанын чек арасына жакын топтолгон орус аскерлери.

АКШ, Европа Биримдигиндеги мамлекеттердин, НАТОнун расмий адамдарынын Орусиянын өкүлдөрү менен ар кайсы деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анын ичинде АКШнын президенти Жо Байден менен Владимир Путин телефондон сүйлөшсө, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да кездешкен.

Бирок алардын биринен да майнап чыккан жок. Батыш тарап Украина эгемен өлкө экенин, ал кайсы уюмга кошулуп-кошулбасын Орусия чечпей турганын эскертип келет.

2014-жылы Орусия кошуна өлкөнүн Крым жарым аралын аннексиялап алган. Украинанын эки облусу Донецк менен Луганскиде (экөө биригип Донбасс аймагы деп аталат) орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк күчтөрдүн тынбай келаткан согушунан ошондон бери 13 миңден көп киши набыт болду.

Быйыл 25-январда Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымда жана украин чегине жакын жерде 6 миң аскер, 60 согуш учагы катышкан машыгуу баштаганын билдирген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG