Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Түркмөнстанды түйшөлткөн тамак-аш көйгөйү


Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында кезек күткөндөр
Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында кезек күткөндөр

Түркмөнстанда субсидияланган тамак-аштын тартыштыгына байланыштуу нааразылык күчөп, сугат суунун жетишсиздигине жана ири шаарларда электр жарыгынын өчүрүлүшүнө байланыштуу чыр-чатактар тез-тез чыга баштады. Ошол эле маалда аткаминерлердин Каспий деңизинин жээгинде эс алып жүргөнү элди ого бетер нааразы кылды.

Туура бир апта мурда Түркмөнстандын батышындагы жана Каспийдин боюндагы Түркмөнбашы шаарында жүздөгөн аялдар тамак-аш тартыштыгына байланыштуу митингге чыгып, шаар бийлигине нааразылыгын билдиришкен. Бул Түркмөнстандагы азык-түлүктү субсидиялоо системасынын кыйрашынан улам тутанган эң ири нааразылык болуп калды.

Тургундар митингге чыккан кезде түркмөн президенти Сердар Бердымухамедов жана түркмөн аткаминерлери Түркмөнбашы шаарынан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Аваза курорттук шаарында эс алып жатышкан.

7-августтагы акцияга күбө болгон “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысынын айтымында, шаар бийликтери адегенде митингчилерге мэр Амангелды Исаев кеңсесинде жок экенин, ал жумушка байланыштуу алыста экенин айтышкан.

Бийчилер Түркмөнстандын Каспий жээгиндеги башкы курорт Аваза шаарында Гами (Кайык) деп аталган жаңы мейманкананын ачылышында. 9-сентябрь, 2016-жыл
Бийчилер Түркмөнстандын Каспий жээгиндеги башкы курорт Аваза шаарында Гами (Кайык) деп аталган жаңы мейманкананын ачылышында. 9-сентябрь, 2016-жыл

Жаалданган тургундар Бердымухамедов эс алып жаткан Авазаны көздөй жөө жүрүш уюштурабыз деп коркутканда гана Исаев капысынан пайда болгон. Кабатырланып турганын ачык көрүнгөн аткаминер жакынкы апталарда жаңы азык-түлүк келерин убада кылган.

"Шаар башчысы мамлекеттик дүкөндөрдө арзан нан сатыла турганын айтып, жеке сектордогу бааларды көзөмөлдөөнү убада кылды. Калаа башчы чогулгандарга убада берип, ишендирүүгө аракет кылды. Ал 25-августтан кийин тамак-аш азыктары бөлүштүрүлө баштаарын убада кылды. Ошондой эле эгер адамдар Авазага жөө жүрүш жасаса же шаарда чогулса, анда президенттин коопсуздук кызматы аларга каршы курал колдонушу мүмкүн экенин эскертти", - деп билдирген "Азаттыктын" маектештеринин бири.

Түркмөнстандагы узакка созулган экономикалык кризис жарандарды тиричилик кылуу үчүн башка өлкөлөргө кетүүгө мажбурлап жатат. Бирок барган сайын өлкөдөн чыгып кетүү кыйындап, чыгымы да өсүп баратат. Себеби түркмөн бийлиги миграцияны өлкөнүн коопсуздугу үчүн түз коркунуч деп эсептейт.

Түркмөнбашыдагы мэрия имаратынын алдындагы стихиялуудай көрүнгөн бул акция сынчыл көз караштарга жол бербеген жана дүйнөдөгү эң жабык мамлекет деп сыпатталган Түркмөнстандагы акыркы жылдардагы эң чоң митингдердин бири болуп калгандай. Ошентсе да өкмөт тарабынан субсидияланган арзан тамак-аштын жоктугуна нааразы болгон акциялар өлкө үчүн көнүмүш болуп баратат.

Бийлик Түркмөнстанда жашоо деңгээли жакырлар ун өңдүү азыкты базардагы баасы менен сатып ала тургандай деңгээлге чейин көтөрүлдү деген чечимге келди окшойт. Натыйжада бийлик түркмөн кардарлары узак жылдардан бери таянып келген эки баскычтуу тамак-аш системасын жокко чыгарып жаткандай көрүнүүдө.

Бирок түркмөн жарандары буга макул эместигин ачык көрсөтүп жатат.

Өткөн аптада “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Мары аймагында жайгашкан айылдардын тургундары жаздан бери ай сайын берилүүчү беш килограмм унду да ала албай жатышат.

«Биз унду коммерциялык баада алууга аргасыз болуп жатабыз. Анткени мамлекеттик дүкөндөрдө ундун сапаты төмөн болгону менен бир мүшөк ун 300 манаттан болуп жаткандыктан, аны сатып алалбай жатабыз», - деп билдирген кабарчыга Мары аймагындагы айылдарынын биринин тургуну.

Карапайым түркмөндөрдүн жеңилдетилген тамак-ашка абдан муктаж болуп жатканы акыркы он жылда элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгү канчалык төмөндөп кеткенин күбөлөп турат. Бир нече жыл мурда дүйнөлүк рынокто газ, мунайдын баасынын төмөндөшү жана Орусиянын түркмөн көгүлтүр отунун сатып алууну токтотуу чечими өлкөдө төлөм балансынын кризисине алып келген.

Бүгүнкү күндө газ менен мунайга көз каранды өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жакшырып бараткандай көрүнөт. Бирок карапайым жарандардын жашоо деңгээли оңолгон жок.

Июнь айында да “Азаттыктын” түркмөн кызматы Түркмөнбашыда жергиликтүү тургундар мамлекеттик дүкөнгө чабуул койгону тууралуу кабар алган. Анда тургундар февраль айында келүүгө тийиш болгон ун алигиче келбей жатканына нааразы болушкан.

Суу жана электр энергиясы да тартыш

Түркмөнстанда жайкысын күн катуу ысыйт. Термометр абанын температурасын 40 градустан жогору көрсөтөт.

Суу жетишсиз болгону үчүн быйылкы жай өзгөчө оор болду. Анткени Амударыядагы суунун деңгээли мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла азайып кеткен.

Жакында “Азаттыктын” түркмөн кызматы күрүч менен пахта эң көп өстүрүлгөн Лебап провинциясында сугат суусуна байланыштуу дыйкандар ортосунда чыр-чатак чыкканын кабарлады.

Жергиликтүү дыйкандар бийликтен жардам күтпөстөн дарыядан суу тартып келүүчү жабдыктарга өз каражатын жумшай башташты.

Дыйкандар бири-бирин гана күнөөлөбөстөн, жергиликтүү аткаминерлерди быйыл кышында бак-дарактарды ыксыз кыйып салган деп айыпташканын Лебап облусунунун Чаржоу районунун дыйкандары “Азаттыкка” айтып беришти.

Борбор шаар Ашхабадда шаардын электр тармагы аптапта кескин өскөн керектөөгө туруштук бере алган жок. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, шаардагы батирлер көбүнчө кечинде, түркмөндөр үйлөрүнө келип, желдеткичтерди жана кондиционерлерди күйгүзүүгө аракет кылганда жарыксыз калышууда.

Түркмөнстан. Ашхабаддын почтасындагы кезек. Май, 2018-жыл.
Түркмөнстан. Ашхабаддын почтасындагы кезек. Май, 2018-жыл.

«Шаардын электр тармагы бир көп кабаттуу үйгө электр жарыгын берсе, каршы тараптагы экинчи үйдө жарык өчөт. Анткени тургундар керектүү каражаттарды колдонгондо жарык өчүп жатат. Ошондуктан алар салкындоо үчүн баштарын нымдуу сүлгүгө орой башташкан».

Өкмөт адаттагыдай эле электр эмне үчүн жетишсиз болуп жатканын түшүндүргөн жок. Бирок атын атагысы келбеген, бул тармакты жакшы билген адистер буга шаардын сыртындагы Бузмейин электр станциясынын толук кубаттуулукта иштей албай жатканы себеп болушу мүмкүндүгүн “Азаттыктын” түркмөн кызматына айтып беришти.

Эксперттердин бири өкмөт Бузмейин станциясына керектүү америкалык газ турбиналарына керектүү тетиктерди сатып келүүгө акча таба электигин айтты.

Түркмөнстан дүйнөдөгү жашоогө эң ылайыксыз өлкөбү?

The Economist журналы Түркмөнстанды дүйнөдөгү жашоо үчүн эң начар жер деп жарыялаганына 20 жыл болду.

Ал кезде өлкөнү өзүн «Түркмөнбашы», «Түркмөндөрдүн атасы» деп атаган Сапармурат Ниязов жетектеп турган. Анын өлүмүнөн кийин мурдагы саламаттыкты сактоо министри жана кесипкөй тиш дарыгери Гурбангулы Бердымухамедов бийликке келди. Бирок системада байкаларлык өзгөрүү болгон жок.

Өткөн жылы Бердымухамедов уулу Сердарга жол ачып, президенттиктен кетти. Бирок мурдагы мамлекет башчысы Бердымухамедов мурдагы таасирин сактап калды.

Түркияга жакшы жашоону эңсеген түркмөн мигранттары үчүн негизги багыт. Бирок былтыр Анкара Ашхабаддын өтүнүчү менен түркмөн жарандары үчүн визасыз режимди жокко чыгаргандан кийин Түркияга жетүү да кыйын болуп калды.

7-августта Болгарияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки фонду түрк бийлиги мыйзамсыз түркмөн мигранттарын кармоо боюнча “операцияларды күчөткөндөн” кийин 1000дей түркмөн жараны Түркмөнстанга депортацияланганын кабарлады.

Түркия өкмөтүнүн июль айындагы акыркы маалыматы боюнча, өлкөдө 208 миңден бир аз көп түркмөн жараны жашайт. Бул визасыз режим жоюлган 2022-жылдын сентябрына салыштырмалуу 20 миңге аз.

Ал арада Түркмөнстанда чет өлкөгө чыгуу үчүн зарыл болгон паспортторду берүү мөөнөтү кечеңдеп жатат.

Жарандар алты ай же андан ашык кезекке турбай, 20 күндүк экспресс-кызматты колдонсо болот. Бирок “Азаттыкка” маек курган булактар бул кызматтын баасы 750 долларга чейин жеткенин, бул мамлекеттик кызматкердин орточо маянасы 400 доллардан ашпаган өлкөнүн көпчүлүк жарандары үчүн кол жетпеген сумма экенин айтышты.

Түркмөн жаранынын жарактуу паспорту жана жаңы түрк визасы болсо да ал өлкөдөн чыгып кете алат дегенге кепилдик жок. “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, ушул айдын башында Ашхабаддан Стамбулга бараткан учакка билети бар 40тай жаран киргизилген жок.

Алардын арасында жакында эле аскердик милдетин өтөп келгенин, Түркиядан жумуш табам деп үмүттөнүп турганын айткан Лебап провинциясынын тургуну болгон.

Ашхабад аэропортундагы булак “Азаттыктын” түркмөн кызматына билдиргендей, адатта жашы 45тен жогору жүргүнчүлөргө, ошондой эле мурда Түркияга барып, бир аз убакыттан кийин кайтып келген жарандарга учууга уруксат берилет.

Адаттагыдай эле түркмөн өкмөтү бул чектөөлөр боюнча комментарий бербейт.

Макала “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун кабарчысы Крис Риклтондун жана “Азаттыктын” түркмөн кызматтарынын баяндарынан кыргызчага которулду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG