Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Түркмөн калкы 7 миллиондон аштыбы? Бийликтин шек туудурган эсеби


Түркмөнстан. Мамлекеттик кызматкерлер жапырт тартылган иш-чаралардын бири. Архив
Түркмөнстан. Мамлекеттик кызматкерлер жапырт тартылган иш-чаралардын бири. Архив

Түркмөнстандын бийлиги калктын саны жети миллиондон ашканын жарыялады. Бирок эксперттик чөйрөдө бул эсеп күмөн жаратууда. Айрым булактар муну бийликтин “Борбор Азия чөлкөмүндө эли эң аз өлкө” деген мүнөздөмөдөн арылуу аракети катары баалап жатышат.

Мамлекеттик статистика кометитинин төрагасы Довлатгелди Аманмухамедов 14-июлда түркмөнстандыктар 7 миллион 57 миң 841 кишиге жеткенин жарыялады. Мамлекеттик телеканалдын «Ватан» маалымат программасында түркмөнстандыктын 50% көбүн аялдар түзөрү, элдин 47% көбүрөөгү шаардыктар жана 53% жакыны айылдыктар экени айтылды.

2022-жылдын декабрындагы эл каттоонун урааны. Түркмөнстан.
2022-жылдын декабрындагы эл каттоонун урааны. Түркмөнстан.

Эл каттоодо калктын 22,9 пайызы Мары облусунда, 22 пайызы Дашогуз облусунда, 20,5 пайызы Лебап провинциясында, 14,6 пайызы Ашхабад облусунда, 12,5 пайызы Ахал провинциясында жана 7,5 пайызы Балкан провинциясында жашай турганы эсептелген.

Мындан тышкары эл каттоонун маалыматтарында үй куруу темпи жогорулаганы белгилеген. Министрлер кабинетинин 23-июндагы жыйынында вице-премьер-министр Хожамырат Гелдимырадов баяндама жасап, 17-декабрдан 27-декабрга чейин жүргүзүлгөн эл каттоодо чогултулган маалыматтар тиешелүү көрсөткүчтөр боюнча жалпыланып, системалаштырылганын айтты.

Түркмөнстан соңку 16 жылдан бери калктын саны тууралуу расмий маалымат жарыялаган эмес. Акыркы жолу 2006-жылы өлкөдө 6,7 миллион адам жашай турганы айтылган.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын ишенимдүү булактары соңку жылдары жумушсуздуктун жана оор экономикалык кризистин айынан жүз миңдеген адамдар өлкөдөн чыгып кеткенин белгилеп, Түркмөнстан демографиялык кризистин босогосунда турганын ырасташты.

Түркмөн кыздын күрөшү
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:35 0:00

Өкмөттүн калкынын саны туурасында соңку маалымат карапайым жарандарды да таң калтырды.

"Калктын саны азайганынан эч ким күмөн санабайт. Балким бийлик баарын бир нече жолу санап, алтургай өлгөндөрдү да эске алгандыр", - дейт жергиликтүү тургун.

Түркмөнстандын бийлиги элдин саны менен катар эле төрөт жана өлүм көрсөткүчтөрүн чагылдырган маалыматтарды жарыялабайт.

Мындан улам өлкөнүн жети миллион калкы тууралуу расмий билдирүүнү Мары облусунун тургундары да талкуулап жатышат.

Түркмөнстан. Байрамалыдагы жаңы курорттук борбор
Түркмөнстан. Байрамалыдагы жаңы курорттук борбор

"Байрамалыда 7 миллион деген расмий маалыматка эч ким ишенбейт. 1995-2000-жылдары 5 миллион деген цифра жарыяланганда да эч ким ишенген эмес. Ошол убакта эл көп болчу. Эл ошондо да калктын саны көбөйгөнүнө ишенген эмес. Азыр болсо чоң конуштар да бош, кээде көчөдө эки кишини да көрбөй каласың. Кээ бир айылдарда дээрлик адам көрүнбөйт. Эркектер болсо иш издеп сыртка кетишкен. Азыр аялдар да жапырт кетип жатышат", - деди Мары облусундагы анонимдүү булак.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын булактары, көз карандысыз медиа басылмалар жана эл аралык уюмдардын маалыматына караганда, ондогон жылдар бою Түркмөнстандан жылына жүз миңдеген адамдар миграцияга кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү кайтып келбеген жана кайра келүүнү пландаган да эмес.

Курчуп бараткан социалдык-экономикалык көйгөйлөр, жапырт жумушсуздук, коррупция адамдарды жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө мажбур кылууда.

Түркмөнстан көз карандысыз журналисттер үчүн жабык өлкө болгондуктан, “Азаттык” радиосу түркмөн бийликтери тарабынан өлкөнүн калкынын жалпы саны жана турак жай кору тууралуу маалыматты өз алдынча текшерип, тастыктай албайт.

Буга чейин калктын саны боюнча соңку расмий статистика 2006-жылы жарыяланган. Анда бийлик өлкөдө 6,7 миллиондон ашык адам жашайт деп билдирген.

1995-жылы 4,5 миллион калк бар деп маалымат тараткан. 1980-жылдардын аягында Түркмөнстандын калкы 3,7 миллион адамды түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG