Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:17

Түркмөнстан: тамак-аш тартыштыгы аялдарды митингге чыгарды


Түркмөнстан. Май сатып алыш үчун мамлекеттик азык-түлүк дүкөнүнүн алдында кезекте тургандар.
Түркмөнстан. Май сатып алыш үчун мамлекеттик азык-түлүк дүкөнүнүн алдында кезекте тургандар.

Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында 7-августта жүздөгөн аялдар тамак-аш тартыштыгына нааразы болуп, митингге чыкты. Алар февраль айынан бери эң зарыл болгон ун менен майга жетпей жатканын айтып, акимден жооп талап кылышкан.

Өлкөдөгү катаал экономикалык кризистин шартында көптөгөн үй-бүлөлөр мамлекеттик дүкөндөрдө субсидияланган баа менен сатылуучу товарларга жетпей келет.

"Администрациянын кызматкерлери шаар жетекчиси кабинетте жок экенин, райондорду кыдырып жүргөнүн айтышкан. Бирок эл күтпөйбүз, андай болсо түз эле Авазага барып, арызыбызды деңизде эс алып жаткан президентке айтабыз деп коркутушкан", - деп билдирди кабарчы күбөлөргө шилтеме берип.

Учурда өлкө жетекчилиги Түркмөнбашы шаарынан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Аваза курорттук шаарында эс алып жатат.

"Митингчилер президенттин эс алуучу жайына чейин жөө жүрүш жасайбыз деген соң гана "ордунда жок" болуп жаткан мэр кабинетинен чыга калып, жаалдаган элди тынчтандырууга аракет кылды. Ал митингчилердин айрымдарын жыйын залына кирип сүйлөшүүгө чакырды. Аялдар бул сунуштан баш тартып, көйгөйлөрүн көчөдө туруп айтышты. Мындан соң шаар башчысы мамлекеттик дүкөндөрдө арзан нан сатыла турганын айтып, жеке сектордогу бааларды көзөмөлдөөнү убада кылды. Калаа башчы чогулгандарга убада берип, ишендирүүгө аракет кылды. Ал 25-августтан кийин тамак аш азыктары бөлүштүрүлө баштаарын убада кылды. Ошондой эле эгер адамдар Авазага жөө жүрүш жасаса же шаарда чогулса, анда президенттин коопсуздук кызматы аларга каршы курал колдонушу мүмкүн экенин эскертти", - деди "Азаттыктын" маектештеринин бири.

Жетекчинин убадаларынан кийин митингчилер тарап кетүүгө макул болушту.

“Азаттыктын” редакциясы Түркмөнбашы шаарынын мэринен болгон окуя боюнча маалымат ала алган жок.

Азык-түлүк дүкөнүнүнө кезекке тургандар.
Азык-түлүк дүкөнүнүнө кезекке тургандар.

Борбор Азиядагы бул мамлекетте бир нече жылдан бери экономикалык кризис уланууда. Өлкөдө жумушсуздук кеңири кулач жайып, азык-түлүк жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы өсүүдө. Көчөлөрдө кайыр сураган жарандар көбөйүп жатканы да кабарланууда.

Өлкө бийлиги кыйынчылыктан улам нааразы болгон жарандардын маселесин чечкендин ордуна, кысым көрсөтүү менен элди тынчытууга аракет жасоодо.

Соңку айларда өлкөнүн ар кайсы аймактарында тамак-аш тартыштыгынан улам нааразылыктар көп айтыла баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG