Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:11

Израил Газага сокку урууну "күчөтө" баштады, аймакка гумжардам кирди


Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарында нанга кезекке тургандар
Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарында нанга кезекке тургандар

Израил армиясынын Газа тилкесине жердеги аскердик операциясы ХАМАС радикал тобунун согушкерлери барымтадагыларды бошотуп, куралын таштаса гана башталбайт. Бул тууралуу Израилдин Коргонуу армиясынын расмий өкүлү Жонатан Конрикус австралиялык ABC телеканалына курган маегинде айтты.

“Эгер ХАМАС карапайым тургундарды калкан катары колдонуп, жашырынган жерлеринен чыгып, барымтадагы жарандарыбызды кайтарып, эч кандай шартсыз багынып берсе, согуш токтойт”,-деди Конрикус.

Анын айтымында, бул согуштун максаты - ХАМАСты түп тамырынан бери жок кылып, 7-октябрда болгон окуяны кайра кайталанышына жол бербөө.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант билдиргендей, ХАМАСка каршы аскердик кампания "бир, эки, үч айга чейин" уланып, радикал топту жер менен жексен кылуу менен аяктайт.

Израил армиясынын жердеги операциясы качан башталары азырынча белгисиз.

Соңку бир суткада Израил армиясы Газадагы 320 аскердик жайга сокку урганын билдирди.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Ички иштер министрлиги белгилегендей, Израил армиясынын түнкү соккуларынан көп сандагы карапайым тургундардын өмүрү кыйылды. Так саны канча экени белгисиз.

Израилдин армиясы Газа тилкесинде ХАМАС радикал тобуна каршы жерде жүргүзө турган операциянын алдында аба соккуларын катуулатып, элге коопсуз тарапка кетүүнүжекшембиде эскерткен. Толук блокадада калган Газадагы карапайым калкка биринчи жолу гуманитардык жардам ишембиде жетти.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тынчсыздануу жаратууда. Пентагондун билдирүүсүндө, Иран союздаштары менен аймакта «эскалацияны» күчөтүүгө аракеттенип жатканы белгиленген.

Израил армиясы – ЦАХАЛ Газанын тургундарына асмандан баракчаларды таратып, карапайым элге коопсуз тарапка кетүүнү эскертти. Жөөт армиясы Газада аба соккуларын баштагандан бери бир миллиондой киши үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду.

«Аlhurra» телеканалынын палестиналык журналисти Висам Ясин «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна телефондон жериндеги кырдаалды айтып берди.

"Түндүк райондордо жана Газа шаарында жарым миллиондой киши өз үйлөрүндө калды. Алардын айрымдарынын чыгып кетүүгө чама-чаркы жок болсо, башкалары Израил армиясынын буйругуна баш ийгиси келбейт", - дейт палестиналык журналист.

Ясин блокадада турган Газа электр жарыгысыз калганын да айтты. Газа тилкеси электр энергиясынын 60% Израилден алчу. Анклавдын өзүндө бир гана электр станциясы бар, ал аймактын баарына жарык бере албайт.

Жөөт армиясынын жердеги операциясы качан башталары так белгисиз. Буга чейин ХАМАСтын барымтасындагы туткундарды бошотуу үчүн АКШнын өтүнүчү менен операция кечеңдегени айтылган.

Ишембинин кечинде ХАМАС дагы эки кишини барымтадан бошотолу деген сунушун Израил четке какканын билдирди. Радикал топ бул үчүн кандай шарт койгону белгисиз. Ага чейин туткундагы эки америкалык аял эч кандай шартсыз кое берилгени кабарланган.

Жекшембиде Израилдин полициясы менен ЦАХАЛ билдиргендей, эки апта мурун ХАМАСтын чабуулдарында набыт болгон 1075 кишинин сөөктөрүнүн тек-жайы аныкталды. Алардын 769у карапайым жаран болсо 307си аскерлер. Дагы 200 сөөк аныктала элек.

ЦАХАЛдын өкүлү ХАМАСтын согушкерлери 212 кишини барымтада кармап отурганын билдирди.

ЦАХАЛдын басма сөз катчысы Даниэл Хагари ишембидеги жыйында Израил аймакта аба соккуларын "көбөйтөрүн" айтты.

"Газада биз сокку уруп жаткан ар бир имаратты ХАМАС пайдаланууда" деген жөөт армиясынын өкүлү аймакта туш келди талкалоого жол берилбестигин да белгиледи.

Гуманитардык кербен

Газанын блокадада калган элине гуманитардык жардам жүктөгөн, 17 машинеден турган экинчи кербен Египеттин Рафах бекетинен жекшембиде өттү.

Тамак-аш, суу жана дары-дармек жүктөгөн биринчи автокербен Газа тилкесине ишембиде кирди.

"Бүгүн жардам жүктөгөн 20 машине чек арадан өттү. Алар жашоого өтө зарыл болгон нерселерди жеткирет. Дүйнөлүк азык-түлүк программасына тиешелүү үч машине адам өмүрүн сактап калуу үчүн тамак-аш алып баратат. Баарына зар болуп турган миллиондогон кишиге такай тамак-аш жеткирүү үчүн гуманитардык кербен чек арадан коопсуз жана токтоосуз өтүшү керек", - деди Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Синди Маккейн.

Улуттар Уюму жардам жүктөп кирген 20 машине «деңизге тамган тамчыдай» деп, блокадада калган аймакта кырдаал апаатка айланып жатканын билдирген.

ХАМАС гумжардам жеткирген бир кербен Газадагы кыйын кырдаалды өзгөртө албай турганын белгилеп, чек арадан 24 саат бою токтоосуз жүк өткөрүүгө коридор ачууга чакырды.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси ооруканаларда күйүүчү майдын запасы кооптуу чекке жеткенин эскертти. Мекеме эл аралык коомчулуктан күйүүчү май жана дары-дармек жиберүүнү суранды.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаарлары менен кошуундарына кол салып, 1400 кишини өлтүрүп, бир топ кишини барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматында согуш башталган 7-октябрдан бери 4651 палестиналык жайкын тургун мерт болгонун билдирди. Анда набыт болгондордун 1873ү бала, 1101и аял жана 1677и эркек экенин кабарлады. Андан сырткары 14 миңден көп киши жараат алды.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал

Соңку маалыматтарга караганда, жөөт аскерлери Иордан дарыясынын Батыш жээгинде турган Жениндеги «террордук комплекс» делген жерди бомбалады. Ал жердеги мечитте ХАМАС радикал тобунун бөлүгү бардыгы айтылат.

Мурдарак Улуттар Уюмунун Палестин качкындары боюнча агенттиги Батыш жээкте жөөт коопсуздук күчтөрүнүн операциясында Нур Шамс качкындар лагеринде 13 киши өлгөнүн билдирген.

Израилдин армиясы Батыш Жээктеги кырдаалда эмне болуп жатканы тууралуу айта эле. Бирок ЦАХАЛдын өкүлдөрү эскерткендей, «Хезболла» Израил менен Ливандын чек арасында жаңжалды андан ары жайылтуу үчүн «өтө кооптуу оюн» жүргүзүүдө. «Хезболла» уюму ХАМАС сыятуу эле Батыштын өлкөлөрүндө террордук уюмдарга кошулган.

Пентагон Жакынкы Чыгышта Ирандын союздаштары менен кырдаалды эскалациялоонун соңку аракетинен кийин кошумча америкалык күчтөр тартылууга даяр турганын билдирди.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Жакынкы Чыгышта ракетага каршы THAAD комплексин жана кошумча зениттик-ракеталык Patriot комплекстерин жайгаштырууга буйрук берди. Бул тууралуу Пентагондун 21-октябрдагы билдирүүсүндө жазылган.

Мындан сырткары америкалык аскерлердин кошумча күчтөрү «күтүлбөгөн кырдаал» болуп кетсе аймакка жөнөп кетүү үчүн атайын даярдыкта турат.

Ушул тапта дүйнөнүн ар тарабында Газадагы кырдаалга тынчсыздангандар акцияларга чыгууда. Ишембиде андай иш-чара Бишкекте дагы өттү.

Бишкекте Газанын тургундарын колдоо акциясы өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG