Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:34

Тажикстандан депортацияланган оогандык качкындар


Ооган качкындар. Түркия. 2017-жыл.
Ооган качкындар. Түркия. 2017-жыл.

Оогандык качкындар Тажикстандын мыйзамдарын бузган деген негизде өлкөдөн депортацияланганы ачыкка чыкты. Бул тууралуу "Озоди" радиосу расмий Дүйшөмбүнүн Бириккен Улуттар Уюмуна берген баяндамасына таянып билдирди.

Тажикстандын бийлигинин БУУнун Адам укуктары комитетине берген отчетунда чет элдиктер өлкөнүн мыйзамдарын бузганы жана коопсуздукка байланыштуу чыгарылганы жүйө келтирилген.

Документте ошондой эле ооганстандык качкындар уруксат берилбеген шаарларга жана райондорго мыйзамсыз көчүп баргандыктан депортацияланганы белгиленет.

Ооган качкындарынын көбү башкалаа Дүйшөмбүдөн 30 чакырым жерде жайгашкан Вахдат шаарында жашайт. Алар Тажикстанда мыйзамдуу жүргөнүн жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты берген расмий күбөлүктү алышканын айтышкан.

Коңшу өлкөгө баш калкалап келген качкындар сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго кат жолдоп, аларды Ооганстанга күч менен депортациялоону токтотууну суранышкан. Алардын айрымдары үчүнчү өлкөгө чыгып кетүү үчүн визаны күтүп жатканын жазышкан.

Чет өлкөдөн башпаанек издеген ооган качкындар. 2022-жыл.
Чет өлкөдөн башпаанек издеген ооган качкындар. 2022-жыл.

Ал эми Качкындар комиссариаты тажик бийлигин оогандарды күч менен депортациялоону токтотууга чакырган.

Президент Эмомали Рахмон өткөн апта Пакистанга болгон сапарында коңшу Ооганстанда саясий жана этностук топтордун баарын камтыган инклюзивдүү өкмөт түзүү зарылдыгын дагы кайталады.

"Биз азап көргөн Ооганстан жеринде тынчтык жана туруктуулук орношуна кызыкдарбыз. Бул жаатта саясий жана этностук күчтөрдүн кеңири катышуусун эске алуу менен Ооганстанда инклюзивдик өкмөт түзүү зарылчылыгын баса белгиледик", -деди Рахмон.

Тажик бийлигинин бул сунушу өткөн айда Дүйшөмбү шаарында да талкууланган. Ал жыйынга Кабул өкмөтүнөн эч ким келген эмес. Ооганстандагы Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун лидери, тажик жана өзбек тектүү кошуундардын башын кошуп, “Панжшердин арстаны” аталган маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд катышкан.

Дүйшөмбөдөгү жыйындын негизги максаты учурдагы кырдаалды талдоо жана Ооганстандагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун издөө экени жарыяланган.

Тажикстан Ахмад Масуд жетектеген Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтун колдосо, Пакистан бир жыл мурун Кабулда бийликти басып алган "Талибан" радикал кыймылын колдойт.

Ал эми жекшембиде эл аралык мигранттар күнүнө карата Кабулда атайын жыйын өтүп, анда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи өлкөдөн качып кеткен оогандарды мекенине кайтууга үндөдү.

"Эгер кимдир бирөө коопсуздук маселесинен улам өлкөдөн чыгып кеткен болсо биз аларга мекенине кайтып келүү үчүн кепилдик беребиз. Ооганстан баарыбыздын жалпы үйүбүз".

"Талибан" өкмөтүнүн Качкындар боюнча министринин милдетин аткаруучу Халил Рахман Хаккани БУУну жана Эл аралык миграция уюмун ооган качкындарына билим берүү, медициналык жардам, турак жай жана жумуш менен камсыздоодо аларга жүктөлгөн моралдык милдеттерин аткарууга чакырды.

"Өлкөдөн чыгып кеткен ооган качкындары документтери жок, ар кандай көйгөйлөргө туш болууда. Качкындарды кабыл алуучу өлкөлөр биз менен кызматташып, качкындардын укуктарын камсыз кылышы керек", - деди ал.

"Талибан" өкмөтүнүн статистикасына таянсак, Ооганстан Ислам Эмираты бийликти колго алгандан кийин бир миллиондон ашык ооган өлкөсүнө кайтып келген. Бирок учурда жети миллиондон ашууну дүйнөнүн төрт бурчунда качкын болуп жүрөт.

Учурда Тажикстанда 10 миңге жакын ооган жараны жашайт. Алардын басымдуусу “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) радикалдык кыймылынын куугунтугунан коркуп, коңшу өлкөгө кире качкан.

Оогандыктардын көбү Тажикстанды транзит өлкө катары пайдаланып, андан ары Батыш мамлекеттерине чыгып кетүүнү көздөйт. Быйыл Тажикстанда баш калкалаган төрт миңдей оогандык үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөнү маалым.

2021-жылы Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан качып келген эки миңдей адам башка өлкөлөргө эвакуация болгонун жарыялаган.

Кыргызстанда 500дөй ооганстандык атуул жашайт. Былтыр 19-20-августта ондогон ооган жараны Бишкектеги АКШ элчилигинин имараты менен БУУнун кеңсесинин алдында акция өткөрүп, аларга качкын макамын берүүнү талап кылган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG