Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Тажикстанда уурдалган банкирдин сырдуу өлүмү


Шухрат Исматуллоев
Шухрат Исматуллоев

Тажикстанда уурдалып, киши колдуу болгон банкир Шухрат Исматуллоевге байланыштуу видео интернетке тарады. Анда Исматуллоевди барымтага алгандардын бири экени айтылган, Кишенёвдогу аэропортто ок тийип каза болгон Рустам Ашуров менен апасынын телефондогу сүйлөшүүсү жазылган.

7-июлда социалдык тармактарга жарыяланган тасма качан, каерде тартылган белгисиз.

Ашуров апасы менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөндө Шухрат Исматуллоев өлтүрүлгөнүн айткан. Анын алдында Тажикстандын Башкы прокуратурасы белгилүү банкирди уурдап, өлтүрүүгө шек саналган беш киши кармалганын жарыялаган.

Банкирдин дайынсыз жоголушу

"Ориёнбанктын" төрагасынын биринчи орун басары Шухрат Исматуллоев 24-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 49 жаштагы Исматуллоев өлкө президенти Эмомали Рахмондун кайниси Хасан Асадуллозоданын жакын адамдарынын бири болгон.

“Озоди” радиосунун булактары кечинде аны Исмоили Сомони шаарындагы үйүнөн чоочун адамдар кара түстөгү Hyundai Sonata автоунаасына салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдиришкен. Милиция маалымат базаларын текшергенде автоунаанын мамлекеттик номуру жасалма экени аныкталган. Исматуллоевдин телефону ал уурдалган күнү өчүрүлгөн.

Арадан эки апта өткөндөн кийин Башкы прокуратура банкир өлтүрүлгөнүн, бул кылмышка байланыштуу беш адам кармалганын билдирген.

Расмий маалыматта аны Дилшод Саидмуродов түзгөн кылмыштуу топ барымтага алганы айтылат. Тергөө материалдарына ылайык, 10 адамдан турган бул топ банкирди былтыр мартта эле уурдап кетүүнү пландаштырган. Кандайдыр бир себептер менен алардын максаты былтыр ишке ашкан эмес.

30-июнда тажик бийлиги Шухрат Исматуллоевди уурдоого шектелгендердин бири Рустам Ашуров Молдовада кармалганын кабарлаган. Башкы прокуратура аны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп мүнөздөгөн. Ал Түркия аркылуу Кишинёвго учканда аэропортто колго түшкөн.

Молдова бийлиги 30-июнда 43 жаштагы тажик жараны чек ара полициясынын кызматкеринен тартып алган тапанча менен эки адамды - чек арачыны жана аэропорттун коопсуздук кызматкерин атып, дагы бир адамды жарадар кылганын билдирген. Атайын операция маалында Рустам Ашуров оор жараат алып, 3-июлда Кишинев шаарындагы тез жардам ооруканасында эсине келбей каза болгон.

Кылмышта мурдагы прокурордун аты аталууда

7-июлда социалдык тармактарга "Рустам Ашуров Исматуллоевдин өлтүрүүгө катыштыгы бар экенин айтты" деген видео тарады.

Интернетке чыккан видеодо Ашуров Шухрат Исматуллоевди уурдоого катышканын мойнуна алган. Анын айтымында, максат - банкирден акча өндүрүү болгон. Ал Исматуллоев кыйноо жана токмоктон каза болгонун билдирген. Сөөк Варзоб дарыясына ыргытылганын кошумчалаган. Ал Исматуллоевди мурдагы прокурор Дилшод Саидмуродов өлтүргөнүн белгилеген.

Дилшод Саидмуродов.
Дилшод Саидмуродов.

"Саидмуродовдун Мамлекеттик каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинде тажрыйбасы бар, бирок акыркы убакта эч жерде иштеген эмес", - деп маалымат берди "Азаттыктын" тажик кызматынын булагы.

Маалыматтарга караганда, Дилшод Саидмуродовдо Орусиянын жарандыгы бар болгондуктан, учурда аны Москвада издеп жатышат.

Булактар Саидмуродов изин жашырганына байланыштуу Дүйшөмбү эл аралык аэропортунун бир нече жооптуу кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулганын кабарлашты.

Башкы прокуратура банкирдин уурдалышына жана киши колдуу болушуна байланыштуу кармалган беш адамдын аты-жөнүн ачыкка чыгара элек. Арасында Тажикстандын Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин мурдагы кызматкери бар экенин "Озодинин" булагы маалымдады. Ошондой эле булак бул кылмышка Дилшод Саидмуродовдун катышы бар экенин да бышыктаган.

Шухрат Исматуллоев көп жылдар бою “Ориёнбанктын” төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалаганы менен иш жүзүндө бул банкты башкарганы айтылып келген. Анын сөөгү табыла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG