Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Рахмондун жээни бейбаштыкка айыпталды


Окуя болгон "Хуррамшахр" чайханасы. Дангара облусу.
Окуя болгон "Хуррамшахр" чайханасы. Дангара облусу.

Тажикстандагы "Нахш" алтын кен компаниясынын башчысы, президент Эмомали Рахмондун жээни Амриддин Нахшов күнөөсүн мойнуна алып милицияга өзү келди. Ал өлкөнүн Дангара облусундагы мушташка байланыштуу издөөдө жүргөн болчу.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Амриддин Нахшов 27-майда Дангара облустук ички иштер бөлүмүнө өз эрки менен келип, күнөөсүн мойнуна алганын билдирди.

"27-майда Тажикстандын Жаза кодексинин 237-беренеси менен кылмыш жасаган" деп айыпталып жаткан Дангара районунун тургуну Амриддин Нахшов күнөөсүн мойнуна алды. Аталган жаран козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алдын ала тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

35 жаштагы Амриддин Нахшов "Бейбаштык" беренеси боюнча айыпталууда. Күнөөсү аныкталса, Нахшов эки жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Бирок шектүү кантип жана кандай шартта күнөөсүн мойнуна алганы азырынча белгисиз.

Окуя эмнеден башталган?

Амриддин Нахшовду коштогон бир нече киши 16-майда "Фароз" компаниясы менен келишимдик негизде иштеп жаткан "Мину Фарм" компаниясынын кызматкерлерине кол салганы айтылган.

Тергөө органдары мушташтан ондой киши жабыркаганын, алардын төртөө бычактан жараат алганын кабарлашкан. Жабырлануучулардын арасында чайыр чөптү чогултуу үчүн келишим түзүүгө келген төрт оогандык да болгон.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, "Мину Фарм" компаниясынын башчысы Сайед Гиёсов Амриддин Нахшовго кокон чайыры (смола ферулы) өскөн жер тилкесин берүүдөн баш тарткан соң чыр чыккан. Ресторанда болгон мушташка элүүгө жакын киши катышканы айтылган. Сайед Гиёсовду курсакка жана бутка төрт жолу бычак менен сайышкан. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы учурда туруктуу.

Атын атагысы келбеген окуянын күбөсү 24-майда "Озоди" радиосу менен байланышып, Амриддин Нахшов кокон чайыры өскөн жердин бир бөлүгүн алууну көздөп жүргөнүн айтып берген.

"Кечинде Пайрав аттуу адам Сайёд Гиёсовго телефон чалып, Нахшов аны ресторанда күтүп жатканын айткан. Гиёсов ресторанга жан сакчылары менен келген. Кокустан белгисиз үч киши Гиёсовду күч менен алып качканга аракет кылган. Бирок жан сакчылар тоскоол болушкан. Андан кийин кол салгандардын бири Амриддинге телефон чалып, 50дөй адам ур-токмокко алганын айткан. Көп өтпөй ондогон киши келип, Гиёсовго жана анын жанындагыларга кол көтөргөн", - деди окуянын күбөсү.

Эмомали Рахмон жана жубайы Азизми Асадуллаева.
Эмомали Рахмон жана жубайы Азизми Асадуллаева.

Ал эми Амриддин Нахшовдун таежеси, президент Эмомали Рахмондун жубайы Азизмо Асадуллаева да "Озоди" менен байланышып, анын жээни күнөөсүз экенин, ага жалаа жаап жатышканын билдирген.

"Мен окуянын чоо-жайын билбейм, бирок Амриддин андай жигит эмес экендигин так билем. Менин жээним эч кимден жашырынган жок. Ал Дангарадагы үйүндө эле отурган" , - деп билдирди Азизмо Асадуллаева.

Камакка алынган Амриддин Нахшов Тажикстандын президентинин аялынын жээни. Анын атасы, Дүйшөмбү шаарынын Сино районундагы "Амонатбанктын" төртүнчү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Файзиддин Нахшов. Ал 2018-жылы каза болгон.

Буга чейин Амриддин Нахшов "Ориёнбанкта" иштеген, учурда ал алтын чыккан Нахш кенин жетектейт.

Кызматкерлери мушташка аралашкан "Мину Фарм" компаниясы болсо Тажикстанда кокон чайырын чогултууга уруксат алган бирден бир компания.

Бул ишкананын тажик президентинин күйөө баласы Шамсулло Сохибовго таандык мурдагы "Фароз" компаниясы менен байланышы бар экени айтылып келет.

Кокон чайыры - (асафетиддер) кургак учук, диабет ж.б. бир катар ооруларды дарылоодо колдонулат. Тажикстанда 2013-жылы бул өсүмдүк мыйзамдуу түрдө коргоого алынган. Өлкөдө аталган өсүмдүктү жыйноого уруксатты «Фароз» жана «Минфар» компаниялары гана алган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG