Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:03

УКМКнын тизгини Камчыбек Ташиевге тийди (видео)


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп дайындалды. Ал бул кызматка 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен барды.

Камчыбек Ташиев кызматка киришип жатып, журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.

Матраимовдор тууралуу

“Аны менен эч кандай бизнес, саясий же партиялык байланышым болгон эмес жана болбойт дагы. Матраимов акыркы беш-алты жылда коомдо өтө чоң резонанс жараткан адам катары, аны, урматтуу журналисттер, көптөгөн коррупциялык иштерге байлап жүрөсүздөр, биз аны иликтейбиз. Эртең буйрук берем, Матраимовду таап, эгер кылган кылмышы болсо толук бойдон жоопко тартабыз. Эч кандай Матраимовдор, эч кандай Райымдар биздин коомду башкарбайт. Мындан ары коомубузду акыйкаттуулук болот. Эч кандай коррупционерлер коомубузда мындан ары жашабайт, биз аларды жашатпайбыз, мыйзам чегинде коомубуздан кууп жок кылабыз. Азырынча ал кишиге эч кандай кылмыш иши да жок экен. Бирок биз ал кишини кармап, журналисттер айткан иштерди текшерип, тиешеси болсо мыйзам чегинде жоопко тартабыз”.

Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси, чек арадан өтүп баратып Өзбекстандын чек арачылары тарабынан кармалып, бир айга камалып, кайра кое берилген Тилек Матраимов тууралуу минтип айтты:

"Тилек Матраимовду үй камагына чыгарганын кечээ уктум. Бирок бул үй-бүлө тууралуу чоң иликтөө жүргүзөбүз. Мамлекетке чоң экономикалык зыян келтиргени айтылып жатпайбы".

Уюшкан кылмыштуу топтор

Ташиев ишкерлерге кайрылып, кылмыштуу топтор кысым кылып жаткан болсо атайын кызматка маалымат берүүнү өтүндү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн үзүрү жакында көрүнө баштай турганын айтты:

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев ишкерлерди кысымга алганы аныкталса жазага тартыларын билдирди:

«Урматтуу бандиттер! Мыйзам менен жашагыла. Мындан ары мамлекетте коррупция, бандиттер болбойт. Эч нерсесине карабай, баарын жазалайбыз. Камчы Көлбаев кысым кылып же мыйзам бузса жазага тартылат. Жазаланып гана эмес камалат. Бандиттер, силерге өтө кыска мөөнөт берилет! Силер же мыйзам боюнча жашагыла, же өзүңөр мыйзам негизинде камерага баргыла, же биздин коомдон, мамлекеттен кетип калгыла. «Уурулар» эми эки-үч «Лексустун» коштоосунда кортеж болуп жүрбөйт! Бандиттер качып, жашына башташат. Биз ошондой кылабыз».

Сөз эркиндиги

УКМКнын жаңы жетектчиси эми сөз эркиндигине, журналисттердин коопсуздугуна коркунуч болбой турганын билдирди. Коопсуздук кызматы мурдагыдай "кечирим суратуу менен алек болбойт" деп убада берди.

"Эч кандай басым, аңдуу, кечирим суратуу болбойт. Бирок суранам, урматтуу журналисттер, туура маалымат бергиле. Эгер ким мыйзамды бузса, аны кечирим суратуунун кереги жок. Аны мыйзам чегинде жоопко тартуу керек. Эч кандай редакцияларды басып алуу болбойт. Ага биз жол бербейбиз".

Коррупция

Ташиев аткезчиликти токтотууга сөз берип, коррупцияга баргандар мурдагыдай камалбасын билдирди:

"Тажикстанга же Кытайга аткезчилик болбойт, мен токтотом. Кайсы бир коррупционерди кармасак, анын акчасы мамлекетке түшөт. Мурда паракорлук менен алектенген адам сотторго, бийликке акча берип кутулуп келсе эми андай болбойт. Мамлекетке келтирген зыянын мамлекетке төгөт. Түрмөдө он жылдап отургузганча, мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтурабыз. Анткени ал уурдап алып түрмөдө отуруп, анан кутулуп кетип жатпайбы".

Инвесторлордон мындан кийин эч ким акча сурабайт, алар дагы мыйзам чегинде иштешет. Коррупция менен күрөшүү үчүн журналисттерден жардам сурады.

"Бул жерге бизди эл алып келди. Журналисттер бизге жардам бергиле. Атайын сайт ачабыз. Ошол жерге мыйзам бузуулар болсо салып тургула. Эми коррупционерлер кача баштайт. Бандиттер кача баштайт. Биз ишкерлерге шарт түзүп беребиз".

Экс-президенттер

"Биздин коомубузда президенттер жыргабайт да. Бир президентибиз тигил жакта, бирөө бул жакта жүрөт. Бирөө түрмөдө отурат. Бирөө бүгүн кетти. Эл эмнеге нааразы болуп атат? Биздин коомдо бай-кедей деп бөлүнүп калды. Биз мындан ары буга жол бербейбиз, ачык иштейбиз. Алмазбек Атамбаевди биз куугунтуктабайбыз".

Президенттик шайлоо

Ташиев журналисттердин: «Сиз президенттик шайлоого катышасызбы?» деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди:

«Бул ачык кала турган саясий маселе. Азыр мен УКМКнын төрагасы болуп дайындалдым. Бул жумушумду мыйзам негизинде аткарам. Партияга байланыштуу иштердин баарынан кетем. Кайсы бир компания же фирмаларда үлүшүм болсо кетип, толук бойдон ишиме киришем».

"Доссекретардан" башкы чекистке чейинки жол

52 жаштагы Камчыбек Ташиев мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Ата Журт», «Республика - Ата Журт», «Мекенчил» саясий партияларынын теңтөрагасы, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун досу экени белгилүү.

6-октябрда тарапташтары барып абактан чыгарып алгандан бери Жапаровдун жанында жүрөт. Ал экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана башка саясий күчтөр менен Жапаровдун жолугушууларына дагы катышканы белгилүү.

16-октябрда депутат Өмүрбек Текебаев парламент жыйынында Жапаровду досу "саясий Олимптин чокусуна жеткиргенин" белгилеп, Ташиевдин тарых алдындагы жоопкерчилиги Садыр Жапаровдукунан кем эмес экендигин айтты.

«Илгери госсекретарь деген кызмат бар эле. Мен бүгүн Ташиевдин кызматын «доссекретарь» деп айтар элем. Госсекретарга эскертүү, сөгүш берип, жумуштан бошотсоң болот эле. «Доссекретарды» алмаштыра, кутула албайсың. Буга чейин Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун трагедиясынын негизги себеби эбегейсиз бийликти өз колуна жыйнап, анын үзүрүн эл эмес, жакын достору жана туугандары көргөндүгүндө болгон. Аларды аңга, жарга ошол жакындары, достору түрткөн. Бул, Садыр Нуркожоевич, сизге, сиздин командага чоң сабак болушу керек. Ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин жоопкерчилигиңиз Садыр Нуркожоевичтикинен тарых алдында кем эмес, балким, андан да жогору».

Коомчулукта Текебаевдин бул сөзү Жапаровго жана анын жакын санаалаштарына күмөндүү иштерге аралашуудан сак болууга чакырыгы катары кабыл алынды.

Журналист Семетей Талас уулу Ташиевде жогорку бийликтин колдоосу чоң экенин белгилеп, анын коррупция менен күрөшүүгө толук мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт. Анын айтымында, Ташиевдин атайын кызматтагы ийгилиги бир нече чуулгандуу иштерди тергөөдө эле биленет.

“Ошол эле бажы тармагын алганда Райымдын балдары иштеп жаткан болсо бул курулай эле сөз бойдон калат. Райымга кылмыш ишин козгодук, Түркияга качып кетиптир деп коюшат. Ал эми чындап күрөшө турган болсо, казып, толтура маалымат тапса болот. Ал оңой эле. Эгер көздү будамайлоо башталса анда аябай жаңылышат”.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова УКМК бийликтин саясий оппоненттерине каршы куралы катары пайдаланылып жатканын белгилеп, бул мекеме түп тамырынан реформага муктаж дегендерди бири. Активист ошондой эле бул кызматка бийликке жакын саясий фигуранын келгенине тынчызданып турат.

“Ташиев ал жакка барып эмне кылат? Эмне реформа жасайт? Ошону түшүндүрсө болмок. Ал реформа жасабай жөн эле отурган болсо бийликтин камчысы бир колдон экинчи колго өттү дегендин эле белгиси. Саясатчыларды эмне мынча тездик менен ар кайсы жакка дайындап жатканы түшүнүксүз болуп атат”, - деди Ошурахунова.

Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызматты жоюп салганы «Эркин Тоо» гезитине 16-октябрда расмий жарыяланды. Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Антикоррупциялык кызматтын жоюлганы тууралуу кабары жок экенин билдирди. Анын алдында Садыр Жапаров бул мекемени жетектөө милдетин Бекбосун Апсатаровго жүктөгөн.

УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат 2011-жылы түзүлгөн. Аны мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев корруцияга каршы күрөштү күчөтүү максатыда түзгөнү айтылган. Бирок ошондон бери Конституция боюнча президенттин андай орган түзүүгө укугу жок экени, мекеме саясий атаандаштарга басым көрсөтүү үчүн колдонулуп жатканы катуу сындалып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG