Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

«Жаңы бийликке ишенүүгө азыр эрте»


Жарандык активист Мирбек Маматкасым уулу.
Жарандык активист Мирбек Маматкасым уулу.

Кыргызстанда президенттин кызматтан кетиши жана жаңы өкмөттүн түзүлүшү менен коштолгон соңку саясий чечимдер боюнча жаңычыл, реформачыл күчтөрдүн ой-пикири кандай? Жарандык активист, “Реформа” партиясынын талапкери Мирбек Маматкасым уулу “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- Кыргызстанда парламенттик шайлоого байланыштуу толкундоолор президент баштаган бийлик бутактарынын кызматтан кетиши менен жыйынтыкталууда. Өзгөрүүлөрдү, реформаларды, люстрацияны талап кылган жаңы жүздөрдүн арасында сиз да бар элеңиз. Бүгүнкү компромиссте сиздердин, жаштардын, саясаттагы жаңы жүздөрдүн талабы канчалык эске алынды?

- Партиянын эмес, жеке өзүмдүн позициямды айтайын. Мындай өткөөл мезгил саясий эксперименттердин мезгили эмес экен. “Жаштар болушу керек, люстрация болушу керек” деген сөздөрдү унута туруш керек экен. Өткөөл мезгил - бул оор салмактагы саясатчылардын мезгили экен. Жагдайды жайгарганга күчтүү саясатчылар аралашып, катышканы маанилүү экен. Мен мына ушуну түшүндүм. Ал эми саясий эксперименттер, люстрация, жаштардын бийликке келиши жана башка нерселер бара-бара, акырын жасала турган иш экенин түшүндүм.

- Кыргызстанда он күн бою саясий туңгуюк өкүм сүрүп турбадыбы. Ошондон кийинки жыйынтыкка жаштардын талабы да камтылды деп ойлойсузбу?

- Акыркы күндөрү көрүп жатасыздар, Жогорку Кеңештин жыйындарында жана жалпы эле медиа майданда жаштардын талаптары, жаштардын оозу менен эле эмес, мен айткан оор салмактагы саясатчылардын оозу менен айтылып жатат. Мисалы, бүгүн жана кечээ "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов биздин таламды талашканын көрдүк.

"Сөзсүз түрдө жаштардын, жаңы партиялардын, жаңы жүздөрдүн келишине шарт түзө турган өзгөрүүлөрдү шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга киргизүү керек, антпесе болбойт экен. Эгер жаштар, жаңы күчтөр менен эсептешпесек, анда кайрадан эле 5-6-октябрдагыдай жагдайлар кайталана берет", - деп айтты.

Салмактуу саясатчылар ушул жагдайды түшүнө баштаганынын өзү чоң прогресс. Келе жаткан шайлоодо бул нерселер эске алынат деп ойлойм.

- Шайлоо өнөктүгү маалында “Реформа” партиясы Кыргызстандын көп тармагы кардиналдуу өзгөрүүлөргө, реформаларга муктаж экенин билдирген. Мына жаңы премьер-министр Садыр Жапаровдун өкмөтү ишке киришти. Президенттин милдети да премьерге жүктөлдү. Эми жаңы бийликтен эл, жарандык активисттер эмнени күтөт? Кайсы иштер токтоосуз аткарылышы керек?

- Биринчи кезекте биз Садыр Жапаровдун өкмөтү чынында убактылуу өкмөт экенин унутпашыбыз керек. Булар азыр өрт өчүргүч команда сыяктуу иштей алат. Буларга жанагындай үлкөн талаптарды коюунун өзү туура эмес. Булар биринчиден, азыр бюджеттеги тешикти жабуунун жолун тапса, андан кийин өлкөдөгү башаламандыктардын алдын алып, тынчтыкты сактап, эки шайлоону тең таза өткөрүп берсе жетет.

Бирок так силер, "Азаттык" көтөрүп чыккан, Матраимовдорго байланыштуу иликтөөлөрдүн негизинде кылмыш ишин токтоосуз козгоону биз сөзсүз түрдө талап кылабыз. Социалдык тармактарда бул жөнүндө “#Reакция 4” деген митингди баштайлы деген демилгелер көтөрүлө баштады. Ошого жеткирбей өздөрү кылмыш ишин козгоп, толтура даяр материалдарды пайдаланып эле коомдогу нааразылыкты басса болот.

Ушул ишти баштоо менен азыртадан өздөрүнө упай топтой алат. Бул иш жөн эле ишти козгодук деген сөз менен эмес, конкреттүү иш-аракеттер менен жүрүш керек. Биз ушуну күтөбүз. Негизгиси ошол.

- Премьер-министр Садыр Жапаров өкмөткө жаштарды алып келүүгө убада берди. Чет өлкөдөгү кыргызстандык кесипкөй адистерди өлкөгө чакырды. Сиздер, сизге окшогон жарандык активисттер маселелерди, анын ичинде бажы тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун сунуштап келесиздер. Сиздер жаңы бийлик менен иштешүүгө, сунуш-пикирлерди айтууга даярсыздарбы?

- Сунуш-пикирлерди айтабыз. Ал эми биздин азыркы өкмөт чакырса барганыбыз бир аз туура эмес болуп калат. Биринчиден, алар даяр команда болуп келди. Экинчиден, биз азыр шайлоого даярданып, өзүбүздүн командабыз менен бүтүн барып, программаны, платформаны ишке ашырууга аракет көрүшүбүз керек.

Ал эми Садыр Жапаров чогулткан өкмөтүнө, эмне үчүн мындай команда чогулуп калганы боюнча элде да, менде да суроолор көп. Мындан күчтүүрөөк команданы чогултса болмок. Азырынча менде эки эле адамга ичим жылып турат. Ал билим берүү министри менен тышкы иштер министри. Калганын байкап көрөлү.

- Эми Кыргызстанда жаңы шайлоолорго камылга көрүлө баштады. Шайлоо күрөөсүн азайтып, босогону төмөндөтүү, “№2 форманы” жокко чыгаруу сунуштары айтылып жатат. Жаңы шайлоонун таза, ачык-айкын, акыйкат өтүшү үчүн, мурдагы каталар кайталанбашы үчүн эмне керек?

- Мунун жообу даяр, конкреттүү эле нерсе. Азыр Садыр Жапаровдун "Мекенчил" партиясына административдик ресурс жүз пайыз иштеп берери күтүлүүдө. Ушул нерсе болбош үчүн, же Садыр Жапаров "Мекенчил" партиясы менен биротоло коштошкону оң же ал партия шайлоого катышпашы керек. Мен ошондой ойлойм. Бирок, албетте, ал туура келбей калат, реалдуу эмес. Ал баары бир катышат. Садыр Жапаровдун бул партия менен биротоло кош айтышып койгону туура болот. Сөзүнө туруп, административдик ресурс иштебей турса...

Мен шайлоочу, байкоочу катары көп шайлоолорго катыштым. Бир эле жолу, 2010-жылы гана тазараак шайлоо өткөн. Ошо кезде да Убактылуу өкмөт бар эле. Убактылуу өкмөт административдик ресурсту көп пайдаланган эмес, акча дагы көп иштетилген жок. Салыштырмалуу тазараак шайлоо ошол болгон. Азыр дагы таза шайлоо болгонго шанс бар, 100 пайыз таза болот деп ишенбейм.

Ал эми шайлоолор жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси аткарылбаса, анда биз, жаштар талап кылабыз, керек болсо митингге чыгабыз. Ансыз болбойт. Шайлоого чейин талап кылып ишке ашырып албасак, шайлоодон кийин ал кайра эле 5-6-октябрдагыдай жагдайга алып келет.

- Ошол эле учурда акыркы шайлоодо реформачыл күчтөр Кыргызстандын бардык аймагында текши бир колдоого ээ эмес экенин көрдүк окшойт. Албетте, бул шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Кантсе да жаңычылдыкты талап кылган, реформаны талап кылган күчтөр кандай сабак алышы керек? Канчалык алар кийинки шайлоого күчүн бириктирип катыша алат? Канчалык элдин ишенимине ээ болот?

- Жалпы калың элди алсак, ачыгын эле атайын, баары бир экен. Шайлоонун жыйынтыгында эң көп орундарды кимдер алганын көрдүк. Добуш берүү өзү таза да, ага чейинкиси таза эмес болгону менен... Электрондук шайлоо эмеспи. Эл кандай добуш берген болсо, ошо боюнча шайланды да. Биз сунуш кылган нерселерге бардык жерде эмес, кээ бир жерде эл даяр экен. Бул элге байланыштуу себеп.

Эми бизден кеткен себебин айтайын. Биз команданы оңдоп, шайлоо кампаниясын башкача жүргүзүшүбүз керек экен. Шайлоо процесси – бул биз элестеткендей идеалдуу, таптаза процесс эмес экен. Биз дагы эле таза жол менен кетебиз, эч кимге акча бербейбиз, эч кандай ресурс пайдаланбайбыз, пайдалана албайбыз дагы. Бирок биз, балким, политтехнологдор менен байланышып, же акыл калчап, чоң саясатчылар менен макулдашып, айтор, шайлоо кампаниясын башкача өткөрүүнүн жолун табышыбыз керек жана курамыбызды бир аз өзгөртүшүбүз керек экен.

- “Твиттердин” айрым прогрессивдүү колдонуучулары коомчулуктун калың катмарынын ой-санаасынан оолак болуп калышканын мойнуна алышып, “кыргызча үйрөнүшүбүз керек экен” деп жатышат. Демек, жаңы жүздөр, жаңычыл күчтөр коомдун эмне менен дем алып жатканын канчалык сезип-билип турат десек болот?

- Бул сурооңуз эки бөлүктөн турат экен. Эки бөлүп жооп берейин. Биринчиси - мына “Твиттер”. “Твиттерде” ким отурат? Алар “Фейсбуктун” башаламандыгынан качып кеткен адамдар да. “Фейсбуктагы” башаламандык - бул жалпы коомдогу абал, жалпы эл.

“Фейсбукта” адамдар көбүрөөк отурат, бардыгы өз оюн айтат. Ар ким өзүнүн билим деңгээлине жана башкага карап, оюн айта берет. Интеллигенция “Фейсбуктан” качып кетип, бүт “Твиттерге” ооп, ошол жерде гана бири-бири менен сүйлөшүп отуруп алганы бир аз туура эмес экен. Интеллигенция керек болсо "Одноклассникиде", "Инстаграмда”, "Ютубда" да отурушу керек экен. Коомдо эмне болуп жатканын билүү үчүн аларды да көрүш керек экен.

Шайлоодо бардык жарандар бирдей добуш берүү укугуна ээ болгондон кийин, биз бардык катмардагы адамдардын маанайын көрүп-билип турушубуз керек экен. Керек болсо жарык күчтөрдүн идеяларын эл кайсы жерде отурса, ошол каражаттар аркылуу элге жеткизүү керек.

Экинчиси - тил жөнүндө айтып жатабыз. Албетте, ар бир Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кыргыз тилинде суудай сүйлөшү керек. Улутуна карабастан, кай жерде окуганына карабастан, кыргызча сүйлөшү керек. Анткени Жогорку Кеңеште сессиялар кыргызча өтөт, иш жүргүзүү кыргызча. Орус тилдүүлөр бир партияга чогулганы туура эмес болуп калат.

- Он күндөн ашуун убакыттан кийин Кыргызстанда бир саясий мунаса табылганын айтып өттүк. Азыркы жыйынтыкка жарандык активисттер, жаштар канааттандыбы?

-Бул жөнүндө социалдык тармактарда, “Телеграмда”, “Вотсап” группаларда талкуулар жүрүп жатат. Прогрессивдүү жаштарда, реакциячыл күчтөрдө канааттануу жокко эсе. Бирок өлкөнүн тынчтыгы үчүн макул болуп эле унчукпай калышты деп айтсам туура болот.

Кандай команда келгенине, кандай шарттарда бийлик алмашканына нааразылар көп. Бирок өлкөнүн тынчтыгы үчүн биз азыркы жыйынтыкты кабыл алдык. “Садыр Жапаров өз алдынча саясатчыбы, же артында бирөөлөр барбы?” деп баары эле айтып жатат. “Уюшкан кылмыштуу топтор жок бекен?” деген чочулоолор айтылып эле жатпайбы.

Ушул суроолор мындан ары жок болушу үчүн биринчи кезекте Садыр Жапаров ага көлөкө түшүрүп жаткан уюшкан кылмыштуу топторду жана бажы системасы аркылуу байыган коррупционерлерди кармап, аларга каршы аёосуз күрөштү жарыялаш керек. Мына ошондо гана ага толук ишенебиз.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG