Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:10

Президенттикке талапкерлер укуктары бузулганына нааразы (видео)


24-ноябрда Бишкекте президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканы жөнүдө маалымат жыйын өткөрдү.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун 23-ноябрда 7-каналдагы маегинде айткан сөздөрүндө талапкерлерге айыптоо, жалаа жабуу аракеттери байкалганын белгилешти.

«Президенттикке талапкерлер абайлап сүйлөп, ар бир билдирүүбүздө биз акыйкатты, чындыкты калыс айтып турушубуз керек», - деди президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз.

«Текебаев, Иманалиев, Отунбаева жана башка саясатчыларды айыптаган сөздөрдү айтты. Текебаевди «Конституцияны өзүнө гана ылайыкташтырып жазып алган» деп айыптаганы - далилденбеген, тастыкталбаган сөз. Ошондой эле «Маевскийден 1 млн. доллар алган, менин күбөлөрүм бар» деп атын атаган кишилердин бири Кулов бүгүн «мени аралаштырбагыла» деп айтып чыкты. Ар бир талапкер оппоненттерин каралап, элди каршы тукурууга жеткирген сөздөрдү айта берсе, биз ага каршы турууга тийишпиз. Биз шайлоону калыс жана татыктуу өткөрүп алышыбыз керек».

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев Садыр Жапаров кокус президент болуп калса, Кыргызстан Ооганстанга айлана турганын айтты.

«Ысык-Көл - интеллигенциянын бешиги болгон. Көлдүн аксакалдары тентек уулуңарды чакырбайсыңарбы? Садыр Жапаров жок дегенде эки жыл губернатор болуп иштесин, өссүн. Текебаев "Садыр Жапаров бийликке келсе Түркмөнстан болобуз" деп жаңылыш айтты. Мен айтаар элем, Ооганстан болобуз. Анткени ал бийликке күчтүн, криминалдын жардамы менен умтулуп жатат».

Президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков Баш мыйзамды шашып өзгөртүү эч убакта ийгиликке алып келбесин белгиледи:

«Мен кол чогултууга уруксатты кечээ кечинде гана алдым. Башка кандидаттар эки-үч күн мурда алдым. Мурда талапкерлер колду 50 күн ичинде чогултчу. Азыр 10-15 күн калганда чогултуп жатабыз. Бул реалдуу мөөнөт эмес, бул кысым. Эмнеге компьютер менен чогултууга болбойт. 21-кылымда 20-кылымдын ыкмасы менен кол чогултуп жатабыз. Телефонду жазбай деле койсо болот деген менен бланкада жазылып турат. Мындан улам өкмөттүк мекемелер аны толтуруудан коркуп жатат. Алар эртең муну жазсак, кысым башталат деп коркуп атышат».

Президенттикке талапкер Кубанычбек Токтосунов өлкө коркунучта экенин айтып, Конституцияга тийишпегиле деген чакырык таштады.

«Өлкө коркунучта. Ошону үчүн буга кайдыгер карабаш керек. Биз өлкөнү жакшы жакка өзгөртүү үчүн күрөшөлү».

Ал эми Клара Сооронкулова түштүктө мугалимдерге "Садыр Жапаровду колдойсуңар" деген коркутуу болуп жатканын айтты.

Садык Шер-Нияз учурдагы башаламандык кыргыз интеллигенциясын депрессия кылганын, ал карапайым элге да өтсө кесепети оор болуш мүмкүн экенин эскертти.

«Бул Досстан эмес, бул Кыргызстан. Сенин жана менин мекеним. Эч ким Конституцияны бир айда өзгөртүүгө, парламентти тизелетүүгө акысы жок. Балким биз шайлоодон утулабыз, бирок идея утулбайт. Балким он жылдан кийин жаштар ушул сөздү эстейт».

Маалымат жыйында талапкерлердин укуктарынын бузулушу, административдик ресурстарды колдонуу жана тоскоолдуктар жөнүндө сөз болууда. Алар алдыдагы шайлоонун акыйкат өтүшүнө шек жараткан жагдайларды айтып жатышат.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча 23-ноябрда «7-канал» сыналгы каналына кенен маек куруп, долбоорду сындап жаткандарга жооп берди. Жапаров 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган Баш мыйзам бир адамдын кызыкчылыгында гана жазылган деп кескин сындаган.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого ат салышууга 63 киши арыз берип, ар кандай себептер менен он үчү жарыштан чыкты.

XS
SM
MD
LG