Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Панжшерде айыгышкан салгылашуу жүрүп жатат


Ооганстандын талибдерге каршы акыркы таянычы - Панжшер өрөөнүндө айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканы кабарланууда.
Ооганстандын талибдерге каршы акыркы таянычы - Панжшер өрөөнүндө айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканы кабарланууда.

"Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) кыймылынын жетекчилиги Ооганстандын "Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" лидерлеринин бири Ахмад Масуддун Панжшерде ок атууну токтотуу сунушун четке какты.

5-сентябрда "Талибандын" расмий өкүлү Забиулла Мужахид "Озоди" радиосуна “Панжшердегилер маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн удулун өткөрүп жиберди” деп айткан.

"Чечкиндүү аракеттерге баруунун учуру келди. Ооганстанда өзүнчө арал сакталып калышын каалабайбыз. Биз башынан эле согушту каалаган эмеспиз жана маселени тынч жол менен чечүүнү сунуштаганбыз",-деди ал.

Ошол эле маалда кечээ Кабулдагы жолугушууда ооган динаятчылары талибдердин Панжшерде согушту улантуу чечимин кескин сынга алды. Уламалар кеңеши талибдер АКШ менен дээрлик эки жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин, бирок каршылык көрсөтүү күчтөрү менен кыска гана сүйлөшүүлөрдөн кийин Панжшерге масштабдуу чабуул баштаганын белгилешти. Уламалар Панжшердеги согушту сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга үндөгөн.

"Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" башчысы Ахмад Масуд "Талибан" кыймылынын жаңжалды тынч жол менен жайгаруу боюнча сүйлөшүү сунушуна макулдук бергенин билдирген эле. Бул тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына жазганын "Рейтер" агенттиги кабарлаган. Агенттиктин маалыматы боюнча, талиб күчтөрү Панжшердин борбору Базаракка киргенин жарыялашкан.

"Эгер талибдер дагы Панжшер менен Андарабдагы чабуулдарын жана согуштук аракеттерин токтотсо, туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн “Улуттук каршылык көрсөтүү фронту” согушту токтотууга даяр", - деп билдирген Ахмад Масуд.

“Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" аскерлери. Панжшер. 2-сентябрь, 2021-жыл.
“Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" аскерлери. Панжшер. 2-сентябрь, 2021-жыл.

Ооганстандын талибдерге каршы акыркы таянычы - Панжшер өрөөнүндө айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканы кабарланууда. Эки тарап тең жеңишин жарыялаган эле. Ал арада АКШ армиясынын Биргелешкен штабдарынын кол башчысы Марк Миллей Ооганстан кеңири “жарандык согуш” коркунучуна кептелгенин эскертти.

“Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Билал Карими согушкерлер Панжшердеги жети райондун бешөөнү ээлеп алышканын билдирди. Өрөөн Кабулдан 100 чакырымдай алыс жайгашкан. Кариминин айтымында, согушкерлер Панжшердин борбору Базаракка жакындашууда.

Ал эми “Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронту” деп аталган оппозиция жоочуларды тузакка түшүрүп, бир нече райондо аларды сүрүп чыгарышканын маалымдады.

Аймакта кырдаал курчуп, талибдер телефон байланышын, интернетти, электр энергиясын үзүп салгандыктан, так маалымат алууга мүмкүн болбой жатат.

Ахмад Масудга лоялдуу күчтөр. Панжшер. 29-август, 2021-жыл
Ахмад Масудга лоялдуу күчтөр. Панжшер. 29-август, 2021-жыл

Өрөөндөгү ооруканада иш алып барган италиялык соопчулук уюму “Талибан” 25 чакырым ичкери орун алган Анабах айылына чейин кирип барганын билдирди.

“Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун” лидери, Ооганстандын мурдагы вице-президенти Амрулла Салех буга чейинки видеолордун биринде алар кыйын абалга туш болгонун, бирок туруштук берүүнү улантышарын билдирген.

“Биз оор абалган тушукканыбыз калетсиз. “Ал-Каиданын”, террорчулардын, талибдердин жана алардын пакистандык колдоочуларынын чабуулуна кабылдык, бирок өлкөбүздү коргоп жатабыз, каршылык көргөзүү уланууда”, – деп айткан Салех. Бул тууралуу жергиликтүү Tolo News телеканалы маалымдады.

Талибдер 15-августта Кабулду ээлеп алгандан бери фронттун каршылыгына туш болуп келатат. Ага оппозициянын Ахмад Масудга лоялдуу күчтөрү кирет. Масуд Панжшер “олуттуу каршылык көргөзүүнү улантат” деп "Фейсбукка" жазды.

Өрөөндөгү салгылашуулар жарандык согуш тутанышы мүмкүн деген кооптонууларга жем таштады.

Тараптар маселени тынч жол менен чечүүнү көздөп жолукканы менен, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок.

АКШ армиясынын Биргелешкен штабдарынын кол башчысы Марк Миллей Ооганстан кеңири “жарандык согуш” коркунучуна кептелгенин эскертти.

"“Талибан” бийликти канчалык консолидациялап, башкаруусун орнотууга канчалык кудуреттүү болорун билбейм, - деди генерал Германиядагы америкалык базада сүйлөп жатып.

АКШ армиясынын Биргелешкен штабдарынын кол башчысы Марк Миллей. Вашингтон. 1-сентябрь, 2021-жыл
АКШ армиясынын Биргелешкен штабдарынын кол башчысы Марк Миллей. Вашингтон. 1-сентябрь, 2021-жыл

Миллей талибдер ага жетише албаса, “Ал Каида” жана “Ислам мамлекети” террордук уюму же башка экстремисттик топтор жакынкы үч жылда баш көтөрүшү ыктымал деп кошумчалады.

Ал тапта Кошмо Штаттар кеминде 50 миң ооганды кабыл алат деп күтүлгөнү кабарланды. АКШ Ички иштер министрлиги билдиргендей, программа терроризмге каршы согушта америкалык аскерлерге көмөктөшкөн оогандарды алып чыгууну көздөйт.

Он миңдеген ооган буга чейин АКШга алынып келип, коопсуздук текшерүүдөн кийин аскердик базаларга жайгаштырылды.

Оогандык качкындар лагери. Грузия, 2021-жыл
Оогандык качкындар лагери. Грузия, 2021-жыл

АКШга жер которууну көздөгөн оогандар атайын иммиграциялык виза алышкан же алганы жатышат.

"Биз бийликке келгенде 17 миңден ашуун адамга атайын визага кирүү уруксаты бериле элек экен. Программа иш жүзүндө токтоп калыптыр. Биз бийликти өткөрүп алгыча тогуз айдын ичинде Кабулда виза алам деген ошол адамдар менен бир дагы маек уюштурулбаптыр. Акыркысы былтыр мартта болуптур", - деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 4-сентябрда.

АКШга кирүү үчүн андай уруксат америкалык же НАТОнун аскерлери менен иштешкен, талибдердин башкаруусунда мекенинде калуу кооптуу болуп эсептелген оогандарга берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG