Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

"Орусия арзан алууда". Чектөөдөн кыйналган балык чарбалары


Чүй облусундагы балык чарбалардын бири.
Чүй облусундагы балык чарбалардын бири.

Орусия февраль айында Кыргызстандын тогуз компаниясынын балык азыктарын өлкөгө алып кирүү уруксатын токтоткон.

Россельхознадзор өз чечимин кыргызстандык ишкерлер алып барган кубулжума жилингир балыгы (форель) менен икрадан бейтааныш антибиотик табылганы менен түшүндүргөн. Андан бери алардын алтоосунун уруксаты кайра калыбына келтирилди. Бирок орус компаниялары эми балыкты мурдагыдан кыйла арзан алып калды.

Балык чарбалары көйгөйдү Кыргызстандагы мамлекеттик профилдик мекемелердин ишмердигиндеги кемчиликтерге жана Орусиянын саясий маанайына байланыштырууда.

Орусия кыргызстандык алтынчы компаниянын балык сатууга уруксатын калыбына келтиргенин 31-октябрда Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов кабарлады. Уруксат алган компания "А2" деп аталат:

"Бүгүнкү күндө алты чарба Орусияга балык азыктарын экспорттоого уруксат алды. Кечээ күнү эле видеоинспекциянын жыйынтыгы менен дагы бир чарба ачылды. Бүгүнкү күндө тогуз айдын жыйынтыгы менен 2994 тонна балык экспортко кетти. 2022-жылга салыштырсак, ушул эле мезгилде 2 миң тонна экспорттолгон. Былтыр балык экспорттогонго тогуз компаниянын уруксаты бар болчу, быйыл беш компания 3 миң тоннаны жиберди. Бул эмнени билдирет? Экспорт өнүгүп атат, токтоп калган жок. Бир эле талап коюлууда – балык продукциясына тиешелүү ветеринардык-санитардык жана техникалык регламенттерди бузбай сактагыла, ошонун негизинде жол ачык деп атышат".

Буга чейин балык экспортчуларынын ичинен "Аква Пром", "Тянь-Шань Фиш", "Аква Сервис", "Нурагрорыбпром" жана "Дары природы" компанияларынын уруксаты калыбына келтирилген болчу.

Чындап эле, Орусияга сатылган балык экспортунун көлөмү жыл сайын өсүп барат. Маселен, 2023- жана 2022-жылдын январь-август айындагы көлөмдү салыштырсак, өсүш дээрлик эки эсеге жеткен.

Балык чарба департаментинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстан 5183 тонна балык экспорттогон. 2022-жылы экспорттун көлөмү бир кыйла азайып, 3654 тоннадай болгон.

Кыргызстан балыкты негизинен үч эле өлкөгө экспорттойт. Анын 2/3 бөлүгү Орусияга жөнөтүлөт. Андан кийин Литва менен Казакстан турат.

Андыктан Орусиянын балык азыктарына киргизген чектөөлөрү Кыргызстандын чарбалары үчүн кооптуу коңгуроо катары кабыл алынды.

Кыргызстандын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун химиялык-токсикологиялык жана ветеринардык-санитардык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Эрмек Курманкулов Евразия экономикалык биримдигинин жалпыга таандык регламентине карабай, Орусия импорттолгон товарларга өзүнүн ички талаптарына ылайык мониторинг жүргүзүп турарын айтат. Ошондуктан биримдиктин техрегламентинин талаптары боюнча даярдалып барган продукциялардан да чоочун элементтер табылып, көйгөй жаралышы ыктымал.

“Балык митеге чалдыгып, өлө баштаганда, балыкчылар эксперттерге кайрылып, алар ар кандай ыкмаларды айткан. Бизде ихтиопатологдордун жоктугунан улам ошентип атышат да алар дагы. Жеке менчик болгондуктан, ар ким ар кандай дарылай баштаган. Балыкчылар “бул жерде менин 5 миллион сомдук балыгым бар, өлүп атат, сактап калышым керек, насыя алгам” деп өздөрүнүн көйгөйүн айтып атышат. Дарылаганда, боёктор оңой менен өчпөйт экен. Боёк дегенде бриллиант зелень, кырмызы кристалл деген боёктор менен дарылашкан экен. Чындап эле балыктар өлбөй калыптыр. Бажы биримдигинде төрт антибиотик менен көзөмөл бар. Мына быйыл 70 антибиотикке көзөмөл киргизип атат. Бирок алар ЕАЭБ техрегламентинен тышкары Орусиянын ички мониторингин да жүргүзүшкөн. Ошондо Кыргызстандан барган балыктардан боёктор (антимикробдук дарылар) табылган. Ошонун негизинде алар чектөөлөрдү киргизе баштаган”, - деди Э.Курманкулов.

“Орустар эми балыктын баасын түшүрүп салышты”

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда балык өстүрүүгө ылайыктуу 2721 өзөн бар. Өлкө боюнча 274ү балык чарбаларынын мамлекеттик реестрине катталган, расмий иш алып барат. Мунун ичинен 73% Чүй облусунда жайгашкан.

Ошол эле маалда, мамлекеттик реестрде катталбаган, өз алдынча иш алып барган көлмөлөр да көп. Өз короосунда көлмө жасап алгандар, балыкчылыгын документтештирбей көмүскө иштегендер же токойчулук, жайыт багыттарындагы жер тилкелерин ижарага алып, бирок балык чарбасын уюштуруп алгандар да бар. Балык чарба ассоциациялары мындай көмүскө иштеген көлмөлөрдүн балык экспортуна кесепети көп тийерин айтып келет.

Кыргызстанда негизинен товардык балыктын эки түрү – кубулжума жилингир (радужная форель) жана бакма кыңылтыр (карп) өндүрүлөт. Реестрдеги балык чарбаларда 2021-жылы 10 миң тоннадан ашуун балык өндүрүлсө, 2022-жылы ал көлөм 21 миң тоннага жеткен. Быйылкы тогуз айда балык өндүрүүнүн көлөмү 23 миң тоннадан ашкан. Анын 60% Чүй облусунун аймагындагы көлмөлөргө таандык болсо, 90% кубулжума жилингир болуп эсептелет.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков октябрдын башында “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстандын балык чарбаларынын Орусияга экспорту акырындап калыбына келе баштаганын билдирген. Бирок баасында көйгөй жаралып жатканын айткан:

“Бүгүнкү күндө экспортко чыгаруу жагынан анча көйгөйлүү маселе жок. Маселе баада болуп чыкты. Себеби, биздин фермелердин өндүргөн балыгынын өздүк наркы менен сатуу баасынын ортосундагы айырма анча чоң болбой жатат. Балыктын чыгымынан 80% ашыгыраагы тоют болот. Балык этинин сапаттуу болуп, бат өсүшү үчүн абдан сапаттуу тоют керек. Ал чет мамлекеттерден сатылып келет. Биз балык чарбаларына жардам катары сатып келинген тоюттардын кошумча нарк салыгын алып салдык. Балык чарбаларга иш жүргүзүү боюнча макулдашууларды, четке чыгаруу боюнча шарттарды түзүп берүүнү, аларды текшерүүнү, жолдомо кагаздарды берүүнү жеңилдетүү аракетиндебиз. Көйгөйдү бул дагы толук чечпейт. Биз башка дагы мамлекеттерге экспортко чыгарганда, атаандаштык болгондо гана баа өсөт. 16-19-августта Министрлер кабинетинин төрагасы менен чогуу Кытайга барганда, ал жерде 20 миң тоннага келишим түзүлдү. Биз бул жактан балык этин экспорттойбуз. Эми ошого уруксат алуу маселелерин чечүү үчүн Кытайдын бажы комитети менен протоколго кол коюу керек. Ал бир топ процедуралык маселелер. Эгерде ушундай аракеттер менен бара турган болсок, жыл аягында же келерки жылдын башында ал жакты ачабыз”.

Балыкчылар дагы Орусияга экспортту чектөө маселеси аз-аздап чечилип жатканы менен, баа өтө түшүп кеткенин айтышууда. Буга Кыргызстандан балык импорттогон орус компаниясынын монополиялык үстөмдүгү себеп болуп жатканын белгилешет.

Муну менен катар, балык чарбаларынын өкүлү Артур Орусиянын кыргыз өндүрүмдөрүнө карата чечимдери саясий кырдаалдарга көбүрөөк байланыштуу деп эсептейт:

“Азыр монополия болуп атат. Орусиянын бир фирмасы бүт Кыргызстандын балыгын монополия кылып алган. Экспорт кылам десең, бир эле фирмага тапшырасың. Ал “Юнифрост” деген компания. Орусияга өзүң чыгара албайсың, уруксат жок. Бааны алар коюшат, “момундай баа менен алабыз, андан башка баа бербейбиз” деп коюшат. Сен ошого көнүшүң керек. Өзүң кардар таап өткөзө албайсың. Сөзсүз ошол фирмага тапшырасың, Орусиядагы кардарыңар ошол аркылуу алышат. Тигил фирма болсо өзүнүн пайызын кошот. Пайызын кошкондон тышкары, “мобул балыгың жагат, мобул жакпайт, мындай болуш керек, мунуңду кайтарам” дей берет. Кыйын болуп атат азыр. Менимче, муну саясий мотив менен чечип салышты. Бизде азыр балыкты төрт эле фирма чыгара алат. Ошолор менен сүйлөшүп эле, качан балык алып кетишет деп жалдырап турабыз. Алар дагы “бизге момунча тоннага билдирме келди, андан ашык ала албайбыз, алар бизге көлөм бербей жатышат” деп айтып атышат. Ошон үчүн баа түшүп атат. Быйыл баа аябай эле түштү, 300 сомго чейин түштү. Былтыр 450-500 сом болчу”.

Орусиянын "Юнифрост" компаниясы 12-октябрда өткөн кыргыз-орус аймактар аралык конференцияда Жалал-Абад облусунун аймагында балык чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырарын билдирген. Болжолдуу наркы 100 млн доллар турган бул долбоорду Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду каржылайт.

Балык өндүрүүдө өз ара ымала жок

Эксперттер Орусиянын бийлиги балыктын сапатына эмес, икра өндүрүүдөн баштап, даяр продукцияны импорттоого чейинки циклине маани беришерин белгилешет. Ал маселеде балык чарбаларында эле эмес, ветеринардык кызматта да, балык чарба департаментинде да бир топ кемчиликтер бар экенин айтышат.

Кыргызстандын балык чарбаларынын ассоциациясынын төрагасы Урмат Жумалиев балык экспортунун Орусияда көйгөйгө тушугушун ветеринардык кызматтын кетирген кемчиликтерине байланыштырды:

“Ветеринардык кызматтын анча-мынча каталары бар. Эски келишимдери бар болчу. Ошол келишимдери бүгүнкү күндө күчүнө кирди да. Ал күчүнө киргенде, Орусиянын ветеринардык кызматынын өкүлдөрү бул жакка келип, “балык туура эмес жол менен багылып жатыптыр” деген анча-мынча чектөөлөрдү коюп кеткен. Ошолорду ордуна келтиргенге аракет кылып атабыз. Орусиянын чектөөлөрү бизге негизинен Кыргызстанда өзүнүн лабораториясынын жоктугу менен байланыштуу. Бизде лаборатория бар, бирок анын анализдери чектелген. Чоңураак тизме киргизип, Орусияныкы менен салыштырып, ал жакта кылынган анализдер биздикинде да кылынса, ошондо чектөөлөрдүн баары өзүнөн-өзү жок болот эле. Балык Кыргызстанга урук кезинен баштап, кайсы жерден кайсы жерге жеткирилди, каякта өстүрүлдү, кайсы цехке ташып союлду, каякта тоңдурулду дегенге чейин документтери керек эле. Кыргызстанда көбүнчө чарбалар документсиз эле, өздөрү көлмө казып иштетип алышкан. Ветеринардык реестрде жок, бассейндердин номурлары жок. Көп ката кетирилген”.

Орус бийлиги соңку мезгилдерде Кыргызстандан барган азык-түлүктөрдү тыкыр мониторингге алып, алардын бир катарына чектөөлөрдү киргизип келет. Февралдагы балык азыктарынын экспортуна чектөөлөрдү салгандан кийин, апрель айында кыргызстандык “Тойбосс” колбасаларынан чочконун этинин ДНКсы жана соя табылганы жарыяланган. Андан көп узабай, Кыргызстандын сүт азыктарын алып кирүүгө да тыюу салынган. Россельхознадзор Кыргызстандын тиешелүү мекемелери экспорттолуучу сүт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоодо милдеттерин чабал аткарып жатканын билдирген.

Айрым эксперттер кыргыз экспортуна карата мындай чечимдерди Кремлдин геосаясий маанайына да байланыштырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG