Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын ташууга тыюу салды. Себеби эмнеде?


 Кыргызстанда чыгарылган сүт азыктарынын бири.
Кыргызстанда чыгарылган сүт азыктарынын бири.

Орусиянын Россельхознадзор мекемеси 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын ташууга тыюу салды. Буга өндүрүлгөн сүт кайдан, кандай сапатта алынып жатканы белгисиз деген жүйө келтирди. Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы буга байланыштуу Орусиядан кат келе электигин билдирип жатат.

Жогорку Кеңештин тармактын комитетинин 24-апрелдеги жыйынында айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров сүт маселесине байланыштуу кыргыз өкмөт өкүлдөрү Москва шаарында жүргөнүн билдирди. Анын маалымдашынча, сүйлөшүүлөр 24-апрелде өтөт.

"Сүт боюнча Россельхознадзордун чечими чыккандан бери иштер жүргүзүлүп жатат. Айыл чарба министринин бир орун басары учурда Москвада. Ал Россельхознадзордун башчысы менен жолугат. Ал жерде биздин элчи дагы болот. Анын жыйынтыгы менен маалымат берилет. Сүт азыктарынын 73% Казакстанга экспорттойбуз. Калганын Орусияга, Өзбекстанга жөнөтөбүз. Учурда Өзбекстанга экспортту көбөйтүү үчүн иштер жасалып жатат",-деди Алишеров.

Россельхознадзор 21-апрелден тартып Кыргызстандан Орусияга сүт азыктарын жөнөтүүгө сертификат берүүнү токтотуу керектигин билдирген. Мекеме 10-16-апрель күндөрү Орусияга сүт азыктарын ташыган кыргызстандык сүттү кайра иштетүүчү беш ишкананы текшерип чыгып, анын жыйынтыгында ушундай чечимге келгени белгилүү болду.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда сапатты жана коопсуздукту камсыздаган тиешелүү органдардын иши натыйжалуу эместиги аныкталды. Кыргыз ишканаларында чийки зат кайдан алынарын аныктаган система жок. Компаниялар документи жок сүттү алат, ошондой эле өнүм белгиси жок сакталат",- деп жазылган мекеменин расмий сайтында жарыяланган маалыматта.

Кыргызстанда жыл өткөн сайын сүттүн көлөмү көбөйүп жатканын Улуттук статистика комитети билдирген. Андагы маалыматка таянсак, 2021-жылы 1 млн. 698 миң тонна, 2022-жылы 1 млн. 734 миң сүт өндүрүлгөн.

Чүйдүн Ысык-Ата районунда жайгкашкан "Жыргал сүт" кооперативи күнүнө 40 тоннага чейин сүт кабыл алып, аны "Бишкек сүт" жана "Үмүт и Ко"ишканаларына өткөрөт. Элден чогултуп алгандан кийин бир литрин 34-35 сомдон баалаган кооперативдин ишин 10-апрелде Орусиянын Россельхознадзор мекемесинин өкүлдөрү текшерип кеткен. Кооперативдин жетекчиси, Сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Нурбек Жыргалбаев алар ишке жакшы баа берип кеткенин айтууда.

"Орусиялыктар келип, биздин иш менен таанышканда сүттүн сапатын, майлуулугун текшере турган лабораториябызды, ферманын өзүн, сүт ташыган унааларыбызды, жумушчуларыбыз, бардык жабдыктарыбызды көрсөткөнбүз. Андан сырткары тооктон тарта топозго чейин жеп, семире турчу силос тоютунун жасалышын, анын курамын да көргөзүп, айтып бердик. Алар биздин иш жогорку деңгээлде жүрүп жатканын айтышкан. Анан эле Орусия кыргыз өндүргөн сүттү албайт дегени бизди таң калтырды, бирок бул фермерлерди кейитпеши керек".


Нурбек Жыргалбаевдин айтымында, Кыргызстандын тоолуу аймактарында жашагандардын көбү сүттөн киреше табат. Мындан улам бодо мал баккандар көп.

"Айылдарда жашагандардын караганы эле уй. Ар бир үйдө жок дегенде 1 же 2 уй багылып, андан алынган сүткө бир үй-бүлө жан багат. Жакырчылыктан чыгаруу программаларында да кээ бир үй-бүлөлөргө саан уй берилип атат. Ошондуктан "сүт абдан көп өндүрүлүп атат, ал кайдан алынган" деген кооптонуу болбошу керек. Мисалы, биздеги сүттөн жасалган азыктардын 70% Казакстанга, 15-20% гана Орусияга кетет, калганы ички рынокту жабат. Орусия албай калса сүттү чыгаруу, аны сатуу кыйындап кетет дегенден алыс болуу керек. Маселен, биз азыр коңшу Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу макулдашууга жетишип калдык. Сүттү кайра иштеткен заводдордун да реестри түзүлүп, эл аралык шарттарга ылайыкташылды. Буюрса сүт азыктарын ошо өлкөгө чыгарабыз. Демек, Орусия албай калды деген продукция Өзбекстанга маселесиз кетет. Бул жерде болгону саясат бар. Биз сапаттуу же сапатсыз деп кабатыр болбой эле коюшубуз керек".

Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Аширбай Жусупов Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө салган тыюу боюнча маалымат берди. Ал 22-апрелде өткөн басма сөз жыйынында Орусиянын Россельхознадзор мекемесинен Кыргызстандын мамлекеттик мекемелерине эч кандай документ же кат келбегенин айтты.

Аширбай Жусупов
Аширбай Жусупов

“Россельхознадзордон кандайдыр бир талап болсо Кыргызстан баарын аткарганга даяр. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулуп жатканда биздин инспекция бардык ишканаларды ЕАЭБдин реестрине киргизгенбиз. Бир гана айырма - Кыргызстанда сүт малдын ээлеринен чогултулат. Алар ушул боюнча гана анча-мынча кемчиликтерди айтышкан. Мындан башка жүйөлүү себептер жок”.


Жусуповдун айтымында, сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын ЕАЭБдин жана Орусиянын талаптарына шайкештиги текшерилгенден кийин экспортту жандантуу маселеси каралышы мүмкүн.

Кыргызстандын заводдору Орусияга негизинен каймак, май, сыр экспорттойт. "Атамекендик өндүрүүчүлөр" мекемесинин аткаруучу директору Рустам Балтабаев Кыргызстан Орусиядан башка алтернативдүү жолдорду издеши керек деп эсептейт:

"Алар өз өндүрүшүн колдоп, өздөрүнө көбүрөөк көңүл бурууга өттү. Орусия ушуну менен биздин үчүнчү тармакты жаап, аны өз өлкөсүнө киргизбөө аракетин көрүүдө. Бул биз үчүн чоң белги болушу керек. Ошондуктан Орусиядан башка альтернативдүү жолдорду караштырып, ошол эле Кытай жана башка мамлекеттер сыяктуу өнөктөштөрдү табалы".

Ушул айдын башында Россельхознадзор кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбосс” компаниясы дооматты четке каккан.

Февралда Россельхознадзор Кыргызстандын балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатышат. Айыл чарбасы боюнча адис Манас Саматовдун баамында, кыргыз бийлиги чечкиндүү кадамдарга барып, өлкөдөгү дыйкандардын, фермерлердин продукциясын эркин сатууга шарт түзүп бериши керек:

Манас Саматов
Манас Саматов

"ЕАЭБ экономикалык укурук болуп, ал Орусиянын гана талаптарына жооп берген уюм катары түзүлгөн. Азыр ошонун жыйынтыгын көрүп атабыз, Орусия каалаган безгилде басым жасап, продукциясын киргизбей, баасын көтөрүп, каалаган саясатын жүргүзүүдө. Тилекке каршы, биримдикке кирип атканда бир дагы саясатчы буга каршы чыккан эмес. Бул биримдиктен чыкмайынча, эч кандай экономикалык өнүгүү болбойт. Алдыда алма, өрүк, кокон гилас сыяктуу мөмө-жемиштер бар, аларды да Орусияга экспортко чыгарууда тоскоолдуктар жаралат. Бул өлкө бардык нерсеге тыюу салып коюшу толук ыктымал. Мында элдин өзүнүн талабы күчтүү болуп, укугун коргоону кыргыз бийлигинен талап кылышы зарыл".

Талас жана Чүйдүн айрым айылдарынын эли буга чейин сүт арзан бааланып жатканына нааразы болуп чыгышкан, бир нече жолу кыргыз бийлигинин жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрүнө кайрылышкан.

Учурда ортомчулар 1 литр сүттүн баасын элден 26 сомдон алып, заводго 30 сомдон өткөрөт.

Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына караганда, биримдикке мүчө мамлекеттерде 2022-жылы 49 миллион 524,1 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Өндүрүштүн көлөмү боюнча Кыргызстан Казакстандан кийинки орунду ээлейт.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Уюмга мүчөлүк кылган өлкөлөрдө соода-сатык эркин болору айтылган. Бирок ишкерлер, саясат талдоочулар, экономисттер ЕАЭБдин негизги максаты аткарылбай калганын сындап келишет.

Мамлекеттер ортосунда эркин соода жүгүртүүдөгү кыйынчылыктарга дагы деле чекит коюла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG