Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:29

"Атыңды алмаштырып, Орусияга кире албайсың". Москванын миграциялык концепциясы


Орусиянын полициясы миграциялык борбордон чет элдик жаранды кармап баратат.
Орусиянын полициясы миграциялык борбордон чет элдик жаранды кармап баратат.

Орусиянын миграциялык концепциясына өзгөртүү киргизүү каралууда. Мамлекеттик Думанын "Справедливая Россия" фракциясынын депутаттары сунуш кылып жаткан документте административдик мыйзам бузган мигранттарды да өлкөдөн депортациялоо каралган. Анын авторлору азыркы миграция саясатынын концепциясы эскиргендиктен, документти жаңылоо зарыл деген жүйө келтирет.

"Бул социалдык чакырык"

Сунушталган вариантта ар бир ишканада эмгектенгендердин 5% гана мигранттар түзүшү керек. Андан тышкары чет жактан келгендерге мугалим, дарыгер, такси айдоочу болуп иштөөгө тыюу салынат.

"Мисалы, Орусияда эки мигрант мушташа кетти дейли. Эртеси алар учак менен өлкөсүнө депортацияланат жана эч качан Орусияга кайра кире алышпайт. Анткени биз алардын биометрикалык маалыматтарын билебиз. Айрымдары башка ат менен кайра кирүүгө аракет кылышат. Дал ушул биометрикалык маалыматтар мыйзамдагы "жылчыкты" жабат", - деди демилгечилердин бири, Мамлекеттик Думанын депутаты Дмитрий Гусев.

Аталган фракциянын дагы бир депутаты Геннадий Семигиндин эсебинде, Орусиянын “өтө жумшак” миграциялык саясатынан улам мигранттардын "өз эрежелери жана нормалары бар анклавдары түзүлүп жатат".

"Эмнеге биздин мечиттерге барбайсыңар деп сурадым. Алар "өзүбүздүн ибадат кылчу үйлөрүбүз бар" дешти. Ал жакта радикалдуу ислам бар. Ал жерде көбүнчө эмне таңууланат? Нааразычылык, жек көрүү, биздин жарандарды тоготпоо, радикалдуу ислам. Бул эмнеге алып келди? Мындан 30 же 15 жыл мурун жөө жүрүштөрдү, митингдерди уюштурушканы эсиңиздеби? Бул социалдык чакырык, алар бул жерде мигрант эмес, башкы экенин көрсөткүлөрү келет", - дейт Семигин.

Соңку бир нече айдан бери Мамлекеттик Думанын депутаттары мигранттарды тескей турган бир нече мыйзам долбоорлорун сунуштады. Ушул эле "Справедливая Россия" партиясы мектептердеги мигранттардын балдарынын санын чектөө демилгесин көтөрсө, КПРФ партиясы аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткан мигранттарды орус жарандыгынан чыгарууну сунуш кылган.

Орусиянын полициясы өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга айрым кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салууну караган мыйзам долбоорун даярдаганын жакында эле ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Рейддер токтой элек. Мигранттар бутада

Орусияда мигранттарга, анын ичинен борбор азиялыктарга каршы рейддер күчөгөнү кабарланып жатат. Жекшембиде Москванын жанындагы Реутов шаарында "Русская община", "Северный человек" деп атап алган уюмдардын өкүлдөрү атайын рейд өткөрүштү. Алар мигранттардын документтерин текшерип, полицияга жардам беришкен.

Рейддер шаардык базардын жана кийим тигүүчү фабриканын аймагында болгон. Жергиликтүү Телеграм-каналдарда жарыяланган видеолордо орус гвардиясынын автозактары соода түйүнүнүн аймагынан чыгып баратканын көрүүгө болот.

"Русская община" уюмунун маалыматы боюнча, рейддин катышуучулары 250гө жакын чет элдикти кармашкан. Алардын көбү миграциялык мыйзамдарды сакташкан эмес. Кармалгандардын айрымдары буга чейин орус жарандыгын алганы, бирок аскердик каттоого турбаганы айтылууда.

Буга чейин Москванын аэропортторунда мигранттардын бармак изин алуу жана сүрөткө түшүрүү иштери жүргүзүлө баштай турганы кабарланган. Мамлекеттик Думада сентябрдан тартып жарандык алган, армияга барбай, аскердик милдетин өтөбөгөн мурдагы мигранттарды жарандыктан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору каралары да маалымдалган.

Айрым маалыматтарга ылайык, мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөшкө жамынып орус бийлиги ал жакта иштеп жаткан чет өлкөлүктөрдү – айрыкча борбор азиялыктар менен кавказдыктарды Украинадагы согушка салууну көздөйт.

"Менимче, бул жерде бир нече фактор бар. Биринчиден, албетте, бул Украинага каршы согушта Орусиянын максаттарынын ишке ашпай жатышы. Бийликке кандайдыр бир жол менен өз натыйжалуулугун көрсөтүү керек болууда. Ушундай кырдаалда мигранттар өтө жеңил бутага айланууда. Аларды негизсиз эле кармап, камап, текшерүү менен бийлик натыйжалуу иштеп жатканын көрсөткүсү келет", - дейт орусиялык укук коргоочу Александр Ким.

Орусиядан 15 миң чет өлкөлүк депортация болду

Орусиянын Ички иштер министрлиги быйыл "Нелегал–2023" операциясынын алкагында 96 миң факт катталганын, 15 миң чет өлкөлүк депортация болгонун 7-ноябрда билдирген. Рейддер июнда жана октябрда жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө федералдык жана эл аралык издөөдө жүргөн 447 киши аныкталган.

Бирок канча мигрант Орусиядан чыгарылганы жана алар кайсы мамлекеттердин жарандары экени тууралуу маалыма берилген жок.

Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Орусиядан 1900 кыргызстандык депортация болгонун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков 13-ноябрда билдирди.

Анын айтымында, былтыр бир жыл ичинде Орусиядан 2200 кыргызстандык чыгарылган. Алардын депортацияланышына Орусиянын миграция мыйзамдарын бузганы тууралуу сот чечимдери негиз болгону кабарланды.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG