Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Green Card лотереясын кантип утса болот? АКШ элчилигинен кеңеш


Belarus - Green Card
Belarus - Green Card

Ушул тапта АКШда жашоого жана иштөөгө укук берген грин-карт (Green card) лотереясына каттоо жүрүп жатат. Жыл сайын Вашингтон иммиграциялык виза программасынын алкагында ар кайсы өлкөдөн келген иммигранттарга 55 миңге чейинки санда грин-карт берет. Бул лотереяга дүйнө жүзүнөн миллиондогон адам катышат. Соңку жылдары Кыргызстандан да лотереяга катышып жаткандардын саны кескин көбөйдү. Маселен, былтыр 55 178 кыргызстандык документ тапшырып, анын 1388ине ар түрдүүлүк визасы берилген. Грин-картка катышуунун жол – жобосу, шарттары кандай? Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмү “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Green Card лотереясы деген эмне жана ага кантип катышса болот?

- Көбүнчө Green Card лотереясы катары белгилүү болгон иммигранттардын ар түрдүүлүк виза программасы - Конгресстин ырастоосун алган программа. Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 55 миңге чейин ар түрдүүлүк визасы катуу талаптарга жооп берген, соңку убакытта Америка Кошмо Штаттарына болгон иммиграциянын деңгээли төмөн өлкөлөрдөн жана аймактардан келген талапкерлер үчүн берилет.

Талапкерлер бардык катталуулардын арасынан туш келди иргөө жолу менен тандалат.

Тапшыруу акысыз жана жөнөкөй! Талапкерлер ар түрдүүлүк визасынын электрондук формасына расмий веб-сайттан кире алат: dvprogram.state.gov

Биз тапшырууга укуктуу кыргызстандыктар арызды оңой жана так толтурушу үчүн ар бир кишинин ишенимдүү маалымат ресурстарына жетүүсүн камсыз кылгыбыз келет. Мамлекеттик департаменттин travel.state.gov сайтынан тышкары, АКШ элчилигинде ар түрдүүлүк визасын алуу процессине арналган веб-баракчасы бар. Ошондой эле анкетаны кантип толтуруу боюнча этап-этабы менен нускамаларды берген видео бар – аны менен таанышып көрүңүз! (Instagram, Facebook, YouTube).

Жөн гана эскертүү – арыздар 2023-жылдын 7-ноябрына, Чыгыш стандарт убактысы боюнча саат 12:00/Бишкек убактысы боюнча 23:00гө чейин кабыл алынышы керек.

- Green Card лотереясына кызыккандарга кандай кеңеш бересиз?

- Бизде абдан көп кеңештер бар! Биз ар түрдүүлүк АКШ коомчулугуна жана АКШнын экономикасына маанилүү салым кошорун билебиз. Андыктан Кыргыз Республикасынан келген бардык талапкерлердин арызды туура толтуруусун камсыз кылгыбыз келет.

Биринчи кезекте биз талапкерлерге ар түрдүүлүк визасын бөөдө каражат коротпой же эч кимдин жардамы жок эле өз алдынча алууну сунуштайбыз. Тапшыруу акысыз жана жөнөкөй. Талапкерлер үчүн арызды өз алдынча толтурууга жардам бере турган көптөгөн ресурстар бар - биз аны мурда кеңири айтып өткөнбүз.

Экинчиден, бардык талап кылынган маалыматтардын туура киргизилгендигин текшериңиз. Ар түрдүүлүк визасын алуу процессине жардам берүү үчүн сырттан келген уюмдун көмөгүн колдонуудагы тобокелдиктердин бири - фасилитатор ар түрдүүлүк визасын киргизүүдө талап кылынган бардык маалыматты туура киргизбей калышы мүмкүн. Туура эмес киргизилген же көрсөтүлбөй калган маалымат жыйынтыгында дисквалификацияга алып келиши мүмкүн.

Үчүнчүсү – ар түрдүүлүк визасына тапшыргандан кийин уникалдуу ырастоочу номуруңузду сактап калыңыз. Бул номур 2024-жылы май айында тандоолор жасалганда, арыздын статусун текшерүү үчүн керек болот.

Бул биздин эң негизги үч кеңешибиз. Бирок бул жерде дүйнө жүзүндөгү арыздарда көп кездешүүчү каталарга негизделген башка бир нече кеңеш да бар.

Мисалы, сүрөттү жүктөөдөн мурун анын акыркы алты айда тартылганын тактаңыз. Сүрөттөр ак же ачык түстөгү фондун алдында тартылып, жүзүңүздү баш кийимсиз жана көз айнексиз даана көрсөтүшү керек.

Бул жерде дагы бир жагдай – бир адам үчүн бир гана арыз тапшырыңыз. Ар түрдүүлүк виза сезонуна бирден ашык негизги арыз берген адамдар дисквалификацияланат.

Акырында, арызда жубайыңызды жана 21 жашка чыга элек, турмуш курбаган уул-кыздарыңыздын баарын көрсөтүүнү унутпаңыз. Эгерде жубайыңыз же бала-чакаңыз сиз менен саякатка чыкпаса же иммиграцияга кетпей турган болсо, анда аларды арызда көрсөтүүнүн кереги жок деген жаңылыш түшүнүк бар. Бул туура эмес. Жубайыңызды жана 21 жашка чейинки турмуш курбаган уул-кыздарыңыздын баарын, алар сиз менен саякатка чыкпаса же иммиграцияга кетпей турган болсо деле, тизмеге киргизиңиз деп өтүнөбүз.

Иллюстрация.
Иллюстрация.

- Грин-картага байланыштуу алдамчылыктан кантип сактанса болот?

- Бул сурооңуз үчүн чоң рахмат. АКШнын Бишкектеги элчилиги ар түрдүүлүк визасына тапшыргандардын шылуундарга алданып калбасын каалайт.

Биз ар түрдүүлүк визасы боюнча жардам көрсөтүү кызматтарын сунуштаган көптөгөн веб-сайттардын жарнамаларын байкап келебиз. Кыргыз Республикасында жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча көп түрдүүлүк визасын алууну жеңилдетүүнү, кажети жок көмөктү сунуштаган виза агенттерин же виза координаторлорун көрүп келебиз. Биз дароо эле айтып коёлу: сиздин ар түрдүүлүк визасын алуу мүмкүнчүлүгүңүздү жогорулатабыз деп убадалаган ар кандай адамдар же кызматтар чынчыл эмес. Визага туш келгенин иргөө учурунда сырттан эч ким таасир эте албайт.

Эгерде сиз ар түрдүүлүк визасын алуу үчүн бирөөдөн жардам алууну чечсеңиз, анда алдануудан сактануу үчүн үч нерсени кылсаңыз болот. Биринчиси – өзүңүз жана сиздин үй-бүлөңүз жөнүндө бардык маалымат туура киргизилгенин текшериңиз. Экинчиси – кирүү процессинин аягында тастыктоо баракчасында камтылган уникалдуу ырастоо номурун алып, сактап коюңуз. Талапкерлерге кагаз толтурууда жардам берген кээ бир абийирсиз виза уюштуруучулары ырастоо баракчасын алып калып, кийин ырастоочу номурду берүү үчүн акысына көбүрөөк акча же мыйзамсыз иш-аракеттерди талап кылат. Үчүнчү – кирүү үчүн өзүңүздүн электрондук почта дарегиңиздин колдонулушун камсыз кылыңыз.

Маалыматтарды киргизип бүткөндөн кийин, тандоолор 2024-жылы май айында жүргүзүлөрүн унутпаңыз. Биз буга чейин берген веб-сайт – dvprogram.state.gov – тандалганыңызды билүүнүн бирден бир жолу. Сиз тандалып калдыңыз деген телефон чалуу, кат же электрондук каттарга ишенбеңиз – бул алдамчылык. Департаменттен келген электрондук каттар талапкерлерге dvprogram.state.gov дарегиндеги талапкердин статусун текшерүү бөлүмүнө өткөнүн гана эскертет.

Эсиңизде болсун, эгер сиз шектүү бир нерсе алсаңыз же кандайдыр бир суроолоруңуз болсо же бир нерсеге тынчсыздансаңыз, АКШ Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылсаңыз болот.

- Акыркы жылдары Diversity Visa лотереясынын кыргызстандык катышуучуларынын канчасы утушка ээ болду жана алардын канчасы АКШ визасын алды?

- Мамлекеттик департамент өзүнүн виза статистикасын коомчулукка ачык жарыялап келет. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн каалагандар travel.state.gov сайтына кирсе болот. Бирок сизге түшүнүктүү болушу үчүн 2022-жылкы ар түрдүүлүк виза программасы боюнча дүйнө жүзүндөгү 6 миллиондон ашуун талапкердин ичинен 55 178 кыргызстандык лотереяга катышканын айтып коёюн. Ошол жылы кыргызстандык талапкерлер үчүн 1388 ар түрдүүлүк визасы берилген.

- Жылына орточо эсеп менен канча кыргызстандык лотереяга катышуу үчүн анкеталарды толтурат? Акыркы беш-алты жылда талапкерлер санынын өсүшү тууралуу айтсак болобу?

- Мамлекеттик департаменттин жарыяланган статистикасын карасаңыз, Кыргыз Республикасынан келген талапкерлердин саны өзгөрүлүп турат – кээ бир жылдары көбүрөөк талапкерлер кабыл алынса, башка жылдары азыраак болот. Бирок жалпысынан акыркы жылдары Кыргыз Республикасынан кайрылган талапкерлердин саны өсүүдө. Мисалы, 2016-финансы жылында 14 442 талапкер болсо, 2021-финансы жылында 55 178 талапкер болгон – дээрлик төрт эсе көп!

- Лотереянын катышуучуларынын жаш курагы тууралуу маалымат барбы? Лотереяга көбүнчө кайсы курактагылар катышат?

Мамлекеттик департамент ар түрдүүлүк визасы боюнча лотереяга катышуучулардын жашы боюнча бөлүштүрүүчү статистикалык маалыматтарды бербейт. Арыз берүү үчүн талап кылынган минималдуу жаш курагы жок, бирок арыз берген учурдагы ар бир башкы талапкер үчүн орто билим же иш тажрыйбасы боюнча коюлган талаптарга ылайык, 18 жашка чыга элек адамдардын көбү четтетилип, дисквалификациялайт.

Иллюстрация.
Иллюстрация.

- Белгилүү болгондой, лотереядан утуп алуу виза алуу дегенди билдирбейт. Кээ бир жеңүүчүлөргө, алар үчүн канчалык өкүнүчтүү болсо да, виза берилбейт. Баш тартуулардын негизги себеби эмнеде? Канчалык бөлүгү оңунан чыкпай калат?

- Ар түрдүүлүк виза лотереясына тандалган адам интервьюга чакырылбай же виза албай калышынын бир нече себеби бар. Арыз берүүгө кызыкдар болгондор үчүн биздин эң негизги кеңешибиз – программанын талаптарына жооп берээриңизди жана өтүнмөгө киргизген бардык маалыматтын так экенин текшериңиз. Мисалы, сиздин талап кылынгандай билимиңиз же иш тажрыйбаңыз барбы? Талапка туура келген үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн баарын коштуңуз беле? Туулган өлкөңүздүн аталышын туура жаздыңызбы? Бардык талап кылынган өтүнмө маалыматтарын так бердиңизби? Буларга байланышкан каталар адамды ар түрдүүлүк визасын алууга жарамсыз кылып коюшу мүмкүн.

Карала турган дагы бир жагдай – бул АКШга мурдагы саякаттан улам келип чыккан виза алууга коюлуучу чектөөлөр, виза арыздары же медициналык тоскоолдуктардан улам келип чыккан виза алууга коюлуучу чектөөлөр. Мурда Америка Кошмо Штаттарына саякаттап, уруксат берилген мөөнөттөн тышкары калып калган талапкерлер, мурунку виза арызына байланыштуу олуттуу фактыларды туура эмес көрсөткөндөр же учурда жугуштуу оорулары бар адамдар визага жараксыз деп табылышы мүмкүн. Иммиграция жана Жарандык актысында көрсөтүлгөн иммиграциялык визаларды алуу жарамсыздыгынын бардык негиздери ар түрдүүлүк визасына талапкерлерге тийиштүү. Ар түрдүүлүк визасынын талапкерлер үчүн берилбеши боюнча атайын жоболор жок.

Биз ошондой эле ар түрдүүлүк виза программасы ар бир финансылык жылда дүйнө жүзү боюнча 55 миңдей виза берүү менен чектелгенин ачык билебиз. Кээде, 2023-жылдагы Ар түрдүүлүк виза программасында болгондой, Мамлекеттик департамент каржы жылынын аягына чейин бардык колдо бар көп түрдүүлүк визаларын берип коёт. Бул тандалгандардын көңүлүн калтырганын билебиз. Эмне үчүн мындай болуп калат? Алгачкы тандалган 55 миң адамдын айрымдары виза алуу талаптарын аткара албай же программага катышпай калуу ыктымалдыгынан улам, жыл сайын ар түрдүүлүк виза программасына катышуу үчүн бар визалардын санынан көбүрөөк адамдар тандап алынат. Бул Америка Кошмо Штаттары ар жылы ар түрдүүлүк виза программасы боюнча жеткиликтүү визаларды толук берүү үчүн жасалат.

- 55 миңдей грин-карта аймактар боюнча кандай бөлүштүрүлөт? Мисалы, Борбор Азияга канча квота бөлүнөт? Алардын канчасы Кыргызстанга тиет?

- Бул суроону бергениңизге кубанычтабыз, анткени бул кеңири таралган жаңылыш түшүнүккө тиешелүү. Ар түрдүүлүк визалары айрым өлкөлөр арасында бөлүнбөйт. Мамлекеттик департамент алты географиялык аймактын арасында ар түрдүүлүк визаларын бөлүштүрөт жана ошол эле аймактан бардык талапкерлер туш келди иргеп алынат. Бир дагы өлкө бир жылдын ичинде ар түрдүүлүк визаларынын 7 пайыздан ашыгын ала албайт.

- Миграция жөнүндө бир аз кеп салалы. Акыркы жылдары кыргызстандыктардын АКШга барууга кызыгуусу бир топ өскөн. Кыргызстандыктардын АКШга миграциялык агымы көбөйгөндүгү тууралуу маалыматыңыз барбы?

- Америка Кошмо Штаттарына кыргызстандыктардын миграциясынын агымы боюнча конкреттүү маалымат алуу үчүн сиз Мекен коопсуздук департаментине кайрылсаңыз болмок. Бирок биз бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мыйзамсыз миграциянын жана визаны туура эмес колдонуунун коркунучтарын айта кетүүнү туура көрдүк.

АКШга мыйзамсыз баруунун чыгымы эле ашыкча болбостон, кооптуу дагы. Мындай тобокелге барган адамдар жараат алып, кордолуп, атүгүл өлүмгө дуушар болушу, ошондой эле аткезчилер, адам сатуучулар жана башка кылмышкерлердин колуна түшүп калышы да ыктымал. Америка Кошмо Штаттарында мыйзамсыз жүргөн саякатчылар үчүн депортация болуп кетүү коркунучу бар. Алар кийин АКШ визасына биротоло жол жабылат.

Мындан тышкары, иммиграциялык эмес визаларды кыянаттык менен пайдалануу, анын ичинен АКШда туристтик виза менен иштөө, келечекте АКШ визасын алуу укугунан ажыратууга алып келиши мүмкүн.

Кээ бир кыргызстандыктардын чет өлкөлөргө саякатка чыгууну каалаган себептеринин бири жумуш табуу экенин түшүнөбүз. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын экономикасы өнүгүп, бардык жарандарын жумуш менен камсыздап, гүлдөп өнүп жатканын көргүсү келет.

Бул жалпы максатка карай иш алып баруунун бир жолу – жергиликтүү бизнести колдоо, анткени алар көбүрөөк жумуш орундарын түзө алат. Маселен, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) Ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү боюнча долбоору аркылуу көрсөткөн колдоосу менен беш жыл ичинде 28 миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлүп, 120 кыргызстандык бизнестеги кирешесин арттырууга жана жаңы рынокторго чыгууга жетишкен.

Биз ошондой эле Борбор Азиядагы бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү жакшыртуу жана чөлкөмдүн дүйнөлүк рынокторго жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатын көздөгөн “С5+1” келишимдерибиз жана программаларыбыз аркылуу Борбор Азиянын экономикаларын бириктирүү үчүн иштеп жатабыз. Бул иш-чаралар кыргыз компанияларына жаңы рынокторго чыгууга гана жардам бербестен, аймактагы америкалык инвесторлор үчүн да жагымдуу шарт түзөт.

Ушул жана башка америкалык-кыргыз кызматташуу аракеттери Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы адамдар акча таап, үй-бүлөлөрү менен бирге болушу үчүн өлкөдө көбүрөөк экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

- Кыргызстандыктарга туристтик, билим берүү жана бизнес визаларын кошкондо жылына орточо эсеп менен канча виза берилет?

- Иммиграциялык жана иммиграциялык эмес визалардын саны жылдан жылга өзгөрүп турат жана ар бир виза категориясы боюнча статистиканы travel.state.gov сайтынан таба аласыз. Мисалы, 2022-каржы жылында кыргызстандыктарга иммиграциялык эмес 4923 виза берилген.

Биз бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиз менен визаны күтүү убактысын талкуулоону каалайт элек, анткени бул көптөгөн саякатчылар үчүн маанилүү маселе экенин билебиз. АКШ Элчилигинин командасы визаны күтүү убактысын кыскартуу үчүн катуу иштеп жатат. Биз ачык-айкындыкты жакшыртуу үчүн жолугушуунун жаңы бөлүктөрүн жарыяладык, кызматчылардын санын көбөйттүк жана өз убагында жолугушууларды камсыз кылуу үчүн визага тапшыргандардын айрым категорияларына, мисалы, студенттерге артыкчылык бердик.

Бул аракеттер оң натыйжа берди – биз визаны күтүү убакытын кескин кыскарта алдык жана өткөн жылы өткөрүлгөн виза интервьюлардын санын дээрлик үч эсеге көбөйттүк.

АКШ элчилиги визаны күтүү убактысын кыскартууга жана мыйзамдуу саякатка көмөк көрсөтүүгө умтулат.

- Кыргызстандыктарга иммиграциялык эмес визаларды берүүдөн баш тартуулардын пайызы канча?

- Мамдепартамент улутуна жараша баш тартуу көрсөткүчтөрүн бербейт. Бирок иммиграциялык эмес визалар боюнча баш тартуунун негиздери боюнча жалпы статистика бар. Ар бир адам бул маалыматты travel.state.gov сайтынан алса болот.

Сиз бул маселе жөнүндө сураганыңыздан улам, биз иммиграциялык эмес виза тапшыруучулар үчүн арыз берүү процессин жеңилдетүүгө жардам бере турган маалымат бермекчибиз. Иммиграциялык эмес визалардын ар түрдүү категориялары бар жана алардын ар биринин өзүнүн өзгөчө талаптары бар. Бирок бул жерде айрым орчундуу кеңештерди бере кетейин.

Биринчиден, иммиграциялык эмес виза анкетасынын үлкөн бөлүгү – DS-160 – бир нече тилге которулганын билесизби? Алардын бири орус тили. Өтүнмө ээси каалаган тилин тандап, котормосун көрүү үчүн колдонмо бетиндеги каалаган сүйлөмдүн үстүнө курсорду алып барып көрсө болот.

Экинчиден, талапкерлер иммиграциялык эмес виза интервьюсуна даярдануу үчүн бир аз убакыт сарпташы керек. Жашооңуздун эң маанилүү жагдайлары жөнүндө ойлонуп көрүңүз, мисалы, үй-бүлөңүз, жумушуңуз, карьераңыз жана өзүңүзгө тиешелүү башка маалыматтар, эмне үчүн Америка Кошмо Штаттарына кыска убакыт жүргөндөн кийин кетүү жана визаны туура колдонуу тууралуу ой жүгүртүңүз. Сапардын себеби, жол чыгашалары үчүн каражат булагы жөнүндө айтууга даяр болуңуз жана жумушуңуз, бизнесиңиз же каржылык колдоо булагы жөнүндө так маалымат бериңиз.

Үчүнчүдөн, так маалыматтарды окуп, виза убада кылган шылуундардан сактаныңыз. Мисалы, АКШ өкмөтүнүн расмий электрондук почта даректери “.gov” менен аяктайт. ".gov" менен бүтпөгөн электрондук почта дарегинен келген визага байланыштуу бардык кат алышуулар шектүү катары каралышы керек.

Алдамчылыктан сактануу боюнча дагы бир кеңеш: эгерде конференция же иш-чаранын уюштуруучусу сизден визага, арызга же АКШнын башка мамлекеттик төлөмдөрүнө байланыштуу акча сурап жатса - бул алдамчылык. АКШнын Бишкектеги элчилиги виза алуу үчүн төлөмдөрдү Консулдук бөлүмдө виза алуу үчүн маектешүү күнү гана кабыл алат. Визага арыз берүү үчүн бардык жыйымдар АКШ элчилигинин веб-сайтында жарыяланган. Америка Кошмо Штаттарына болгон саякатка байланыштуу АКШ өкмөтүнүн кошумча төлөмдөрү жок.

Эсиңизде болсун, эгер сиз шектүү кат же билдирүү алсаңыз же кандайдыр бир суроолоруңуз же тынчсызданууларыңыз болсо, АКШ элчилигинин консулдук бөлүмүнө кайрылыңыз.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

"Азаттыктын" архиви. АКШга мыйзамсыз барган мигранттар тууралуу документалдык тасма:

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG