Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:32

Орусиядагы мигрантофобия: Муфтий эмнеден коркот?


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Орусияда борбор азиялык мигранттарды бутага алган рейддер тынымсыз жүрүүдө. Күч кызматтарынын такси айдагандарга чейин текшерип, мечиттерге кирип барганына нааразылык күч. Орус бийлиги "Нелегал–2023" операциясында 15 миң чет өлкөлүк депортация болгонун өткөн апта соңунда маалымдады.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тогуз айда мыйзам бузгандыгы үчүн 1900 кыргызстандык мекенине кайтарылганын билдирди.

"Текшерүүлөр токтой элек"

Борбор азиялык мигранттарга багытталган рейддер тартылган видеолор социалдык тармактарда байма-бай жарыяланып жатат. Текшерүүлөр дале тынымсыз жүрүп жатканын "Азаттык" байланышкан бир катар мекендештер дагы ырасташты.

Мигранттарды Москва облусундагы "Сахарово" борборуна жана "кирди-чыкты" үчүн чек арага чейин ташып, такси айдаган Бексултан Долонбай уулу депортация болгондор арбын экенин айтты. Ал Кыргызстанга которуу кезегин күтүп, эки айдан бери "Сахароводо" жаткан мекендештер бардыгын айтып берди.

"Депортациялар аябай көп. 40-45 күндөн бери жаткандар бар. "Сахароводогу" туугандарына посылка салышат, ошолорду ташып жаттым. Алардын көбү документ жасаткан, бирок базадан чыкпай эле кармалып калган. Орус паспорту болгондорду аскер комиссариатына алып кетип атат. Кыргызстандын паспорту болсо тийишпейт. Көбү Кыргызстанга учуп кетти. Эмнеге депортация болгонун кээ бирлери дагы деле түшүнбөйт, чек арадан кайтарылгандар бар".

Орус полициясы "Нелегал–2023" операциясында миграциялык мыйзамдарды бузган 96 миң учур катталганын, 15 миң чет өлкөлүк депортация болгонун билдирди. Ички иштер мекемесинин расмий өкүлү Ирина Волк мыйзамсыз мигранттарды аныктоо максатында андай текшерүүлөрдү туруктуу негизде өткөрүп туруу планы бардыгын 7-ноябрда айтты.

Ал операциянын жүрүшүндө федералдык жана эл аралык издөөдө жүргөн 447 киши аныкталганын кошумчалады. Бирок кайсы өлкөнүн канча жараны депортацияланганын так айткан жок.

Мигранттарга мамиле кандай?

Москвада айдоочу болуп иштеген Турат Бектенов дагы рейд учурунда кармалып, Кыргызстанга депортацияланып келген.

"Үч сутка милиция бөлүмүнө камады, анан сотко алып барып, айып пул жазып берди. Беш миң рубль айып пул төлөдүм дагы 10 күнгө жеткирбей чыгып кеттим. Сот болгондо акчаң, кеткенге мүмкүнчүлүгүң барбы деп сурайт экен. Эгер жок десең мурдагы мыйзам бузууларыңды дагы карап "Сахарового" алып барат. Ал жакта калган тааныштар менен сүйлөшүп турам. Азыр деле ошентип эле кармап, борборго алып барып жатыптыр. Полиция бөлүмүндө оор кылмыш кылган кылмышкердей эле кармайт экен. Кармаганда дагы кишендеп, адам өлтүргөндөй эле мамиле кылат экен. Мен кылмышкерминби, банкты тонодумбу десем дагы болбойт. Биз эмес, жапшаш кыздар, эжелерди ошентип кармашканын айтсаңыз. Камалгандан кийин ачка отурасың, эч ким менен жолуктурбайт, сүйлөштүрбөйт. Эми кетсем келбейм деп жаттым эле. Азыр Кыргызстанда эле иштеп жатам".

Екатеринбург шаарында иштеп жаткан Элдос маал-маалы менен мигранттар көп жерлерде жапырт рейддер жүрүп жатканын айтты.

"Екатеринбургда убактылуу турам. Бул жакта маал-маалы менен катуу рейддер жүрүп атат. Мисалы, жакында эле базарларды, мигранттар көп жүргөн жерлерди жапырт текшеришти. Туш келген мигранттардын баарын кармап, бир жерге алып барып, аеосуз уруп-сабашыптыр. Базарда соода кылган туугандарыбыздын колунда жүк ташуучу болуп иштеген тажикстандык жаранды катуу сабап коюшуп, ал ооруканага түшүп калды. Орус жеринде жүрүш коркунучтуу болуп калды. Бизге окшогон мигранттардын жүрөгүн түшүргөн ушундай рейддер маал-маалы менен болуп жатат".

Москвадагы кыргызстандыктарга укуктук жардам көрсөткөн активист Чынарбек Базарбаев Орусиянын ири шаарларындагы рейддерде кармалгандардын көбү депортация болуп жатканын белгиледи.

Чынарбек Базарбаев.
Чынарбек Базарбаев.

"Депортация болгондордун 80% каттоосу жана эмгек келишими базада жок болгон мекендештер. Алардын көбү алданып, жасалма документ көтөрүп жүргөндөр. Эмгек келишими жок болсо дагы өзү "мой.налог" деген тиркемени жүктөп алып, өз алдынча 4% салык төлөп турса автоматтык түрдө эмгек келишимин түзгөн болуп эсептелет. Ошонун негизинде аны кийинки жылы узартып алса болот".

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттыкка" билдиришкендей, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Орусиядан 1900 кыргызстандык депортация болду.

Москвадагы өкүлчүлүктүн жетекчиси Кубандык Акматбеков соңку бир жыл ичинде 2200 кыргызстандык чыгарылганын билдирди. Алар Орусиянын миграция мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу сот чечимдеринин негизинде депортацияланган.

Кубандык Акматбеков.
Кубандык Акматбеков.

"Нелегал" операциясы ЖККУнун алкагында болуп турат. Андай рейддер Кыргызстанда дагы өткөрүлүп турат. Акыркысы август айында болду. Анын алкагында бир аптадай катуу текшеришет. Калгандары күнүмдүк текшерүүлөр. Эгер документтери жайында болсо эч кимге тийишпейт. Азыр чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда кишилердин саны кескин өсүп кетти деген маселе жок. Мурда ал жакка түшкөн жарандардын саны 200дөн ашып кеткен болчу. Азыр орто эсеп менен 100гө чейин адам кармалып турат. Алар соттун чечими менен Кыргызстанга жөнөтүлөт".

Орусиядагы мигрантофобия

Украинадагы уруштан келген үрөй учурган жаңылыктар көбөйгөн сайын Орусиядагы мигранттар ар кандай куугунтукка кабылып жатканы тууралуу маалымат да байма-бай жайыла баштады. Айрыкча Борбор Азиядан барган мигранттар бутага илингени эч кимге жашыруун эмес.

Өткөн апта соңунда Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгы өлкөдө күч алган мигрантофобия маселесине тынчсыздануусун билдирди. Муфтий Альбир Крганов соңку кездери атайылап

Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Альбир Крганов
Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Альбир Крганов

мигранттарга каршы маанайды жаратып, улуттук кастыкты козутуу күч алганын белгиледи.

"Биз мигранттарга каршы маанай бул өлкөнүн жарандары болгон мусулмандарга өтүп кетет деп тынчсыздануудабыз. Анда бул толкунду ким токтотот?" - деди муфтий Крганов.

"Коммерсант" басылмасы Орусиянын Коомдук палатасы улут аралык мамилелерде "кастыктын тили кайтып келгенин" белгилегенин жазат.

“Справедливая Россия - За правду” партиясы мектептердеги мигранттардын балдарынын санын чектөө демилгесин көтөрсө, КПРФ партиясы аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткан мигранттарды орус паспортунан ажыратууну сунуш кылды.

Орусиянын Ички иштер министрлиги жакында Москванын аэропортторунда мигранттардан дактилоскопия (бармак издерин алуу) жана сүрөткө түшүрүү иштерин жүргүзө баштары кабарланды.

Мамлекеттик Думада орус паспортун алган, армияга барбай, аскердик милдетин өтөбөгөн мигранттарды жарандыктан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору каралары да маалымдалган.

Мигранттардын укуктарын коргогон Валентина Чупик Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жарандары көп кайрылып, полициянын куугунтугуна кабылганына даттанып, такай жардам сурашарын айтат. Адистер белгилегендей, социалдык сайттарда расисттик маанайдагы "кайсы бир этностук топ оор кылмыштарды жасап жатканы", "аялдарга, балдарга тийишкен мигранттар кооптуу экени" тууралуу посттордун жайылганы орус коомунда мигрантофобия күчөп баратканын көрсөтөт. Бийлик башындагылардын күнөөсү менен өлкөсү согушка аралашкан жерде коом күнөөлүүлөрдү "башкалардын" ичинен издей баштайт. Эң аярлуу топторду бутага алып, болгон күчүн алардан чыгарарын эксперттер белгилешет.

Айрым маалыматтарга ылайык, мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөшкө жамынып, Кремль орус жергесинде иштеп жаткан чет өлкөлүктөрдү – айрыкча борбор азиялыктар менен кавказдыктарды Украинадагы согушка салууну көздөйт. Полиция базарларда, мечиттерде рейд жүргүзүп, кармалгандарды аскер комиссариаттарына алып барышканын күбөлөр да, медиа каражаттары да кабарлаган.

Москва Украинага кол салгандан кийин Орусияда эмгектенген кыргызстандык айрым мигранттар паспорт алуу үчүн келишимдик негизде согушка кеткени белгилүү болгон. "Азаттык" абакта жаткан бир канча кыргыз жарандары "Вагнер" аскердик тобу менен келишим түзүп, согушка кеткенин, алардын 10дон ашууну каза болгонун аныктаган.

Урушта каза тапкандардын жакындары маркумдардын чоочун жерге өзү барганына ишенбей, мажбурлоо болушу мүмкүн деп шек санашат.

“Вагнердин” азгырыгы: абактан ажалга айдалгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:55 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG