Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:54

Орусиянын "Новочеркасск" кемесинин 33 кызматкери дайынсыз экени кабарланды


Феодосия портундагы өрт.
Феодосия портундагы өрт.

Орусиянын Кара деңиздеги "Новочеркасск" десанттык кемеси Украинанын чабуулуна кабылгандан кийин андагы моряктардын кеминде 33ү дайынсыз болуп жатканын бүгүн 27-декабрда "Астра" Telegram каналы өз булактарына таянып жазды.

Кремль 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Феодосия портунда жээкте токтоп турган кемеге 26-декабрга караган түнү чабуул жасаганын Украинанын Аскердик аба күчтөрү тастыктаган.

"Астра" маалымдагандай, ошол учурда кемеде 77 моряк бар болчу. Дайыны табылбай жаткан 33 адамдан тышкары 19 моряк жараат алган.

Кеменин кызматкерлеринин штаттык саны 98 адам экенин, жарылуу учурунда анын ичинде адамдар иштеп жатканын, канчасы кеменин ичинен качып чыгууга үлгүргөнү белгисиз экенин буга чейин "Агентство" басылмасы да жазган.

Орусиянын расмий мекемелери бул боюнча эч кандай маалымат жарыялай элек.

Крымдын Орусия колдогон жетекчиси Сергей Аксёнов жай тургундар арасынан бир киши каза болгонун, дагы төртөө жараат алганын маалымдаган.

Кемени жок кылган жарылуунун күчү канчалык катуу болгонуна анын сыныктары чачырап жаткан видеолор далил экени социалдык түйүндөрдө кабарланууда.

Украинанын тактикалык авиация бөлүктөрү Кара деңиздеги Феодосия портун канаттуу ракеталар менен аткылаганын өлкөнүн Аскердик аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирип, аскерлер максатка ийгиликтүү жетишкенин белгилеген жана "Орусияда флот азайып баратат! Орусиянын Кара деңиз флотунун флагманы болгон «Москва» крейсеринин артынан бул жолу ири десанттык кеме "Новочеркасск“ жөнөдү. Аба күчтөрүнүн учкучтарына жана бардык тийиштүү адамдарга кылдат чеберчилик менен аткарылган иши үчүн ыраазычылыгымды билдирем", — деп жазган.

Орусиянын Кара деңиздеги флагманы болгон «Москва» 2022-жылы апрель айында, Кремль Украинага кол салган алгачкы айларда украин аскерлеринин чабуулунан кийин чөгүп кеткен. Бул окуя согуш башталганда Кара деңиздин жээгиндеги өз аймактарынын көбүн башкара албай калган Украинанын алгачкы ири жеңиши болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG