Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Опера жана балет театрындагы чыр ырбады


Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имараты. Бишкек.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имараты. Бишкек.

Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы чыр артисттердин маяна меселесин кайрадан күн тартибине алып чыкты. Маданият өкүлдөрү бул маселе эчак бышып жетилгенин билдиришүүдө.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын төрт солисти Бишкекте 9-мартта басма сөз жыйынын өткөрүп, акыркы окуя боюнча пикирлерин билдиришти. Кесиптик жамааттын атынан сүйлөп жатабыз деген артисттер Марат Сыдыков, Екатерина Белоус, Фарух Садыркулов жана Айдана Аднаева мекемедеги бир топ көйгөйлөрдү санап беришти.

Балет артисти Екатерина Белоус театрга коюлган коммерциялык спектаклдердин маселесин көтөрдү:

Екатерина Белоус
Екатерина Белоус

“Театрга, ошондой эле министрликке эч бир тиешеси жок уюм коммерциялык спектакль коёт. Биздин спектаклдердин баасы 100-450 сом. Коммерциялык спектаклге билет 1000-2000 сомго чейин чыгат. Бирок ал билеттин акчасы кайда кетерин билбейбиз. Биз 8-9 миң сом айлыгыбыздан башка кошумча акча албайбыз. Бул маселени биздин эмгек келишибиз туура түзүлүп, эмгегибиз акталсын деп көтөрүп жатабыз. Коммерциялык спектаклге биз бекер иштейбиз. 6-марттагы окуядан кийин көпчүлүк “бизди алдап жатасыңар” деген пикирин айтышты. Бирок, алардын билет үчүн төлөгөн акчасы кайсы жакка кетип жатканын көрсөткүбүз келди”.

Ошондой эле алар 6-марттагы чырдан кийин театрдын жетекчилиги жамаатка кысым көрсөтүп жатат деген пикирин айтышты.

6-мартта театрда “Ак куу көлү” спектаклин коёр алдында чыр чыккан. Мурда жарыялангандай ошол күнү төрт актылуу спектаклге Орусиянын балет өкүлдөрү Екатерина Первушина менен Сергей Мануйлов сахнага чыкмак. Билеттер жайгашкан ордуна жараша 1000 сомдон 2000 сомго чейин сатылган. Спектаклге баргандардын айтымында 853 орундуу театрдын ичи шыкала толгон.

Бирок, спектакль башталар алдында артисттер сахнага чыкпай коюшкан. Спектаклди уюштурган “Радужка” фонду окуяга кыргызстандык труппанын өкүлдөрү Орусиядан келген артисттер менен иштешкиси келбегени себеп болду деп түшүндүргөн. Ошондой эле гонорар маселеси да келип чыккан.

Фонддун жетекчиси Сагида Жумабекованын айтымында, орусиялык артисттерге гонорар акысын фонд бермек, ал эми спектаклге катышкан жергиликтүү артисттер акчаны Опера жана балет театрынан алышмак.

Бирок театрдын труппасынын өкүлү, балет репетитору Досмат Садыркулов Жумабекованын "Жергиликтүү артисттер орус жылдыздары менен сахнага чыккысы келбеди" дегенин четке каккан.

Театрдын солисти Марат Сыдыков гонорар тууралуу сөз болбогонун айтууда:

Марат Сыдыков
Марат Сыдыков

“Биз гонорар алган жокпуз. Биздин эмгек массовкада калды. Алдыга чет өлкөлүк эки артист чыгып, биздин бир жылда тапкан айлыгыбызды алар бир күндүк гонорары менен алып кетти. Менин угушумча коммерциялык спектакль койгондор театрдын ижара акысын эки эселеп төлөйт экен. Андан тышкары биздин акыбызды да театрдын кассасына берет деп уктук. Бирок, ал акча кандай бөлүштүрүлөт, билбейбиз”.

Театрдын жетекчиси Керим Турапов менен байланышканыбызда ал комментарий бере албастыгын билдирди. Бирок айрым маалымат каражаттары Тураповдун 6-марттагы чырга байланыштуу “мындан кийин коммерциялык спектаклдер болбойт” деп айтканын жазышты.

Бул окуяга байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги атайын комиссия түздү. Анын курамына юристтер, аудиторлор жана балет искусствосунун өкүлдөрү кирди.

Мекеменин өкүлү Айнура Асанбаева буларды айтты:

“Комиссия бейтарап болот. Алар 10 күн ичинде окуя боюнча эки тараптуу иликтөө жүргүзүп, театрдын жетекчилигине сунуш жибериши керек. Комиссиянын курамына Экотехинспекциянын өкүлдөрү да кирет”.

Искусство тармагы боюнча изилдөөчү Бакыт Болгомбаев маданият чөйрөсүндөгү, анын ичинде Опера жана балет театрындагы кырдаалды мындайча мүнөздөдү:

“Бул маселе кечээ же бүгүн эле чыккан жок. Мындай маселе маданият тармагында 30 жылдан бери топтолуп, жарылайын деп турган учуру. Бул тармакка карата бийликтин көңүлкош мамилеси ушуга жеткирди. Ал эми Опера жана балет театрындагы көрүнүш жамаат менен эсептешүү керек дегенди көрсөттү. Аларга шарт түзүп бериш керек деген чакырык болду десек болчудай. Ансыз да айлыктын аздыгынан опера жана балет тармагындагы мыкты таланттар буга чейин эле чет өлкөгө кетип калышкан. Азыркы чыккан маселеге да жакшы көңүл бурулбаса дагы далай артисттер кетип калышы мүмкүн”.

Керим Турапов Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрын 2019-жылдан бери жетектеп келе жатат.

Ага чейин театрдын директору болгон Болот Осмоновго байланышкан бир топ чуулуу иштер айтылып жүрөт. Осмонов учурунда маданий очокту көмүскө киреше табуу булагына айлантып алганы тууралуу уу-дуу кеп токтой элек.

Ал былтыр жыл этегинде «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен кармалган. Финансы полициясынын ошол кездеги маалыматы боюнча мамлекеттин жана маданият менен искусствонун кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүп, бюджетке бир миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталган деп айтылган.

Болот Осмонов 2019-жылы январь айында иштен бошогон. Ал иштен кетерде Улуттук опера жана балет театрында "Dota-2" деген аталыштагы тармактык компьютер оюндарынын мелдеши болуп, ал театр сүйүүчүлөрдүн сынына кабылган.

Мындан тышкары 2015-жылы Опера жана балет театрынын сахнасына дасторкон жайылып, жеке адамдын урматына шаан-шөкөт өткөнү, ага аткаминерлер катышканы катуу сынга кабылган эле.

XS
SM
MD
LG