Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Эки доордун эр жүрөк каарманы


Сулайман Күчүков (11.07.1889 – 02.11.1931) Биринчи дүйнөлүк согуш маалында, 1915-жыл.
Сулайман Күчүков (11.07.1889 – 02.11.1931) Биринчи дүйнөлүк согуш маалында, 1915-жыл.

Кыргыздын ичинен чыккан таланттуу колбашчы Сулайман Күчүковдун Биринчи дүйнөлүк согуш жана жарандык согуш маалындагы эрдиктери жана айырмалуу тагдыры тууралуу тарыхчы, доцент Таалайбек Жаркынбаевдин блогу.

Кыргыз тарыхында 1917-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнө чейин аскердик билим алып, офицердик чинге жетип, жогорку даражадагы аскердик сыйлыктарга ээ болгон кыргыздан чыккан жападан жалгыз бир эр азамат бар. Бул –– Сулайман Юнусович Күчүков. Бул каарман падышалык бийлик менен Совет бийлигинине опол тоодой кызматын өтөп, болгону 42 жашында көзү өткөн экен.

Сулайман Юнусович Күчүков 1889-жылы падышалык Орусиянын отордук аймагында – Фергана облусуна караштуу Ош үйөзүнүн Алай-Гүлчө болуштугунун Гүлчө айылында кыргыздын ичкилик уруусунун өкүлүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Жашынан жетим калган Сулайман он жашында Ташкенттеги Алай базарына мал айдап барып адашып, жоголуп көрүнгөн жерде баш паанектеп жүргөн жеринен, теги башкыр Юнус Кусуков аттуу жылкы соодасы менен алектенген соодагердин көз жаздымына илешип, аны ал бала катары асырап алган экен. Баласы жок соодагер Юнус ата Сулайманды багып алып, өзүнүн аты жөнүн ыйгарыптыр.

Сулаймандын (тегаты ыйгарылгандан кийин Күчүков болуп өзгөргөн) андан аркы тагдырына келсек, Юнустун аталык мээримине бөлөнүп эр жеткен соң, Сулайман Оренбург шаарындагы Экинчи Оренбург кадет корпусунда таалим алган (сүрөттө анын тизмеси бар).

С.Күчүков Биринчи дүйнөлүк согушка катышканга чейин Александр аскердик мектебинде таалим алган соң, кенже офицер болгондугу падышалык архивдик документте тастыкталган. Орусиянын мамлекеттик аскердик-тарыхый архиви.
С.Күчүков Биринчи дүйнөлүк согушка катышканга чейин Александр аскердик мектебинде таалим алган соң, кенже офицер болгондугу падышалык архивдик документте тастыкталган. Орусиянын мамлекеттик аскердик-тарыхый архиви.

Ал 1906-жылы 16-сентябрда кадеттер корпусунун биринчи баскычындагы толук курсун ийгиликтүү аяктайт. Андан соң Александр аскердик мектебин аяктайт. Ага 1908-жылы 15-июлда 1-Түркстан аткычтар полкунун подпоручиги, 1911-жылы 15-ноябрда поручик, 1915-жылы 21-июлда дивизиянын штабс-капитаны деген аскердик чиндер ыйгарылган.

Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда ал Орусиянын падышалык аскеринин чалгынчы атчандар дивизиясында командалык кылуу менен, жогорку офицерлер курамында кызмат кылган.

Сулайман Күчүков Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда бир катар каармандыктарды көрсөткөн. 1914-жылы 1-октябрь күнү польшалык Лык (полякча: Ełk, немисче: Lyck) шаарынын алдында кайзердик аскерлер менен айыгышкан беттешүү маалында ал курал-жарагын таштай алдастап артка чегинген өз карамагындагы орус жоокерлерин токтотуп, аларга дем-күч берип, кайрадан чабуулга өтүү менен душмандардын ээлигинде убактылуу калган оор артиллерияны жана пулемётторду кайтарып алууга жетишкен.

С.Күчүков эрдик кылган 1914-жылдагы окуя аскердик журналда катталып калган. Орусиянын мамлекеттик аскердик-тарыхый архиви. Фонд №3423, каттоо №1. Түркстан аткычтар полку. Иш кагаз № 10, 57-бет.
С.Күчүков эрдик кылган 1914-жылдагы окуя аскердик журналда катталып калган. Орусиянын мамлекеттик аскердик-тарыхый архиви. Фонд №3423, каттоо №1. Түркстан аткычтар полку. Иш кагаз № 10, 57-бет.

Натыйжада орус аскерлери душмандарды артка сүрүп, стратегиялык маанидеги кан жолду кайра ээлеп, негизги турумдарын бекемдеген экен.

Дагы бир жолу Сулайман Күчүков чалгын кошууну менен падыша Николай Романовдун тууганы генерал Гуревичтин зым тосмого оролуп курман болгон денесин душмандардын жамгырдай жааган огуна карабастан коопсуз аймакка алып чыккан. Анын өз өмүрүн тобокелге салган эрдигине күбө болгон британдык элчи Улуу Британиянын күжүрмөн жоокерлерге берилчү сыйлыгы болгон «Аскердик чырым» (Military Cross) деген медал менен сыйлаган (айрым адабиятта мбул медалды "Виктория чырымы" сыйлыгы менен чаташтырып келишет).

1915-жылы 20-апрелде С.Күчүков Биринчи дүйнөлүк согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн орусиялык падышанын буйругу менен «Каармандыгы үчүн» деген жазуусу бар жогорку аскердик сыйлыкка тете болгон төртүнчү даражадагы “Ыйык Анна” ордени менен сыйланган. Георгийлик кавалер сый наамына татыган штабс-капитан Сулайман Күчүков кыска аралыктын убагында полктун белгилүү баатырларынын катарын толуктаган.

Ал толук Георгий кавалери, б.а. анын төрт даражасынын ээси болгон жана Георгий кавалеринин аскердик алтын куралы менен сыйланган. Согуш учурунда жеңил жаракат алгандыгына байланыштуу аскердик эс алууга чыккан. Ал 1915-жылы 25-декабрда падышалык бийликтин буйругу менен мамлекеттик аскердик багыттагы жылкы ишканасынын башкы жетекчиси кызматын аркалаган.

1916-жылы өз мекенине кайтып келип Өзгөндүгү аскердик аткананы (конюшня) башкарып, согушуп жаткан армия үчүн асыл тукум жылкыларды даярдап багуу менен алектенген.

Албетте ат үстүндө жүрүп, душмандын мизин кайтарууда бир нече эрдиктерди көрсөткөн штабс-капитанды Ата Мекен үчүн маанилүү жылкычылык чарбасындагы бир топ маселелер кайдыгер калтырбады. Ал алгач Өзгөндөгү, андан кийин Оштогу мамлекеттик аскердик маанидеги атканалардын башчысы болуу менен бирге, асыл тукум жылкы багуу чарбасынын өнүгүүсүнө зор салымын кошту.

1917-жылдын күзүндөгү Октябь төңкөрүшүнүн алгачкы күндөрүндө, эс алуудагы штабс-капитан Сулайман Күчүковду ак гвардиячылардын «Түркстандагы аскердик уюмдун» көмүскөдөгү бөлүмү кайрадан Түштүк фронтко жиберип, ал оболу атаман Дутовдун командалылыгы астындагы казак-орус аскери менен биргеликте Оренбургду кайра басып алуу үчүн антисоветтик козголоңго катышкан.

Ак гвардиячы козголоңчулардын таш талканы чыккан соң, ал кайрадан ата мекенине кайтып келет. 1919-жылы жай айында генерал Муханов түзгөн орусиялык “Дыйкандар армиясы” менен корбашы Мадаминбектин Мусулмандар армиясынын биригишине С.Күчүков да чоң рол ойногон.

Басмачылык кыймылга арналган сүрөт көргөзмөсү. Ош шаары, Кыргызстан.
Басмачылык кыймылга арналган сүрөт көргөзмөсү. Ош шаары, Кыргызстан.

Белгилүү «амир лашкар башчылыкка» жеткен Мадаминбектин аскердик өкмөтүнүн курамында Сулайман Күчүковдон сырткары генерал Муханов, Скобелевдик белгилүү юрист, адвокат Ненсберг, легендарлуу генерал Корниловдун бир тууган иниси жана «Белкин» деген жашыруун ат менен жүргөн полковник Петр Григорьевич Корнилов жогорку жетекчи кызматтарга дайындалышкан. Ошондой эле Мусулмандык армияда аттуу баштуу офицер-генералдар кызмат кылган.

Мадаминбектин эпопеясы – өз алдынча терең иликтенчү тарых.

Кызыл командирлердин жана комиссарлардын мемуарларында Мадаминбекке кызмат кылган Сулайман Күчүков тажрыйбалуу аскердик стратег, бекем аскердик тартипти сактаган билимдүү офицер жана татыктуу душман катары эскерилет. Анын атчандар армиясына орус дыйкандардан сырткары Алай өрөөнүнөн Шамыбек Досматов, Барманас Сулайманов, Курманжан датканын неберелери Кадырбек Камчыбеков, Жамшидбек Карабеков жана башка белгилүү инсандар баш кошо баштаган.

Сулайман Күчүков менен Мадаминбектин ортосундагы бири-бирине болгон сый-урмат мамилелери жогору эле.

Ал Мадаминбектин ишеним арткан эң мыкты командирлердин бири болгон. Керек болсо ууру-кескилерден, кылмышкерлерден куралган майда-барат корбашчы, паңсаттардын жергиликтүү элге жасаган зордук зомбулуктары, акылга сыйбаган кылык-жоруктары үчүн жазалоо кызматын Мадаминбек так ушул Сулайман Күчүковго тапшырган. Бир жолу корбашы Калкожонун ээн баш кылыгы үчүн жайдак атка тескери мингизип айдактап жазалаган – дал ушул Сулайман Күчүков эле.

Совет бийлигинин күчөшү менен алсызданып бараткан Мадаминбектен «амир лашкар башчылык» даражаны тартып алууну кыялданган айлакер Калкожо бектин беделин түшүрүү үчүн түрлүү айла-амалдары колдонуп, Мадаминбектин ишеничтүү корбашчыларын көзүн тазалап, башка корбашчыларга шылтап коёр эле.

Бир жолу Гүлчөнүн аскердик сепилин ээлеп алган айлакер Калкожо Сулайман Күчүковдон эски кегин алуу максатында Мойдунбек менен кошо конокко чакырат. Сулайман Күчүков сепилдин босогосун аттаары менен колу-бутун байлап барымтага алат.

Колбашчысы туткундалгандыгын уккан Сулайман Күчүковдун жоокери болгон кыргыздар сепилди курчоого алып, Калкожонун терисин тескери сыйрыйбыз деп, ызырынышат. Колбашчы Сулайман Күчүковдун жаалданган колдоочуларынан чочулаган Мойдунбек (архивде – Муэтдинбек) Калкожого кошулуудан баш тартып, качып кетүүгө үлгүрөт.

Шаабайы сууган Калкожо Жаңы-Ноокаттан Гүлчөгө Мадаминбектин келе жаткан кабарын угуп, Сулайман Күчүковду кайра бошотуп жиберген экен.

Сулайман Күчүков Мадаминбекке ак дилинен ак кызмат кылды. Бирок, саясий кырдаалдын карапайым калайыкка аянган “кызылдардын” пайдасына өзгөрүп жаткандыгын сезген Сулайман Күчүков Совет бийлиги тарабына өтүүгө ниеттене баштады.

Мадаминбектин армиясынан анын Совет бийлигине өтүшүнө төмөнкү факторлор чоң роль ойногон. Алгач Мадаминбектин кол алдына, чачыранды өз алдынча аракеттенип жаткан майда паңсат, корбашылар биригип, Фергана өрөөнүндөгү көзөмөлдү 1920-жылдын жаз айларына чейин кармап турушкан.

Себеби жергиликтүү калк алгач Мадаминбектин кошуунун моралдык жана каржылык жактан колдоп кубаттаган. Түркстандагы оор кырдаалды сезген РСФСРдин Эл Комиссарлар Кеңеши 1919-жылы 11-августта Түркстан фронтун түзүп, анын командирлигине бишкектик Михаил Васильевич Фрунзени дайындаган. 8-октябрда жогорудагы органдын демилгеси менен Түркстан комиссиясы түзүлөт.

Тажрыйбалуу, саясий билими жетик большевиктер менен толукталган бул комиссия кырдаалды иликтеп чыгып, Фергана облусундагы тажрыйбасыз ревкомдордун жана реакциячыл маанайдагы коммунисттик идеология тууралуу таптакыр түшүнүгү жок дашнактар (армян кошуундары) менен толукталган Кызыл Армиянын айрым топторунун акылга сыйбаган ырайымсыз иш-аракеттерин ашкереледи. Комиссия айрым “кызыл” командирлерди революциячыл трибуналга берди, дашнактардын дружинасын таркатып, орус дыйкандар армиясын куралсыздандырды.

Кызыл Армиянын ишмердүүлүгү тартипке салынып, саясий окуу киргизилди. Ошентип Түрккомиссиянын мындай ишмердүүлүгүнүн натыйжасында Ферганадагы жана Алайдагы жергиликтүү калкта Совет бийлигине карата ишеним акырындап жаралып, айрым жерлерде басмачыларды колдоодон баш тарта башташты.

Түрккомиссиянын жетекчилигиндеги Фергана фронту эми басмачыларга каршы согушта корбашылардын ортосундагы карама-каршылыктарды кылдаттык менен өз пайдасына чечүү сыяктуу тактиканы пайдаланып, ийгиликке жетише баштаган. Натыйжада, басмачылардын толкуну басаңдап, бул кыймыл ич ара ыдырай баштады.

М.В.Фрунзенин жергиликтүү карапайым элдин кызыкчылыгын коргогон саясатын баамдаган Сулайман Күчүковдун Совет бийлигине өтүү ниети быша берди.

Советтик даңазалуу колбашчы Михаил Фрунзе. 1923-жыл.
Советтик даңазалуу колбашчы Михаил Фрунзе. 1923-жыл.

1920-жылы январь айында Гүлчө сепилинин алдындагы айыгышкан кагылышууда Алай өрөөнүнө сүрүлгөн Мадаминбектин кошууну талкаланып, орус генералы Муханов, Корнилов-«Белкиндер» өз ыктыяры менен Совет бийлигине баш ийгенден кийин, Сулайман Күчүков М.В.Фрунзенин кепилдиги боюнча 6-аткычтар бригадасынын командири П.М.Парамоновго 1500 кыргыз кошууну менен багынуу тууралуу убадасын берип, январь айынын аягында Алайда ал “Кызыл армия” тарабына өттү.

М.В.Фрунзенин демилгеси менен Кара Кыргыз улуттук атчандар полку түзүлүп, анын командирлигине Сулайман Күчүков дайындалды. Кызыл командир үчүн кечээги санаалаш корбашылары келишпес душманга айланды.

(Айтмакчы, советтик адабиятта С.Күчүковдун алгач басмачылык кыймылына жигердүү кызмат кылгандыгы тууралуу ачык айтылчу эмес).

Басмачылардын алсыз жактарын жакшы түшүнгөн Сулайман Күчүков бат эле чечкиндүүлүк менен күрөшкө аттанды. 1920-жылы февраль, март айларында анын колу Монстровдун калган каткан “Дыйкандар армиясын” куралсыздандырууга жигердүү катышты.

Сулайман Күчүковдун атчандар полку май айында Э.Кужелонун командалыгынын астында 2-Түркстан аткычтар дивизиясы менен биргеликте Алай өрөөнүнө сүрүлгөн басмачылар менен күрөшүүгө бет алды.

Алай өрөөнүнүн жер шартын, ашуу ыңгайларын жакшы билген Кадырбек Камчыбеков, Жамшидбек Карабеков сыяктуу белдүү кыргыздардан (алар да оболу басмачылар тарабында болгон) куралган атчандар полкунун командири Сулайман Күчүков эң алдынкы негизги турумду ээлеп, душмандарынын жайгашкан жеринен айланып өтүп, аркасынан сокку урган. Бул күжүрмөн аракеттер Э. Кужелого чоң ийгиликтерди алып келди.

Талдык ашуусу үчүн болгон урушта мына ушундай тактика менен “кызылдар” ашууну ээлешти. Андан ары Ак-Босого, Дароот-Коргон, Ачык-Алмага сүрүлгөн Көр Шерматтын, Аллаярдын, Нурматтын кошуунун талкалап, кызыл аскерлер капчыгай аркылуу Исфайрам дарыясына (азыркы Үч-Коргон, Кадамжай району) чыгышты.

Сулайман Күчүков өз полку менен Анжыяндагы Ахунжан корбашынын кошуунун куралсыздандыруу жана Бухараны бошотуу аскер өнөктүктөрүнө жигердүү катышкандыгы үчүн Революциялык Аскердик Кеңештин атайын алтын сааты менен сыйланган. Мадаминбектин Совет бийлигине өз ыктыяры менен багынып берип, Кызыл Армиянын катарына өтүшүнө Сулайман Күчүковдун салымы өтө чоң болгон.

Кара-Сакал кыштагы үчүн «амир лашкар башчы» Көр Шермат менен айыгышкан согуш Сулайман Күчүков үчүн акыркы кармаш эле, анткени Биринчи дүйнөлүк жана жарандык согуштун чыгаан баатыры ушул жерде оор жаракат алып, Көр Шерматтын туткунуна түшө жаздаган абалда калганда, өз жоокерлери чапчаңдык менен душмандын колунан командирин бошотуп алып, согуш талаасынан алып чыгып кетишти.

Сулайман Күчүков жетектеген Кара Кыргыз улуттук атчандар полкунун Алай өрөөнүнүндөгү басмачыларды куралсыздандыруу аракеттерине жигердүү катышкан күжүрмөн эрдиктери үчүн, М.В.Фрунзенин демилгеси менен Революциялык Аскердик Кеңештин буйругуна ылайык (РВСР №157) 1923-жылы 17-октябрда Сулайман Күчүков Аскердик Кызыл Туу ордени менен сыйланды.

Алган оор жаракатына байланыштуу Аскердик комиссиянын чечими менен эс алууга чыгып, мурдагы эле кесибин улантуу менен, ал алгач Оштогу, андан кийин Жалал-Абаттагы мамлекеттик жылкы ишканасын жетектеп, Кызыл армия үчүн асыл тукум жылкылардын резервин өнүктүрүүгө зор салымын кошту.

Өмүрүнүн аягында С.Күчүков Ташкентке көчүп барып Ташкенттеги ипподромдун курулушунун жеке демилгечиси болгондугу тууралуу маалыматтар айтылууда.

Үй-бүлө таржымакалына келсек, Сулайман Күчүков 22 жашында Касиет (Хассиятбүбү) Мар Карим-Раева деген кызга үйлөнгөн (ал 1894-жылы туулган).

Сулайман Күчүков Биринчи дүйнөлүк согуш маалында, Польшанын Варшава шаарында жубайы Касиет (Хассият) менен бирге түшкөн сүрөт. 1914-жыл.
Сулайман Күчүков Биринчи дүйнөлүк согуш маалында, Польшанын Варшава шаарында жубайы Касиет (Хассият) менен бирге түшкөн сүрөт. 1914-жыл.

Алар 12 балалуу болушкан, бирок алардын төртөө чарчап калганы айтылат. Калган балдары: уулдары – Рашид-Бек, Шах-Вали, кыздары – Диларам, Элмира, Мунира, , Гүлнур, Айниса (Ойниса), Рафаат.

Владимир Вертелецкий мырзанын жазышынча, Рашид-Бек менен Шах-Вали Улуу Ата мекендик согушта курман болушкан. Тун кызы Диларам кездемелерди боёо артелинде (азыркы Ташкент көркөм өнөр факбикасында) иштеген. Мунира Өзбекстан ИАсынын Геология жана геофизика институтунун илимий кызматкери болгон. Гүлнур – жумурияттык Биринчи кургак учук ооруканасында медайым болгон. Айниса менен Рафаат –– Навои атындагы Өзбекстан мамлекеттик опера жана балет театрында опера ырчысы болуп иштеп, Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти наамдарына ээ болушкан.

Кызы Рафаат: «Атам – өтө акылдуу, талантуу, билимдүү инсан эле. Бир канча тилде сүйлөп, музыкалык аспаптарда укмуш ойноочу. Ойногон аспаптары үйүбүздө сакталып турат», – деп эскерген жайлары бар.

Кыргыз тарыхындагы дээрлик унутта калтырылган залкар инсандарыбыздын арасында С.Күчүков бараандуу турат.

Падышалык күжүрмөн Георгий сыйлыгынын толук кавалеринин, анын аскердик алтын куралынын жана Аскердик Кызыл Туу орденинин ээси, кыргыздардын ичинен алгачкылардан болуп аскердик билим алган, басмачыларын катарында согушкан, кийинчерээк бул билимин советтик Түркстанды чыңдоого өз эрки менен жумшаган Сулайман Юнусович Күчүковдун өмүр таржымакалын терең изилдеп, тарыхый бейнесин ачып берүү менен анын өз доорундагы мекенчил мээнетин жана күжүрмөн эрдиктерин даңазалоо замандын талабы деп айтаар элем.

Бабабыз Сулайман Күчүковдун ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн атын кайсы бир аскердик окуу жайларга, аскердик бөлүктөргө коюу, жана ал жашаган жерлерди иликтеп, эгерде үйүнүн дареги такталса, эскерүү тактача орнотуп, айылдагы жана шаардагы көчөлөргө атын берүү, негизги шаарларда айкелин тургузуу иш-чараларын жүзөгө ашыруу алгылыктуу деп санайбыз.

Кыскача адабият тизмеси
Hayit, Baymirza. Basmacılar: Türkistan millî mücadele tarihi (1917-1934) – Türkiye Diyanet Vakfı, 1997. – 367 б. – ISBN 9753893051, 9789753893053.
Жаркынбаев Т.Ж. Материалы по истории басмаческого движения в Ферганской области (Доклады, стенографические отчеты Түрк ЦИК из архивных фондов). – Ош, 2003. – 105 б.
Жаркынбаев Т. Басмачылар тарыхта өз баасын алдыбы? // Заман Кыргызстан. – 2000. - 28-июль, - 11-август.
Жаркынбаев Т. Мойдунбек эл башыбы? корбашыбы? // Заман Кыргызстан. – 2003. – 17-январь – 24-январь.
Кунин А.И. Южная Киргизия в годы гражданской войны. – Фрунзе: АН.Кирг.ССР, 1981. – 142 -б.
Полыковский М. Мадаминбектин ойрондолушу. – Фрунзе, 1983. – 240 б.
Тунтеев Н. Командир красного полка // СК. – 10.03.2004. – 12-б.
Чекисты огненных лет. – Фрунзе, 1978. – 116 -б.
Интернеттеги шилтемелер:
Вертелецкий В. Штабс-капитан, курбаши, краском Сулейман Кучуков // mytashkent.uz. – 12.6.2020. – URL: https://mytashkent.uz/2020/06/12/shtabs-kapitan-kurbashi-kraskom-sulejman-kuchukov/
Милеев Д.М. Прекрасное – есть Жизнь!: (Записки художника Д.М.Милеева в 4-х частях). URL: https://www.dropbox.com/s/2xcvxtvbgot6tf3/Д.М.Милеев_Прекрасное_-_есть_Жизнь%21.pdf

Таалайбек Жаркынбаев,

тарых илимдеринин кандидаты,

ОшМУнун доценти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG