Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Маданият үйүндөгү эрежесиз эр уруш


Араван районундагы маданият үйү.
Араван районундагы маданият үйү.

Ош облусуна караштуу Араван районунун борборунда 20-январь күнү маданият үйүндө эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Бул коомчулукта талкууга алынып, кайчы пикирлерди жаратуу менен бирге көз жаздымда калып келген маданият тармагындагы маселелерди сууруп чыкты.

20-январда Араван районундагы маданият үйүндө өзбекстандык, тажикстандык жана жергиликтүү мушкерлердин катышуусунда эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш болуп өттү.

Иш-чаранын маданият үйүндө өтүшү коомчулукта кызуу талкууга түштү. Жергиликтүү бийлик бул мелдешти кадимки көрүнүш катары бааласа, коомдук активист Семетей Талас уулу муну маданий жайды тебелөө, сыйлабастык катары баалады.

Гүлмира Адырбаева.
Гүлмира Адырбаева.

Райондук маданият үйүнүн жетекчиси Гүлмира Адырбаева эр уруш боюнча мелдеш өткөрүү жөнүндө сунуш капыстан эле түшкөнүн жана анын жоопкерчилигин райондун акими мойнуна алганын айтты:

- Кантсе да райондун акими да. Баарыбыздын ишибиз бир, биз ага көз карандыбыз да, баары бир. Мен алардын алдында кичинекей кишимин. «Жоопкерчиликти өзүм алам» деди эле, мен болуптур дедим. Ишемби күнү булар таразага түштү. Кече саат болжолдуу 12лерден кийин жаш балдар арасында өттү, кечки саат алтыдан кийин чоңдор арасында болду.

Курбанбек Айтибаев.
Курбанбек Айтибаев.

Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев эрежесиз эр уруш болгон күнү өзү да катышып, сөз сүйлөгөн. Ал «Азаттыкка» эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш жаштар арасында достукту бекемдөө максатында өткөрүлгөнүн билдирди:

- Бул жерде «бир ишке жардам берип кой» деп чакырсаң балдар барбашы мүмкүн. Нараакта бирөөлөр мушташып жатса барышат. Бул психологиялык жагдай экен да. Бирок биз балдарды жамандыкка даярдоо эмес, ынтымакка чакыралы дегенбиз. Балдар ошону каалап, «Ошто болуп жатат, биз деле өткөрөлү, достуктун жолугушуусу болсун» деп келишсе өткөрөбүз да. Жаман жакка эмес да, баары мыйзам чегинде. Бул бири-бирин өлтүрүү эмес, мындайча айтканда достук жолугушуусу.

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

Коомдук активист жана журналист Семетей Талас уулу мындай таймаштардын пайдасы жок, ал криминалды күчөтүүгө, мыйзамсыз аракеттердин көбөйтүүгө түрткү болот деген пикирде.

- Баары эле чемпион болуп кетпейт, каалаганын коноктоп жүрөт да. Булардын аркасында баягы эле саясатчылар, криминалдык күчтөр турат, - деди ал. - Кыргызстан үчүн пайдасы деле жок. Спортчу болуп кичине жеңил акча таап алгандан кийин кара жумуштарга иштегиси келбейт да. Анан эле аткезчилик, ишкерликти калкалоо жактарына кетишет. Булар бардык стереотиптерди тебелеп-тепсеп жаткандан кийин маданият үйү эмне болуп калыптыр? Сыйлоо деген нерсе жок, баалуулук жок.

Маданият үйү сыртынан абалы жакшы көрүнгөнү менен ичине, чоң сахна жайгашкан бөлмөгө киргенде оңдоого муктаж экени байкалып турат. Сахнанын четинде «Маданият башкарууга эмес, кам көрүүгө муктаж» деген жазуу көзгө урунат. «Бул тармакка канчалык кам көрүлүп жатат?» деген суроого жетекчиси Гүлмира Адырбаева мындай жооп берди:

- Маданиятка районубуздун, айыл өкмөтүбүздүн көз карашы, жардамы, салымы чоң. Бизде мамлекеттик деңгээлде өткөрүлчү иш-чараларыбыз бар да. Ошолорду өткөрүүгө бизде аппаратыбыз жок. Ал үчүн жок дегенде 10-15 киловаттык чоң жабдык алыш керек. Биз аны ижарага алабыз. Бизде студиябыз жок. Анткени ырларды жаздырышыбыз керек, аны монтаждап, экспорттон өткөрүшүбүз керек. Мага караштуу сегиз айыл өкмөттүн элдик таланттарын аянтка алып чыгышым керек. Ошондой студиябыз жок.

Икбол Исаков.
Икбол Исаков.

Ал эми Араван районунда жаштар менен ондогон жылдан бери иштешип келе жаткан Икбол Исаков жаштардын маданий иштерге катышпай жатканы маданият кызматкерлеринин жаштардын талабына жараша көрсөтүп бере ала турган заманбап эч нерсеси жок экенинен кабар берерин айтты:

- Жаштардын маданий иш-чараларга кызыкпай, спортко кызыкканынан эмнени түшүнсөк болот? Маданият тармагында жасалып жаткан иштер натыйжалуубу же натыйжалуу эмеспи, ал иштер жаштарга кызыктуубу же жокпу деген суроо пайда болот. Бул жаштардын эрежесиз мушташка болгон кызыгуусунун көрсөткүчү. Аларды маданият тармагындагы иш-чараларга кызыктырыш үчүн аларга кызыктуу болгон темаларда иштер жасалышы керек да. Балким ошондуктан жаштар кызыкпай коюшкандыр?

Эрежесиз эр урушту Араван районундагы «Кабылан» спорт клубу уюштурган.

Толук бир жыл мурун 19-январда Бишкектин Опера жана балет театрында «Дота 2» онлайн оюну боюнча Кыргызстандагы алгачкы турнир болуп өткөн. Бул көрүнүш коомчулукта кызуу талкууланып, маданият министри Азамат Жаманкулов болсо, «мындай нерселерге тыюу салам» деп билдирген. Бул окуядан кийин театрдын жетекчиси алмашкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG