Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

Олжобай Шакир: Агартуучулук күрөштө “Азаттык” тоодой таяныч болду


Олжобай Шакир сот залында, 18-сентябрь, 2023-жыл
Олжобай Шакир сот залында, 18-сентябрь, 2023-жыл

Олжобай Шакир абактан жазган кезектеги катын адвокаты аркылуу берип жиберген.

Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

Автордун жазганы "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

10.12.23
Бизде сот системасы али жолго коюлбаганыбы же мага карата бийликтин атайын сценарийиби, айтор, 12-декабрь, саат: 15:00гө бир жума мурда белгиленген Аламүдүн райсотуна бүгүн алып барышкан жок. Күзөт кызматындагы дүжүрлөрдө да бүгүнкү менин сотум жөнүндө эч кабар жок экен. Аныгында кечээ кечинде эле дежурлардын кимиси болсо кабарлоого тийиш эле. Адатта кайсы бир арестанттын соту болордо бул жактагыларга алдын ала кабар кыларын билем. Бирок меникине келгенде эле эч кимисинде кабар болбогону кандай?..
***
Буга да кабагым-кашым деп отурат белем, эң башкысы – бул күндү да бекер өткөргөнүм жок...

Өзүмдү кандай кырдаалда болбосун бир калыпта тутууга үйрөтүүдө мунун баары. Бүгүн сотум болбой калгандан жер-асман аңтарылып кетет беле, маңдайга жазган күнү сот чечимин көрө жатарбыз. Жашоом токтоп калбайт, мен баягыдан да кайрат-демдүү болуп чыгам боштондукка.
Төрт ай мөөнөт эч нерсем кемиген жок, кайра өзүмдү таанууга кетти бул күндөр...
12.12.23

***
Коом агартуу аракетимде мага ийиндеш, мага жөлөк болуп келген “Азаттык” медиасы туурасында сөз кылгым бар. Жазуучулуктан сырткары агартуучулукта, жарандык коомдун активдүү өкүлү болууда “Азаттык” менин ишенимдүү өнөктөшүм болуп келет...

Эң оболу жеке турмушумдагы тагдыр сыноосу чайнады мени. Башымды жөлөр таяныч таппай жүргөн кезим эле ал. Тагдыр муштуму улам тоголото ургусу келди. Тагдыр мушу менин эле башыма кадалгансып, өмүрүмдө үч уктасам түшүмө кирбес түйшүк башталды жашоомдо. Жараткан мага жан этимен бүткөн уулумду өзгөчө жаратканын кабыл алдым. Ага дейре трансгендер адамдар жөнүндө учкай түшүнүктө жүрүп, өз башыма келгенде уулум мага устат болуп калса болобу... Өз чөйрөсүндөгү ЛГТБ коомундагы достору менен тааныштырды. Көзүм ошондо ачылды.

Гуманисттик аң-сезимимди уулумдун чөйрөсү калыптады ошондон баштап.
Көрсө, эзелтен жөө жомок менен келген элибиз илим эбак чекит койгон маселеден кыйла артта экенбиз. Терминдик түшүнүктөр калыптанбаптыр акыл-эсибизде. Анан өзүбүз түшүнбөгөн маселеде башкалардын үрөйүн учуруп, ЛГТБ мүчөлөрүн келекелеп, шылдыңдап, шыбыр-күбүр кеп кылган түркөйлүгүбүз калбай, аларга ыдык көргөзгөнүбүзчү! Баарынан да уулумдун досторунун арасында өз ата-энеси көрбөгөн кордукту көрсөткөн көздөрү чырактай жанган курбуларынын муң-зары, көз жашы жүрөгүмдү таарыды. Өз үй-бүлөсүнөн корунганы аз келгенсип, коомдук жайларда бетпактай көрүнгөнүчү.
***
Эң кокую – кыргыз журналистикасында кыргыз тилдүү, орус тилдүү журналисттер деле бул темада коомчулукка маалымат жеткирүүдөн катуу аксайт экен. Жадагалса темаларынын аталышында да ЛГТБ адамдарын басмырлаган, шылдыңдаган мүнөздөгү тексттерди көрүп, тизгинсиз көнгөн жаным жөн жүрөт белем, “Азаттыктын” жетекчилигине байланыштым да, коом агартуу аракетимди башкача деңгээлде уламак болдум. ЛГТБ темасына чап жабыштым. Кыртышты аңтарган буурусундай, кыргыз коомунда буга дейре чачты үрпөйтүп келген теманы казып окуп, өзүм аңдаган турмуштун көлөкө, жарыгын чагылдыра баштадым. Ал чечкиндүүлүккө барганым ырас убагында болуптур: телефонум тынбай калды. Мурда көмүскөдө жашырылып келген бул тема боюнча ата-энелер канча кайрылбады. Көрсө, Кудай башка салган сыноону көтөрө албай жүргөндөр көп экен. Бул көйгөйдү түшүнбөгөндүн далайы өз жанын кыйууга даяр болуп жүргөнүн уктум көбүнөн. Өз жан этинен бүткөн уул-кызын үйүнөн чыгарып салганы турган ата-энелер байланыша баштады мага. Ал кургурлар көңүл сооротор киши таппай, асман жерге аңтарылып калгансып мүңкүрөп жүрүшкөн экен. Кыргызда “ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт” накылы бозого мас болгончо тойгон бирөө жарымдын эле оозунан чыкпаса керек дедим ошондо. Жолуң болгур кыргыз жаап-жашырынып, корунуп, “эл эмне дейт?” түшүнүгүнөн чыкпай куурап жашаган калкпыз да-а!

Көптөрүнүн көңүлүн зилдетип келген теманы убагында көтөрүпмүн ырас. Албетте, далай мерте коомчулуктун төө бастысына калдым, бирок мен ансайын кайра кычап, кайра күчөнөт эмесминби, анча-мынча кепке териккенди билбейм. Ушу менин теримди сыйрып көрүшсө деле, кериктин терисиндей калың болсо керек дейм. Далайынын жаагын жап кылар аргументтер менен ар кимдин ар башка дөдөмөлдөрүн бош мүшөктү силкип ыргыткандай күрөш жүргүздүм. Ансыз коом агартуу ишинде көк бет, өжөр болбосоң, баштаган иштен майнап чыгабы...
***
Мына ушул чоң күрөштө мага “Азаттык” аска-тоодой таяныч болду. Коом агартуудагы ишенимдүү өнөктөш санадым жалпы командасын!
Кыргызда “айткандын оозу жаман” деп бекер айтпайт. Кайсы бийликтин тушунда болбосун, Ак үйдөгүлөрдүн асылганы - “Азаттык”! Себеби ал эркиндиктин жарчысы! А кыргыз бийлиги сөз эркиндигин, ой эркиндигин жапма челектей оозун бекем бууп, коомду ачытып-кычыткысы бар...
***
“Азаттыкты” жектөө – бул советтик коомдон калган эски түшүнүк. Тек биз баалуулуктар боюнча түшүнүгүбүз калыптана элек коом болгон үчүн эки жээкте акыйнек айтышкан абысындардан анча айырмаланбаган улут экенибизди моюндашыбыз керек.

***
"Чын-чынында биз улут катары да калыптана элекпиз", - деп кезинде Салижан Жигитов менен Алым Токтомушев ачуу кеп курганына көптөрү чычалашкан... Аныгында биз коом катары да калыптана элекпиз деп каңырыгы түтөп маек курган кайран устат-шакирт. Көрсө, улут, коом түшүнүгүндөгү терминдин тегерегинде деле акыл калчабайт экенбиз. Коом дегенди көп учурда жамаат, тайпа, көп адамдын башы кошулган көпчүлүк катары түшүнөбүз. Коомчулук – бул элдин сапаттуу катмары. Чоң күч. Элдин эң алдыңкы сабындагы аң-сезим, эс-акыл пештегендер.

Улуттун абийири саналган азчылык чөйрө. Бирок азчылык саналганы менен, анын караламан калкка таасири чоң. Караламан калк карайлап турганда баш-көз болор, жол көрсөтөр чырак. “Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан” коомдук катмар азырынча жетиле элек бизде! Илимий коомчулук да, чыгармачыл коомчулук да бизде өтө мажирөө. Коомдук-саясbй жараяндардан өздөрүн оолак туткан, өз жанынын тынчтыгын ойлоп, коомдук процесстерде бурчта жашынып шыкаалап көнүшкөн алар. Бизде аларды улуттун абийири, эс-акылы, аң-сезими, күзгүсү катары саноого болбойт.

Азырынча биз коомдук катмар санай турган жарандык коом менен эле эркин журналисттер журту бар. “Айткандын оозу жаман” болуп, бийликтин жана анын фейктеринин токонаалатына кабылган ушул “бузукулар” болбосо, биз анык жапма челек коомго айланып тынмакпыз!
***
Азыр биз элдин идиректүү көрөңгөсү саналган ошол азчылык коомдун канатын сындырып албасак экен. Аларды жерип, бизге бөлөк-бөтөн баалуулуктарды таңуулаган бузукулар, чыккынчылар катары санабай, тескерисинче, улуттун, элдин, өлкөнүн келечегине күйгөн коомдук катмар экенин аңдасак кана!

Учурда өздөрүнүн өмүрүн тобокелге байлагандардын арасы жукарды. Бүгүнкү бийликтин саясий технологдору чүкө калчап турган кезеңде “ач кулактан, тынч кулак” позициясына өттү көптөрү. Тилди тишке катканга өтүштү. Себеби биз сөз кылган азчылык коомду төө бастыга алдырып карап отуруп берди караламан калк. Эркиндиктин чегин куушуруп, жолун бууп коюу тез эле экен!

Арийне, убактылуу коомдук көрүнүш бул. Табиятта асманды дайым эле кара булут чулгап турбаган сыңары, коомдо деле түнөргөн булуттай учурлар болот. Ага туруштук бергени бар, бербегени бар...
***
Бүгүнкү саясий режимди да трагедия саноого болбойт. Биз канчалык жолубуздан көп адашсак, ошол адашуулардан алган тажрыйбабыз байып, мамлекеттин жерпайын түптөөдө ак-караны таанууга сонун ыңгай жаралды.
Бүгүнкү абалыбыз – элдин изденүүсү. Бийликтин аракети туура багыттабы, туура эмес багыттабы – мындан да эч нерсе жоготпойбуз. Эң башкысы – элибизде, жерибизде тынчтык болсун! Адамзат тарыхында кайсы держава, кандай империялар жаңылыштык кетирген эмес?! А биздин чакан өлкөнүн жаңылыштыгы эмне болуп калыптыр алардын алдында...
***

Батыш өлкөлөрүнүн башынан өткөн “Улуу депрессия” акыры аларды кандай сонун даңгыр жолго салса, биздин азыркы туңгуюк абалыбыз деле жөө тумандай тез эле тарап кетери турган иш. Биз табигый өсүү жолунда баратканыбыз бул.

Жарандык коом же “Азаттык” баш болгон эркин журналисттер журтунун өнөктөштүгү, тилектештиги кыргыз мамлекетине жол көрсөтөр азчылык көрүнөр, балким, бирок чоң күч алар!

Зоңкойгон автотранспортту кыймылга салар, ордунан жылдырар чоң күчкө ээ кымындай ачкыч болорун билебиз... Арийне, жогоруда сөзгө алынган коомдогу абийирдүү азчылык чөйрө деле өлкөдө чоң күч экенин унутпайлы!
***
Соңку каттарынын биринде Назгүл жазыптыр мага: “... сен алдыгы жакта жыргап жата бербей чыкканга аракет кыл. Соттор менен кайым айтышпа". Мындан ары бийликке каяша кылбайм десең эле бошоносуң деген ишенимде окшойт...

Жок, антпей калайын. Мен жиндини азыр түшүнбөйсүңөр. Адам кээде комфорт зонасынан да чыгып көрүшү керек окшойт. Илгери үңкүрдө шам чырак менен отурган адамдар бизден бактылуу болушкан. Депрессия, стресс эмне экенин билбесе да керек алар. Биз эле комфорт жашоонун эркесибиз, болор-болбосту көтөрө албай мүңкүрөйбүз. А мен темир тор артында өзүмдү таанып эле жөн калбай, өз организмимдин ар бир клеткасын болбосо да, моралдык ден соолугумду чыңап, кайсы бир уктап жаткан сезимдеримди ойготсом дейм...

***
Темир тордо жашоом токтоп калган жок, эң башкысы. Демек, пендечилик алсыздыгымды ушул жакта калтырып, итчилигимдин баарынан бошонуп, анан чыгышым керек дейм.

Адам аткырдын кээси баңгизаттан, кээси арактан ырахат алса, мен жинди өзүмдү таануудан ыракат алгым келет. Айрыкча медитация маалында демимди тыңшап, кан тамырларымда бүлк-бүлк соккон канды, жүрөктүн дүк-дүк дабышын укканда, шамалга ыргалган өсүмдүктөй чайпалып, тынчтык абалда болгондо, өзүмдү космостук байланышка чыккандай сезем. Албетте, үйгө бошонуп барганымда деле ушул ыракаттан ажырабайм дечи, бирок мага эптеп эле сырткы боштондукка чыгуунун амалы керек эмес. Сотторго же бийликке жалынып-жалбарар чоң ката кылган киши эмесмин. Мен бул жакта жазуучу катары темир тордогу пенделер тарткан туз даамды татып, ошолор жуткан абадан дем алып, өз доорумдун сырткы да, ички көмүскө жашоосуна да аралашып отурам...
***
Бул бийликтин акылы жетсе, мени үй камагына бошотуп деле саясатын жүргүзө берсе болот, абакта узакка кармап мени жазалайбыз деп ойлошор, балким. Бирок сырттагы жашоо менен бул жактагы жашоонун кайсынысы маңдайыма жазылса, көтөрбөскө чара жок... Кудай мени кандай жаратса, коом мени ошондой кабыл алсын...
13.12.23

***
СТАКАТО
(Эркин Европа/Азаттык радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Сагындык кызына арнайм)


Таап алган мажор, минор курбусун,
Жеңил, шайыр стаккато турмушум.

Ый, муң экен, күлкү кээде ыргагы,
Күлкүнүн да уулуу, ачуу тырмагы.

Боздоп кээде жашык болдум, ыйладым...
Муңум басып, муун-жүнүмдү чыйрадым.

Сыноолордо далай мерте элендим,
Сынбайын деп рух айбатка жөлөндүм.

Кайгы мүлжүп, карегимди жаш чалды...
Кайра жаңы канча кайгы башталды...

Жан дүйнөмө керексиз деп үйгөндүн,
Муң-кайгыга жеңил карап үйрөндүм.

Азыр шайыр стаккато турмушум
Жандап жүрөт минор, мажор курбусун...
14.12.23

***
Көпчүлүгү “Азаттыкка” жалпыга маалымдоо каражаты катары караса, мен ага агартуучу чоң айдың катары карайм. Коомдук-саясий агартуучулуктан тышкары элибиздин көмүскө тарыхында катылып жаткан тагдырларды, өжөр фактыларды чагылдырган баалуу маалыматтары канча...

Мамлекеттик архивде көмүлүп жаткан маалыматтар анча жандуу болбойт көп учурда, себеби коммунисттик системанын расмий маалыматтары көп учурда бурмаланган, идеология чыпкасынан тазаланган материалдарга таянбаган, шилтеме берилбеген архивдик материалдар көбү. Ошон үчүн жансыз маалыматтар...

Ал эми “Азаттыктын” тарыхый темаларын каза келсек, канатын жайган бүркүттөй тээ бийиктен көрөбүз ылдыйды. Коммунисттер көзүбүздү боёп келген идеологиянын кеспетинен өз тарыхыбыздан эч кабарсыз келгенибизди аңдайбыз. Биз көп учурда Ч.Айтматовдун “маңкурт” термининин маани-маңызына кеңири түшүнүктөн карабайбыз. Улуттук деңгээлдеги маңкурттугубуздун айынан “Азаттыкты” АКШнын саясий куралы, укуругу, бузуктуктун уюгу санап чочулашат. Аныгында биз улут катары өзүбүздү таанууга эң зарыл тарыхый материалдарды кайдан издешти билбей, баягы эле мамлекеттик архив сакталган материалдарга көбүрөөк ишенген адаттан арылбадык.
***
Аттуу-баштуу, коомдун алдыңкылары саналган интеллигенциябыздын көзү желкесинде экенине көп ынандым: китеп бетин ачпастар толтура арасында. Анан ошолор мектеп базасындагы билими менен, Совет өкмөтү таңуулап келген жаттама тарыхты бетине кармап, оозуңду жапкысы келгенде, күйбөгөнүң күл болот! Алар атасынын таламын талашкансып Совет тарыхын коргойт, улуттук кайра жаралуу сезимиңди өчүргүсү келет.

Улуттук баалуулуктарды коргогусу жок. Тескерисинче, бизди коммунисттер улут кылган, эл кылган деген дөдөмөлдөрдү дөөрүйт. Башкасын кой, большевиктер, коммунисттер улут каймактарынын көзүн тазалаган кулакка тартуу, репрессия окуяларына да чаң жугузбай коргогону канча?! Жакаңды уучтайсың... Ичиңден гана “йе, маңкурт” деп күрсүнгөндөн башка аргаң жок аларга.
***
Советтик армияга барганга чейин мал артынан калганым жок. Агам баккан колхоздун ак коюн көп кайтардым. Жаныма китеп алдырбай, колумдан алып коюшчу. “Китепке кирип кетип, мал жоготуп келесиң” дешчү. Башка арга жок, жаныма радио-кабылдагыч алып, эртеден-кечке эрмегим ошол.

Кээде “Азаттык” деген уктуруу пайда болуп калчу. Таптакыр мурда кулагың чалбаган маалыматтар жаңырчу анда. Үнү туптунук чыкпаса да “кыйч-куйч, шуу-чуу”. Бирок Совет өкмөтүнө каршы сүйлөгөн үнгө таңгалган боз улан курагымда ак-караны ажыратууга кайдан кудуретим жетсин... Кыргызча күү, комуз коштогон жаңылыктарга айран-таң калчумун.
Эми ойлосом, океандын ары жагындагы Азамат Алтайдын кыргыздын кыргыз экенин эске салар радио толкунун тыңшачу окшойм кой кайтарып жүрүп.

"Эки бир тууган 52 жылдан кийин гана көрүшүп, кучакташып ыйлашты"
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:46 0:00

Эми ойлосом, Азамат Алтай ошондо эле “Азаттык” аркылуу жүрөгүбүзгө улуттук сезимдин тамызгысын тутантчу турбайбы. Эми ойлосом, көк жал атка конгон залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков да “Азаттыкты” жашыруун тыңшап укканы үчүн өз замандаштарынын арасында улутчул мүнөздөгү дымак күтүп жүрчү тура.

Эми ойлосом, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тоталитардык советтик идеологиянын тетири жагын туйган себеби – ошондо эле Азамат Алтай менен кат алышып, туз-даам татышып, бетме-бет маектешип, кызыл чокту кебезге орогондой кылдаттык менен көркөм туюнтмаларында, метафора, символ, подтекст аркылуу бизди маңкуртка айлантар коммунисттик идеологиядан ишарат туюнткан даанышман болгон экен....

Кайран көк жал, кайран кеменгер, кайран көрөгөч Азамат Алтай кыргыз урпагынан тараган мекендештерине шам чырак болгон шекилдүү...

КГБ Азамат Алтайдын изине түшкөнүндө чоң мандем болгон экен. Эркиндиктин жарчысын жок кыла алышпай, тарыхыбыздын тамырын соолутпай, улуттук аң-сезимибизди, эс тутумубузду өчүрбөй сактагысы келген Азамат Алтайды жок кыла алышпай келген тура!

“Азаттыкты” бузукулардын уюгундай жектегенбиз эскилерден калган түшүнүк тура...

Эми ойлосом, бала күнүмдөн “бузуку” радиону тыңшачу экем.
“Азаттык” улутчул аң-сезимдегилердин уркун калыптап, чындыктын эки тарабы бар экенин туюнтуш үчүн “айткандын оозу жаман” болуп келгендей.
***
Биз күмөн санаганга да көнбөгөн элбиз. Совет заманы бизди бир беткей чындыкка үйрөтүп, бир беткей ойлонууга, бир добуштан макул болууга, бирдей тартипке баш ийүүгө көндүрүп келген.
***
Мамлекеттик маалымат булактарына гана байланып, бейтарап маалымат алуу эмне экенине ушуга чейин түшүнүктөрүбүз калыптана элек.
Көрсө, мени бала күнүмдөн шекчил, күмөнсүнгөн ойлорго түрткөн “бузук” радио болбосо, менин да көз карашым али күнгө жетилбей, али күнчө көзү желкесиндеги интеллигенциянын арасында маңкурт болуп жүрмөктүрмүн дейм...
***

А мүмкүн Борбор Азия боюнча Кыргызстан демократия аралчасы катары таанылганынын дагы бир себеби - Азамат Алтай демократия үрөнүн “Азаттык” аркылуу мурда эле сээп келген үчүн биздин коом эртерээк тамыр түйүп, кыртышыбыз даяр болду беле?.. Коңшу өлкөлөргө караганда 1990-жылдары А. Масалиевди нааразы митингдердин аркасы менен кызматтан четтетип, кийинки президенттерди да элдик толкундун күчү менен Ак үйдөн кетиргенибиз, мүмкүн, тышкы факторлордун гана фонудур?..

Демократиялык баалуулуктарга умтулган даярдыгыбыз жөндөн жөн эместир, балким? Арийне, Азамат Алтай сыяктуу Борбор Азия өлкөлөрүнөн эркиндиктин жарчысы болуп бирөө-жарымы чыкпаган үчүн коңшу өлкөлөрдө демократия дөөлөтү кас-кас туралбай аткан жокпу?..
***
“Азаттык” радиосунун толкуну Ат-Башынын алыскы Ак-Сай жайлоосунда кой кайтарган мага окшогон боз уландарды тургай, түмөн кыргыз урпагын куйма кулак өстүрүп келгендир, мүмкүн?..

Бул эми жеке өзүмдүн гана божомолум. Башкаларга таңуулагым жок муну. Арийне, кандай ийгиликке жетпейли, адегенде ички даярдык, өзөк калыптанбаса, баары өзүнөн өзү шыр кетпейт.
***
Улуттук кайра жаралуу сезимибиз 90-жылдары СССР ойрон болору менен “дүрт” жанган себебин биз алигиче терең аңдап, терең тааный элекпиз. Алигиче эгемен өлкөбүздүн тарыхында документалист жазуучу, тарыхчы, киночу, искусствовед, философ, саясий илимпоздор таназарга албай, тараза ташын салбай келген боштуктар көп бизде...
***
Башканы айтпайлы, айтматоведдердин бири да ушул күнгө дейре Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын ортосундагы алака мамиленин жемишин анализдеп, адабият илимине жаңылык алып келгенин көрө элекмин. Болсо да, балким кабарым жок.

Аныгында айтматоведдер (совет доорундагы) улуу жазуучунун чыгармаларындагы саясий көркөм концепцияларды анализдөө менен гана чектелсе, азыркы айтматоведдер Айтматов менен Азамат Алтайдын чыгармачылык өнөктөштүгү улуттук адабиятыбызга эмне берди деген маселени коёр кезең.
***
Айтматовдун адабий ориентациясынын учугун издөөдө америкалык журналист Жеффри Лилли “Тоолор кулаган доор” аттуу эмгеги да адабиятчыларга, жаңы маалымат булагы, жаңы ракурс, жаңы мотивдерди ачып берери шексиз...
14.12.23

ЭЛДИК КЕРБЕЗ
(Абу-Дабидеги Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин доценти, сыймыктуу мекендешибиз Жалалидин Жээнбайга арнайм)

Көз кыйырыбыз чокуларда, бийикте,
Көөдөнүбүз бут алдыда, чирикте.
Атпай журттун азап-шору – түркөйлүк
Арабызды качан болсо иритме.

Дымагы күч элбиз бийик көктөгү,
Мактанабыз жерге сабап өпкөнү.
Тайказанга таштагандай улакты,
Өзүбүзгө өзүбүзбүз көкбөрү.

Жел сөздөрдү учурабыз асманга,
Желпинебиз жер калтырбай басканга.
Бардык күчүн коротууга маштар бар
Башкаларга терең орун казганга!

Жеңил-желпи көкөлөөгө көнгөнбүз,
Жерге түшпөс жел өпкөбүз, көйрөңбүз.
Көккө кээде көкөлөтүп акмакты,
Көсөмдөрдүн о далайын көмгөнбүз...

Ооз көптүрсөк, бийик аска, тоодойбуз,
Ор казышып, бирок паста оонайбыз.
Жакшылыкта, жамандыкта колдошуп,
Кысталышта тооруп кайра доолайбыз.

Эрендер көп көктөн түшпөс көпкөндөн,
Эч тартынбас өз абийрин төккөндөн.
Чиренсе да кошоматтан уялбайт
Чилистендин бутун жалап өпкөндөн.

Төбөсү бир асман тиреп жөнөсө,
Төрө мүнөз күйбөйт жаны бөлөккө.
Манчырканып канча пейил күтсө да,
Мансапкорго күйпөлөктөп көлөкө.

Жел сөздөргө сандык болуп көмөкөй,
Жерде жүрөр мүнөз күтсөк жөнөкөй.
Желпинсеби: кээде кыргыз мактанып,
Жер шарында өзүн укмуш көрөт эй!

Эл болсок дейм: мактанбаган жөнөкөй!
Эл болсок дейм: мурас-сандык көмөкөй!
15.12.23

2013-жылы декабрда Араб өлкөлөрүн кыдырып жүргөндө Жалалидин Жээнбай менен биринчи мерте таанышып, ошондон бери ал инсанга урматым артып келет. Негедир, экөөбүз элибиздин кулк-мүнөзүн кеп кылууда сөздүн төбөсүнөн түшүп, күрсүнүп отурдук. Эзели Салижан Жигитовдон бөлөк кыргызды жеберине жеткире тилдеген адамга кезиккен эмесмин ага дейре. Салижан акеден кийинки реалдуу чындыкты тааныган Жалалидин байке болду ошондо.

Улуттук көйгөйүбүзгө каңырык түтөтүп, алыста жүрсө да элибиздин келечегинен санааркап отурду. Экөөбүзгө эки күн өтө аздык кылды. Басса-турса дидары ачык, чын дилден илим-билим жолун беттеген Жалалидин байке кийин Бишкекке каттап, биздин үйдөн даам татыштык. Ал кишиде убакыт тар болгонуна карабай, кийин “Дасмия” ресторанында сый тамак үстүндө сөз учугун улам чубап, экөөбүзгө анда да убакыт аз көрүндү.

Турмушта издешпей табышсак да, Жалалидин байкеге кезиккен сайын дүйнө таанымым кеңейе түшкөнсүйт. Ал кишинин ой чабыты, билими, анализи бүтүндөй ааламдын жылт эткен жарыгын көрсөтүп, ойго келбес идеялар ойгонот. Себеби Жалалидин байкени тыңшап отурганда, дүйнөлүк тажрыйбаларды кыйгап өтпөс мисалдары толтура. Адатта маектешиңдин кеби эмнеси менен байлап-матап алат, ортодогу сөз кезеги шахматтык жүрүштөй уланганда.

Профессионал шахматчылар бири бирин шаштырбайт, ортодогу оюн талаасын кунт коюп тиктеп, өз жүрүшү келгенде гана кайсы бир фигураны ордунан жылдырат.

Жалалидин байке менен кеп куруунун өзү да дал ушундай. Ортодо сөздү жула качып, билерман көрүнбөйт. Кеп удулун күтүп, сөз кезегин берип, көөдөнүңө уютку болуп калар мисалдарды алдыңан чубуртат. Күлүк ойлордун бирин кармап калсаң, артынан башка күлүк ойлору чубап, дүйнөлүк дүбүрттөн кабар берер, ориентир болор жемиштүү тажрыйбалардын мисалы менен, илим аныктаган акыйкат менен кеп куржунуңдун көзүн толтуруп салат...
***
Кыргызда илимдин тили менен, чындыктын тили менен сүйлөгөн киши чанда кезигет. Жалалидин байкенин урку да дал ошондой чанда кезигер кеменгерлердей... Ал киши менен божомол-дөдөмөл кептерге убакыт коробойт. Ар бир айткан-дегени жол көрсөтөр багыт, жемиштүү иштин үрөнүндөй...
***
Кээде “Азаттыкка” маектери жарыяланып калса, сөзүнө байланып калам. Жалалидин байкенин бет маңдайында отургандай кунт коюп тыңшайм маектерин. Кээде коом агартуу жаатындагы тилектештерим Жалалидин байкеге кезигип, акыл дасмиясын тыңшап келгенин айтып, суктанып, сыймыктанып калышат.
***
2014-жылы бекен, “Агым” гезитине Ж.Жээнбайдын эки бөлүктөн турган маегин жарыяладым, илим чөйрөсүндөгүлөр безге сайгандай болушту ал маегибизге. Дүйнөдөн артта калган коом экенибиз көрүнүп калды ал маегибизден, анан ачуу кепке терикпеген кыргыз чыкпай койчубу андайда...
***
Жалалидин Жээнбайдын бейнесине мынча токтолгон себебим: биз көп учурда акыл дарамети баралына келип тургандарды эмес, булчуң эти бууранын санындай мушкерлердин кара күчүн аздектеп, ошолорду арбын кеп кыла берип, арттагы муунга ориентирди туура эмес бергендейбиз. Албетте, элди спортко үгүттөп, кызыктыруубуз керек. Сөзсүз! Элге сергек жашоону кеп кылганыбызды айып көрбөйм. Бирок ошол эле убакта мекендештерибиздин арасында дүйнөлүк аренага илим-билим жаатында таймашка чыккандардын аты-жытынан кабары жоктор толтура!

Маселен, Асел Сартбаеванын дүйнөлүк ийгилигинен кабары жоктор четтен табылат. Бүтүндөй Европада опералык спектаклдери, концерттери аншлаг менен өткөн Жеңишбек Ысманов - учурда жылдызы жанган тенор ырчыбыз! Жеңишбектин атак-даңкына караганда той-топурда “даңк-дүңк” салган ырчы-чоорчуларды ооздон түшүрбөйбүз!..

Ошондон улам Жалалидин агабыздай саналуу мекендештерибиздин акыл казынасын арбыныраак чыпкап алаар эл болсок дейм...
***

Анан кайсы чөйрөгө кабылба, чала молдолордун оозун тиктегендер толтура бизде. Ансыз да көктү сүйлөгөн кыргыз арасында эми тозок менен бейиш ооздон түшпөй, теспе тартып күбүрөнгөндөр менен сүйлөшө келсең, келмең оозуңдан ыргыйт. Кыргыз урпагы эмес эле араб тукумунан чыккансып, улуттук дүйнө таанымыңды четке кагып керкейгендер толуп кетти арабызда. Илим-билимди кеп кылгылары жок! Беш маал намазга ар бирибиз жыгылсак эле өлкөнүн өнүгүү сырын Алла Таала колубузга салып берчүдөй ишендиришет.
***
Эгер “өз пайгамбарын тааныбас” эл болбойлу десек, эч болбосо алдыңкы көз караштагы илим-билимдүүлөрдүн зоболосун көтөрүп, ошолорго карап түзөнсөк дейм. Ошолордун айткан-дегенине кулак салбасак, түркөйлүк теориясы (теория невежество) каптап барат кыргызды. Көкөлөгөн мактанчаактыгыбыз түбүбүзгө жетпесин десек, жерге түшөлү. Жер үстүндөгү реалдуулук менен жашайлы. Диний жомоктор, кайдагы эскичил түшүнүк, салт-санааны жаңы заманга таңуулагандарды күзгү тутпай, Жалалидин Жээнбай сыяктуу акыл шооласынан жарык төгүлөр инсандарыбызды элге көбүрөөк тааныталы!
***
Ар бирибиздин акыл чөйчөгүбүз булак көзүндөй. Тоо койнунда чоңойгон ар бир кыргыз урпагы байкады бекен – жоон билектей булак сууларын. Жылжып агып отуруп булактар булакка кошулат. Кошула албаганы жарым жолдо соолуйт. Сапарын улай албайт. А бири бирине бой сунуп жеткен булак сууларынын улам көрөңгөсү арта берет, арбын сууга айланып, дагы ылдыйда аккан сууларга кошулат. Анан эле өзөндө күрпүлдөп аккан дайрага кошулат баары.

Суулардын эң улуу касиети - бири бирин жерибейт. Кайсы бир өзөндүн суусу ар нерсени агызып келсе да, койнуна аралаштырып, агын суу өзүн өзү ташка урунуп тазалап алат. Биз да ошол бала күнүбүздөн тоолордун арасында салаа-салаа аккан суулардай болсок кана! Улуу дайралар билектей жоон булактардын кошундусунан куралгандай, биз да улуу элдин курамын түптөгөн улут бололу десек, жерге, ылдыйга аксак дейм.
Ийгиликке жетүү үчүн сөзсүз эле көккө көкөлөп кереги жок. Соолубас булак ылдыйга агат, соолубас тамыр ылдыйга сүңгүйт. Өзөгүндөгү мөмө-жемиш берекелүү болсун үчүн өсүмдүк тамыры канчалык терең түп байласа, түшүмү ошончо артат. Булак суулары улам ылдыйлаган сайын улуу дайранын кубатына кошулган, өзү да дайра курамындагы күчкө ээ болот.

Андыктан Жалалидин Жээнбай сыяктуу көккө көкөлөп кетпеген, текебердик, менменсинүү, бой көтөрүүнү билбеген жөнөкөй даанышмандарыбызды көбүрөөк таанып, көрөңгөсүн алсак, акыл чөйчөгүбүздү толуктабайт белек. Улуттук тамырыбызды биз көктөн издебей, жерден издейли. Көпкө жетебиз ошондо гана. Көк асман бизден кайда качмак?...

Андыктан, жолуң болгур кыргыз урпагы, кербез мүнөздөнгөндү коюп, булак суусундай ылдыйдан издейли улуулукту. Мөмө-жемиши мол өсүмдүктөрдөй ылдыйдан, тереңден издейли ийгилик сырын!
***
Өтө бийиктен кулаган жаман. Өпкөң үзүлөт жерге согулганда. Кара жер балбан жаныңды сактап калалбайт анда эле. Тек чым жаздантып, өз койнуна тартат. Топурактан жаралганыбыз ошол. Топурак жытынан рахат издеп, жерге көбүрөөк ийилсек, жер карап уялганды билсек, өсөт элек...
***
Түшүмү мол сабактын өйдө караганын турмушта ким көргөн? Эч ким. Биз да мурдубуз көккө карап, канчалык асман тирегенсип бой көтөргөнүбүз менен, улуттук көрөңгөбүз бөксө экенин унутпайлы.

Улуттук көрөңгөбүздү арттырабыз десек, Жалалидин Жээнбайга окшогон кеменгерлерди Кыргызстанга көбүрөөк тартып, мектептерден баштап орто жана жогорку окуу жайларга мейманга чакырар болсок кана! Ал кишинин семинарларын кулагыбызга көбүрөөк сиңирүүгө азыр онлайн мүмкүнчүлүгүбүз турат. Бир гана окуу жайлар менен чектелбей, Улуттук илимдер академиясы деле Ж.Жээнбайдын семинарларын уюштурса неге болбосун?!
***
Буюрса, боштондукка чыкканымда бул саамалыкты өзүм да “РухЭш” аянтчасында колго алгым бар. Жалалидин агабыздын дайрадай оргуштаган акыл кубатына ошондо тамшанар далайы. Ал кишинин бейнесин бекеринен кеп кылбаганымды туяр окурмандар журту.
Арийне, азырынча ал киши тууралуу азыноолак анонсум ушул, бурадар!

***
БАЙКОО

Туш-тушунан кысса дагы темирлер,
Абактагы адамдарда пейил кең.

Мусапырлык адам кылып адамды,
Бири бирине кылат экен карамдуу.

Боштондукта жүрүп көбү дүйнө деп,
Темир тордо тең бөлгөнгө үйрөнөт.
15.12.23

***
Кечээ курултай жүрүшүн түз эфирден 1,5-2 саатча араң чыдап көрдүм. Өңчөй өлкөнү артка тартар немелер арбын экен делегаттардын арасында. Алардын оюнда, жеке секторлорду кайра мамлекетке кайтаруу керек имиш. Совет мезгилине кайтып барууну эңсегендик эмей эмне бул? Эгемендик мезгил элдин жашоосу эрте оңолгонунун эң башкы себеби, ар бир үй-бүлө жеке менчикке ээ болуп, тыңыраактары бизнес өндүрүш иши менен ирденди. Жеке менчикке канчалык жакшы шарт түзүлсө, жашообуз мындан да жеңилдеп, жеке ийгиликтер көбөйгөн сайын казынага салык арбын түшүп, жумуш орундар пайда болорун качан түшүнөбүз?

Жеке менчикке өткөн объектилер кайра мамлекетке кайтарылгандын жүзүн ары кылсын, ансыз да коррупция кокодон алган өлкөбүздө атка минерлердин алкы тыйылабы?! Ансыз да казынаны өөнөп, түрдүү көз боёмочулук тыйылбаган мамлекеттик системадагы башаламандыктарды жолго коё албай келаткан көр чеңгел чоңдор, буга дейре ирээтке салынып, кирешесин бере баштаган жеке мүлктү кайра эле талкалап, кайра эле совет доорундагы ташбака кыймылына салбайбы! Айтор, советтик түшүнүктөн али кете элек карапайым түшүнүктөгү делегаттардын көбүн чыдап угуу мүмкүн болбоду.

Курултай институту жеке адамдын зоболосуна сыйынган, бийликке малай болуп берер сунуш айткандардын эле отуруш деңгээлинен өйдө көтөрүлө албайт окшойт.
***
Регламент убактысы үч мүнөттөн берилгени гана жакты, көп делегаттын оюн угууга жакшы мүмкүнчүлүк экен бул. Негизи мамлекеттик деңгээлдеги иш-чарада же той-топурда болобу, кыргызың колуна микрофон тийсе, өзүнөн башка чечен жоктой сайрайт эмеспи. Кечээги курултайдын алып баруучусу Мыктыбек Абдылдаев регламент тартибин ырас бекем алып барды. Эгер микрофондун жаагын жап кылып турбаса, анык жадаткырлардын жыйыны болмок окшойт...
***
Курултай катышуучуларынын кебине кунт коюп отурсаң, өңчөй бийликтин тезистерин тотукуштай кайталагандары көп экен. Азыркы бийликтин каалоосун канааттандырар, “тандалмалар” болсо керек алар. Айрыкча мамкатчынын аудиториясы көбүрөөк тартылганбы, идеологияны сыйкырчынын таягын алмаштырар бир укмуш көрөт окшойт алар.
***
Албетте, 700 делегаттан баары эле жумурткадай окшош эместир. Арасында прогрессчили да бар чыгар, алардын ар бирин угуп чыкпагандан кийин бир өңчөй жыйынтык чыгаргым жок. Кандай болбосун өнүгүү жолун тандап, издене бергенибиз ийги. Курултай институту кандай жемиш берерин убакыт көрсөтөт.

Элибиз жаңылгандан, чалынып жыгылгандан коркпой кадам шилтей бергенинде кеп. Жыгылып, оонаган бойдон калат белек, жыгылган сайын туруп кетер кудуретке ээ бололу.
16.12.23

Курултай боюнча калыстык үчүн көңүл жылыган байкоомдо президент Садыр Жапаровдун үч позициясы жакты. Жер, суу маселеси боюнча расмий бийлик элге жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзө алчу эмес эле, бул мерте президент ток этер жерин айтты. Кыска, нуска дагы. Маселен, суу тартыштыгы жана коңшу өлкөлөргө суунун берилиши боюнча президент эл аралык уюмдардын алдындагы милдетибизди баса белгиледи. Биз көп учурда провинциалдык түшүнүктөн чыкпай, коңшу өлкөлөр менен алака түзүүдө эл аралык укук ченемдерин эске албайбыз.

Президент так ушул жобого таянды. Бул эл аралык саясат жүргүзүүдө эң маанилүү позиция. Тек карапайым элге муну жеткиликтүү түшүндүргөн саясатчылар аз. Көп учурда оппозиция деле мындай маселеге келгенде бийликтин алабармандыгы катары сыпаттап, ал тургай элге көчө деңгээлиндеги ушактай жайылтканын көрүп келебиз. “Бийлик жең ичинен коңшуларга суу сатууда” деген маанидеги так эмес маалыматтарды аттуу-баштуу саясатчылар деле курал кылып келгенин канча уктук?!
***
Жер трансформациясы боюнча маселелер да курултайда эң көп көтөрүлдү эле, мында да президент эң маанилүү приоритетти айтты. Шаар жеринде болсун, айыл жеринде болсун, жердин убалынан коркпогон элбиз. Баарын бош жаткан жердей бөлүп, айыл чарба жерлеринин канчасы жок болду. Жаңы конуштар, айылдар өсүп, жердин берекесин кетирдик.
***
Эгемендик жылдары Чүй менен Оштун канча миңдеген гектар жерлери төңкөрүш сайын басып алынып, жаңы конуштар каптап кетти. Бир да бийлик тушунда 50-100 жылдан кийин эл бакчу жерлерден кол жууп каларыбыз биринин эсине келген жок. Жайнаган жер үйлөрдөн көрө асман тиреген кабат үйлөрдү куруп, жерибизге сарамжал мамиле керектигин айткан президенттин бул позициясы эми реалдуу турмушубузда ишке ашканын тилейм!
***
Кайсы бир делегат мектеп көйгөйлөрүн айтып, айлыктын азынан пол жууй турган киши табылбаганын айтты эле, президент Жапония мисалын эң сонун келтирди!

Аныгында келечек муунду өз алдынчалыкка үйрөтүүдө бала бакча, мектеп жашынан тартып эмгекке багыттасак кана! Ар бир мектеп окуучусу өз мектебинин тазалыгын өзү колго алууга тийиш экенин тамаша-чыны аралаш айткан президенттин позициясы чынында турмушубузда колдонууга тийиш! Билим берүү министрлиги жапондордун тажрыйбасын орундатар болсо кана!
***
Арийне, президент мугалимдердин балдарды какыс-кукус кылганын “туура эле көргөнү” олдоксон айтылып калды. Көчөт муундун опуза астында өсүүсүнө бөгөт коёлу дегендин ордуна, “биз деле таяк менен өскөнбүз” дегени чоң муштум мугалимдерге дем-шык берип койбосо болду эми...
16.12.23

Бирөөдөн чыдамсыз кат күтүү сонун нерсе экенин абакта отурган төрт айда түшүндүм. Илгери армиядагы кезде үйдөгүлөрдүн катын кандай чыдамсыз күтсөм, бул жакта да ошол. Жума сайын Назгүлдөн келер катты күтөм, колго тийгенде ушундай кубаныч менен жыргап окуйм...

Үйдө жүргөнүмдө андай сезимдер кайдан болсун. Кээде жаныма келсе ыргыштап, колум бошобой атканына шылтоолоп, тоону томкорчудай көрүнчүмүн...

Ортодо канчалык жылуу мамиле болсо да, күнүмдүк ыбыр-сыбыр иштер адам көңүлүнөн да өйдө көрүнчү тура, аттиң!..
***
Жашоого биз дайыма бир гана ракурстан карап көнгөнбүз. А абакта отурган киши түрдүүчө карап, арттагы өмүргө сереп салууну үйрөнөт экен.
***
Лао-Цзы өз философиясында пенде баласы өзүн чектегенди да үйрөнүүсү керек деген апазды эскерет. Көрсө, менин азыркы абалым ошондой болгон үчүн го: чыгармачылыкта өндүрүмдүү иштеп, арттагы өмүргө эс-акыл калчоонун удулу келиптир.
***
Темир тор артында отургандар ичине бук толуп кетеби, кээде бакырып калышат, анан да ачуусун тыйа албаган кээси жанындагылар менен кажылдашып калышат. Урушат. Менде андай сабырсыздык боло элек, себеби мен эртеден кечке бош отурбайм. Бекерпоздор тарсайып үйлөнгөн шардай, болор болбоско жарылып, ачуусун башкалардан чыгарганын байкап калам.
***

Биз төрт шерикпиз бир камерада. Үч шеригим шайыр мүнөз, тамашакөй. Эртеден кечке кино көрүшөт. Дисктер толтура аларда. Арасында шахмат ойнойбуз. Кечээ шахмат боюнча үчөөбүз чемпионат уюштуруп, биринчиликти мен уттум. Жеңишимдин урматы үчүн бир жумалык дежурлуктан кутулдум. Төртөөбүз кезектешип, жумасына бир тазалык үчүн күрөшмөй: полду, унитазды, раковинаны, май чачыраган электро плитканы жууп-тазалап, полдогу килемди тазаламай. Төртөөбүз тең жерде кыл жатканын жактырбаган “каприз” мүнөзбүз.
***
Мурдагы камерада тазалык үчүн башка шериктештеримдин ар бири менен кыжыңдашар элем. Ал жак эки кишилик камера болгондуктан эки кишинин тазалыкка болгон мамилеси бирдей болуусу кыйын эле. А төрт кишилик азыркы камерамда тартип башынан бекем болгондуктан го: улам кийинки келгенин мурункулар оңой эле теске салып коюшса керек.
Бул жакка келгенимде эле мага эң жакканы ошол болду. Болбосо мурунку шериктеримдин ар бири алмашкан сайын, тазалык үчүн тилим тешилчү...
***
А бирок үйдө жүргөнүмдө менден өткөн эч ким шалаакы болчу эмес. Мен маамдын мойнуна минип жашачумун...
***
Жамааттык аң-сезимдин жакшы жери – мага окшошторду жоопкерчиликке тез эле көндүрүп коёт. Эмне иш кылба, айланаңдагылардын нааразычылыгын жаратпоо үчүн тыкан, жоопкерчиликтүү болууну ойлоносуң. А эки киши жашаган камерада андай атмосфера жок. Кандайдыр эки кишинин ички тирешүүсү кылтыйып көрүнүп турат. Ал эми төрт кишинин ортосунан ушул балээни көрбөдүм.
17.12.23
***
Медитация мен үчүн аалам ачкычындай. Өз жан дүйнөмдүн кооз керемет индустриясын, архитектурасын кура баштадым. Өз жан дүйнөмө өзүм инженермин.
18.12.23
***

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG