Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

Зомбулук көргөн аялдар, камалган активисттер, бөгөттөлгөн сайттар


Кемпир-Абад иши боюнча ачык сот өткөрүүнү талап кылган акция. Март, 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча ачык сот өткөрүүнү талап кылган акция. Март, 2023-жыл.

Кыргызстанда 2023-жылы үрөй учурган үй-бүлөлүк зомбулуктар катталды. Пикир билдирген бир катар активисттер суракка чакырылып же камалды. ЖМКга кысымдар болду, айрым сайттар жабылды.

2023-жылы Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугу өлкө ичинде эле эмес, эл аралык укук коргоо уюмдарынын дагы көңүлүн бурду. Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаеванын окуясы өтө кооптуу коңгуроо катары кабыл алынды.

Ошол эле маалда Фейсбуктагы пикири үчүн 70 жаштагы аялдын соттолушу, ЖМК, “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамдары сунушталып, эркин медиалар доого жыгылып, айрым сайттардын бөгөттөлүшү адам укугу жана сөз эркиндиги жаатында Кыргызстандын эл аралык рейтингдерине терс таасирин тийгизди.

2023-жыл ичиндеги адам укугу, жарандык коом, сөз эркиндигинин абалын талдайлы.

Аселдин окуясы өлкөдөгү абалды көрсөттү

2023-жылдын 20-сентябрында Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескилеп салган окуя коомчулукту нес кылды.

Бул окуя ансыз да өлкөдө кыз-келиндер укугу жетиштүү корголбойт деген сындарга дагы бир жүйө болду. Себеби, Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылып, сот органдарынан акыйкат таппай келгени ачыкка чыкты.

Асел Ногойбаева ооруканада.
Асел Ногойбаева ооруканада.

Коомчулук сынынан кийин гана Ногойбаевага зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсүн камакка албай, пробациялык негизде бошоткон Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов кызматтан алынды.

Аселге зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсүнүн иши 27-сентябрда шашылыш каралып, пробациялык жаза сегиз жылдык абак мөөнөтүнө алмаштырылды.

Сегиз сааттык операцияны баштан кечирген Асел бир айдай ооруканада жатып, үйүнө чыкты. Эми анын ден-соолугун калыбына келтирүү үчүн алдыда бир канча операция керек. Аселдин үрөй учурган окуясы - зомбулук көргөн ондогон аялдардын ачыкка чыккан бир гана учуру.

Индира Саутова.
Индира Саутова.

“Аселдин окуясы эмнени көрсөттү? Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо мыйзамынын иштебегенин көрсөттү. Ал мыйзамда белгиленген 17 мамлекеттик мекеменин иштебегенин көрсөттү. Ошол эле Саламаттык сактоо министрлигинин Аселди убагында дарылап, кабыл албаган учуру бар. Ал кыз тынбай арыз жазып жатканына карабай кайдыгер мамиле кылган милиция кызматкерлери... Мыйзамды так аткарбай, аны билбей жатышат. Мыйзам бар, бирок анын аткарылышына көзөмөл жок. Мисалы, коргоо ордерин бергени менен, анын аткарылышы так эмес. Аселдин окуясы сабак болбоптур. Анткени башка аялдар дагы кайрылып жатат, “эже мен 102 чакырсам, арыз жазбай эле койбосуңбу деп жатышат" дептир. Эмнеге десем, “көгала жок экен, эч нерсе болбойт” дешиптир”, - деди Асел Ногойбаеванын адвокаты, укук коргоочу Индира Саутова.

Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө расмий маалыматтар деле көңүл жубатпайт. Ички иштер министрлигине (ИИМ) 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 11 миңдей маалымат түшкөн. Алардын дээрлик 10 миңдейи ырасталып, коргоо ордери берилген. 10 миңди бир жылга бөлсөк, күнүнө 30 зомбулук катталган десек болот. Зомбулук боюнча 300дөй иш сотко жөнөтүлгөн. Бул жөн гана статистикалык сан эмес, ар биринин аркасында талкаланган тагдырлар турат.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Таалайбек Алижановдын айтымында, зомбулук фактысынын 95% жабырлануучулар аялдар болгон.

“Жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 20 резонанстуу факт иликтөөгө алынып, алардын көбү боюнча соттук чечимдер чыкты. Жалпы жонунан үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 539 кылмыш иши козголгон”, – деди Алижанов.

Кыргызстан - кыз-келиндер үчүн кооптуу өлкө

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталды.

2023-жылдын 24-октябрында эл аралык уюм аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жашоосуна катышы, укуктук дискриминация, билим берүү, саламаттык сактоо, жумуш менен камсыздоо жана зомбулук тобокелдиктери сыяктуу 13 категория менен баалаган 177 өлкө жөнүндө баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстан 95-сапка илинип, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен акыркы орунда калды.

Мындан сырткары ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% басмырлоого дуушар болорун быйылкы иликтөөсүнө таянып жарыялады.

Анткен менен кыргыз бийлиги аялдар укугу боюнча сандарды жарыялап, бул жаатта иштер жүрүп жатканын айтып келет. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин кызматкерлерин өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөгөн.

Ошол эле маалда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Кыргызстанда аялдар кордолгон окуяларды жалпы көрүнүш катары таанытууга умтулган кайсы бир жактар бар деп эсептейт.

Орунбеков 2023-жылы 20-нобярда Фейсбуктагы баракчасына бул маселе боюнча пикирин жазып, кыргыздар аялзатын сыйлап, урматтап, аяр мамиле кыларын эске салып, аялдар зомбулукка кабылган окуяларды “миңден бир, өтө сейрек кездешкен кылмыштуу окуялар” деп атаган. Орунбековдун бул пикири социалдык тармактарда кескин сынга кабылган болчу.

Пикирин билдирүү кылмышпы?

Эми адам укугу, сөз эркиндиги жөнүндө сөз улайлы. 2022-жылы октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршылыгын билдирген отуз чакты активист, саясатчы, журналист жана башка коомдук ишмерлер кармалып, камалышкан.

Ушу тапта алардын 11и тергөө абагында, калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыгарылган.

Мындан сырткары бийликтин айрым кадамдарын кескин сындап жүргөн жазуучу-публицист Олжобай Шакир, мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков абакта жатат.

Былтыр соттолуп, пробациялык көзөмөл менен бошотулган активист Адилет Балтабай кайра камалды. Бул активисттерге “Жапырт башаламандык” беренеси менен айып коюлуп жатат.

Дегеле укук коргоочулар белгилегендей, “массалык башаламандыкка чакыруу, аракет кылуу” же “бийликти басып алууга чакырыктар” беренелери бийликке сын айткан саясатчы, активисттерге коюлуучу “дүжүр” айыптоо болуп калды.

Маселен, Фейсбуктагы пикири үчүн кармалган 70 жаштагы Салия Таштановага 50 миң сом айып салынды. Пенсионерди 2023-жылы 6-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери кармаган.

17-октябрда ал үй камагына чыгарылган. Адвокат Токтосун Жоробеков Таштанова "президент менен УКМКнын төрагасынын абройуна шек келтирди, элге чакырык жасады" деген жүйө менен кармалганын билдирген.

Белгилүү активист Өндүрүш Токтонасыровго "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда сентябрдан бери каралууда.

65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келет.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова буларга токтолду:

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

“Эркин пикирин айтуу укугу боюнча Афтандилдин, 70 жаштагы апанын, Сузактагы жалгыз бой аялдын ишин көрүп жатасыңар. Өз оюн айткандардын оозун басуу аракети болуп жатпайбы. Көбүрөөк суроо берип, өз пикирин айткан жөнөкөй жарандар, социалдык тармактын колдонуучуларына колдонгон чара көп болууда. Эң жаманы, экөөбүзгө жеткен, силер чагылдырган окуялар мөңгүнүн чокусу гана болуп жатат. Алыскы аймактарда үймө-үй кыдырып, укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз дегендер абдан көп. Коркутуу, аңдуу, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк деген менен жабылып калып жатат. Мурунку бийликтегилер өзүнө тең болгон саясатчы – оппоненттери менен күрөшсө, азыр өз пикирин айткан эл арасындагы жөнөкөй адамдар, жалгыз бой, жашы өткөн аялдар, жаш активисттер менен күрөшүп жаткандай. Ошондой эле жаш балдар менен аялдарга карата зомбулуктун токтобой жатканы дагы - адам укугунун сакталбай калганы. Бийлик мындай фактыларды жаап-жашыргысы келет”.

Бишкекте бир катар мамлекеттик имараттарда, борбордук аянтарда митинг өткөрүүгө тыюу салынганына эки жылдын жүзү болду. Быйыл бир нече аймакта тынч акцияларга дагы чектөө киргизилди.

Анткен менен жогорку бийлик өкүлдөрү Кыргызстан демократиялуу, адам укугу сакталган өлкө экенин кайталап келет. Аны менен бирге өлкөдө тартипти, коомдук коопсуздукту бузууга аракет кылгандар жазага тартыларын эскертет. Күч органдары саясатчы, активисттерге козголгон кылмыш иштери негиздүү экенин айтып келет.

Октябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев камакка алынып жаткан активист, саясатчылар жөнүндө сөз кылып, өлкөдө мыйзамдуу тартип орнотулуп жатканын айтканы бар.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Коомчулукка дүрбөлөң салдырбайбыз. Коомчулукка дүрбөлөң салып жүрүп, эки-үч жолу төңкөрүш болду. Мамлекет жакшы жашап кеткен жок. Ар бир төңкөрүш сайын мамлекет алсыз болуп кетти. Мамлекет күчтүү болушу керек”, - деген Ташиев.

Өлкөдөгү адам укугу жаатында көз салган Акыйкатчы институту ноябрь айында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына таянып, Кыргызстандагы адам укугунун корголушу жакшырып жатканын жарыялады. Акыйкатчы институту түзгөн индексте тынч жыйындарга чогулуу жана сөз эркиндиги бар дегендер 47-49% түзгөн. Сурамжылоого катышкандардын 10% гана бул жаатта "эркиндик жок, абал начар" деп баа беришкен.

Эл аралык уюмдар эмне дейт?

Жакында эле эл аралык Civicus Monitor жарандык коом альянсы Кыргызстанды "жарандардын эркиндиги тушалган", "репрессиячыл" өлкөлөрдүн катарына кошту.

Ноябрь айынын башында Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укукту өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасын жарыялап, анда бийликти сындаган жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер басым-кысымга, куугунтукка кабылып жатканын белгилеген.

Ал эми Freedom House эл аралык уюму 2023-жылы март айында өз изилдөөсүн жарыялаган. Анда Кыргызстандын абалы 150-позицияда көрсөтүлөт. Ал эми адам эркиндигинин индекси боюнча 2022-жылы Кыргызстан 87-орунду ээлеген. Ушул эле уюмдун демократиянын деңгээли тууралуу рейтингинде 116-орунда турат. Адам укугу багытындагы эл аралык уюмдар расмий Бишкектен активист, блогер, журналисттерге басымды токтотууга чакырып келет.

Президент Садыр Жапаров 10-декабрдагы элге жасаган кайрылуусунда кыргыз өкмөтү эл аралык коомчулук менен бирге Адам укуктарынын жалпы декларациясынын принциптерин сактоого бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгилеген. Ага удаа эле юстиция министри Аяз Баетов Кыргызстан бир катар эл аралык конвенциялардын милдеттенмесин аткарып келе жаткандыгын билдирген.

Журналисттер өзүн чектеп калдыбы?

Өлкөдөгү эркин медиалар дагы ар кандай басымдарга кабылып, кыйын учурду башынан кечирүүдө. Алсак, Жогорку Сот “Вечерний Бишкек” гезитинин арызынын негизинде көз карандысыз Kaktus.media басылмасына 500 миң сом, сайттын журналисти Диля Юсуповага 100 миң сом айып пул салды. Бул жалпыга маалымдоо каражаты Кыргызстанда азыркы бийликтин тушунда көп суммадагы акчалай доого жыгылган биринчи окуя болуп калды.

“ПолитКлиника” басылмасы мамлекеттик ЭлТР телеканалы менен соттошуп жатса, Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” сайтын жабуу боюнча сотко кайрылып, териштирүү жүрүүдө. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул басылманын сайтын октябь айында бөгөттөгөн.

Жогорудагы Kaktus.media, “ПолитКлиника”, “Клооп” медиалары президент Садыр Жапаров баштаган жогорку кызмат адамдарынын жакындарынын коррупциялык байланыштарын иликтеген материалдарды жарыялап келет.

Kaktus.media сайтынын башкы редактору Дина Маслова:

Дина Маслова.
Дина Маслова.

“Сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын эл аралык рейтингдер көрсөтүп жатат. Басымдын түрү дагы өзгөрүүдө. Тактап айтканда, мурда активист, блогер, интернет колдонуучуларга жарандык иш козголчу, азыр кылмыш иши козголуп жатат. Ар кандай мыйзамдар кабыл алынып, сунушталууда. Башкача айтканда, медиага карата басымдын инструменттери арбыды. Журналисттерде беш жыл мурдагыга караганда өзүн-өзүн цензуралоо маселеси жаралды”, - деди.

2023-жылы 9-ноябрда Брюсселде өтө турган Евробиримдик менен Кыргызстандын адам укуктары боюнча диалогун утурлай Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укуктук өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасын жарыялап, Евробиримдикти сүйлөшүүдө аны эске алууга чакырды.

Анда бийликтин эркин маалымат каражаттарына жасаган басымы тууралуу да жазылган. Укук коргоочулар Кыргызстандын бийлиги “жалган” маалыматтан коргоо боюнча талаштуу мыйзамды колдонуу менен бир нече ирет көз карандысыз медиа каражаттарынын сайттарын жапканын эске салышат.

Мисал катары “Азаттык Медиа” мекемесинин жана "Клооп" маалымат агенттигинин тегерегиндеги окуялар келтирилген. Андан тышкары бийликти сындаган жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер басым-кысымга, куугунтукка кабылып жатканы жазылды.

Андан тышкары документте учурда каралып жаткан "Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу" мыйзам долбоорун дагы жарандык коом жана эл аралык эксперттер кескин айыптап жатышканы баяндалат. Укук коргоочулар белгилегендей, эгер бул мыйзам кабыл алынса, ЖМКларды жана онлайн-платформаларды кайра каттоого мажбурлап, бийликти сындап жазгандарды куугунтуктоого мүмкүнчүлүк берет.

Бул уюм “Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам боюнча дагы кооптонуусун билдиришкен. Документте укук коргоочулар жарандык коомдун, эл аралык эксперттердин, ал тургай мамлекеттик аткаминерлердин сынына карабай парламент биринчи окуудан өткөргөн "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам кабыл алынса, чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдардын ишмердигине тоскоолдук жаратууга жол ачылары айтылат.

“Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам боюнча эл аралык уюмдар тынчыздануусун билдирип жатат. Евробиримдик Кыргызстанга бул мыйзам өлкөнүн адам укугу жаатында эле эмес, экономикасына дагы кесепетин тийгизерин бир канча жолу эскертти. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү "Чет өлкөлүк өкүл тууралуу", ЖМКларга байланыштуу бийликчил депутаттардын сунушу менен парламентте каралып жаткан мыйзам долбоорлорунан улам өлкөдөгү адам укугунун келечегине тынчсызданып, бул мыйзамдардан баш тартууга чакырып жатышат.

"Чет элдик өкүл" боюнча талаштуу мыйзам учурда парламенттин кароосунда турат. Быйылкы Элдик курултайда президент Жапаров бул мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирип, өлкөдө катталган бейөкмөт уюмдар түшкөн каражаты тууралуу отчёт тапшырбай, социалдык төлөмдөрү тууралуу милдеттемелерин аткарбай келгенин белгилеп өттү.

Бирок укук коргоочулар бейөкмөт уюмдар мамлекеттик органдарга тыйына чейин отчёт берерин, миллиондогон салык төгөрүн айтып, президенттин сөзүн манипуляция катары баалашты.

Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева:

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

“Жаңы президент келип, убада бергенде биз коммерциялык эмес уюм жөнүндө мыйзамды жок дегенде мурдагы вариантта кабыл алат деп ойлогонбуз. Эми кийинки жылы андан дагы аша чапкан варианты менен кабыл алат окшойт. Ошого даярданып жатабыз. Мыйзам кабыл алынып, кайра каттоо болсо, укук коргоо уюмдарын каттабай коёт окшойт. Эми кийинки жылы демократияны жайылтуу үчүн эки эсе иш кылышыбыз керек. Балким, иштөө ыкмаларыбызды өзгөртөбүз. Уктап калбашыбыз зарыл. Бийлик коррупциялык иштерди кылбашы үчүн көзөмөлдү улантабыз. Кесиптештерге айтарым, Кыргызстан - биздин мамлекетибиз. Өлкөнү бөлүп-жарып тоногонго жол бербейбиз”, - деди укук коргоочу.

2023-жылы “Азаттык” адам укугу, сөз эркиндиги, демократиялык баалуулуктар темасына көп кайрылды. Кийинки жылы дагы бул багыттагы ишибизди улантабыз.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG