Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Өзбекстан: Блогер Базаровду сабап кетишти


Токмоктолгон блогер Миразиз Базаровду дарыгер кароодо. Ташкент. 2021-жылдын 28-марты.
Токмоктолгон блогер Миразиз Базаровду дарыгер кароодо. Ташкент. 2021-жылдын 28-марты.

28-мартта Ташкенттин Амир-Темур көчөсүндө жапон анимесин жана корей поп-музыкасын сүйүүчүлөр үчүн кезектеги иш-чараны өткөрүүгө камданып жаткан блогер Миразиз Базаровду белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетишти. Дарыгерлер ооруканага түшкөн 29 жаштагы блогер нейрохирургдун жардамына муктаж экенин айтышкан. Эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү бул кол салууну айыпташууда.

Өзбекстандык блогер жана жарандык активист Миразиз Базаров сабалганга чейин жүздөй адамдын кол салуусу күтүлүшү мүмкүн деген таризде 28-мартка белгиленген иш-чара болбой калганын жарыялаган болчу. Ошол эле күнү кечинде беткапчан адамдар Базаровду бейсбол таягы менен сабап кетишкен.

“Ал үйүнө кирип баратканда бир машина токтоп, андан беткапчан үч эркек киши чыкты. Алардын биринин колунда бейсбол таягы бар эле. Алар автоунаадан түшөрү менен эле аны сабай башташты”, – деди окуянын күбөлөрүнүн бири.

Миразиз Базаров ооруканада. 2021-жылдын 28-марты.
Миразиз Базаров ооруканада. 2021-жылдын 28-марты.

Катуу жаракат алган 29 жаштагы Базаров Ташкенттеги травматологиялык ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, анын ички органдары жабыркап, сол колу сынып, буттары сыйрылып, мээси чайкалган.

Ошондой эле блогерге нейрохирургдун жардамы керек экени, азыр аны башка ооруканага которуу маселеси каралып жатканы кабарланган.

Эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү бул кол салууну терең айыптап чыгышты.

Эл аралык «Хюман райтс уотч» (HRW) укук коргоо уюмунун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уилямсон кол салууну айыптап, бул окуяны "өтө дүрбөлөңдүү" деп атады.

"Өзбекстан ушул айда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде, – теория жүзүндө, – адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарды сактоо боюнча милдеттенме кабыл алды. Муну өлкө аткарышы керек!" – деп Уилямсон 28-мартта «Твиттердеги» барагына жазды.

АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблүм 29-мартта расмий Ташкентти көз карашын эркин билдирүү укугунан пайдаланган блогер Базаровдун сабалышына байланыштуу ишти тергөөгө чакырган билдирүүсүн «Твиттердеги» барагында жарыялады.

Миразиз Базаров кол салуудан кийин. Ташкент. 2021-жылдын 28-марты.
Миразиз Базаров кол салуудан кийин. Ташкент. 2021-жылдын 28-марты.

Ал арада жекшембиде Ташкентте жапон анимеси менен корей поп-музыкасынын күйөрмандарына кол салган топтун өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы маалымат таратты. Анда кол салуу чарасынын 12 катышуучусу кармалып, аларга «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

«Бул иш-чаранын 3-4 катышуучусу бир улан менен бир кызды "ЛГБТ активисттери" деп ойлоп, сабоого аракет кылышкан. Аларга дагы 20-25 киши кошулуп, бейбаштык кылып, коомдук жайларда жүрүү эрежелерин бузушкан. Ал жерде иштеп жүргөн укук коргоо кызматкерлери улан менен кызды коргоп калышты. Жаңжал токтотулуп, эч ким жабыркаган жок», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ал эми Миразиз Базаров (өзбекче "Бозоров") акыркы эки жумадан бери өзүнө коркутуулар болгонун, бул боюнча укук коргоо органдарына ондон ашык жолу арыз бергенин, бирок алар арызды кабыл албаганын билдирди.

Миразиз Базаров.
Миразиз Базаров.

"Мен буга чейин жүздөгөн арыз менен ички иштер бөлүмүнө кайрылдым. Колумда толтура далилдер бар болчу. Бирок бирөөнү да карап коюшкан жок. Бийликке тарапташ блогерлер менин үйүмдүн дарегиме чейин маалымат таратып, элди мага каршы үгүттөп жатышат", - деди Базаров.

Ал "Telegram" каналында Кылмыш кодексинен “Гомосексуализм” беренесин алып салууга чакырган. Ошондой эле ал президент Шавкат Мирзиеёвди ачык сындап, бийликти жемкорлукта айыптаган жана ачык-айкындуулук камсыз болмоюнча, Өзбекстанга насыя берүүнү токтотууга чакырып, Азия өнүктүрүү банкы менен Эл аралык валюта фондуна кайрылган.

Ал ортодо Өзбекстан бир жыныстуулардын мамилесине мыйзамдуу түрдө тыюу салган саналуу мамлекеттердин катарында кала берүүдө.

2018-жылдын апрелинде БУУ ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын сактоо боюнча 11 сунуш киргизип, Ташкент аны кабыл алган эмес.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG