Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

«Хьюман Райтс Уотч» өзбек блогери Сатторинин камалышын айыптады


Өзбекстандык блогер Отабек Сатторинин блогунан алынган кадр.
Өзбекстандык блогер Отабек Сатторинин блогунан алынган кадр.

Эл аралык «Хьюман Райтс Уотч» укук коргоо уюму өзбекстандык видеоблогер Отабек Сатторинин камалышын айыптап, ырасмий Ташкентти аны бошотууга чакырды.

«Дыйкандардын укугу жана жемкорлук сыяктуу маселелерге арналган блогу үчүн Отабек Саттори жергиликтүү бийликтин каарына калган. Өзбек бийлиги Сатторини бошотуп, ага тагылган айыптарды далилдердин жетишсиздиги үчүн алып, сөз эркиндигин сыйлап, коргош керек», - деди 12-февралда эл аралык уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттман.

«Эл пикири» (Halq Fikiri) деген блогдун 40 жаштагы негиздөөчүсү жана редактору январь айынын соңунда кармалган. 1-февралда Термез шаардык соту аны жергиликтүү базардын башчысынын уюлдук телефонун тартып алды деп айыптап камакка алган.

«Хьюман Райтс Уотч» укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө Сатторинин туугандары менен анын кесиптештеринин жүйөлөрү келтирилген. Алар Саттори базарда материал топтоп жүргөндө белгисиз бирөөлөр кол салганын айтышкан. Көп өтпөй базар башчысы блогердин сынган телефонун жаңыга алмаштырып берүүнү сунуштап келгенде Отабекти бир нече адам кармап кеткен. Блогердин адвокаты ага тагылган айыптар «ойлоп табылганын» айтууда.

Буга чейин «Чек арасыз кабарчылар», «Журналисттерди коргоо комитети» Отабек Сатторинин камалышын айыптап, анын бошотулушун талап кылышкан.

Өзбекстан сөз эркиндигинин рейтингинде 180 мамлекеттин арасынан 156-орунду ээлейт.

XS
SM
MD
LG