Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

Сенат Трамптын коргоо жаатындагы мыйзам долбооруна каршы ветосун четке какты


АКШ Сенатынын мурдагы отурумдарынын бири. 2020-жылдын 5-февралы.
АКШ Сенатынын мурдагы отурумдарынын бири. 2020-жылдын 5-февралы.


АКШнын Сенатынын басымдуу көпчүлүгү президент Доналд Трамптын коргоо жана сарптоо жаатындагы мыйзам долбооруна каршы ветосун четке кагууну жактап добуш берди. Республикачылар көзөмөлдөп турган Сенат 2021-жылдын 1-январында (эс алуу күнү) чогулган адаттан тыш отурумунда президенттик вето маселесин карады жана Сенаттын 81 мүчөсү аны четке кагууну туура көрдү.

Президенттин ветосун жокко чыгаруу үчүн сенаторлордун бери дегенде үчтөн экиси ветого каршы добуш берүүгө тийиш болчу. Бул – андан алда канча көп добуш менен жүзөгө ашырылды.
Ал эми АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйү болсо былтыркы 28-декабрдагы отурумунда президенттик ветону четке каккан (322 киши ветого каршы болуп, 87 киши гана Трамптын турумун жактаган).
Ошентип, Трамп Ак Үйдө бийликте отурган төрт жылдын ичинде алгачкы жолу анын ветосу четке кагылды. Бул – анын президенттик ыйгарым укуктарынын соңуна чыгаар алдында ага карата урулган оор сокку болуп калды.

Мыйзам күчүнө кирип жаткан бул долбоорго ылайык, 740 миллиард АКШ доллары аскердик программаларга жана курулуштарга сарпталмакчы.
Трамп каршы болгон жагдайлардын бири – АКШнын азыркы аскер базаларыын аталыштарынан тээ XIX кылымдагы өлкөдөгү жарандык согуш маалында кулчулукту жактаган айрым жикчил колбашчылардын жана башка жетекчилердин ысымдарынын алынып салынышы тууралуу сунуш эле.

Андан тышкары президент Трамп интернеттеги айрым коомдук тармактарды тейлеген медиа компаниялардын бул тармактардагы кардарлардын жарыяларынын мазмуну үчүн жоопкерчилигин мыйзам чегинде киргизүүнү эңсеген жана Ооганстан менен Германиядан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү боюнча катаал шарттар камтылган беренелерди жумшарткысы келген. (TT)

XS
SM
MD
LG